Блог сайта «Айтмырза Абылкасымовдун көркөм дүйнөсү» Прогноз погоды

Биздин жайыт жөнүндө

  • Мында А. Абылкасымовдун жана кыргыздын таланттуу жарандарынын көркөм чыгармалары жарыяланат. Андыктан, жайытка катталып алып, анан мындагы көркөм чыгармаларды окуп, көрүп жана угуп, а тургай өзүңүздүн мыкты чыгармаларыңызды жарыялап, "Мейман китепке" жана ар бир чыгармадагы комментарийлерге өз ойлоруңузду жазсаңыз да болот. Аягында биздин жайыт туурасындагы бааңызды сурамжылоого коё кетиңиз. Алдын ала Сизге чоң ырахмат. Келип туруңуз.

    Жайытты колдоо тобу.


Адабий көркөм чыгармалардын түрү жана саны



Основная статья: Бытыгый ангемелер

<< < назад вперед > >>
RSS друзей

Кийинки аңгемелер

 Аялдамада


   Шаар ичиндеги бир аялдамада узун скамейка бар экен. Ал экөө бир мезгилде эки жактан келип, ошол скамейканын эки четине отурушту. Кыз жана жигит. Биринчилерден болуп кимиси беркисин карады, билбей да калышты. Балким, экөө тең бир убакта, бир ирмемде бири-бирине зээни түштү окшоду. 
  «Чырайлуу сулуу кыз экен!» - деп ойлоду жигит кызды баштан-аяк карап алып. 
«Түсү ийгиден түңүлбө» дешкендери чын болсо, жаман неме көрүнбөйт!...» - деп ойлоду кыз да.
  Жигит көз кырын сала, үн чыгарбай:«Саламаттасызбы?» - деп койду ичинде.
«Саламатчылык!» деди кыз да жигит таризде.
  «Келиңиз таанышып алалы...» - деп айтуунун ордуна негедир: «Бүгүн күн жакшы тийип турат ээ?» - деп кызга суроо салгандай жигит кызды жалт карап алып, кайра асманды карады. Кыз да билинер-билинбес гана ууртунан жылмайып: «Ооба, бүгүнкү күн сонун!» - деди кыз да көккө көз чаптырып. «Жылмайганыңыз да жагымдуу экен бүгүнкү күнгө окшоп...» - деди жигит оюнда.
  «Аркы-беркини түшүнгөн жигит окшойт... балким, сүрөтчүбү?» - деп ойлонгон кыз жигит башын жерге салганда астейдил карап – Каректеринен от жанат го...» 
  «Уурттары жоогазын гүлүнүн таажысындай үлбүрөйт тура, чиркин... - деген ой кетти жигитке – Жоогазын гүлүнө окшогон сулуу!..»

   Жигит эмнегедир ушунча гүлдөрдүн ичинен ал жоогазын гүлүн жакшы көрөт. Балким, алардын айылы тиги тоо арасында болуп, ар жылы эрте жазда жоогазын гүлү алардын үйү турган капчыгайдын бир жак бетине жайнап чыкканынан уламдыр...

   Жигит маңдайына түшкөн жарым тармал чачын колдору менен сылай оңдоп койду. Кыз жигиттин бул кыймылынын кооздугуна суктана жалт бир карап алды да, көздөрүн кайра ала качып: « Жоок, бул жигит бийчи өңдөнөт...» - деген ойго кетти.  

  Кыз чындап эле бий өнөрүнүн ынтызаары эле. Айырыкча, балет бийин эт-бетинен түшө калып көрө турган. Өзү да аз жерден балерина болуп кала турган болуп, атайын сынактан өтүп аткан жерден шартка жараша айылдагы чоң ата, чоң энеси алып кетип, ошол жакта өсүп калбадыбы. Айылда кайдагы бий да, кайдагы балет! Айылдык мектептеги өздүк-көркөм ийримине катышып жүрдү дечи, бирок, ал атайын балет мектебин кайдан алмаштырмак эле. Ошентсе да «балерина болсом» деген эски эңсөөсү деги жанмак эмес, бирок... бирок курак деген неме мезгилдин жылышы менен өтүп кетет тура. Сырттагы имиш-имиштерден: «11-12 жаштан кийин балет бийчилигине сөөгү катып калып жарабай калат» дегенди угуп, ага деген үмүтү сууп келет... Анткен менен балетке болгон кумары таркаар эмес.
  Жигит да билдирбегенге аракет кылганы менен назарын кыздан ала албай тургандай. Бул турмушунда көп кыздар менен таанышып, көп эле кыздарды жактырганга аракет кылганы менен, улам эле бир жеринен өөн таап, көп узабай эле көңүлү сууп калып жүргөнүнө көп болду. «Тандаган тазга жолугат...» деген элдин сөзү бар экенин кыйытып айткан ата-энесинин кебине деле кайыл. Бирок да бир көргөндө эле көөдөнүнө бир ысык нерсе кирип кеткендей, ал неме бүткүл денесин чымыратып, көөдөнүн жарыктантып салгандай азыркы абалга туш келе элек эле. Кыздын көз карашынан ага кандайдыр бир ток сыяктуу билинбеген, бирок даана сезилип турган жагымдуулуктун өтүп жаткан кырдаалды биринчи жолу башынан кечирип жатты...

 

 Мындай сезим кыздын да жүрөгүн туйлатып, көрүнбөгөн колдор менен кытыгылаганы кызык сезимге  кабылтып, уйгу-туйгу абалды жаратканы кызык болду. Орто мектепти бүткөнгө чейин канчалаган боз балдар ашыктык катын арнашпады, канчасы жолуксак деп, чоң атасынын короосун акмалап, айлуу түндү өткөрүшпөдү. Ал тургай эки-үч жолу ала кача турган жерден аман калды. А шаарга келгендечи! Оу-у жаш жигиттер жарышка түшүшкөнсүп, жапа тармак сүйүү чабуулуна өтүшпөдүбү. Ошолордун баарына кайдигер карап, көңүлдөгүсү табылбаганына, жолукпаганына бир эсе таң калып, бир эсе кооптонуп, жүргөн учур эле. Аттуу-баштуу, колунда байлыгы, бийилиги барлардын балдарынына да бой салбай койгон. Ошондон улам тааныштарынын арасында «Муздак сулуу», «Мерез ханыша» атка конгону да бекер эмес.

  Кыздын ата-энеси да кызынын жайлуу жерге барышын тилешип, ага бакыт гана каалап, жакын тели-теңтуштарынын көңүлгө төп келген балдарынан кеп салышып көрүшкөн. Аларга таптакыр көнбөгөн кызынын мүнөзүнө таң калышып, бара-бара айтпай да калышкан.

  Азыр болсо, эмне болгонуна акылы жетпей, жаңы эле көргөн, бир ооз кепке келбеген  жигитке арбалып турганына жол болсун! Мына ушуга таң калып турду кыз.

  Бир эле мезгилде жигит да, кыз да бири-бирин карап калышты. Экөөнүн тең ууртарында жылмаюу пайда болду. Жигит да, кыз да бир нерсе деп ооз ачайын дешкен кезде, дал ушундай кырдаалды бузуп, дал ушул учурду гана күтүп тургансып, аялдамага тигил экөө тең күтпөгөн, тагыраагы мынчалык тез келишин каалабаган 47-маршруттагы кичи унаа келип, «кыйыч» деген дабыш чыгара токтоп, эшиги шарт ачылып, ичинен бир улгайган аял түшүп нары басып кетти. Бул унаа – кызды алып кетчү унаа! Кыз ордунан селт эте турду да,жигитке жалт бир карап алып, ага түшүп кете берди. Жигит ордунда катты.

«Демейде зарыктырып кеч келчү унаанын тез келип калганын карасаң!.. Сени жек көрөмүн, 47-маршрут!» - деди жигит ичинен күңкүлдөп, айласыздан. Кыздын артынан кошо кете бербегенине кейип. «Акмактын акылы кеч келет» деди тигил оюн улай, өзүнүн тартынчактыгына наалып. Эрксизден акын аялдын: «Мен мокомун, мококмун кантейин, Анткен менен сен да экенсиң анчейин...» деген саптары эсине келди. Кудум бул саптарды тигил бейтааныш, бирок, жанга жакын сулуу кыз өзүнө айрөк менен айтып жаткандай туюлду.

  Аялдама ээн калды. Жок, ээн калбаптыр... Кыз отурган жерде бир чөнтөк телефон жатат... Жигит барып, эки жакты карап, анан кайра кыз кеткен тараптагы жолго жүткүнө  кыйкырчудай болуп барып токтоду. Кыз түшкөн кичи унаанын карааны көрүнбөй калган болчу. Кымбат баалуу ал телефонду аяр алып, бетин сылай, мээрим менен карап калды. «Качан эми бул телефонго жан кирип, ээсинен чакырык келет? Бир Кудай билет. Күтүү керек, күтүү! Э Кудайым, ушул телефон, ошол кыздын телефону эле болсо экен!..»

 

Айылдаштарым

 

  Ушу менин айылдаштарым кызык эле адамдар эй! Өздөрү кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп алышат да, анан эле нараазы болгону болгон. Өгүнү бир мен сыйлаган, бири-бирибиз менен ысык ымалада болуп жүргөн аке-дос бар эле, жөн салды эле жылан чакпай, жылкы теппей кергиштеп калыптыр. «А энди, сиз (мурун «сен» эле деп кайрылар эле) жазуучусуз да... Кичине биздин кыпындай кыйшыгыбызды билип калсаңыз, аны төөдөй кылып, газитке жазып жибересиз. А энди (байкадыңызбы, «а энди» дегенди байма-бай кайталап сүйлөйт) ошол каран калгыр окуяны жазбай эле койсоңуз болот эле да. Кишини кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылбай... Ана тиги Нишанбай жырыкка кудаа берип калды, ар бир сөзүндө мени мисал кыла берип... тиги коендукундай жырык эринин жырайтып күлө берип...» - дейт. «Ой, жарыктык, кайсы окуяңызды? Сизди жазып мен нимне («нимнени» атайын өзүндөй кылып баса айттым...) жинди болду дейсизби? Ал таптакыр сизге тиешеси жок, башка бирөө туурасында го?» - дедим мен да моюндабай. «Кой а, дал мен элемин. Сен (кайра «сен» дей баштады кудай жалгап, демек, анчейин таарынычы терең эместиктин белгиси бул. Болбосо оххо!..) дос-душман укпаса экен деп жашырып жүргөн немнени кайдан угуп алгансың, мага наамалым». «Коюңуз акеси, мен сиздин окуяңызды уккан да эмесмин, билген да эмесмин», - деп танып туруп алдым. Анткени, ошол окуяны сүрөттөгөн аңгемеде каармандын аты жок да. Мына ушундай болушун алдын-ала сезип, айылдаштардын окуясынан аңгеме жазганда каармандын атын койбой коемун, же таптакыр эле башка атты коюп саламын. Мына ошол зиректигимдин пайдасын эми көрмөк болдум да, караманча танып чыгып кеттим. Кайра анын каруусунан катуураак кармап: «Окуяңыз өлө кызык окшойт, бир жакшылап айтып бербейсизби...» - деп жармашып калдым эле, ал: «Жок а, а энди ал нерсе өттү-кетти, кайрадан эске салыштан не кажет...» - деп, колдон чыга кача жөнөдү. Мен жылмайган бойдон кала бердим.  

  Мына ушундан улам дагы бир окуяны баяндап бергени камынып жатып, эскертип коеюн: Эмнеге каармандарынын өңү-түсү ачык даана эмес, а тургай кээлеринин аттары да жок, турмуштук окуялардын майда-чуйда деталдарынан бери так көрсөтүлбөгөн, жер-суулар кенен сүрөттөлбөгөн деген сыяктуу толгон токой кинелер койбошуңарды өтүнөмүн. Себебин бая уктуңар. Азыркы каарман деле биздин айылдан, апей, «биздин айылдан» деп коем да, жо-ок, тиги ... наркы айылдан. Андыктан, окуяга кулак төшөңүз, окурман!

                                                                    * * *

  Чынында, ошол адам – абдан ак көңүл, ишенчээк мыкты адам. Үй-жайы деле ордунда, бала-чакалуу жан. Өзү арык шыргыйдай узун, чаап жаак болгону менен аялы орто бойлуу, эттүү неме. Аялын сулуулардын катарына кошсо болбой го, анткен менен жылдыздуу, жароокер ургаачы. Аялынын канча айтканына карабай, жанагы өлөттү (аракты ушунчалык жек көрө баштагандыктан, атын да атагысы келбейт аялдын) көп иче баштады. Жөн эле ичпей, эс-учун жоготкуча шимире турган болуп кетти акыркы күндөрү. Ар күнү ар башка шылтоо: бир күнү паланчанын үйүндө ашар, бир күнү түкүнчөнүн баласынын туулган күнү ( «дин раждания» деп алганына не бересиң! ), кийинки күнү дагы биринин ую тууган болот. Койчу күндө куру эмес. Аны айтса да, муну айтса да түк түшүнөөр түрү жок. Аргасы куруду байкуш аялдын. Минте берсе тиги жогорку айылдагы Мырза алкаштан айрымасы болбой калабы деп коркот. Бул айылдын атактуу алкашы Алман арактын айынан (балким, көрөөр күнү бүтүп, ичээр  суусу түгөнгөндүр, аны Жараткан жалгыз өзү билет дечи! ) анча болду наркы дүйнөгө сапар тартып, арактын азгырыгынан, адамдардын айыңынан кутулуп кете берди. Ушуларды мисал кылып безилдеген аялынын кебине муюгансып эле калып, анан эле кечке маал шилкейин чуурутуп, көздөрүн кутурган иттикиндей кыпкызыл кылып, тили булдуруктап, узун боюн көтөрө албай жаткансып, буттары чалыштал кирип келет.

  Ошентип, не айласын таппай жүргөн кезде кечээ да ошол абалында жетип келди. Анан башына бир ой келип ошону аткарууга бел байлады аял. Балким, жардам берээр...

                                              * * *

  Ал демейдегидей эле күн чыга ойгонду. Тили оозуна батпай калыптыр. Суу сураганы аялын чакырууга оозун ырастап баратып, кайра айныды. 

Азыр келип, кайрадан кулактын кужурун аларын ойлоп, өзү эле туруп барып, суу ичкиси келди. Төшөгүн көтөрүп баратып, таң кала бир карап алып, кайра жаба салды. Кудая тооба, энеден туума жыпжылаңач экен денеси. Неге минтип жатканына акылы айран болду. Анан тиерден чыкканын, үйгө кантип келгенин эсине түшүрүүгө аракет кылды эле, анын бирин да эстей албай койду. Ырас, Койлубайдыкында карта ойноп отурушкан, бир кезде итканасынан анын канчыгы төрт-беш  жаңы туулган күчүктөрүн ээрчитип чыга калбайбы! А-ал анан көрүп ал!

 - Ой, - деди Касымбек – канчыгың качан «төлдөдү» эле?

 - Э, атаңдын оозунурайын, эки-үч күндөй болуп калды. Түнү менен каңшылашып, уктатаар эмес, не кылар айласын таппай жүрөм, - деди Койлубай кейип.

 - О кокуй ушуга да кейийби киши, жолуң болгур, жаңы көз жарган канчыгыңды, жаңы күчүктөрүңдү жууш керек тура! – дей салды төртөөнүн бири Алибек.

 - Э койчу эй, кайдагы жорукту баштабай, жаңы туулган күчүктү да жуучу беле? – деди Койлубай чыгашаны моюндабай.

 - Эмне үчүн болбосун. Өгүнү эле тиги Казыбайдын жаңы музоосунун «жээнтегин» жедиң го?

 - Ай, ал эми анын ую тууп атпайбы! Адал мал дегендей, сүтү бар дегендей...

 - Капырай, «эшектин күчү адал, сүтү арам» деген менен анын деле сүтүн дарылыкка ичип жатышпайбы: «а тургай ракты айыктырат экен» дешип. Аны кой, тиги борборуңдун өзүндө эшектин этинен самса, тамак жасап сатып жаткан жеринен кармалышты дешип атканын укпадыңбы? Ага караганда биз жөн гана күчүктөрүңдүн урматына арак менен адалдап жууп коелу деп атпайбызбы! Кой, андай иттик кылбай чыгар. Анан биз да карап турбайбыз да, чынбы? Сени  жаңы наристе күчүктөрүң менен куттуктап дегендей... – деп салды Касымбек ажина.

