На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Кусалык

Көргөнгө көздөрүм зар
көөдөнүм зар......
Жолугушсак айтып буткус
жомогум бар...сөздөрүм бар.....
Жылынып сенин жылуу карегиңе
Миң өлүп...кайрадан миң
төрөлгүм бар....
Жүрөктө сага деген
Сагыныч бар...
Сөз менен түгөтө алгыс
Жалыныч бар...
Карегим муңга батып ыйламсырайт
Сезимде ат көтөргүс
"Таарыныч" бар....
Жатам үйдө...алтообуз:
Төрт дубал....тамдын шыбы
жана мен.....
Шыпка жазып ойлорумду
санаа менен.....
Ойлорумдан баш чаташып
көз талып....
Баштаган жериме мен
кайра келем......
Куса күчтүү, күрөшөмүн
Бир жыгылам...шымаланам
Кайра жеңем.....
Мурда мынча билинчү эмес,
санаанын сормо сазы
мынча терең?
Ойлор күчтүү....бирде жеңем...
бир жеңилем.....
Сынбайм...бирок майышамын..
ийилем....
Бирде жеңем...бир жеңилем....

Картина дня

наверх