На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

"Бешик ыры" жөнүндө сөз

Мыкты мугалим, акын Сыдык Хайдаровго арнаймын.

 

«Байыркы «Бешик ыры» кана,-дейсиң-илгери энелер айткан?

Бала гана мээримдүү болуп чоңоёт

эне сүтүн, «Бешик ырын» жашынан таткан.

Дал ошол «Бешик ырын» укпагандан,

көбөйдү арабызда мыкаачылар-

жандыкты эмес талаадагы,

адамдарды,

көз ирмебей бетмаңдайдан кебелбей аткан...»

…………………………………………………

Ырды эмес бешиктеги,

«Керексиз»,-деп жатышпайбы бешикти эми.

А тургай төрөлүүчү бөбөктөрдү

эненин «Бешик ырын» эшиткени,

дал ошол энесинин макулдугун алып туруп,

доктурлардын курсакта бырчалап кесишкени

күнүмдүк иштей болуп калганын көрүп туруп,

макул болуп жатабыз го кудай уруп…

Анан эмне,

Төрөлүүчү наристесин курсактан алдыруудан качпаган «эне»,

Кокустан жаза тайып төрөп салса,

Бөбөгүн ажатканага тирүүлөй таштаган «эне»,

Баласына эмчек берип бакпаган «эне»,

мээрин төгүп баласына

«Бешик ырын» алдейлеп айтмак беле?..

…………………………………………………..

«Байыркы «Бешик ыры» кана,- дейсиң-илгери энелер айткан?..»

Картина дня

наверх