 - Чын эмей, -деп жөн турбай сөзгө аралашты бул да (атын айтпаганга убада болгондуктан, атын атабай жатам – автор) – все-таки, жандуу зат жарык дүйнөгө келип атат. Илгеркилер уйду «мурду сасык» дешип, мал катарына кошпогон экен, ага караганда «ит – адамдын досу» деген сөз бар да элде! Кантсе да булар касиеттүү кумайыктын тукуму эмеспи!

 - Ай, атаа, иттей ичкиңер келген экен! Кой, макул менден бирөө...

 - И ошентсең... – деди Алибек да чөнтөгүн кашылап...

Анан калганы эсинде жок. Канчага дейре жуушту, канча бөтөлкө менен «кумайыктын тукумдарын» куттукташты, ыпым эч нерсе калбаптыр жадында. Мына, азыр гана таң калыштуудай жыпжылаңач төшөктө жатканы даана көрүнүп турат.

  Же... кечээ күнгө бейшемби беле?..

  Жаткан жеринин нары-берисин карады. Көрүнбөйт кийимдери. Төшөктүн астын көтөрдү. Жок! Акыры-ын үстүндөгү төшөктү нары жылдырып, шып тура калды эле, нарыдагы чоң күзгүдөн өзүнүн жыпжылаңач тыртайган арык, тартайган узун бардык дүр-дүйнөсү менен турган денесин көрүп, алактай чочуп кетип, эшик менен терезени бир карап алып, кайра төшөккө кире качты. Анан болгон үмүтү нарыдагы жабандын ичинде калды. Анан ошол жамынган төшөгүн оронуп ошого карай жылды. Ачса, анда деле кийимдери көрүнбөйт. Кайра төшөгүнө жылып келе жаткан кезде, эшиктен  чака көтөргөн аялы кирип келди.

 - И аман-эсен турдуңузбу?

 - Ооба, турдум. Аман болбогондо өлүп калды дедиң беле? – деди кекээрлеп, эркектаналыгына салып.

 - Ушундан көрө өлүп калсак жакшы болбойт беле... – деди аялы – кантип тирүү жүрөөрүбүзгө көзүм жетпей калды... Ыйды баштады аялы.

 - Эй, эмне болду анчалык? Оозуң карап озоңдосоңчу! Келе кийимдеримди...

 - Кайсы кийимдериңизди? Каякта ошол кийимдериңиз?

 - Сообу? Кечеги кийген киймдерди айтып жатырым да. Кайда койдуң, баятан бери таппай-ак койдум.

 - Ошол кечеги кийип кеткен кийимдериңизди кайда таштап, тиги кейпиңизде келдиңиз?

 -Эй, катын, эмне деп турусуң? Кандайча ушул кейпимде?... – мукактана түштү ал.

 - Уяттан өлдүк го!!! – Аялы ого бетер шолоктоп ыйын улантты – Көчөдөгү элдин оозун ачырып, жаш балдарды артыңыздан ээрчитип, алардын күлкү менен ышкырыгынын астында, бирдемелерди балдырап, ырдаган бойдон илип алар кийими жок келдиңиз го, шорум ай, шорум! Бетим ий, бетим!

 Дагы жакшы балдарды чоң атасына жайлоого жөнөтүп жибергенибиз  абийир болгон экен, кокуй! Кечээги күнкү көрүнүштү өз көздөрү менен көрүшсө, не алда болушат эле, алтындарым, а?.. Ошолорду ойлоп, жүрөгүм эзилбедиби, катыгүн!
 Көптөн берки ызасынын айынанбы, же мектепте окуп жүргөндө драма ийримине катышып, Ажардын монологун кыябына келтире аткарып жүргөнү себеп болдубу, айтор,  ыйы абдан ишенимдүү чыкты аялынын.

 Анын көздөрү алайып:

 -Кантип... ушинтип... мындайым жок эле го?.. – дегенге алы араң жетти. Куркуйган мойну шылк этти. Аялы болсо: «Кечээ мындайдан мындай болду, анан андайдан андай болду» деп, тим эле тири шумдуктун баарын айтып, жөн эле баш көтөргүс кылып  салды. Жанагы суусаганы да эстен чыкты. Эмне болгонун кайрадан эстегенге аракет кылып, башын койгулап да жиберди. Балакеттиби!... Бир кыпындай да нерсе эсине илинбей койду. Чеке тамырлары лакылдап чыкты. Ушундайда кысалышта «бороондо бок кычайт» болуп, ажатканага баргысы келгенин айт.

- Айланайын катын, - деди аргасы түгөнгөн ал – бирдеме кылып, эски-куску кийимдеримди таап бер, чыдабай баратам, табарсыгым жарылып кетмей болду...

Аялы аз жерден күлкүдөн жарылып кете жаздап барып, ага билдирбей өзүн токтотуп, сыртка жөнөдү.

 - Ой, кайда барасың? Эски кийим... – деди титиреп.

- Азыр карайынчы.... – деген аялдын үнү наркы далистен угулду.

Анан бир аздан соң, жуулган бир ак жекте, анан ак ыштанды нарыдан ага карай  ырыгытып, эшикти сыртынан жаап койду. Нардан бери кийинип, сыртка жөнөп баратып, аны көчөлөштөрүнүн баары кечеги «кылыгынын» уландысын көрүү үчүн сыртта карап турушкансып токтой калды да, акырын эшиктен  баш бага эки жакты карап,  анан чыкты да, ажатканага эңкейип алып жөнөдү. Узун неменин эңкейе басканы да курусун! Ак жекте, ак ыштаны ансайын алаамат көрсөтүп... «Мына ушундайда баягы эски дубалдар болгондо, ойда сонун болмок экен» деп ойлоду ал. Э, аттиң,  баягы совет доорунда, Линский деген неме райкомдун 1-секретары болуп турган тушта, эскинин калдыгы катары бардык дубалдарды буздуруп, короонун баарын решетка менен тостуруп, мына ушуну «культура  быта» дегизип салган соң, ошондон кийин эч ким паксалап дубал менен короосун тоспой калбадыбы!  Эгер эч болбосо төрт пакса дубал болгондо да, мынчалык жөрмөлөбөй эңкейе басса да көрүнмөк эмес. Азыр катар кайналы дарактарынын далдасы эле болбосо, көчөгө короонун ичи даңгел көрүнөт эмеспи. Ошондон улам ал жарым жөрмөлөп баратпайбы. Анын үстүнө жай саратанда өз үйүнө  ажаткананын сасык жыты урбасын деп, наркы коңшунун үйүнө жакындатып, аяттын те ылдыйкы бурчуна алыс курганы эми даана сезилди.

  Аерден аман-эсен бошонгон соң да, кандай абалда барса, дал ошондой абалда жарым жөрмөлөп, үйгө жетти. Кудай жалгап, көчөдөн эч ким көрүнбөдү.

   Аны ашканын терезесинин пардасын кыйгач ачып алып, сыртынан карап турган аялынын боору катып калмай болду, же үн чыгарып катуу күлө алса....

  Ал ушундай таризде үйүндө үч күн жатты көчөгө чыкпай.

  Ошол өтүшү тозок үч күндөн соң түш оогон маалда эшиктен аялы кирип келип:

- Тиги бөтөлкөлөштөрүңүз сурады эле, «ооруп төшөктө жатат» десем, «а анда кечке көрүп коебуз» дешти – деди – Дагы баштайт окшойсуз мурунку «өнөрүңүздү»?

- Атасынын как оозун урайын ошолордун, байбиче. Үйгө киргизбе... Мени жок де, өлүп калган де...

- Ок, көтөк, антип кантип айтам, алар кайнагалар болсо...

- Ой, ошол алкаштардын кайнагалыгын урдум! «Киргизбе!» - дедимби, киргизбе!

- Антпеңиз, кожайин, - деди аялы – келишсе, келишсин. Сиз ичпей койсоңуз, кармап алып оозуңузга куймак беле? Бир ооз гана : «Ичпей калдым... Муну таштадым», - десеңиз бүттү да. Же өзүңүзгө өзүңүз да деле ишене албай турасызбы? Сиз эми эркиңиз бышык эле жан элеңиз го... Баягы жылы тамеки тартканды деле бир жолу эле таштап салбадыңыз беле! Ошентип, бул өлөттү да кан буугандай токтотуп салыңыз...

 Ушинтип, жылмая туруп гана бир аз көтөрө чалып таштады күйөөсүн. Анан ал да ыңыранып туруп, бул сунушка макул болду.

 Ошентип, алар да келишти. Көтөрө келген бир бөтөлкөсү ачылган жок. Анткени, бул үйдө өзү ичмек тургай келгендер да ичпей тургандыгын кесе айтып салды. Ошондон соң, алар дагы бир белдүү майишатташынан ажырашкандыгын, аралары бир үлпөттөшкө азайганына ичтеринен кейише  баш чайкашып, бир пыяла чайдан соң, беттерине чала бата тартышып, кеткенге шашылышты.

                                                    * * *

  Баягы кийимдери табылды!

  Ошол окуядан үч ай өткөндөн кийин өзү тамбашысына чыгып, малдарына боолонгон паяларын таштап жатып, үч-төрт боонун нарысынан чыккан, дыкаттык менен пленкага оролуп, скочтолуп жашырылып коюлган түйүнчөктү чечсе, баягы «жоголгон» кийимдеринин баары түгөл ошонун ичинде жатыптыр, тообо! Аны көргөн соң бир азга шалдайып отуруп калды да, анан же ачууланышын, же кубанаарын билбей: «Ой, энеңи...» деп бир тилденип алып, анча убакыт өткөндөн кийин гана аялынын бул кылганына маашырлана каткыра күлүп жатты.

  Ошол мезгилде айылдын мечитинен молдонун намазга чакырган азаны угулуп, күлкүсүн токтотту да, шашылыш түрдө тамбашыдан түшүп, даарат алганы кумганын ала жөнөдү.

  17.05.2015-жыл.

Кек

«Өзүң кылган иш – өз башыңа муш!»

Эл сөзү.

  Ал бүгүн өзгөчө шашып жатты. Аялынын : « Чай ичип алып деле барсаң болот го...» дегени да кулагына кирбеди. Баягы колхоздо раистин орун басары болуп иштеп жүргөн жылдары деле таң заардан кетип, эл жатаардан кийин келип жүрчү адатына көнүп бүткөн аялына негедир анын бүгүнкү шашмалыгы күдүк туудуруп турду. Эми-и, ал убак го ал убак эле... Чарбанын иши үчүн жоопкер болгондон кийин  антпесе  болмок беле. Анын үстүнө партия дегендин карыштыра кармаган көзөмөлү, жалаң эле бул эмес, бардык эле жетекчилерди,  а койчу, атка минер кызматы деле жок, карапайым эле колхозчуну зыркыратып койчу эмес беле! Оу-у ал заман таптакыр башка эле го, чиркин! Эми азыр андай шаша турган жумуш деле жок эмеспи! Анын үстүнө ошол колхоз тараганы бул атка минерлик иштерге аралашпай калган. Өзүнүн адистиги - мугалим. Кийинки кезде мугалимчиликти деле аркалабай, колхоз тарагандан соң кураган мал-келин кароо менен эле күн өткөрүп жүргөнү кача-ан... Анан ошол малын кароо да канча убакытты, мээнетти талап кылары турган иш го. «Малдын бары да балээ, жогу да балээ», - деп бекер айткан эмес да.

  Ошентип, ал аялы ороп берген нан-панды торбого салып,Тегеректеги жылкыларына көз салып коюу үчүн Чабдарын ал тарапка биринчи жолу минип, таң  сүрө жөнөп кетти.

  Бул убакта тоолордун арасы өзүнчө кооз. Ак карлуу чокулар шаңкайып, таптаза аба жүзүңдү аймалайт. Карагандарды кар басып, алачыктай болуп ийилип турган шактарындагы ашын чокуп жаткан ичиндеги кекилик жакындаганыңда  «бырп» эте атты селт эттире  чочуй учуп, алыстан түлкү көрүнүп, «мага жетип алчы» дегенсип, булактай качып, көз жоосун алат. Сууктун жеп-иче ичи-койнуңа кире калып ичирткени да сезилбей, кийген сары тондун эки этегинин өңүрүн такымга кымтый, жеңил гана темине, жашоонун кереметтигине ыраазы болуп жол улайсың. Чыгыштан жаңыдан чыгып келе жаткан күндүн нуруна чагылган жаңы кардын бетиндеги бүртүктөрү түркүн түстө кубула жылт-жулт этип, бул жарык дүйнөнүн сулуулугу көз алдыңа укмуш сүрөттү тартып, көңүл кушун көкөлөтөт.Түнкүсүн жааган кар мурунку чыйырды басып калганына карабастан, жылкы жаныбардын биздеги жок туюм менен эски жолдун нугун таап бара жатканына там бербешке амал жок. Чабдардын жол жүрүшү жакшы ат. Кыш-күрөөдө мындай күчтүү да, ишенимдүү да мингич болбосо, тоого чыгуунун өзү опурталдуу жумуш эмеспи. Жаныбар Чабдар байгеге кошсоң да, улакка чапсаң да дак калтырбоочу асыл жылкы да. Атургай быйыл аны үйүргө айгыр салмакчы да болбодубу! Бирок чек берки Карагерге түшүп, ошол коюлду. Анан ошондогу айгыр салышка карата өткөрүлгөн мелдешти жадына салып, ал бир бырс күлүп, андагы болгон окуяны кайрадан эске түшүрө кетти.

  ... Анда жаз эле. Үйүргө айгыр коюуга мезгили келгенде, аны тандоо да бир машакаттуу иш эмеспи. Ошол коюлган айгырдан мыкты асыл тукум кулундарды алуу гана эмес, ага үйүрдү тескөө, аны ити-куштан коргоо, жайытка ылайыктуу жерди тандап, үйүрдү ошол жакка үйрүп айдоо сыяктуу милдеттер кошо жүктөлөт да. Андыктан, көрүнгөн эле эркек жылкы үйүргө айгыр болууга жарабайт.

  Ошондо мунун алдында азыркы минип бараткан Чабдардыбы, же азыр үйүрдө айгырдык милдетти аткарып жаткан Карагерди коюу керекпи деген маселе турду.

Анткен менен экөөнө тең көкүлүнө пахта байлап, үйүргө кошсоң өкүттө калбайсың. Бири-биринен кем калбаган, жылкы пири Камбар атанын зээни түшкөндөй жаныбарлар го, чиркин! Ошентсе да экөөн бир мелдештирип, анан утканын айгыр салмай болду. Бул бир жагынан көңүл ачуу болсо, экинчи жагынан азыркы тил менен айтканда маселени «демократиялуу чечиштин» жолу болчу.Кантсе да алардын да ээсине таарынычы калбасын, теңчилик болсун да! Ал ушундай ойго келди.

  Анын акыбети кандай болору ага али белгисиз эле. Ооба, белгисиз болчу...

  Анан март айынын орто ченинде Кара-Төбөнүн артына барышты да  эки айгырды уруштурушту. Мына ушуну уруш десе болот! Жакынкы коңшу айылдардагы өзбектердин «бөдөнө уруш», «короз уруш», сыналгыдан кээде көрсөтүлүп калчу орустардын «ит уруш» оюндары, бул «айгыр уруштун» бучкагына тең келбейт десе болчудай!

 Эки айгырдын өлөр-тирилерге карабай жандарын ортого сайып коюп кармашкандыктарына  караганда, нарыдагы топ бээни ээлөөнүн өзүндө кандайдыр бир зор кызыкчылык, ченебеген кумар бар окшойт-ов!.. Кармаштын катуулугун ушундан бил: экөө кагылышып кайра ажырашып, анан кайрадан бири экинчисин тебелеп салчудай болушуп, жерди дүпүлдөтө туяктардан даңкан ыргыта, моюндарын учуп бараткан турналардыкындай кылып алга сунуп, бири бирине тепчилчү жебе өңдөнүп, чуркап келишип омуроолору менен кагышканда, көргөн көзүңө ишенбей, жакаңды кармайсың! Андан соң кош аяктап тура калышып, алдыңкы туяктары менен чапчышып, анан бири биринин жалын чайнап, ачылган ооздорунан көрүнгөн аппак курч азуулары менен туш келген жерин жулуп ала тургандай болуп, ага карабай экөө тең каршылашына оңтоюн келтирип тиштетпей турганын көрүп турган киши жандан түңүлөт, ой! Аба жара кишенешип, омуроолору менен сооруларынан куюлган терлери суу боло төгүлгөнүнө кайыл болуп, кыл чайнап кармашуу ушул үйүр талашкан айгырларга гана таандык эрөөл болсо керек.

