На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Кош, сүйүү!..

 

 Эми мен не кыламын, кандай айла?

Эриниңдин даамын турат таңдайымда.

Кирпиктериң сайылып тикенектей,

Каректериң күйүп турат маңдайымда.

 

«Жараткан, жаш сүйүүдөн өзүң сакта!»-

Деп жүрсөм, кайдан салды бул азапка?

Оропара болдум да отто калдым,

Өзүм араң кыбырап жүргөн чакта.

 

Көктөсүң эми сага жетүү кайда,

Күйгөндөн, өксүгөндөн эмне пайда?

Кете албайм мышык сыңар нары басып,

Алемден* «сасык» деген жетпей майга.

 

Сен-Күнсүң эритүүчү алоо чачып,

Сен -Айсың топ жылдыздан жарыгы ашык.

Сен-Нурсуң күндүр-түндүр тийип турган,

Сенден мен кутуламын кайда качып?..

 

Дайра бар ортобузда-өтүш кыйын,

Даван бар-каалаганга жетиш кыйын.

Ырыбыз ыйга окшойт, муңга окшойт,

Ышкыны оң жагына чечиш кыйын.

 

Кана эми, махабатка баарын берсек,

Кана эми, болсок жомок, болсок ертек*.

Менчелик сага кумар боло албастыр,

Мээримин бириктирсе бардык эркек.

 

Атыңды жазсам дегем аскаларга,

Атагың чыгарсам деп башкаларга.

Ашыглык өлөт эми, аттигиниң,

Аз гана жашап турбай… башталарда…

 

Экөөбүз эки өзөнгө окшошобуз,

Ойлош да мүмүкүн эмес: « баш кошобуз…»

Эми, сулуу, эзиле бир сороюн,

Эриниң тос гүл таажыдай! Коштошобуз!..

…………………………………………………. .

Коштошуу…айрылышуу… кандай жаман,

Куурулат, куйкаланат тарып заман.

«Кош!» деген сөздү тилге албаган оң,

Колуңдан келсе эгер, жетсе чамаң.

 

Эх, сулуу, жар кыласың эми кимди?

Эстесем түнөтөмүн кара түндү.

Эми мен көргөнүмө топук кылам,

Эстеликке сен берген сүрөтүңдү.

 

Бир жан да билбейт эми биздин сырды,

Болсок го кана теңтуш, тептең курбу...

Кез-кезде көңүлүң чапкан убактыңда,

Окуп кой, сага арналган ушул ырды…

______________________________

*Алем-(түш. диалектиси) ичи күйүү.

*Ертек-(казак, өзбек) жомок, уламыш. 

Картина дня

наверх