Шыңк этип эмнегедир сөз саласың:
“Бул жарыкта кыз көппү, улан көппү?..”
Аралап келатасың аяр басып,
Аралаш гүлдөрү көп тулаң чөптү.
Арбалып көздөрүңө көлдөй терең,
Аптыга алсыз жаным улам чөктү.
Кандайдыр белгисиз бир жылуу сезим,
Өзүңдөн ток сыяктуу өзүмө өттү.
Жаш бала мамагына умтулгандай,
Жалдырап илебиңден көзүм өттү.
Эх, сенин эриниң ай!.. Эриниңе
эриндерим жетпеди... көзүм өптү...
Ата-бабам сыйынган Теңирим деп,
Азыр мен да сүйөмүн калбыр көктү.
Ана ошондо костюмума корголотуп,
Айланайын асмандан, жамгыр төктү...
Төктү...
чөктү...
өптү...
өттү...
бүттү!..