  Ошентип бир аш бышымдай чарпышкандан соң, кажышып жатып, экөөнүн тең майып болуп калышына көздөрү жеткенде гана ошол жерде тургандар айгай салышып атып, өчүгүшкөн айгырларды ажыратышып, мелдешти токтотушкан. Ошентсе да тең чыккан экөөнүн бирин үйүргө коюу керек болгондуктан, чек ташташып, Карагерди апрелдин аягында үйүргө кошкон.

  Ал бара жатып ушуну эске салды.

  Анан кыялай өр тарта жүрүп отуруп, бир оокумда Тегерекке да чыгып барып калды. Бул жердин туш тарабы жалама аска болуп, бир гана чуурутма жол бар, жылкы жайылганга ыңгайлуу. Үстү жүз-жүз элүү гектардай келип, нары жагы да кыркалекей аска болгондуктан шамал көп да тийбеген буйтка. Жайында бул жерге эч ким жайлабагандан уламбы күзүндө тулаң чөбү тизеден буралып, кышында кар астында ошол эле бойдон калат. Аны тээп оттоо жылкыларга көнүмүш эмеспи. Ошондон улам ал жылкыларын жылда ушул жерде кыштатат. Өтө эле зарылчылдыгы болбосо, ити-куш тийип, же бирөө эле атайылап айдабаса, жылкылар бул жерден башка жайытка ооп кете тургандай себеп такыр жок. Андыктан, «үйүр дагы кайсыл жакка кетти экен?» деп кыжалат болбой түз эле аларды ушул жерден табасың.  

  Айткандай эле жылкылары кудай жалгап, эч жакка кетпей ушул жерде экени алыстан эле көзгө чалынды. Жакындай баштаганда үйүрдүн нары жагындагы жылгадан бээлерди үйрүп, Карагер айгыр чыга келди. «О, жаныбарым, Камбар атанын тукуму, өз милдетин аткарып жаткан экен!» - деп ойлоп, ага ыраазы боло бастырып келе жатканда, өз үйүрүн көргөн Чабдар ал жакка карап заңгырап кишеней кетип, бээлерди көздөй чуркоочудай болуп калды. Ал Чабдардын башын тартып, аны менен алаксый түшкөндө, Карагер да жер чапчып, кулактарын чимирип, буларга карай чуу коюп жөнөп калды! Жөн эле атылган ок болуп келе жатканын катуу дүбүрттөн улам ал башын көтөрүп жакын калган кезде көрүп калды да, камчысын көтөрө айбат кылып: «Хайт!» дегенге араң үлгүрдү. Экинчи жолку «хайтты» айттырбай күү менен келген Карагер Чабдарды өмгөгү менен коюп өттү. «Кырсык каш менен кабактын ортосунда» деп бекер айтылбаган белем, Чабдар болсо ээсинин үнүнө жана тизгинди тарта мойнун сол жакка бурганына алаксый түшүп муну күтпөгөнбү, ушул оор соккудан ошол жагына «күп» эте кулап түштү. Мингени жыгылганда үстүндөгү ал бир капталынан жердеги чоң урчук ташка чабыла тийип, жамбашынанбы, же белиненби, айтор ошол тарабындагы сөөктөрүнөн «карс-курс» дегендей күңгүрт добуштар чыгып, ошол сол жактагы буту жыгылган Чабдардын астында калды. Көздөрүнөн жылдыздар учуп барып, анан эсин жоготту.

  Ал көзүн ачканда караңгы кире баштаган экен. Жылкылардан да, атынан да дайын жок. Турганга аракет кылды, бирок кыймылдоого мүмкүн эмес эле. Кичине эле козголоюн дегенде бели, буту, койчу бүткүл денеси сыздап, оорунун күчүнөн айласыз кыйкырып жиберип, кайрадан эсин жоготуп барып, бир аздан соң өзүнө келди. Тиши тишине тийбей калтырап, сууктун тоңдурганына жан чыдар эмес. Бүткүл денеси канкакшап ооруп, кыймылдатайын десе эле, жаны чыгып кете тургансып жатты.
  Анын  оюна кайрадан Кара-Төбөнүн аркасындагы эки айгырдын кармашы келди. «Төө кек кубат дечү эле, жылкынын кеги да унутулбайт тура... Аттиң, туура эмес кылган экенмин. Күнөө өзүмдө... Оюндан от чыкты... Кек!..» Анын башына ушул ойлор зып этип келип, кайрадан жан кыйнаган оору башка нерселерди ойлогонго буямасын келтирбей салды. Ал эми баарына кайыл эле...

  Оору менен сууктун азабы түн ортосуна чейин созулду да, асманга кыйгач жылдыз толгондо жанды жеген суук да, оору да тып токтоду. Анткени, жыгылганда кабыргаларынан сынып, сол буту жанчылып, бел омурткасы омурулганда жүлүнү да үзүлгөн экен, ошондон улам акыркы жолу: «Лайиллаха илаллах, Мухаммаду Расуллаллах...» деп баштаган келмесин толук айттырбай араң согуп жаткан жүрөгү да лып токтоду...

* * *

  Анын түндө да келбегенинен кабатыр алышкан уулу жана инилери эртеси издеп келишип, суукка тоңгон жансыз денесин ошол жыгылган жеринен табышты. Алар жака-белдеги майкандалып калган издерден эмне окуя болгонун боолгоп, чубуруган кандын тактарын кууп барып, басмайылы тургай куюшканы үзүлүп, ээр-токумдары ар кайсы жерде чачылып калып, өзү аскадан учуп арам өлгөн Чабдардын тарпын табышты. Өчүгүшкөн эки  айгыр ажыратканга эч ким жок болгондуктан, акыры баягы кектен улам салгылашып жатып, акыры аягында бири аскадан кулап кетип, өлүп тынган экен. 

   Алардын ээсинини сөөгүн кийинки күнү жерге беришти. Кекенген уул-кызы жана туугандары маркумдун кара ашына кекчил Карагерди союшту. Кек ушуну менен бүттүбү? Ай, ким билет! Кек бүтсө бүткөндүр, бирок арман менен күйүтчү?..

8.01.2014-жыл.

                                                                Насип

 

  Ал - кадимки эле  жөпжөнөкөй ит. Айылдагы башка иттерден жүнүнүн барактыгы гана болбосо, айырмачылыгы жок. Анткен менен башка иттердей болор болбоско чаяланып үрүп, жолдон өткөн мал-кел, бала-чакага качырып сала бербеген токтоолук жагы да бар. Кээ бир иттер эч нерсенин дайыны жок, өткөн машинанын артынан кудум айланып бараткан дөңгөлөктөрүнүн бирине тиш сала тургансып, астейдил кубалап калгандарын карап туруп, алардын бул жосунсуз жоруктарын жактырбаган таризде тескери карап жатып алат. Бирок, эгер короого адашкан жат мал келеби, же байкоосуз ээси жокто адам келеби, адебин колуна берип койгондон кайра тартпаган жайы бар. Анын бул мүнөзүн билип калышкандар, алыстан үн салып, качан гана үй ээлеринен бирөө чыкмайын, дарбазадан нары күтүп турушу абзел экенин абдан жакшы түшүнүшөт.

  Мына ошол барак жүндүү дөбөттүн түшүнө бирден эле жылан чакпай, жылкы теппей туруп күрптүн семиз этин жеп жатканы кирсе болобу! Күчүк кезинде тооктун жөжөлөрүн кууп, бирин тиштеп койгону үчүн ээсинен катуу таяк жеген соң, канаттууларга тиш салуу эмес, алардын артынан кууп ойноого болгон көңүлү кайт болуп калган. Ошондон улам болсо керек өзү да бул түшүнөн чочуп кетип ойгонду. Түнү менен иттик милдетин аткарып, уйку көрбөй үйүн айланып, өзүнүн бар экенин, уктабай түн күзөтүп жүргөнүнү билдирип коюш үчүн кез-кез үрүп коюп, асмандагы жаңы толгон айды, жылдыздардын жымыңдашканын карап коюп жүргөн неме таңга маал гана жата кетип, көзү илинип кеткен экен. Анын ойгонушуна короздун ата-бабасынан калган адатын аткарып, моюнун созо таңдын атып келе жатканын билдирме кыйкырыгы да себеп болду шекилдүү. Ойгонушун го ойгонду, бирок кудум эле өңүндөгүдөй көргөн тиги түшүнө ишене түшкөн неме, жеп жаткан күрптүн этин издегендей нары жак, бери жагын астейдил карап, кайсактап, таппаганга таңдана күймөнө түштү. Азыр эле оозунда даамы тургансыган эт жок! А тегерегинде болсо андай эле ит кызыгар эч нерсе көрүнбөйт. Өзүнөн нарыда дайыма жугунду куюлчу капшырылган эски темир итаягы бош турат. Анан оң жагында мурун кажып салган, кээде дагы деле эрмекке кажып турчу улуубалтыр малдын бир-эки омуртка сөөгү жатат. Башка ташбалекет жок...

 Ал бир аздан кийин гана эсин жыйып, анысы түшү экенине араң ишенди. Ошондон соң кийинки күндөрү баягы түшү кез-кез эсине түшүп, шилекейин чуурутмасы кармамай адат боло баштады. Анан кантсин түшүндөгү эттин даамы кадимкидей эңсетип турса...

                                                                    * * *

  Ит түш көргөн ошол күнү эртең менен азанда бул үйдүн ээсинин тиги айылдагы ата-энесинин үйүнүн короосунда  бир уул, бир кыз бир килейген күрптүн корозун кармаганы кууп жүрүштү. Узун буттуу бул чоң күрп оңой менен карматчудай эмес. Эми жетейин дегенде ылдамдыгын көбөйтө коюп, ал экөөнө жеткирбей баратты. Баары бир адамдан айла качып кутулмакпы, аягында жем чачып ( а «кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртетет...»  кайран гана кекиртек  а... ажалыңдын ушундан экенин аңдабай, написиңди тыюуга кудуретиң жетпей, өлүм тузагына өзүң түшүп бересиң го ушул кекиртегиңдин айынан!..), алдап аткананын ичине киригизишип, анан кармашып, эрдик жасагандай чоң атасына сүйүнчүлөгөндө анысы күн мурунтан курчутуп отурган бычагын алып чыгып, канаттарын бир буту менен, эки бутун бириктире экинчи буту менен басып, кыбылага туштап: «Биссмилла ирахман ирахим, жаны кудайы, балдарыма буюруп насип кылсын, алаху акбар!..» - деп күрптүн башын кармаган колу бош болбогондуктан, бычак кармаган колу менен бетине бата тартып, муздап салган. Аны ошол эле замат үйдөгү келин жүнүн жулуп, ичин жарып тазалап, чыпчыргасын коротпой баштыкка салып, бараткан бирөөдөн берип жиберишкен.

                                                                     * * *

  Шүйшүңү бир аз агып сарыксын деп, туздап туруп, сарайдын шамалканалуу жерине жип тартып этти дарга илгенден эки күндөн кийин иттин ээлери шашылыш Ысык-Көлгө эс алганы жөнөп калышты. Шашылышканынын себеби, бара турган машина бир күн эрте кетмей болуп калып жатпайбы. Азыр жол кире баасы асмандап турган кез. Анан аны менен жетип алышпаса, мындай бекер унаа кайда дейсиң?!

  Аялы баарын эле жыйнагандай болгон. Келип-келип «өзүбүз менен эс алууга ала кетебиз» деген сарайдагы дарга асып койгон, кайыната, кайненси берип жиберген  күрптүн этин алуу жадынан көтөрүлүптүр, өзү айтмакчы, «эсине жара чыгып»...  Аны качан гана жолдогу ашканалардын бирине  киргенде тамактарынын тизмесинин ичинде «күрптүн этинен шорпо» бар экенин окуп алып, анан гана тиги кала берген эт эсине түштү. Күйөөсүнө билдирбей бир күрсүнүнүп алды аялы. Дагы жакшы күйөөсү башкаларга окшоп, майда-чүйдөгө киришип, кыжыңдай бермей адаты жок жан. Болбосо...

                                                                    * * *

  Сарайдын ээлери кеткен соң өздөрүн ээн-эркин сезе баштаган келемиштерге кудай эми чындап берди. Үйдүн мышыгын да берки айылга өлүп калбасын деген ой менен берип жиберишкен эле. Ал эми ити карматпай кача бергенинен шашып аткан немелер: « Э, ачкадан өлмөктөн доңуз коп... Ит жөнүндө буга ылайыктуу макалдар жок белем «эшекти отко айдасаң, шорого качат...» - дешип, алды жактагы коңшусуна табыштамыш болушуп (анчадан бери эле берки ылдый жактагы коңшусу менен  мамилелери анчейин эмес...),  ошол жерге таштап кете беришкен. Келемиштер болсо, итти көп деле тоготушпайт. ( Биздин айылдыктар муну «итти адам катары деле көрбөйт» дешип коёт...)

  Мына ошентип, бир-эки күн өткөндөн кийин, бардык жак тыптынч коопсуз экендигине көздөрү жетип, ишеним пайда болгон соң,  жергиликтүү келемиштер жипте илинген этти кантип алуунун амалын ойлоп жатышып, кандайдыр бир адамдарга түшүнүксүз таризде макулдашып, жипти кыюуну туура табышты да, акыры аягында көп аракеттер менен эт илинген жипти үзүштү. Анын бир жагы эле үзүлгөндө бышкан мөмөлөрдөй күбүлүп, күрптүн кылдаттык менен жиликтелген эти жерге түшүп берди. Мына сага той! Бирок, келемиш калкы башка жан-жаныбарлардан айырмаланып, табылган насипти бир эле жеп алышпайт. Алар кышка камылга көрүшүп, запаска сакташат. Атургай талаадагы эгиндин башын (сарегин) ууртуна тиштеп келишип, куйруктары менен сабап, данын кызылдап, тим эле кылдаттык менен бирден тегиздеп тизип коюшканын көрүшкөн, ачарчылык кезинде келемиштин ийнин казышып итабардай буудай табышып жан сактап калышкан адамдар туурасында аңыз кептер бекер жерден чыкты дейсиңби. Ал азыр деле жомок катары айтылып жүрбөйбү!   

  Алар асмандан түшө калгансыган бул этти да, ийининин оозуна батпаганы менен, ага жанаша жердеги топуракты казып, биринин үстүнө бирин коюп, жымсалдап, көмүп салышты.

  Барган сайын саратан өз өкүмүн жүргүзүп, көлөкөдө жаткан иттер тилин салаңдаткан мезгил башталды. Сыртта күндү ысыгы суу кайнатар абалга келген бул учурда баягы эттен жыт чыгып, ал Бозбудан соккон жел менен тымызын түштүк чыгыштагы ылдыйкы коңшунун канчыгынын иштейин ачып козутту бейм,  жыттын кайдан келе жатканын ички туюму менен боолгоп, жоортуулга чыгууга шайланды. Напсиси жортуулга чыкпаганга да коёр эмес. Анткени, келе жаткан жыт канчык үчүн ушунчалык жагымдуу эле. Ал жыттын кайдан келе жатканын бат эле билди. Билишин го билди, бирок, ага жетүү оңой эмес экени, өтө эле машакаттуу экени ого бетер аны шилекейин чууртту го, чиркин! Бул үмүтсүздүктүн себеби да бар...

