Бир гана Сага арнаган ырлар жаздым,
Бир Сага арнап тердим гүлүн жаздын.
Бир гана Сени сүйүп бул жарыкта,
Бир гана Сени дедим-өңдөн аздым.
Ырларымды укпадың, окубадың,
Ырларымдын сезбедиң оту барын.
Ыйык сезим ыйлады, шолоктоду,
Ысыгын сезди бөлөк окурманым.
Гүл сундум, гүлүмдү Сен албай койдуң.
Гүлгө айттым: “Албаса, гүл, анда соолгун!”
Ыргытаарда алышты көптөр сурап,
Ким тартат эми анын убал-сообун?
Суу болгум келет менин Сен жакка аккан,
Таң болгум келет Сага аппак аткан.
Баарына макул болуп күтүп жүрөм,
Боор ооруу болобу деп Сен тараптан...