«Тайсон» деген күркүрөк ат койсо дагы,
томпоюп уй сүтүнө тойсо дагы,
жумшактаса да астын эчкинин тыбыт жүнү менен
сезимди кейитүүчү үнү менен,
(эстедиби тууган энесин,
же издедиби күндө сорчу немесин),
каңшылап чыкты бир тынбай түнү менен…