  Ушу коңшунун канчыгы канчалык шыйпаңдап жакындашканга аракет кылганы менен берки барак жүндүн жини сүйбөйт. Ит ылыккан мезгилде мааледеги чоң-кичине дебей бардык дөбөттөр салпаңдап топ-топ болуп анын артынан ээрчишип, алдуусу алсызын талап, канчыктык кадыры артып жүргөндө деле, ал берки коңшусуна жан тарткансып, ушуга жандаганы менен, коңшу дөбөттүн да айбандык каалоосу күч алганына карабастан, баары бир байкамаксан болуп койчу. Алибетте, жаш кезинде бир-эки жолу болгон дечи. Андан соң негедир көңүлү чаппай калганы, иттин өзүнө гана белгилүү болбосо, бул сыр башкаларга намаалым. Негедир кээде кыйшалаңдап короого келе калган канчыкты жини жактырбаганын билдирип, «а-ар!» этип каарып сала берет. Алгач келгенде жөн гана кыр көрсөтүп атат го деп ойлогон окшойт, көп да сестенбей, кайра эркелегенсип, куйругун кыпчып, наз көрсөткөн немени катуу талап салгандан бери, жалтайлап калды канчык.

  Анан ошентип эле, жагымдуу жыт чыгарып жаткан эттен бир жебей (кол шилтеп деп коёлучу), кала берчү канчыкты кайдан көрдүң эле?! Ошол иттик өжөрлүгүнө салып, канчыктык амалкөйлүгүн иштетип, кандай гана болбосун, андай олжого жетүү максаты аны тынч жаткырбай калсын... Өчөшүп түнкү жел да, ушул жакка дайыма согуп, канчыкты тыпырчылатып жатты. Ошондон улам, сутканын кайсы гана бөлүгү болбосун, жыт чыккан сарайдын ичине киргенге мүмкүнчүлүк издөөсү бир мүнөт да аны таштаган жок. Бирок, ар кандай амалы да натыйжасыз чыгып, дөбөт аны сарайга жакын жолотоор эмес. Ошентип дагы бир жолу башка жагынан келгенин байкап калган дөбөт бул сапар аны короодон жөн гана кууп чыкпастан, анын короосуна чейин артынан барып, дарбазасынан да кирип, баса калып талап саларында, канчыктын бактысына кудай жалгап, ээси сыртта экен, «ай-уй» деп айкырык салып, колуна кирген нерселерди ага карай ыргытып, иттин өзүн гана эмес, ээсин кошо боктоп тилдеп жатып тигини сактап калды. Болбосо, канчыктын тирүү калышы күмөн болчу. Ал коңшусу дөбөттүн ээлери менен оту күйүшпөгөн соң, анан  анын итин жактырып, канчыгын талаттырып коюп тим гана карап турмак беле.

  Мына ушул коңшунун жек көргөн кыйкырык богооз сөздөрүнө аралаш ташбараңынан кутулуп чыгып  келе жатканда, тиги жагымдуу жыт мунун да мурдуна «бур» дей түштү.  Баягы түшүндөгү жыт! Өзүнө арбаган, эсин эки кылып өзүнө чакырган жыт! Дайындаган коңшудан жарытылуу жугундуга жарыбай чала курсак болуп жүргөн бул, ал жыттын касиетин өзү кантип баяндап бере алмак эле. Иттигине салып эле тумшугун созо улуп гана түшүндүрбөсө... Ага ал жыттын тиги өз сарайынан чыгып жатканы ого бетер кызык болду. Бардык нерсе унут калды. Ачуусуна тийген канчык да, анын ээсинин кууганы да бир заматта эсинен чыкты. Бардык эси-дарты сарайдын ичиндеги эттин жытына бурулду. Көрсө, өзүнүн жаткан жери тоо тарапта болуп, бул жыт ылдый соккон жел менен тескери кетип, мурдуна илбей жүргөн турбайбы. Түз эле сарайдын эшигинин астынан сойлоп кирип, ичин шимшилей баштады. Акыры жыт чыккан жерди тапты. Бош топуракты буттары менен шилей ача баштады эле, бир аздан кийин эле ирети менен тактап коюлган эттин устункусу булт эте чыга түштү. Үзүнүп-жулунуп бир жилигин кайсап жиберди да, кайрадан тереңдете ача баштады. Эттин мол экенин көрдү. Пейили ток боло түштү. Дагы эки жилигинин сөөктөрүн качырата чайнап, майлуу этти ырахаттана сугунган соң, баарын тиги жерден казып алып топтоп алды. Анан өзү жатчу кайналы дарагынын түбүнө дароо келемиштердей чуңур жасап, этти оозуна бирден-экиден тиштеп ташып барып көөмп алды. Эми ал жерден башкалар талашып көрүшсүн!.. Бирок... бирок,   ай, ким билет? Ошол күрптүн жумшак эти кемпир-чалдын балдарынын да, келемиштердин да ооздоруна тийип тургансыган  жеринен буюрубай  бейнасип калышты го?!  Көрсө ниет башка, насип башка турбайбы! Насип буюруганга тиет тура.

   Ит баягы түшүнүн туш келгенин билдиби, же жокпу, бизге белгисиз бойдон калды...

21.02. 2014-жыл.  

                                                                          Тегирмен

 «Сага Кытайга барууга туура келсе да, илим үйрөн.»

Мухаммад с.а.в. дын хадистеринен...

 

   Көктү көзөгөн чокуларын көк муз каптаган, андан төмөнүрөөгүн аппак мөңгү баскан, өңүрү жапжашыл тарткан, ошол ала-чокул көрүнгөнүнөн өзү аты өзү менен Ала-Тоо деп аталган тоонун бир чоң өзөнүнүн агымын бойлоп Адам жай басып келе берди. Жай мезгили болгондуктан, айлана кооз. Көз жоосун алган ар кандай түстөгү гүлдөрдүн жагымдуу жыты буркурап, теребелге толуп кеткен. Түркүн куштардын сайраганы, жан-жаныбарлардын үнү чартарапты шаңга бөлөйт. Ага өзөндүн суусунун шары кошул-ташыл болуп, кээ бир жердеги секиртмеден ала-сала кулап түшкөндөгү чачыраган күкүмдөрү Адамдын бетине себелеп, жанын сергитет. Асманда ак булуттар каалгый кайдадыр жылып барат. Ушул тоо арасындагы бул өрөөн мурун бир кез жашаган те Асмандагы бир ажайып ыйык Жайды качан да болсо эсине салганы салган. Анткени, жер бетиндеги ушул чөлкөм Ал жайдын кичине бурчунун бир көчүрмөсү сыяктанат да, турат!!! 
   Ал өзү жалгыз келе берди. Анткен менен анын ар бир кыймылына көз салып, кичинекей мүдүрүлсө да, жымыя күлүп акмалаган дагы бир жан бар экенин сезип жатты. Ал – Иблис. Аны да түшүнсө болот. Бул жарыктык Жер үстүндө эс-акылдуу жаныбар үчөө гана: Адам, Обо жана ушул Иблис. Мындай караганда ошондон улам гана буларга жакындашканга, жалгыздыктан ээнсиребегенге аракет кылып жаткансыйт. Бирок, анын максаты башка... таптакыр башка максаты! Ал аны ишке ашырыш үчүн качан да болсо Адам менен мамиле түзгүсү келет го, бирок, аны Адам жанына жолото коймок беле?!! Себеби баарыга маалым: Дал ушул Иблистин айынан аялы Обо экөө, азыр эле ушул жерге окшоштурган, байма-бай түшүнөн да, таптакыр эсинен да чыкпаган, ажайыптыгы айтып бүткүс, Өзүнөн кечирим сурап, кайра ошол ыйык Жайга киргизишин күндүр-түндүр тилеп, Өзүнө жалбарып, Өзүнө кулдук уруп, сыйынышын бир ирмем да унутпаган, киши жанын жыргатаар Жаннаттын дал өзүнөн куулуп чыккандары калппы? 
А Иблистин өзүчү? Бардык периште атпай буйрук менен Адамга баш ийишип таазим кылганда да, Жараткандын өзүнө каяша кылып, бул наалаты баш ийбей койбоду беле. Ошол жоругунун айынан каарга калып, Жаннаттан куулган мурунку жин тукуму, акылдуу десе акылдуу, илимдүү десе илимдүү, ашкан айлакер, бирок жеткен кара мүртөз, оттон жаратылганына кекирейген, кийин гана «Шайтан» атка конгон дал ушул эмеспи. 
   Жин тукуму дегенибиз, мунун ата-бабасын Жараткан оттун жалынынан жин кылып жаратып, Жер бетине коюп жиберет. Булар жер жайнап көбөйүп, барган сайын арасында бузукулук күч алып, баары тескери жолго түшүп, жараткан Эгесин таанбай кеткенин көргөн Теңир нурдан бүткөн периштелерин жөнөтүп, баарын жер менен жексен кылдырат. Мына ошол кыргындан калган ымыркай жин тукуму Иблисти Асманга алып кетишет. Ал чоңоюп, Жаратканга таазим этип, анын айткандарын такай ырааттуу аткарып, периштелерден да жогору ардактуу орунду ээлөөгө жетишет. Ошондон улам топурактан жасалган Адамга баш ийбейм деп кекирейип жатпайбы, бул каапыр! 
  Мына ошол Бейиш багынан куулганына Адамды күнөөлүү деп, Адамга өчөшүп, Обону азгырып, буларды да Жараткандын айтканынан чыгарып, Жаннаттан экөөн тең айдаткан дал ушул эмей, ким? Анан ушулардан кийин аны жанына жолотуп, аны менен мамиле түзүүнү Адам ойломок беле? Ал эми Адамдын кабыргасынан жасалган, жаратылышынан назик, ишенчээк жана кекчил Обо муну көрөөргө көзү жок. Анткен менен Адам менен Обону айланчыктап, аларга жардам бергиси келгендей, аларга жакшы ымалада болгондой көрүнүп, айланганы айланган, тегеренгени тегеренген. Ал азыр да Адамдын артынан илешип, илгертен келе жаткан адатын таштабай, бирде артта калып, бирде алдыга өтө чыгып, бирде капталдай басып, дагы деле акмалап келатты.
  А Адамга бир ой көптөн бери тынчтык бербей келет. Анткени, Обо иштеткен дан майдалоочу жаргылчакты карап отуруп, анын оор жумуш экенин көрүп, ушуга окшогон, бирок, Обонун колу менен эмес, башка бир нерсенин күчү менен айлана турган чоң жаргылчак жасоону кыялданып жүрдү. Анын үстүнө Обо да кош бойлуу. Жакында Жараткандын жардамы менен көз жарса, Адам ата болуп, Обо эне болору турган сөз. Колго үйрөнгөн кой-эчкиден жаш бөбөккө ак жетиштүү эле болот дечи, бирок, дандын күчү башка эмеспи. Ал эми данды ымыркайга бүкүлү бойдон кантип жегизесиң! Көп данды жаргылчак менен майдалоо машакаттуу жумуш экенин жана ал өтө майда ун чыгара албай жарма гана чыгара турганын баарыга аян. Ал да жаш бөбөккө жагымдуу тамак болушу күмөн. 
Ошол болочоктогу чоң жаргылчактын ташын айландыра турган күчтү табуу оңойго турбады. Булуттарды аркы-терки айдаган, каарданганда карт дарактарды «карс» түбүнөн омкоргон шамалды болжолдоду. Бирок, шамал бирде болсо бирде жок. Ошондон улам ойлонуп отуруп, дайыма токтобой агып турган суунун күчүн пайдаланууну ылайык тапкан. Ага дал ушул суулары көккашка тунук, күркүрөп, ээ-жаа бербей азоо жылкылардын үйүрүндөй атырылып аккан Ала-Тоо аймагы зээнине туура келген эле.. 
   Адам ошол максатты көздөп, чоң жаргылчак курула турган жай көзөмөлдөп жер кезип жүргөнүнө көп болду. Кандайдыр ички сезими андай жай ушул өзөндөн гана табыла турганына ишарат берген. Чын эле туюму алдабаптыр.
Акыры аны курганга ыңгайлуу жер туш келди. Адам айланага көз салып: «Ушул жер ылайык!» - деди үн чыгарып. «Охо, кесек баш, түзүксүң го?! Тиги ылай мээң дурус эле иштеп калыптыр...» - деди Иблис өз ичинен, чоң жаргылчак курула турган жерди жаңылбай тандаган Адамдын акылына там берип.. 
   Алгачкы башталган иш дайыма машакаттуу да, татаал да болот эмеспи. Чоң жаргылчакты куруу да ошондой көп кыйынчылыктарды алып келди. Ноого, жаргылчактын парасына, чанагына ылайыктуу жыгач даярдоо, аларды өз ыңгайына жараша жасоо, асты-үстү таштарына чыдай турган бекем таштарды таап, аларды тегерек кылып жылмалап калыпка келтирүү, анан таштарын чегип чыгуу дегендин өзү эле канча түйшүк. Эми гана бүтө жаздап калганда, байкоосуздан эки-үч жолу сындырып алып, канча эмгеги текке кетти. Койчу, мээнет да, жумуш да тим эле толтура. Мунун үстүнө Шайтандын тоскоолдугу баарынан ашып түшүп жатты: дайындуу эле жерге койгон керектүү шайманын катып коюп, издетеби эй, оң эле жасалган нерсени «кыйшык болуп калды» деп арсаңдап күлүп, иштен алаксытабы эй! Адамдын жини абдан келди. Ташбараңга алып өзүнөн алыстатып да, кармап алмакчы болуп кууп да көрдү. Кайда-ан? Иблис Иблис болгону сууда балыктай сүзүп, асманда куштай учуп, жалама аскада тоо текедей жүгүрөт эмеспи! Ага кайсы жан жетет. Бул аракеттери жасап жаткан ишине тоскоол болуп, кечке тартканы гана болбосо, өзүнө кыпындай да пайдасы жок экенине Адамдын көзү жетти да, тек койду! Иблис шайтандык ишин ого бетер тынымсыз уланта берди.
... Ошентип, бир топ мезгилден соң, Адамдын акыл саресеби жана тынымсыз эмгегинин үзүрү көрүнүп, өзү ойлогон чоң жаргылчак да курулуп бүттү. Ноо аркылуу шар келген суу параны айландырганда үстүңкү ташы астыңкы ташынын үстүндө айланып, чанакка салынган буудай калакка түшүп, анан чууруп таштын ортосуна куюлганда, аз-аздап аппакай ун чыгып... 
  Адамдын кубанычына чек жок! 
  Анткен менен, караң калгырдыкы, чанактын астындагы калактан дан бирде көп чууруп, сууга богуздап кетип, бирде токтоп калып, Адамды көп түйшүккө салды. Ошондон улам дан бирдей чууруп турушу үчүн, Адам колуна чыбык алып чукулап отурду. Аны көргөн Иблистин бити-битине батпай сүйүнгөнүн айтпа. 
-Эй, кесек баш! (Адамдын топурактан жасалганын шылдыңдап, өзүнүн оттон жасалганына сыймыктана дайыма ушинтип Адамга кайрылат.) Алдагы ылай мээң менен бир болбогон нерсеге акылың жетпейт да, менин айтканыма көнө бер десе, моюн толгойсуң. Чала сага, ылай мээ, ха-ха! – жөн эле зоо жаңырта каткырып жатты. Адам болсо, бир нерсени ойлонуп калды. Анын ою: «Иш болсо, Кудайыма шүгүр, бүтүп эле калды. Эми бул алжаңдаган наалатыны эптеп кармап алып, адебин бериш керек!..»
   Акыры бир айласын таап, Шайтанды колго түшүрдү. (Ошондон калса керек да «адамдан айла качып кутулбайт» деген сөз.) Бардык ачуусун чыгарып, ойда былчылдатты бейм. Иблистин үнү Кудайга жетип, бирде коркобу деп ажыдаар болуп кубулуп, бирде аяайбы деп, Обо болуп өзгөрүп, жан алакетке түштү ал. Ага Адам көнө коёбу! Көп жылдардан берки өчүн бир алды дейсиң, Качан гана кумары тараганда коё берди Адам. Бошонуп алып бышактап баратып:
- Акмак, ылай мээ! Ача чыбыкты алып бир учун калакка салып экинчи учун айланып жаткан ташка тийгизе байлап койгонго башы жетпейт да, мага күчүн чыгарат! – деди. Деди да оозун жаап калды. («Айтылган кеп – атылган ок, аны кайра кайрый албайсың» деген сөз ушундан калса керек да...) Адам укпадыбы дегендей үмүттө эки жагын алактай карады. Аны Адам даана укту. Укту да, ойлоп көрсө шайтандын айтканы жөндөй. Бир бырс күлүп алды да, жакын жерде өскөн тобулгунун ача чыбыгын болжолдой кесип келип, бир учун кыска, экинчи учун үстүнкү ташка жеткидей даярдап, шыпка илип, кыска учун калактагы данга салып, узун учун айланма ташка тийгизип койду эле, ошол ача чыбык, таш айланганда ага тийип, «шак-шак» деген добуш чыгарып, наркы учун кыймылдатып, бая өзү чыбыгы менен чукулаган сыяктуу эле, данды бирдей чуурутуп бере баштаса болобу! Ой, жети атасы жин өткөн атаңгөрү Иблис, билимдүүлүгү, илимдүүлүгүнө кеп жок экени чын эй! 
  (Мына ушул акылынын, айла-амалынын жогору экенинен улам, атамзамандан бери канчалаган акылдуумун, билимдүүмүн, илимдүүмүн, кыйынмын деген пенделерди түз жолунан адаштырып келе жатпайбы, бул наалаты!)
   Муну көз албай карап турган Иблис өзүн өзү жекирип, жүн баскан бетин алакандары менен бир канча жолу чок чачырата чаап-чаап жиберип, от чачкан оозун чоюп-чоюп алды. (Ошондон улам: «Оозуңду тыйып жүр не дешиңди билдиң!..» деген учкул сөз эл арасында калган өңдөнбөйбү!)
Аны менен иши жок Адам чоң жаргылчактын иштешине көз сала, ушундай акылга ээ кылган Жаратканга ыраазычылыгын айтып карап турду. Анан эле кайдан-жайдан экени белгисиз:
«Адамга белек Теңирден, 
аты болсун – тегирмен!..» - деген эки сап Адамдын дилинен тилине өзүнөн өзү эле куюлуп келе калса, тобо! Муну Адам кайра-кайра ичинен: «Теңирден... тегирмен...» - деп, тынбай күңгүрөнө, айланып жаткан таштын ыргагында кайталап, ал эми тегирмендин ташы бир калыпта айланып, жем (ошол ача чыбык, ушундай ат алды!) чуурутуп түшүрүп жаткан данды майдалап, майда, аппак унду бүркүп чыгарып жатты.
  Андан бери мезгилдин ташы да бир калыпта жаңылбай айланып, канчалаган күндөрдү, айларды, жылдарды, кылымдарды, доорлорду бүркүп, жүрүшүн токтотпой келе берди. 
  Ошол мезгилдин айланышында Адам Ата менен Обо Эненин тукумдары улаган көч тынымсыз өсүп-өөрчүп, бирде жаңылып, кайра түздөлүп, жаңырып Мезгилдин түпкүрүнөн биздин күндөргө чейин сапар улоодо. Аларга тең тайлаша Иблистин тукумдары да көбөйүп, Жаратканга берген антында туруп, Адам тукумун оң жолдон адаштырууга ар кандай айла-амалдарды колдонуп, арам максаттарын жүзөгө ашырууну тынымга токтотушкан жок.
  Адам менен Иблистин, Жакшы менен Жамандын, Ак менен Каранын Улуу Күрөшү акыры кыяматка чейин улана бермекчи!
Анткени, бул амир – Жараткандын амири!  

