Айтмырза ооруканда жатып калып, көргөнү келген жоро-жолдошторунун бири:
-Кандай, Айтмырза, ден-соолукту оңдоп, мындагы кыз-келиндерге тийишип дегендей… жатасыңбы?-десе, анда ал:
-Ай, балээнин ден-соолугу, кыз-келинби! Карызымды төлөп жатам, сыягы…
-Ой, кандай карыз?..
-Э, билбейм, бир чепилдеген кичинекей медсестра кыз күнүнө 4-5 жолу келип, өзүмө шымымы шыпыртып туруп, тескери каратат да, ийне сайып кетип жатат. Бул он күндүн ичинде мурдагы эже, жеңелеринин акысын алып деле бүткөндөй болду…