На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

ЫРГА КАЙРЫЛУУ

Угулбастыр окуганда угумдуу, Угут жоктур окурманга жугумдуу, Ындын өчүп, көңүл чөксө, баары бир, Ырым, сенден чыгарамын бугумду. Сен келгенде кадимкидей эргиймин, Сезим көктө, канааттанам, сергиймин. Чер жазылып, түшүм жыйнап, жуунуп, Чечип салган, дыйкан болом, тер кийимин. Аткан окшойт тагдырыма
...Далее

ӨЙҮГӨН ОЙ

Ачка болдук, ток болдук, Араң жүрдүк, шоктондук. Акыл абдан кеч келип, Азыр бир аз токтолдук. Сүйдүк дагы, сүйүлдүк, Сүйүлгөнгө сүйүндүк. Жетип азга кубансак, Жетпей көпкө күйүндүк. Шамдай өчүп, жагылдык, Жалындырдык, жалындык. Эстүүсүнүп кээ бирде, Эң көп жолу жаңылдык. Тактай сындуу таарылдык,
...Далее

ОЙЛОН!!!

Быйыл бизде күз таяп шайлоо болот! Демек, алдын ала “майлоо” болот. Анан ошого азгырылып, аткарбастан өз милдет-парзыңды, жүрөсүң кайра беш жыл бою айтып арызыңды. “Уугум сага айтам, уулум сен ук” демекчи, депутаттыкка Көлөшбай байкемди шайлап алып, армандасың. Эми бул шайлоодо дал ошого окшогон
...Далее

Күз символу – сары жалбырак.

 (Элегия) Күз символу – сары жалбырак, Карайсың не мени жалдырап? Тамсаң дагы көздүн жашындай, Таң калыштуу жүзүң албырат, Күз символу – сары жалбырак!   Күз символу – сары жалбырак, Калды жолдор... көздү талдырат. Кайда жаз, жай, калпыс өмүрлөр?.. Калды сүйүү, муңдар калды ыраак, Күз символу –
...Далее

Элдик ырлардын энине салып жазылган саптар...

I. Чачтарыңдын өрүмү текши, майда! Чалдың кечээ:« Күтүңүз, эски жайда...» Чакырдың да, келбедиң таң тостуруп, Чач өргөнүң майдалап кимге пайда?!! II. Эриндериң түсүндөй кожогаттын! Эмне дейин: «Жакса...»  – дейм кошоматым. Эч болбосо кабыл ал элесимди, Эзилишип сен менен кошо жатсын. III. Мелт-калт
...Далее

Картина дня

наверх