      27.10.2014-жыл.

 

Улуу Кыргыз.

(Күү баян)

 

    Комуздун күүсү Ала-Тоонун аскаларына чагылып, улам жаңырып, күчөп, кээде акырындап, анан эле кайрадан бууркандаган Нарын дарыясынын агымындай шар кетип, бир аздан соң жарыктык Ысык-Көлдүн толкунундай толгонуп, жыбырап, ай-ааламга тарап кетип жатты. Бир убак те Азиядагы Алтайдын, Шибердин (Сибирь) жыш токоюн эске салса, бирде Европанын айдыңын эске салган, бирде салатанатты даңктаган шаңдуу ырды, бирде кошок коштогон  муңдуу ыйды эске салган бул күү токтобой уланып атты. Ал күүнүн ыргагынан, ал күүнүн мукамынан, ар бир кайрыгынан өткөн өмүр, тарыхтын жүзү көрүнүп, үнү угулуп турду. Күү улана берди...

* * *

   Чаап келе жаткан атчандардын карааны алыстан эле көрүндү. Кароолдо турган жоокер келе жаткан атчандар туурасында кабар белгисин берип, Кароол-Чокудан түтүн булатты. Орукта калган жоокерлер жоо жаракчан шайма-шай болушту. Айылдагы кыз-кыркын, келин-кесектер да жоо кийимин кийинип, жааларын белендеп, саадактагы жебелерин иреттеп даяр турушту. Жоокерчилик замандын заңы ушул. Анткени Чоң кошундун баскынчы душмандарга каршы жортуулга кеткенине бир канча убакыт болду. Кан майданда не окуя жүз берди, али бул жакка белгисиз. Мына ошол Чоң кошундун жогунан пайдаланып, чет жакадагы башка кекенген ичи бузуктар ыңгайын келтирип, кароосуз калкка кол салбайт деп ким кепил боло алат?!! Ошондуктан, бардык жакшылыкка да, жаманчылыкка да дайыма даяр туруу –булардын кан-жанына сиңген адат эмеспи!

  Чаап келе жаткан чабармандардын алдыңкысы жарданып турган элди көрүп, шаңдуу кыйырып келе жатты:

   - Жеңиш! О Жеңиш, калкым! Биз жеңдик!..

   - Оозуңа май! О Жараткан Теңир, аксарыбашыл!

   Кырка тургандар алакан жайып, беттерине бата тартышты.

   Коркунуч кубанычка айланып, Кыргыз айылы шаңга толду. Кернейлер күпүлдөп,  добулбастар дүпүлдөп, кыл кыяк «Жеңиш» күүсүн тартып, акындар комузу менен баатырларды даңктап ырдап, Чоң кошун кыргыз Ажосунун коштоп, жер дүңгүрөтө келип түштү.  

    Бийчилер «Кара жоргону» бийлеп, казандар кайнап, той башталды. Бир жагында «Улак тартыш», экинчи жагында «Эр сайыш», андан нары «Кыз куумай», бериде «Ордо» оюну күч алып, балбандар күрөшө күч сынашып, кечинде кыз-жигиттин «Сармардени» жаңырып, көңүл кушун эргитип, бирок, жоодо каза болгондордун үйүндө кошок кошулуп, кара кийилип, аялдардын бети тытылып, туугандары «боорум ойлоп» өкүрүп жатышты.

Бул нерсенин канчага созулушу бир да жанга белгисиз эле. Анткени заман ушундай болчу.
    ... Комуз күүсү ошол туурасында баяндап жатты.

* * *

    Калктын кары-жашы дебей, аял эркеги дебей качып баратты. Улуу Үркүн ушинтип башталды. Дүнүйө-мүлк, байлык, үй-жай калды. Жандарын гана ажалдан арачалап ала качкан калың кыргыз калкы белгисиз тарапка үркүп баратты. Орустун мылтыгы угулбаган, орустун огу келбеген жакка сүрүлүп, сүрдүгүп  качып баратты. Атылган адамдардын шейит кеткен өлүгү көмүлбөй, өлүм өлүмдөй зыяпатталбай, кыргыз эли качып баратты. Кан эңсеген чөөлөрдүн тобу  койлорго жабылган сыңары орустун мыкаачы аскерлери карыга да, жашка да, аялга да эркекке да карабай атып келатты, штыгына бешиктеги бөбөктөрдү сайып келатты... Кыргыздын учкаяк атчан кырчындай жигиттери кыл чайнашып, жалаң камчы менен, колго илинген таяк менен орустун тез атар мылтыктарына каршы, өлөр-тирилерине карабай, алсырай качып бараткан кары-картаңдарды, аялдарды, балдарды бир аз болсо да ажалдан нарыраак алыстатыш үчүн, бир кыр болсо да ашып кетишине шарт түзүшүп, душмандарды алыксытып, кырылганына карабай окко өздөрүн тосуп, курман болушуп жатышты...  

    Качып бараткандардын деле кырылганы кырылып, калганы карлуу ашууда аскадан учуп, суукка тоңуп өлдү. Мурун элестете да албаган куу турмушту көз көрдү. Ашуудан аман-эсен өткөндөрү кытайдын чек арачыларынын огуна туш келди. Орустун огунан качкан немелер, кытай огунан мерт болгонуна карбай, боо түшүп өлгөнүнө карабай, жан сакташ үчүн Кытайга кирип кетишти.

     Бул 1916-жыл эле. Комуздун күүсү ушуну баяндап жатты.

                                                          * * *

     «Жаңы заман келет экен!», «Уруят болот экен!»

 Калк ичи, кыргыз журту дуу-дуу болуп жатты. Ошо имиштерге улай эле: «Басмачы келатат!» - дешип элдин кээлери тоого качты, аларды кокту-колот, жылга-сайлар өлүмдөн арачалап асырап калып жатты. Бир даары: «Кызылдар келатат!» - деп качышты. Ала-Тоо койну алардын да ажалы жетпегендерин сактап калды.

- Жаңы заман келди! Жашасын жаңы заман! Ленинге даңк! –деп, кубанычтуу кыйкырышты жалаңаяк, жону жыртык көпчүлүк. Малакайларын көккө ыргытышып, кубанычтан жамажайлары жайылып, маңдайлары жарылып, сүйүнүп жатышты...

   Ал эми элдин бир бөлүгүнө «кулак» деген үрөйдү учурган жарлык тагылып, алар мал-мүлкүнөн, киндик каны тамган тууган жеринен айрылып, тыягы Украина, быягы Шиберге итап болуп айдалып, кайгыдан көз жаштарына жуулуп кетип жатты.

    Андан соң, эми гана турмуш өз нугуна түшө баштаганда, кыргыздын баш көтөргөн уулдары түрмөгө түшө баштады. Бирин-бири ушактоо, бири-биринин үстүнөн НКВДга арыз жазуу күчөдү. Ошентип, бирин бири «жей» баштады. «Өзөктөн чыккан өрттүн, өздөн чыккан жаттын» күнү тууду.

   Мунун аягы уланып жатканда Улуу согуш башталды. Майданда да, орукта да адамдар кырылды. Азаптан бел майышты, ага кошула Жер майышты.

    Анан кайрадан Жеңиш келди!

     ... Комуз күүсү уланып жатты...

                                                             * * *

  - Биз кылымдар бою көксөгөн эгемдүүлүккө жеттик! Кыргыз мамлекети түзүлдү!!!

   Жылуу маанай, кашка маңдай адамдын сүйлөгөнүн калайык калк муюп укту,  ажары жүздөрүнө чыкты. Кыргыздар алдыга чоң Үмүт менен арыш таштады. Жаңы доорду кура баштады. Анан... анан дагы кайгы... Кыргыз жерлери сатылды. Адамдардын жаны ачынды. Ага нааразылардын бир тобу Аксыда атылды... 

    Калк каарын чачты. Тиги кашка баш Президент  Россияга качты...

 

 ... Комуз күүсү муңкана уланып жатты...

  

     Кайрадан талашка түшкөн бийлик... Кайрадан бөлүнүү - Түндүк, Түштүк! Элдин Ынтымагы ыдырады... Ага каршы калк көтөрүлдү дагы. Ал токсондон ашык эркиндик үчүн чыккан эр азаматтын түбүнө жетти. Кийинки Президент да мурункусуна окшоп,  Белоруссияга качып кетти!

 

... Комуз күүсү уланып жатты...

 

   Кайрадан жакшылыкка үмүттөндүрүп элди, кайрадан мурунку бийликте аралашып иштеп, анан ар кандай себептер менен ал бийликтен  куулгандар, анан ошол эле бийликти куугандар бийликке кайра келишти.

Эл Үмүтү алыста үзүлбөгөн шооладай жанат... Кыргыз көчү кылымдарга алгалап, ошол Үмүттү утурлай шаңдуу баратат...

 

   Комуз күүсү аска-зоонун жаңыртып, ааламга угулчудай уламдан-улам бийиктеп, улам күчөп үн салат... Жаңы санат...

9. 04. 2014-жыл.

 

 


Комментировать
0
25 май 15, 18:25 Айтмырза Абылкасы… 0

Насип

Ал - кадимки эле  жөпжөнөкөй ит.  Жүнүнүн барактыгы гана болбосо, айылдагы башка иттерден айырмачылыгы жок. Анткен менен башка иттердей болоор болбоско чаяланып үрүп, жолдон өткөн мал-кел, бала-чакага качырып сала бербеген токтоолук жагы да бар. Кээ бир иттер эч нерсенин дайыны жок, өткөн машинанын артынан кудум айланып бараткан дөңгөлөктөрүнүн бирине тиш сала тургансып, астейдил кубалап калгандарын карап туруп, алардын бул жосунсуз жоруктарын жактырбаган таризде тескери карап жатып алат. Бирок, эгер короого адашкан жат мал келеби, же байкоосуз ээси жокто адам келеби, адебин колуна берип койгондон кайра тартпаган жайы бар. Анын бул мүнөзүн билип калышкан коңшу-колоңу бир зарыл жумуш менен келишсе да алыстан үн салып, качан гана үй ээлеринен бирөө чыкмайын, дарбазадан нары күтүп турушу абзел экенин абдан жакшы түшүнүшүп калган.

  Мына ошол барак жүндүү дөбөттүн түшүнө бирден эле жылан чакпай, жылкы теппей туруп күрптүн семиз этин жеп жатканы кирсе болобу! Күчүк кезинде тооктун жөжөлөрүн кууп, бирин тиштеп койгону үчүн ээсинен катуу таяк жеген соң, канаттууларга тиш салуу эмес, алардын артынан кууп ойноого болгон көңүлү кайт болуп калган. Ошондон улам болсо керек өзү да бул түшүнөн чочуп кетип ойгонду. Түнү менен иттик милдетин аткарып, уйку көрбөй үйүн айланып, өзүнүн бар экенин, уктабай түн күзөтүп жүргөнүнү билдирип коюш үчүн кез-кез үрүп коюп, асмандагы жаңы толгон айды, жылдыздардын жымыңдашканын карап коюп жүргөн неме таңга маал гана жата кетип, көзү илинип кеткен экен. Анын ойгонушуна короздун ата-бабасынан калган адатын аткарып, моюнун созо таңдын атып келе жатканын билдирме кыйкырыгы да себеп болду шекилдүү. Ойгонушун го ойгонду, бирок кудум эле өңүндөгүдөй көргөн тиги түшүнө ишене түшкөн неме, жеп жаткан күрптүн этин издегендей нары жак, бери жагын астейдил карап, кайсактап, таппаганга таңдана күймөнө түштү. Азыр эле оозунда даамы тургансыган эт жок! А тегерегинде болсо андай эле ит кызыгар эч нерсе көрүнбөйт. Өзүнөн нарыда дайыма жугунду куюлчу капшырылган эски темир итаягы бош турат. Анан оң жагында мурун кажып салган, кээде дагы деле эрмекке кажып турчу улуубалтыр малдын бир-эки омуртка сөөгү жатат. Башка ташбалекет жок...

  Ал бир аздан кийин гана эсин жыйып, анысы түшү экенине араң ишенди. Ошондон соң кийинки күндөрү баягы түшү кез-кез эсине түшүп, шилекейин чуурутмасы кармамай адат боло баштады. Анан кантсин түшүндөгү эттин даамы кадимкидей эңсетип турса...

 

* * *

  Ит түш көргөн ошол күнү эртең менен азанда бул үйдүн ээсинин тиги айылдагы ата-энесинин үйүнүн короосунда  бир уул, бир кыз бир килейген күрптүн корозун кармаганы кууп жүрүштү. Узун буттуу бул чоң күрп оңой менен карматчудай эмес. Эми жетейин дегенде ылдамдыгын көбөйтө коюп, ал экөөнө жеткирбей баратты. Баары бир адамдан айла качып кутулмакпы, аягында жем чачып ( а «кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртетет...»  кайран гана кекиртек  а... ажалыңдын ушундан экенин аңдабай, написиңди тыюуга кудуретиң жетпей, өлүм тузагына өзүң түшүп бересиң го ушул кекиртегиңдин айынан!..), алдап аткананын ичине киригизишип, анан кармашып, эрдик жасагандай чоң атасына сүйүнчүлөгөндө анысы күн мурунтан курчутуп отурган бычагын алып чыгып, канаттарын бир буту менен, эки бутун бириктире экинчи буту менен басып, кыбылага туштап: «Биссмилла ирахман ирахим, жаны кудайы, балдарыма буюруп насип кылсын, алаху акбар!..» - деп күрптүн башын кармаган колу бош болбогондуктан, бычак кармаган колу менен бетине бата тартып, муздап салган. Аны ошол эле замат үйдөгү келин жүнүн жулуп, ичин жарып тазалап, чыпчыргасын коротпой баштыкка салып, бараткан бирөөдөн берип жиберишкен.

