На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Капырай

Аптабына куйкаланып түштүктүн,

Араң келсем, Бишкек дагы өрттөдү.

Жыйыштырып бардык болчу жумушту,

Жылып алдым Ысык-Көлгө эртеси.

 

Арзып келдим айланайын, Ысык-Көл,

Толкунуңа өптүргөнү денеми.

Өрттөн келген бул жанымды жыргатып,

Бир кумардан чыгара көр сен эми!

.......................................

.....................

Анткен менен орундалбай тилегим,

Келген күндөн жамгыр жаайт шатырай.

Ысыган жан сергиши го сергиди,

Бирок көлгө качан түшөм, капырай?!!

                                            Оттук айылы.

 

наверх