На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Учкул сөздөрдөн...

 

Жакшы болуу-жаштын максаты.

Жакшынын калкта жашайт жакшы аты

 

Жакшы болуу-жалпыга жарык чачуу,

Жакшы болуу-бакыттын эшигин ачуу.

 

Жакшы болуу- дааналык даванын ашуу,

Жаман болуу-дарак ал мөмөсү ачуу.

 

Жакшы болуу-бакытка бакыт улоо,

Жаман болуу-туңгуюкка кулоо.

 

Ким иштесе, бакытка жетет,

Иштебегендин өмүрү текке кетет.

 

Ким иштесе, эмгегин алат,

Иштебегендин атына наалат калат.

 

Ким иштесе, курсагы ашка ток.

Иштебесең талаадагы таш дагы жок.

 

Ким иштесе, ден-соолугу чың болот,

Иштебегендин отурган жери ным болот

 

Ким иштесе, балдарынын курсагы ток жыргайт,

Иштебегендин балдары: «Ата, нан!»-деп ыйлайт.

 

 

Ким иштесе, тиштейт,

Улуу, кичүү дайыма «Сиз» дейт.

Картина дня

наверх