 

* * *

  Шүйшүңү бир аз агып сарыксын деп, туздап туруп, сарайдын шамалканалуу жерине жип тартып этти дарга илгенден эки күндөн кийин иттин ээлери шашылыш Ысык-Көлгө эс алганы жөнөп калышты. Шашылышканынын себеби, бара турган машина бир күн эрте кетмей болуп калып жатпайбы. Азыр жол кире баасы асмандап турган кез. Анан аны менен жетип алышпаса, мындай бекер унаа кайда дейсиң?!

  Аялы баарын эле жыйнагандай болгон. Келип-келип «өзүбүз менен эс алууга ала кетебиз» деген сарайдагы дарга асып койгон, кайыната, кайненси берип жиберген  күрптүн этин алуу жадынан көтөрүлүптүр, өзү айтмакчы, «эсине жара чыгып»...  Аны качан гана Чычкан капчыгайына жетип ашканага киргенде тамактарынын тизмесинин ичинде «күрптүн этинен шорпо» бар экенин окуп алып, анан гана тиги кала берген эт эсине түштү. Күйөөсүнө билдирбей бир күрсүнүнүп алды аялы. Дагы жакшы күйөөсү башкаларга окшоп, майда-чүйдөгө киришип, кыжыңдай бермей адаты жок жан. Болбосо...

 

* * *

  Сарайдын ээлери кеткен соң өздөрүн ээн-эркин сезе баштаган келемиштерге кудай эми чындап берди. Үйдүн мышыгын да берки айылга өлүп калбасын деген ой менен берип жиберишкен эле. Ал эми ити карматпай кача бергенинен шашып аткан немелер: « Э, ачкадан өлмөктөн доңуз коп... Ит жөнүндө буга ылайыктуу макалдар жок белем «эшекти отко айдасаң, шорого качат...» - дешип, алды жактагы коңшусуна табыштамыш болушуп (анчадан бери эле берки ылдый жактагы коңшусу менен  мамилелери анчейин эмес...),  ошол жерге таштап кете беришкен. Келемиштер болсо, итти көп деле тоготушпайт. ( Биздин айылдыктар муну «итти адам катары деле көрбөйт» дешип коет...)

  Мына ошентип, бир-эки күн өткөндөн кийин, бардык жак тыптынч коопсуз экендигине көздөрү жетип, ишеним пайда болгон соң,  жергиликтүү келемиштер жипте илинген этти кантип алуунун амалын ойлоп жатышып, кандайдыр бир адамдарга түшүнүксүз таризде макулдашып, жипти кыюуну туура табышты да, акыры аягында көп аракеттер менен эт илинген жипти үзүштү. Анын бир жагы эле үзүлгөндө бышкан мөмөлөрдөй күбүлүп, күрптүн кылдаттык менен жиликтелген эти жерге түшүп берди. Мына сага той! Бирок, келемиш калкы башка жан-жаныбарлардан айырмаланып, табылган насипти бир эле жеп алышпайт. Алар кышка камылга көрүшүп, запаска сакташат. Атургай талаадагы эгиндин башын (сарегин) ууртуна тиштеп келишип, куйруктары менен сабап, данын кызылдап, тим эле кылдаттык менен бирден тегиздеп тизип коюшканын көрүшкөн, ачарчылык кезинде келемиштин ийнин казышып итабардай буудай табышып,  жан сактап калышкан адамдар туурасында аңыз кептер бекер жерден чыкты дейсиңби.  Ал азыр деле жомок катары айтылып жүрбөйбү!   

  Алар асмандан түшө калгансыган бул этти да, ийининин оозуна батпаганы менен, ага жанаша жердеги топуракты казып, биринин үстүнө бирин коюп, жымсалдап, көмүп салышты.

  Барган сайын саратан өз өкүмүн жүргүзүп, көлөкөдө жаткан иттер тилин салаңдаткан мезгил башталды. Сыртта күндү ысыгы суу кайнатар абалга келген бул учурда баягы эттен жыт чыгып, ал Бозбудан соккон жел менен тымызын түштүк чыгыштагы ылдыйкы коңшунун канчыгынын иштейин ачып козутту бейм,  жыттын кайдан келе жатканын ички туюму менен боолгоп, жоортуулга чыгууга шайланды. Напсиси жортуулга чыкпаганга да коёр эмес. Анткени, келе жаткан жыт канчык үчүн ушунчалык жагымдуу эле. Ал жыттын кайдан келе жатканын бат эле билди. Билишин го билди, бирок, ага жетүү оңой эмес экени, өтө эле машакаттуу экени ого бетер аны шилекейин чууртту го, чиркин! Бул үмүтсүздүктүн себеби да бар...

  Ушу коңшунун канчыгы канчалык шыйпаңдап жакындашканга аракет кылганы менен берки барак жүндүн жини сүйбөйт. Ит ылыккан мезгилде мааледеги чоң-кичине дебей бардык дөбөттөр салпаңдап топ-топ болуп анын артынан ээрчишип, алдуусу алсызын талап, канчыктык кадыры артып жүргөндө деле, ал берки коңшусуна жан тарткансып, ушуга жандаганы менен, коңшу дөбөттүн да айбандык каалоосу күч алганына карабастан, баары бир байкамаксан болуп койчу. Алибетте, жаш кезинде бир-эки жолу болгон дечи. Андан соң негедир көңүлү чаппай калганы, иттин өзүнө гана белгилүү болбосо, бул сыр башкаларга намаалым. Негедир кээде кыйшалаңдап короого келе калган канчыкты жини жактырбаганын билдирип, «а-ар!» этип каарып сала берет. Алгач келгенде жөн гана кыр көрсөтүп атат го деп ойлогон окшойт, көп да сестенбей, кайра эркелегенсип, куйругун кыпчып, наз көрсөткөн немени катуу талап салгандан бери, жалтайлап калды канчык.

  Анан ошентип эле, жагымдуу жыт чыгарып жаткан эттен бир жебей (кол шилтеп деп коёлучу), кала берчү канчыкты кайдан көрдүң эле?! Ошол иттик өжөрлүгүнө салып, канчыктык амалкөйлүгүн иштетип, кандай гана болбосун, андай олжого жетүү максаты аны тынч жаткырбай калсын... Өчөшүп түнкү жел да, ушул жакка дайыма согуп, канчыкты тыпырчылатып жатты. Ошондон улам, сутканын кайсы гана бөлүгү болбосун, жыт чыккан сарайдын ичине киргенге мүмкүнчүлүк издөөсү бир мүнөт да аны таштаган жок. Бирок, ар кандай амалы да натыйжасыз чыгып, дөбөт аны сарайга жакын жолотор эмес. Ошентип дагы бир жолу башка жагынан келгенин байкап калган дөбөт бул сапар аны короодон жөн гана кууп чыкпастан, анын короосуна чейин артынан барып, дарбазасынан да кирип, баса калып талап саларында, анын бактысына кудай жалгап, канчыктын ээси сыртта экен, «ай-уй» деп айкырык салып, колуна кирген нерселерди ага карай ыргытып, иттин өзүн гана эмес, ээсин кошо боктоп тилдеп жатып тигини сактап калды. Болбосо, канчыктын тирүү калышы күмөн болчу.Ал коңшусу дөбөттүн ээлери менен оту күйүшпөгөн соң, анан  анын итин жактырып, канчыгын талаттырып коюп тим гана карап турмак беле.

  Мына ушул коңшунун жек көргөн кыйкырык богооз сөздөрүнө аралаш ташбараңынан кутулуп чыгып  келе жатканда, тиги жагымдуу жыт мунун да мурдуна «бур» дей түштү.  Баягы түшүндөгү жыт! Өзүнө арбаган, эсин эки кылып өзүнө чакырган жыт! Дайындаган коңшудан жарытылуу жугундуга жарыбай чала курсак болуп жүргөн бул, ал жыттын касиетин өзү кантип баяндап бере алмак эле. Иттигине салып эле тумшугун созо улуп гана түшүндүрбөсө... Ага ал жыттын тиги өз сарайынан чыгып жатканы ого бетер кызык болду. Бардык нерсе унут калды. Ачуусуна тийген канчык да, анын ээсинин кууганы да бир заматта эсинен чыкты. Бардык эси-дарты сарайдын ичиндеги эттин жытына бурулду. Көрсө, өзүнүн жаткан жери тоо тарапта болуп, бул жыт ылдый соккон жел менен тескери кетип, мурдуна илбей жүргөн турбайбы. Түз эле сарайдын эшигинин астынан сойлоп кирип, ичин шимшилей баштады. Акыры жыт чыккан жерди тапты. Бош топуракты буттары менен шилей ача баштады эле, бир аздан кийин эле ирети менен тактап коюлган эттин үстүңкүсү булт эте чыга түштү. Үзүнүп-жулунуп бир жилигин кайсап жиберди да, кайрадан тереңдете ача баштады. Эттин мол экенин көрдү. Пейили ток боло түштү. Дагы бир жилигинин сөөктөрүн качырата чайнап, майлуу этти ырахаттана сугунган соң, баарын тиги жерден казып алып топтоп алды. Анан өзү жатчу кайналы дарагынын түбүнө дароо келемиштердей чуңур жасап, этти оозуна бирден-экиден тиштеп ташып барып көөмп алды. Эми ал жерден башкалар талашып көрүшсүн!.. Бирок... бирок,   ай, ким билет? Ошол күрптүн жумшак эти кемпир-чалдын балдарынын да, келемиштердин да ооздоруна тийип тургансыган  жеринен буюрубай  бейнасип калышты го?!  Көрсө ниет башка, насип башка турбайбы! Насип буюруганга тиет тура.

   Ит баягы түшүнүн туш келгенин билдиби, же жокпу, бизге белгисиз бойдон калды...

 

21.02. 2014-жыл. 


Комментировать
0
13 окт 14, 13:27 Айтмырза Абылкасы… 0

Өзгөчө оору

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери

 Ибадат Сулаймановага арнаймын.

  Облустук оорукананын бир бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген врач келин айтып жатпайбы:

 - Ой, көп эле семирип кетпей өзүңөрдү сактагыла! Жакында эле бир кызык окуяга күбө болуп, таң калганымды айтпа! Айылдык таанышым ( эми анын аты-жөнүн төмөнкү себептен улам айта албайм ай...) дарыланганы шаарга келип, менден жардам сурап, ооруларынын толук дестесин айтып, жалдырап турду. Аялы экөө келиптир. Буларды көрбөгөнүмө анча болуп калган. Алар айылда, биз шаарда болгондуктан, абдан эле сейрек көрүшчүбүз. Мурун денеси мынчалык толук деле эмес неме болчу, кийинчерээк багылган букадан бетер тим эле семирип  кетиптир.  Анын бардык кеселдери ошол ашыкча салмактан экендиги, адис эмес көзгө деле дайын болуп турат. Ошондуктан, оболу режимди сактап, аны  денесиндеги ашыкча жүктөн арылтуу зарыл эле. Андыктан аны ооруканага жаткырып, диетага отургузуп, көзөмөлдөө милдетин өзүмө ала турган болдум. Ушинтип макулдаштык. Ошентип, ал ооруканага жатканы жатып, менден өтүнүп жатпайбы, «он эки жашар уулум мени менен кошо  жатсын» деп.

- Ай, анын эмне кереги бар?  Же ал да оорулуубу? – десем,

- Жо-ок, ал- кудайга шүгүр, сопсоо. Менин кем-каржыма каралашып турат, - дейт.

- Кандай кем-каржың болмок эле? Оорукандан тамакты ичсең. Дарыларды медсестралар берсе, жатар жайың дайын. Дагы эмне керек?

 - Андан башка да... кереги тийип калат...

 - Сен өтө оор оору эмессиң, анын үстүнө, кудайга шүгүр, өз аягың менен басып жүрөсүң. Андыктан, биздеги ички тартип боюнча сага окшогон оорулардын жанына дагы бирөөнүн карап кошо жатышына уруксат берилбейт.

 - Анда мен... кыйналып каламын да... – деп жалдырай карады. Анын айтканына макул болгонсуп аялы да баш ийкеп коёт. Мен бир нерсе түшүнсөм буйрубасын.  Кайра аларды суроолуу карап туруп калдым. Акыры оорулуунун айласы түгөндү окшойт, аялына карап, «сен айт!» дегендей  ишара кылды да:

 - Мен азыр... – деп эле эшикке чыга жөнөдү.

 - Буга эмне болду? – дедим мен аялына таң кала карап.

 - Уялып атпайбы! –деди аялы оңтойсуз жылмайып.

 - Эмнеден уялат? Баарыбыз бир айылдан болсок, жашыбыздан айырмачылык болор болобос эле. Айта бербейби оюндагысын,- дедим аялына.

 - Аны өзү түк айта албайт. Ошондуктан, мени айтсын деп чыгып кетти.

 - Анда сен айт. Кандай сыр бар?

 - Аны айтыш мага деле ыңгайсыз. Арга жок айтууга туура келет.

Өзүңө дайын, бул жаш кезинде арык эле эмес беле. А тургай айыл арасында, райондо спорттун ар кандай түрүнө катышып, мыкты спортсмендердин катарында аты аталып жүргөнүн жакшы билесиң да. Бирок да тынбай  чылым тартчу.  Ошондон го бара-бара жөтөлө баштады. Анысы уламдан-улам көбөйгөндөн көбөйүп баратты. Себеби, таң ата турары менен сигерети оозунан түшпөй калган. Отуруп алып чылымын үйдө тартканда, анын түтүнүнүн  жытына мен да, балдарым да чыдабай турган болуп калдык. Ошентип, көптөп жаалап жатып, сигаретин койдурудук. Өзү да аны таштаганына сүйүнүп, биз да курсант болдук. Анан эле толо баштады. Болжол менен алганда аш-паш деп үч ай өтүп өтпөй, мурунку кийимдери чак келбей калса... Эртең менен жүгүрүп да көрдү. Бирок, бир жагынан жумуш, экинчиден,  айылда эртең менен жөндөн-жөн эле чуркап жүгүргөнүңдү көрүшсө,  «мунун  башына бир аз болсо да доо кеткен, же бир нерсенин эпкини тийген» деп да ойлоп алышып, кеп-сөз таркатып жиберишет эмеспи! Ошондон улам, анысы да сейректей баштады. Өзү толгондон толуп баратты. «Ой, толо баштаганда, адам аз-аздап  жеңил кыймылдоо керек дешет го!» дегендерге, «Ай, атасынын оозун урайын, салмакка кошуп жалкоолукту да берип салат тура!» деп күлүп кутулуп жүрдү. Анысын мен эрен-төрөн деле алган жокмун. Мурдагыдай жөтөлбөй, үй ичи тамекинин сасык жыты жыттанбай калганына кубанып жүргөм. Ал кубанычым көпкө узабады. Бир күнү эле (ошол тамекисин таштагандын үчүнчүбү, же төртүнчү жылы бекен?) эшиктен бир кызыктай болуп кирди. Анын өңүн көрүп, чочуп кеттим да:

 - Ой эмне болду? Тынчылыкпы  деги?.. –деп сурап атпаймынбы.

 - Тынчылык эмес... - деди ал оор үшкүрүп – ажатканага бардым эле колум тиягыма жетпей, канча аракет кылсам да, аарчый албай келе бердим. Жыттанып атабы?..

 -Койчу, ой, тамашаңы! Анда эле «жыргаган» турбайсыңбы? –деп, анын айтканына ишенбей жатпаймынбы.

 -Жо-ок, чын, кудай урсун! Кайдагы жыргал?.. Куурал!..

