На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Коңшулар жана тооктор.

 -Менин бир тоогум бар. Дайыма ичинде эки сарысы бар жумуртка тууйт.Тоокко бастырсам,бир жумурткадан эки жөжө чыгат, тооба.

-Ой, менин бир тоогум эртең менен бир жумуртка тууса, түштөн кийин дагы бирди тууйт, ой! Жумуртка үйгө батпай эле жатып калды, чиркин.

-Ай, ошолор да тоокпу, кокуй. Менин бир тоогум бар. Тубарына жакындаганда аялым астына табак коюп коет.

-Неге?

-Ие, ал күндө жумуртканын ордуна табакка толтура  даяр куймак тууп жатса, анан коёт да!.. »

Коңшуларынын сүйлөшкөн сөздөрүнөн.

   

    Өзүнүн болгону беш гана тоогу бар эле. Анын да бири үйдүн артындагы коңшунун короосунда түнөсө, төртөөсү үйдүн алдындагы коңшунун өрүгүнө түнөөчү болгон. Арам өлгүрлөрдү канча айдаган менен өз короосуна түнөтө албай койгон. Күйөөсү:«Алар (коңшуларын айтып жатат) сенин тоокторуңду өзүмдүк кылып алуудан кайра тартпайт»,- деп пайгамбарлык кылган күнү да аракет кылып, кууп жүрүп өз короосуна түнөтө алган эмес. Камап да көргөн – болбогон, алда кайдан, адамдын акылы жетпеген жерден тешик таап чыгып кетишип.

    Дал ошонусу бардык тоокторунун башына жетти.

   Там артындагы коңшусу бир күнү эле айтканың келсин деп: «Бул тоок меники. Муну тиги тооктор менен кошо Ала-Букадан алып келгенмин»,- деп, кудайды ортого кошуп жатып, башын ажыратып алды. (Кудайды ортого кошкондон кийин талашып көр, эр болсоң!..) Там алдындагы коңшусу да дал ушундай эле сөздү чыгара тургандыгы сезиле баштаганда (балким, шектенип эледир…) өзү күйүгүп, ала өпкө болсо да кууп жүрүп, калган тоокторунун баарын бир түндө кыйкылдата кармап, сойдуруп алды. Ошентип, күндө төтөлөп, тамакка жарап турган жумурткалардан куру калды.  

  Коңшулары ичинен жымыйып тим болушту. Аларга баары бир эмеспи, ыраспы!?.

5.05.2006-жыл.

Картина дня

наверх