На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Эгер жазсаң Аксыны...

Жазуу керек Аксыны жазсаң эгер:

Былжырап мокок, нонок кеп баштабай

сөздөрдө таап туруп,

кылычтын мизи сымал шарта кесчү,

найзанын учу сымал майтарылбай

ар кандай калыңдыкты тепчип өтчү.

 

Жазуу керек Аксыны жазсаң эгер:

Шөмтүрөгөн, алсыз бир кеп козгобой

сөздөрдү таап туруп,

Падыша-Ата суусундай абжир, өктөм,

Сары-Челек жаткандай аруу, таза,

Мөлт эте түшө калып азыр көктөн.

 

Жазуу керек Аксыны жазсаң эгер:

Мааниси пас, жылымчы кептен айтпай

сөздөрдү таап туруп,

Иринжиттин аптаптуу ысыгындай,

күн нуру жылчык таап өтө албаган

Аркыттын токоюнун жыштыгындай.

 

Жазуу керек Аксыны жазсаң эгер:

Кайдагы ирик-чирик кепке барбай

сөздөрдү таап туруп,

сайрагандай бакта булбул, тоодо улар,

Үлбрөп желге турган жыт аңкытып,

Бозбунун түркүн түстүү гүлү сыңар.

 

Жазуу керек Аксыны жазсаң эгер:

Байыркылар сабагын алып туруп,

сөздөрдү таап, куруп,

Жеңижоктой, Токтогулдай, Темиркулдай,

Жунайдай, Төлөгөндөй, Салибайдай…

Айтканың жагып турсун уккан жанга

Аксынын балы менен сары майдай.

 

Жазуу керек Аксыны, жазсаң эгер

кеп ургунуң укканды таң калтырган

сөздөрдү таап туруп,

Авлетимдин аскасындай бийик коргон…

Баба-Ата мазарындай ыйык болгон…

...Эгерде дараметиң чектүү болсо…

жазганды токтотуп-ак койгонуң оң!!! 

Картина дня

наверх