* * *
Бүгүн кимбиз? «Мен» болчубуз кечээ биз?
Башка түшкөн маңдайдагы жазуу бул,
Болду эми галустукту чечебиз...
* * *
О, ыр дүйнө, менден Сага ырахмат!
Ооматыма, байлыгыма карбай
обочолоп, качпай жүргөн ыраактап...
* * *
Сен мага Периште элең бактым делген!
Мен сенин көкүрөгүңө Айды,
чачтарыңа жылдыздарды таккым келген. ..
* * *
Үйрөттүң үнсүз-сөзсүз боздогонду.
Табышмак келечектин алды – күңгүрт,
Тагдыр бизди кошконбу, кошпогонбу?!
* * *
Жада калса Ажалга да боорум ооруйт.
Жаңы бөбөк төрөлгөн күндөн тартып,
Жан алгыча жанынан жылбай тооруйт...
* * *
Балли, бүгүн Ата экенмин... эстешти!
Байбичем да, балдарым да: «Мидетиң -
баргының да, акча тапкын тез...» - дешти.
* * *
Дүкөнгө товарь түштү наамы жаңы –
Дүкүлдөйт аялдардын жүрөктөрү
Дирилдейт эркектердин намыяны...
* * *
Жакшы дагы, жандай досум, сен барсың!
Жабыкканда жан дүйнөмдү жарыктап,
Жардам берген түгөнгөндө кем-каржым.
БЫЛТЫР
Кымыз ичтим... ыр арнадым Суусамырга.
Кыраат менен акындардай окуп берсем
канып укту, калган экен суусап ырга...
6.04.2015-ж.
* * *
Алдымдан чыкты жазгы байчечекей!
Аны мен үзсөмбү, же үзбөсөмбү?
Айранмын... ойлорум бүт чакчалекей...
6.04.2015-ж.
* * *
Урмат менден ушул бир түп жоогазынга!
Убактылуу унуттурду тирүүлүктүн
удургуган түйшүгүн да, коогасын да...
7.04.2015-ж.
* * *
Арзып жүрүп азыр көрдүм тууган жерди!
Асыл жерден карыш жылбас, мага курдаш,
Атам тиккен кош түп жаңгак болгум келди...
8.04.2015-ж.
* * *
Айран кылат Мезгил менен Мейкиндиктин чексиздиги!
Андан бетер таң калтырат ал экөөнүн ченеминде,
«Адамзаттын акылманы» аталымыштар эссиздиги...
10.04.2015-ж.
* * *
Айланайын, кагылайын, жоогазын!
Белек болуп барып бер да, алып бер
бекзада кыз бербей жүргөн «ообасын»...
16,04,2015-ж.
ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫ
Кайран көл, күндөн-күнгө бөксөрөсүң.
Канагат кылбагандар жылас болсо,
Кайрадан толук толуп өзгөрөсүң...
19.04.2015-ж.
БЫЙЫЛ ЖАЗ КЕЧ.
Суусамыр аппак кардан ачыла элек!
Бардык жак менин сакал, чачым сымак...
Былтыр биз... экөөбүз тең жашыл белек?!
19.04.2015-ж.
АГА-ИНИ ТОЙМАТОВДОРГО
Адамбыз да жолдосуң, же тойдосуң.
Ар качан да сый көрсөтүп урматтаар
агайындан Кудай куру койбосун.
19.04.2015-ж.
* * *
Машинабыз Төө-Ашууда токтоду.
Муун сыздап, дем кыстыгат, капырай,
Мүмкүн эмес жөө ашууга окшоду...
ҮЧТҮК ЫР
Үчтүктө үч сап – үч күлүк!
Комуздун күүлүү үч кылы...
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
19.04.2015-ж.