На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Бауыржан Карагыз уулу (Казакстан)

Эл аралык “Чабыт” чыгармачыл жаштар
фестивалынын лауреаты жана Гран-При
сыйлыгынын ээси.

Жөн бир ыр

Айылга кетеличи жүр, карагым,
Ындыны өчкөн экен бул калаанын.
Кешпирин көргөн сайын көчөлөрдүн,
Жүзгө чыккан чалдардай муңканамын.

Бул калаадан жакшылык келет беле?!
Өлгөнчө ойлой берем неге, неге?!
Көчөдө чачын жулуп жин ыйлоодо,
Ушул түн тунжуроодо эмнеге эле?!

Кедейдин наалышы бар көчөлөрдө,
Байлардын каргышы бар көчөлөрдө.
Акыйкаттан күрсүнөт бул жүрөгүм,
Не деймин мында турган эсер «эрге»?!

Өлүмдү ойлой берем...

Ай, ушул адатымды таштабадым,
Өмүрүн сүргөндөй бир башка адамдын.
Мүмкүн мен тообама тез түшүү үчүн,
Өлүмдү кайра-кайра эске алармын?

Чынында, баары бекер, угабы адам?
Укпайт-ов, кыйналамын, күмөн маган.
«Баарысы калат артта»- деп айткыла,
О жолдор, жылан сымал бураңдаган. ..

Бейубак


Батышта күрсүнүп күрөң Күн,
Бакчада тотукту сары күз.
Асманым, сен неге түнөрдүң???
Жөн гана элеспиз баарыбыз.

Айтылбай калдыбы жан сырың,
Мунарлуу, о муңдуу мекеним.
Мен бүгүн кой көздүү тамчымын,
А эртең бууланып кетемин.

Аялда, аеолуум, өтүнөм...
Жаныңды жан менен сезейин,
Оюңду оюмда көрөйүн.
Болбосо, бүлкүлдөп көмөкөй,
Тизелеп отуруп түнүндө,
Дуба окуп берейин...
Сүйлөчү жамгырдын тилинде.

Сен жакка темселейт жүрөгүм,
Кудайга сыйынар кул элем.
Каусарга зарыгып жүрөмүн,
Түз мүнөз тоолордун уулу элем...

...Бүт аалам жана сен. Күрөң Күн.
Бакчада тотуккан сары күз.
Убакыт жутулган жылдыздай,
Кайда агып барабыз баарыбыз???

Коштошуу

Кош эми, кош болчу, Көктөм,
Кыйбаймын, кантейин, жаным.
Убакыт мерез го жеткен.
Укпайт ал,
Укпайт ай гүлдөрдүн зарын.

Жүрөктү кусалык эзген,
Изиңди таппастан калам.
Коштошуу күтпөгөн жерден,
Опоңой дейсиңби маган?

Барагой, камыкпа, Көктөм,
Бул жактын падышасы-карын.
Акчалуу добуштар өктөм,
Көргө алып кетчүдөй баарын.

Кур сөзгө жанышкан жаагын,
Чалдары жадыгөй ... өлгүр!
Көктөмүм-балалык чагым,
Бакытым сен элең мөлтүр.

Бакытым сен элең көркөм,
Тыйылбас сагынуу, жашуу.
Ыйлаба, ыйлаба, эркем,
Жазымыш дегениң-ушу!

Көктөмүм-балалык чагым,
Көктөмүм-дааналык чагым.
Мынакей, жоготуп баарын,
Өксүдү жетимдей жаным.

Кечээги мерттиккен көңүл-
Бүгүнкү көр казчу темир.
Кайдасың,
Кайдасың, ал эми, Өлүм?!
Эй, койчу эй, өксүгөн Өмүр!!!

Махабат? !

Мен неге үн катпадым?!
Сен неге үн катпадың?!
Ушундай болот билгем,
Сезгенмин мунун баарын.

Бул балким, Тагдыр чыгар?
Кайры кош, эй, элес-Түн.
Ыйлаган жамгыр чыгар,
Ыйлаган мен эмесмин!

Эми сен өтүнөмүн,
“Убакыт-алтын” дебе.
Шол үчүн, өкүнөмүн...
...Түн бүгүн салкын неге?! 
 

Картина дня

наверх