Агаңды жаш баладай көптүрөсүң,
Анткени, алкымындан өптүрөсүң.
Көрмөксөн болуп кээде нары карап,
Көрүнөө көңүлүмдү чөктүрөсүң.
Ашыктык лаззатынан үйдүрөсүң,
Акактай алкымыңдан сүйдүрөсүн.
Телмирген көздөрүмө бир карабай,
Тескери карап кээде күйдүрөсүң.
«Бири –күчтүү, бири –жуда* назик»,- дейсиң,
«Бири-өзбек, бири болсо, тажик»,-дейсиң.
Билмексен болуп менин сүйөрүмдү,
Бир башка жигитти айтып-кажып жейсиң.
Жанга жагым карашың-мөлтүрөшүң,
«Жактырбайм,-деп-жигиттин шөмтүрөшүн…»
Кайдагы жигиттерди мактап мага,
Капырай, качангече өлтүрөсүң?..
Өзүңдө сүйүү деген жок бейм сезим?..
Өчүгө көз жашымды төктүрөсүң.
А боптур* андай эле начар экем,
Анан не алкымыңдан өптүрөсүң?..
__________________________________
*жуда-(өзбекче) абдан, өтө.
*боптур-(түштүк диалектиси) болуптур, макул.
Сулууга суроо
Понравилась статья? Подпишитесь на канал, чтобы быть в курсе самых интересных материалов
Подписаться