 -Кантет, андай жаман сөздү оозуң албачы! – дедим кайра өзүм.

 - Анан сен ишенбей жатпайсыңбы!  «Ылайым колуң көчүгүңө жетпей калсын!» деген каргышты угуп, күлүп эле койчу элем. Көрсө, мындан өткөн каргыш жок сыягы. Мына өз башыма келгени анын азап экенин түшүнүп атам...- деди шуу үшкүрүп.

 Ошентип, ошондон баштап, ал ажатканага барса, бүтөрүн күтүп туруп, мен артынан кирип, аарчып бермей болуп калдым. Ооба, сага күлкү... Мен деле башка кишинин ушундай экенин уксам, жерге жата калып күлмөкмүн. Бирок, азыр биздин күлө турган алыбыз жок. Көрүп турасың, анысынан да, башталган жүрөк оорусунун үстүнө башка оорулар  улам кошулуп жатып... мына ушул абалга жетти.

 - Капа болбо, алтыным,  кечирип кой!  Мындайды биринчи укканымдан, токтоно албай калдым...- дедим, күлкүдөн чыккан көз жашымды бет аарчым менен сүртүп жатып,  актанып. Тигинин кишинин зээни кейүүчүдөй болгон кейпин  көрүп, күлкүм бир заматта кайдадыр тарап кетти.

 - Анда мындай көйгөйүңөр бар экен, өзүң кошо жатышың керек турбайбы! –дедим мен ага олуттуу карап.

 - Ой, кайдан... Үйдү кимге таштайм, бала-чака, мал-кел деген бар. Мага мында калганга таптакыр мүмкүнчүлүк жок да...- деп мүңкүрөп отуруп калды. Кишинин боору ооруйт.

Олдо, ашыкча салмагың түшкүр а! Адамга семиздик деги эле оокат эмес турбайбы!

 -Тиги уулуңарды ушул үчүн кошо жатсын деп атасыңарбы?

 -Ооба. Ал - эң кенжебиз. Мен жокто ал «милдетти» ошол аткарып, көнүп калган... - деп араң жылмайып сүйлөдү аялы.

Баарын уккан соң, аргасыздан  уулунун аны менен кошо жатканына  макул болууга туура келди... Макул болбой болобу, катыгүн, ыя?!!


Комментировать
1
17 май 13, 20:08 Айтмырза Абылкасы… 0

Дарга алдындагы акыркы сөз

                                            «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат...»

                                                                                             Эл сөзү.   

   

    Күн түшкө жакындаганда шаардын чок ортосундагы базар аарынын уюгу быякта эле калып, уу-дуу улам күчөгөндөн күчөп эле жатып калды. Айтылуу чыгыш  базары! Мына ушуну базар деп айтса болот! Кымкууттуктан баш адашып, ар кандай добуштардан кулак тунуп, бирок  баш-аламан, аңтар-теңтер болуп жаткансыганы менен, байкап, астейдил зээн салган кишиге бул базардын өз ыргагы, өз тартиби бар болуп, азыр да ана ошол адатынан жазбай, алымчасы да, кошумчасы да жок, демейдегидей эле өз ирети менен жүрүп жатканын байкоо кыйын эмес эле.

  Мына ушул  баш адашма, бирок бузулбаган ыргакты  хандын жарчысынын жарыясы бузуп койду.

 -  Эхе-хей, ээ,  адамдар! Укпай калдым дебегиле, хан жарлыгына кулак салгыла! Мына бүгүн шаршемби күндүн бешим намазынан кийин Хан ордо аянтында  кылкыйма ууру өлүм жазасына тартылат. Мына ушу тамашага баарыңар келгиле, эхе-хекей эй, адамдар! – деп, анын ар бир айтканын ээр кашына илинген добулбастын үнү коштоп, базардын баш-аягына чыкканча  кайра-кайра кайталап жатты жарчы.

  Соодалашып аткандар соодасынан алаксый калышып, кыйкырышып аткандар кыйкырыгын, жакалашып аткандар мушташын токтотушуп, жарчыга аргасыз кулак салышып, баркылдап кайнап жаткан казан кайноосун токтоткондой  бүткүл базар саамга дым боло түштү. Бир гана ал жерде  бирөөлөргө жалданган кулагы керең  бирин-экин  дүлөй  кызматкерлер менен «кисабир» деп аталчу чөнтөкчүлөр гана буга көңүл бурушпай, өз иштерин кызуу улантып жатышты.

  Качан гана  жарчынын жарыя айткан үнү алыстап барып басылган соң, базар ичи кайра мурункудан да  калыңыраак дууга толуп чыкты.  Адамдар арасында: « Ал ким, кайсы ууру?» – деп бири-биринен сурагандар мындан көп. «Ий, акыры колго түшкөн экен да, жаны жок!..» - деп табалагандар андан көп.  

* * *                                                                                                                                        

   Хан ордо аянттагы  мурдатан боло жүрчү ордуна бийик секи жасалып, анын  ортосуна дарга орнотулган. Анын бир  жаккы четинде баталгыга  адамдын башын койдуруп туруп,  мойнунан кыя чапчу балта тике чабылган бойдон турат. Анын экинчи атырабында устун орнотулган. Ал устунга күнөөкөрдү таңып туруп, же өртөйт, же ташбараңга алат.

   Бул көрүнүш адамдын аңын учуруп,  көөдөнүн мыжыгып,  дене-бойду дүркүрөткөн мындай окуяга алгач туш келип калгандар тургай, мурдатан көзү көрүп, буга окшогон өкүмдөрдүн ишке ашырылышынын бир нечесине күбө болгондордун деле жүрөгүн бир болк эттириши  бышык эле.  

   Мына ушунун өзү эле бүгүнкү күнөөкөрдүн күнөөсүнүн өтө салмактуу экенинен кабар берип тургансыйт. Болбосо, мурунку өлүм жазасына тартылгандарга булардын бири гана орнотулуп,  ошол аркылуу гана  өкүм ишке ашчу эмес беле.  Ал эми азыркы үч эселенген коркутуучу көрүнүш  менен жалаң эле күнөөкөрдүн күнөөсүнүн оорлугун көрсөтүү эмес, мындагы турган элдин да үрөйүн учуруп, жан сезимине сез көрсөтүп коюу мудаасы да бар шекилди.

  Аянтка эл жыкжыйма толду.  Бул өкүмдү жүзөгө ашырууну  уюштурган көзөлдөрдүн дээрлик баарысы (хандан бөлөгү) атайын жасалган бийик минбардан* карап турушту.

  Аңгыча эле аянттагы эл толкуй түштү да, «алып келатат!» деген кабар ооздон кулакка, андан кийинки ооздордон дагы кулактарга укмуштай тездик менен тарады.  Аянт дуулдай баштады.

  Алдында эки сакчы жылаңач  кылычтарын кармап, эки жагында ондон сакчы найзалары менен коргоп, ортодо бул өлкөгө, бул өлкөгө гана эмес, коңшулаш мамлекеттерге да таасири тийген белгилүү ууруну коштоп келе жатышты.

  Алар секиге жакындай баштаганда:

 -  Айланайын, балам!..- чыңырган аялдын үнү кулактарды  тешип, анда тургандардын мээлерин көзөп өттү.-Мен кандай айла кылам?  Сенсиз мен кантип жашайм?..

Аял жүткүнүп, тигилерге карай  кол сунуп жөнөдү. Бирок ага жеткирбей сакчылардын бири четке түртүп жибергенде,  карыган алсыз неме боюн токтото албай чөгөлөп,  бир колу менен жер таяна дагы турууга обдулганда,  аялдын кийген көйнөгүнө өңдөш башындагы кара шайы жоолугу жерге шыпырылып, аппак чачтары апсайып, жүзүн он талаа жаш чайып, көздөрү аңтарыла жаздап турду.

   Бул шордуу аял ошол уурунун энеси эле.

  Жакын  турган боорукер бир-экөө энеге жардамдаша колтугунан сүйөшүп,  тургузганга аракет кыла башташты.  Бараткандар саамга токтоп калды.

   Уурунун жүзү дирт деп барып, ташка айлангандай катып калды да, бир ирмемден соң:

- Менин бир азга колдорумду чечип койгулачы, тиги буркурап ыйлап турган энемдин жаш толгон көздөрүн оюп, «балам,балам!..» деп турган тилин суурап алайын!.. – деди кыйкырып.

 Бул сөз ошол жерде угуп тургандардын  үстүнө чагылган түшкөндөн да шумдуктуу таасир калтырды.

- Ой, акмак! - дешти кээ бирлери.

- Ой мыкаачы, айбан! - дешти экинчилери.

- Ой жырткычтын жырткычы, энеден туулбай өл! - дешти көпчүлүгү.

 - Өл!.. Өл!.. - дешти аны коштоп калгандары.

Ал эми мындан да ачуу, мындан да жаман сөздөрдү таба алышпагандары  көздөрү менен атып жиберчүдөй болушуп,  үн кошпой  турушту. Болбосо...

-Ооба, мен өлөм, - деди ууру безирейип, баратканын токтотпогон тейде үнүн катуулатып – бирок, ушул менин өлүм алдындагы сөзүм башкаларга сабак болсун, угуп койгула!

- Сенин сөзүңдү ит уксун, эне безери! –деп кыйкырды топтун ичинен бирөө.

-Туура. Укпайбыз! - дешти көпчүлүк.

- Жок, айтсын да, – деди дагы бири – сабак болсун деп атпайбы?

-Уурудан не сабак?..- деди нарыдан башкасы.

 - Адамдын өлүм алдындагы акыркы сөзүн угуу -  илгертен келаткан нарк! Андыктан, угууга тийишпиз, -  деди бирөө катуу үн салып. Баарына макул келди окшойт, унчукпай калышты.

-Айтсын, айтсын...-деди ошердегилер.

  Тиги минбардагылардын эң өтүмдүүсү бир нерсе деп тиги жарчыга башын ийкеп койду эле, анда турган жарчы:

-Азирети миң башыбыз  жалпы калктын талабы үчүн акыркы сөзүн айтканга ууруга уруксат берди, ушул улуу затка калк талабын, суранычын эске алып, уруксат бергени үчүн  миң мертебе алкыштар болсун! –деди да, ага башын ийип таазим кылып, анан: 

 - Кана, эмне сөзүң бар эле,  көрпенде?  Айт, айтып кал,  айта турган сөзүңдү, - деп ууруга кайрылды.

  Ошол учурда ууру да коштогондор менен секиге чыгып,  дарга астына келип, кылкылдап турган элдин баарына дайын көрүнүп калган эле.

-О эл-журт, о калайык! - деди ууру турган элди сыдыра карап – Мен билем эненин ыйык зат экенин. Мен билем тогуз ай ичинде көтөрүп жүрүп төрөгөн соң, түн терметип чоңойтоорун. Мухамбет пайгамарыбыздын «бейиш - эненин таманынын астында...» деген улуу сөзүн далай ирет эшиткенмин.

(Анын үнү бир аз калтаарып барып, кайра кайраттуу чыга баштады.)

Бирак да, ушул азыр ошол чын жайга сапар алганы туруп, «неге энеңе катуу сөз айттың анда?»,- деп турганыңарды да билемин. Анда кеп башынан болсун...

   Менин анда 5-6 жашар кезим эле. Жашообуз орто. Оокат-ашыбыз башкалардан өйдө болбосо да, кем эмес болчу.

   Бир күнү  ойноп жүрүп, коңшунун малканасына кирип калып,  ат акырдын ичиндеги он чактыдай жумуртканы кокустан көрүп, аны эч кимге көрсөтпөй, этегиме салып жашырып, үйгө алып келип, ушул турган энеме берсем: «Эч ким көрбөдүбү? Азаматым, айланайыным! Сен мени багат экенсиң...» - деп, сүйүнгөнүнөн көз жашы кылып, анан алардын жарымын кууруп, мага да жегизип, өзү да жеп, калган жумурткаларды катып, кийин да тамакка  пайдаланган эле. Мына ошондон баштап, ал коңшунун тоокторунун жумурткалары биздики болду. Ага алымсынбай башкалардыкына да кире турган болдум. Бара-бара тоок уурдаганга өттүм. Анан улак, козу, кой... Ошентип мына ушу абалга жеттим.

   Өзүңөр калыс болгула, о, калайык, ошондо ушул энем азыркыдай ыйлап, уурулук жаман экенин каңкакшап айтып, урушуп, жумурткаларды коңшуга кайра бергенде, мен ушул өнөрдү улантат  белем?.. Мына ошону үчүн  ошол кезде сүйүнгөнүнөн ыйлаган,  азыр жалгыз уулунан ажырап атып, күйүткө батып ыйлаган энемдин көзүн оюп алайын дегеним, ал эми азыр «балам» деп боздогон, ошол жумуртка алып келгенимде «азаматсың!» деп мактаган тилин сууруп алайын  дегеним - ошондон го!

   Турган эл дым болуп калды.

   Ошондо минбар тараптан жанагы миң башы дегенден үн чыкты:

-Эй, наисап*! «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат»,- деген чын. Эми бардык кылган күнөйүңдү, карыган энеңе оодара салып, ак болгуң барбы, ыя, газзап*?

-Жок, –деди ууру – ооба, күнөөм башыман ашкан. Өзүмдү өзүм эч качан актабайм дагы. Анын азабы болсо тартаармын! Мындан эч ким качып, кутулган эмес...

   Ооба, мен-уурумун! А бирок, силер менден да өткөн уурсуңар го! Айырмабыз эле силер караламан калктын ырыс-кешигин, терисин  шылуу менен өмүр бою билдирбей уурдап келесиңер,  ошондуктан, силер бүгүн даргага тартылбайсыңар. Анткени, бийлик силердин колуңарда. Мен болсо силер  калктан көмүскө уурдаган ошол дүнүйөнү силерден алып койгонум үчүн, азыр дарганын астында акыркы сөзүмдү айтып жатам... Силерге да менин башыма түшкөн күн  бир күнү келет, чоң уурулар! Ошондо кантээр экенсиңер, ха-ха!

Ууру карс-карс эте шаңдуу күлүп жиберди.

-Эмне дейт? Тарткыла даргага ууруну!-деп чаңырып жиберди менменсингенин заматта  жоготуп алган миң башы.

Кернейлер күпүлдөп, добулбастар дүпүлдөп, экөөнүн тең андан кийинки  сөздөрүн угузбай, алардын үнү басып кетти.

  «... минбарда отургандардын баары-ууру!..»

  Ушул сөз ошол жерде ооз жүзүндө айтылбаса да, аң-сезимдерде миң кайталанып, Хан ордо аянтынын чегинен чыгып, жел менен кошо шаардын көчөлөрүн аралап, ар бир үйдүн эшигин кагып, ичкери кирип, шамал менен шаардан учуп чыгып, быягы тоо менен кокту-колотту аралап, тыягы талаа-түзгө тарап кетип жатты.

   «Эл башчылардын баары-ууру!..»

   Эки көздүн ордунун гана тешиги бар  чүмбөт кийген  зоңкойгон желдет уурунун башына  да капкара нерсе каптады да, мойнуна сыйрмакты салып, адамдарды даргага асып жедеп көнгөн адатынча, шыр дегизе тартып жиберди. Уурунун узун да, келишимдүү айбар  денеси  абада асылып калып, бир-эки толгонгон соң, сулк туруп калды...

* * *

  Асманда бир бүркүт  баятан бери ушул окуянын жүрүшүнө бийиктен көз салгансып, айланып учуп жүрөт эле, ошол кезде ачуу үн сала  бир «к-якк!» этти да, Чаткал тоолору тарапка кайып кетти.

_____________________________________________________________________

* минбар-жалпы элден айырмаланып,  сүйлөө үчүн, же көрүнөө отуруу үчүн жасалган бийик секи.

* наисап – нысапсыз, нысабы  жок.

* газзап – кесеп, кески.


Комментировать
1
20 апр 13, 19:20 Айтмырза Абылкасы… 0

Башка дүйнөдөн келген күч күйөө

   Кээде бир көргөн адамга эле кишинин жылдызы жанып, эзелки таанышыңдай болуп калган учурлар көп эле кездешет эмеспи. Бүгүн да дал ошондой болду. Кыз айылдын үстү жагындагы булактан суу алганы барып, булактын мөлтүр суусуна жүзүн чайып, ар кандай кыялдарга азгырылып отуруп, анан гана баканга суу толгон эки чакасын илип алып, ичинен кыңылдап ырдап коюп келе жаткан.

