Угулбастыр окуганда угумдуу, Угут жоктур окурманга жугумдуу, Ындын өчүп, көңүл чөксө, баары бир, Ырым, сенден чыгарамын бугумду. Сен келгенде кадимкидей эргиймин, Сезим көктө, канааттанам, сергиймин. Чер жазылып, түшүм жыйнап, жуунуп, Чечип салган, дыйкан болом, тер кийимин. Аткан окшойт тагдырымаЧитать далее Ачка болдук, ток болдук, Араң жүрдүк, шоктондук. Акыл абдан кеч келип, Азыр бир аз токтолдук. Сүйдүк дагы, сүйүлдүк, Сүйлгөнгө сүйүндүк. Жетип азга кубансак, Жетпей көпкө күйүндүк. Шамдай өчүп, жагылдык, Жалындырдык, жалындык. Эстүүсүнүп кээ бирде, Эң көп жолу жаңылдык. Тактай сындуу таарылдык,Читать далее