  Булак менен айылдын ортосунда калың бак бар. Азыр андагы алмалардын кыйгач гүлдөп турган учуру. Кыз ошол бакка жакындашкан кезде нарыдан:

 - Саламатсызбы, карындаш. Бир азга аярлай аласызбы? – деген эркектин жагымдуу коңур үнү угулду. Кыз  токтоп бурула карап,  кийген кийими да, мүчөсү да келишкен   бир жигитти көрдү. Тааныш эмес. «Башка жактан келе жаткан жолоочу, же ушул айылга келген коноктордун бири окшойт» деп боолгоду кыз. «Менде эмне иши болду экен? Же сулуу кыздарды көрсө эле артынан ээрчип, каксаң да ыржаңдап тийшкен  аңгилердин бириби?» Муну ойлогондо кыздын ичи жыйрыла түштү. Жо-ок, жигит андайлардан эместей. Сыпаа гана келип:

 - Оу, акындар ырга кошкон сыңары «белиңиз тал чыбыктай ийлип» кетиптир го!  Келиңиз, сууңузду мен көтөрүп алайын,- деди сылык гана, кызга суктана күлүмсүрөй карап.       

    Чын эле суу көтөргөн кыздын денеси  чырайына чыгып, сырттан караган кишини тамшандырып,  абдан эле көркөм болчу! Ал улам кадам таштап баскан сайын ничке бели ийиле калып, кайра түздөлүп, өзүнчө эле музыканын ыргагын берип, бийлеп жаткандай элес калтырып жаткан эле.

 -Коюңуз, - деди кыз да күлүп, шылдың аралаштыра - жигит кишинин бакан көтөрүп суу ташыганын бала болуп башыма жүн чыкканы көрө элекмин, уят болот.

 -Ошондойбу? Анда кечиресиз... – деди да, жигит бир аз күймөнө түшүп, анан кайрадан кепке келип – анда бир аз тигинде отурбайлыбы. Эс алып да аласыз.

Кыз кайрадан:

- Жо..., -деп баратып эле, кандайдыр бир билинбеген сырткы күчтүн таасири менен –Макул, отурса отуралы, - дей салды да, бир таман жолдун жанындагы чоң түп алманын түбүнө барып, баканын ийнинен ала баштаганда, тиги жигит, шамдагайлык менен баканды суусу толо чакалары менен алып, этияттап жерге коюп койгондо, чакадагы суулар төгүлмөк тургай, чайпалып койбойду.

Анан алар алманын астындагы чөпкө отура кетишти. Бир аздан кийин ээн эркин сүйлөшө баштаганын сезбей да калышты. Бактын арасынан ар түркүн куштун үндөрү кулакка сүйкүм угулуп, алмалардын гүлүнүн жыттары мурунду өрдөп, жагымдуу кырдаал өзүнөн өзү эле түзүлүп турду.

 - ...ошентип, Сизди атайын издеп жүрүп, араң таптым, - деди жигит мурдатан айтып жаткан сөзүн улантуу менен кызга сүйкүмдүү  карап.

 -Жер үстүн койбой кыдыра  издедиңизби? – деп кыз күлүп койду.

 -Жер үстүн гана эмес, планеталар арасынан издедим, - деди жигит.

- Ой-бой, сизге абдан убал болгон экен!.. –деп какшык аралаштыра сүйлөдү кыз. Бул маектешүү ага да жагымдуу эле.

 - Жок, чын айтам. Жер планетасында экениңиз анык болгонго чейин, канчалаган башка аалам кезбедим... – жигит кыйналгандай түр көргөзүп – бирок, Тагдырдын  буйругу менен Сизге мына жолугуп отурамын. Бул -  мен үчүн улуу кубаныч!

 -Кудайдын буйругу менен десеңиз... –деп оңдоду аны кыз. «Ушул жигиттердин көкүрөк какмай апыртмалары качан калат деги?..Эми мунусу планеталарды аралап кетпедиби! Кичине чындыкка жакындаштырса боло...Эч болбосо  Кыргызстанды түп көтөрө издедим десе деле жетпейт беле...» деп ойлоп жибергенге үлгүрдү ал. Анткен менен бул сөздөргө өтө деле кыжыры келбегенине өзү да таң калды.

-Жо-жок, биз кудайга эмес, тагдырга гана ишенебиз... –деди жигит шашыла.

 -Кызык экенсиз! Кээ бирлер окшоп, мусурманчылыкты  жээрип, башка динге өтүп алгандардан эмессизби? Мисалы, кээлери Иса пайгамбарды Кудай деп таанып, баптист болушуп, бир даары Буддага сыйынып, башкалары  байыркы бабаларыбыздын дини дешип, Теңирчилик дешип... башты  да айландырып бүтүштү...

 -Бизде дин деген жок. Бир гана Улуу Тагдыр бар. Биз ошого ишенебиз жана ошонун гана жолу менен жүрөбүз. Мына мен да ошол Улуу Тагдырдын буйругу менен колуңузду сурап,  Сизге келип олтурамын.

«Мына,  башталды!.. Мурдагы сөз айткан жигиттердей эле, бул да менсиз жашай албай турган болуп чыгат...» деп ойлоду да:

 - Азыр эми кыргыз кыздар ким калыңды көп берсе, улутуна, динине карабай тийип кете берет деген ушак-айыңды угуп алып, келип калган турбайсызбы... –деп, сумсая каш кага сүйлөдү кыз.

 -Ал «калың» дегени эмне? –деп сурады жигит.

 -Сиз эмне кыргыз болуп туруп калыңды билбейсизби? Айдан түшкөн жоксузбу?.. – кыз акырын гана назик күлүп, какшыгын жылдырды.

 -Жок, мен Сириустан* түштүм,- деди жигит  чын дили менен мойнуна алып – Чын эле калыңды билбеймин. Бул сөз биздин сурап алмада* жок өңдөнөт... Мен кыргыз эмесмин.

  Кыздын көзү алая түштү. «Ай,  дагы элдин кыздарычылап, башка улутту мындай кой,  башка эле облуска тийчү болсоң, экинчи жүзүңдү карабайбыз. Топурагымды түйүп берем... Андай жигиттер менен сүйлөшүп турганыңды да көзүм көрбөсүн!..»  

  Бой тарткандан бери кайра-кайра кулагына куйган апасынын ушул сөзү анын эсинде жаңырып,  каардана караган элеси көз алдына  тартыла түштү. Баятан бери сүйлөшүп отурган жигитти кайрадан башынан аягына дейре сыдыра карады. «Баары ордунда: өңү-түсү деле, тили деле, кийген кийими деле, бир гана сымбаттуу келбетин, орундуу сөздөрүн, өзүнө тарткан жагымдуу мамилесин эске албаганда, биздин айылдагы балдардан айырмасы деле жок го? Анан кантип кыргыз эмес?.. Тамашалап жатат, кыязы... Ай , койчу ай, азыр эле ушуга тийип кете тургансып, менин да чочуп кеткенимди кара, капырай!..» Кыз ушинтип ойлоду.

- Тамашакөй окшойсуз... – деди кыз жигитти дагы бир жолу имере карап. Анан атын сурабаганы эсине түшө калып, күтүлбөгөн жерден эле:

- А баса, менен атым - Айгүл. Сиздин атыңыз ким?

 Алгачкы жолу кыз-жигит жаңы таанышканда, жигиттер биринчи аттарын өздөрү  айтуусу шарт деген купуя эреже шашылганынан эсинен чыгып кеткенин кыз кеч байкап калды. Канчалаган бейтааныш жигиттер тамшаныша артынан чуркап , атын сураганда да, же айтпай коюп, же калп эле башка оозуна келген атты айта салып, жалдыратпады беле. Эми минтип... Кыздын бети уятынан кызарып чыкты.

 -Мен сиздин атыңызды билемин, Айгүл. Менин атым Тарро. Силерче айтканда Таалай!

- Абдан кызыктуу бул «жомогуңузга» мен да ишене жаздап калдым... Андай болсо менин атым силерче кандай айтылат? –деди, «силерче» деген сөзгө басым коё айтып. Чынында, кыз өзүнүн уялганын билдирбөөнүн амалында, кайра эле өзүнүн эркинен тыш  ушул  суроону берип салды.

 - Бизче сиздин атыңыз Арро!- деп жылмайып жооп берди жигит.

 - Охо, укмуш го! Тарро-Арро... уйкаш турбайбы  аттарыбыз,- деди кыз тамашага айландырдыгысы  келип.

-Ооба. Туптуура! Ошондон улам Улуу Тагдырдын буйругунда экөөбүз бир үй-бүлө болуп бирге жашоо  буйрулуп жатпайбы!

-Мына эмесе, али менин колумду сурап, сурабай жатып эле, сиз мага үйлөнүп, колуктуу кылып алып да койдуңузбу, жигит?!! Баракелде, мына ушуну кыялдануу десек, мына ушуну  тапкычтык десек болот! Балким, нике кагазыбыз да жазылып даяр болуп калгандыр?..

 - Биздин никебиз биз жарык дүйнөгө келе электен миң жыл мурун эле кыйылып, «Улуу Тагдырдын буйрук Китебине» жазылып калгандыктан, аалам кезип, издеп келип, дал болжогон күнү Сизди таап, сүйлөшүп отурбаймынбы! Анын көчүрмөсү мына!

  Ал жылтырган бир металлдан жасалган сыңары сүйрү төрт бурчтук немени костюмунун жан чөнтөгүнөн алып кызга сунду. Ал кол телефондон бир аз чоңураак, бирок, чакан планшеттен анча эле кичине болчу. Кыз аны колуна алып, таң калганынан не дээрин билбей тилсиз туруп калды. Анда өзү менен тиги жигиттин кол кармашып түшкөн сүрөтү көрүнүп, анан ал сүрөт жанданып, алардын келечектеги тагдырында болуучу окуялар кино тасмадагыдай көрүнүп жатты. Тигинин  биздеги көрмө каржаттардан* бир гана айырмачылыгы: бетине жеңил эле билинер билинбестей кол тийип кетсе, андагы көрүнүштөр чоңоюп, бет маңдайда,  жөн эле абада кадимкидей даана көрүнүнгөнү аз келгенсип, ал сүрөттөрдү кол менен кармоого боло тургандай экени, андан бетер таң калыштуу эле. Андагы окуялар экөөнүн үйлөнүү тоюнан башталып, бактылуу турмушу көз алдыда өтүп жатты. Улам убакыт өткөн сайын тиги экөөнүн жаштарынын бир аз улгайганы билинип, анан бара-бара буларды ээрчиген эки уул, эки кыз пайда болду.

 -Булар - биздин балдарыбыз,- деди жигит тигилерди кызга көрсөтүп түшүндүрүп жатып, аларды элжирей карап. Анын ушул көз карашынан эле, абдан боорукер, сүйкүмдүү ата жана асылкеч жар боло турганы даана байкалып турду. Кызды  бул нерсе алгач бир аз чочутканы менен, барган сайын улам кызыгуусун арттырып, аны өзүнө тартып баратты. Балким, бул да Улуу Тагдырдын буйругунун күчүдүр?!!

 * * *

  Мындан кийинки окуялар абдан бат өнүктү. Жигит менен кыз жаадырап жайнап, кыздын үйүнө барышты. Кыз жигитти ата-энеси менен тааныштырды. Аларга жигит жакты. (Анан жакпай коймок беле ааламдын наркы четинен келип жатса...) Алар экөөнүн баш кошуусуна макулдуктарын беришти. Жигиттин алдына бир гана шарт коюлду: «Эч кандай Сириус-Мириусуңа  кетпей, ушул Жерде гана жашайсың!»  Жигит бул шартты кабыл алды. Бул да болсо Тагдырдын буйругу да!

  Экөөнүн үйлөнүү тою болуп көрбөгөндөй шаңдуу да, салтанаттуу да,  дал эле бакта кыз өз көзү менен  кино сыяктуу көргөндөй өттү.

  Ал эми калган турмуштары ошол бакта көргөн сымак жомоктогудай уландыбы, же Тагдырдын боло жүрчү оош-кыйышына туш келдиби, ага бул аңгеменин автору кепилдик бере албайт. Анткени, муну Тагдыр деп коёт.  Ал эми баарын тескөөчү Жараткандын ар бир  жандыктын тагдырын заматта кайсы нукка салып коёруна жана кайсы тарапка  бурарына алдын-ала кимдин акылы жетмек эле?!!

___________________________________________________________________

*Сириус - Күн системасындагы абдан жарык жылдыз.

* сурап алма-справочник.  

*көрмө каражаттар-видео каражаттар (видео средство)                                                          

   5-март 2013-жыл.


Комментировать
1
5 мар 13, 17:35 Айтмырза Абылкасы… 0

Аңгемеге анализ

 - Сиздин гезиттерге чыккан бир-эки  аңгемеңизди окуп, жактырып, дагы бар болсо, биз да басалы дедик эле,-деп кеп баштады столдо отурган үчөөнүн бири.

 - Булар биздин редколлегия мүчөлөрү,-деп тааныштырды ал.

 - Башкалары да бар,-дедим мен. Анан папкемен эки беттен турган бир аңгемемди столго коюп, алар жакка жылдырып койдум.

 - Аа жакшы экен, - деди көзү жымшыйып, мурду барбайган  экинчиси, тиги жымшык көздөрү менен сүзө карагансып. «Жараткан жасап жатканда көздөр менен мурундун пропорциясын сактабай калган экен да...» деп ойлоп койдум.

 - Кеп аңгемени жазышта жана аны басмага чыгарышта эмес,- деп кеп баштады тиги жымшык көз, чоң мурун - анын журтка жугумдуу, окурманга угумдуу болушу абзел... Ал ушинтип кебин уйкаштыра улады.

Мен ага макул экендигимди баш ийкөө менен билдирдим.

 - Сиздин аңгемелериңизде каармандардын сырткы кейпи жакшы ачылбай калган жайлары бар экен. Мына ушул кемчилдикти эске алсаңыз дурус болор эле, - деди бая сөздү биринчи баштаган чийкил чекилдек, али столдун үстүнө койгон аңгемемди бир да карап коё элек жатып. «Ии гезитке чыккандары боюнча айтып жатса керек да...» деп ойлоп койдум мен. Ал өзү чийкил жүздүү, сүйлөп жатканда үстүңкү эринин анда-санда жалап койчу адаты бар неме экен. Кечээ күнү тигинден анча эле соккондой түрү бар. Бүгүн анын башы жазганды самап турганы ачык эле көрүнүп туру.

 - Муну эске алуум керек экен, ырахмат, - деп койдум.

 - Реализм мына ушуну талап кылат, -  деди тиги жымшык көз, чоң мурун. - Анткени, көркөм чыгарманын кейипкеринин жүзү ачылбаса, ал толук кандуу образ болду деп айтуу бери дегенде эле, сабатсыздык. Ал эми сиз адабиятчы мугалим экенсиз, реализм эмне экенин башынан түшүндүрүп отуруунун кажети жоктур?!.

 - Ооба. Университетте бизге реализм, соц реализм боюнча лекцияны Салижан агай окуган, - дедим эле, тиги чоң мурун жымшык:

 - О, Салижан Жигитов кыйын болчу!.. - деп койду.

  «Өлгөндөн соң баарыбыз кыйынбыз. Ага чейин эч ким деле үзүлүп түшүп баалабайт...» дедим ичимен мен.

   Андан да ошол Салижан агайдын соцреализм боюнча лекциясынан кийин сүйлөшкөнүбүз эсиме  келди. Лекция аяктап, коңгуроо болгондо, чын ниетте Салижан агайдан коридордо баратып сурап жатпаймынбы:

 - Агай, соцреализмдин реализмден кандай айрымасы бар? - деп.  Анда ал айтып жатпайбы:

 - Ай, ал соцреализм деген жок нерсе... Андан көрө буларга алаксыбай ырларыңды жаза берсеңчи...

 (Анда жазуучу эмес, акын болом деп ыр жазып жүргөн учурум болчу. )  Совет доорунда ушинтип айтканын карап кой!..  Айран калган боюнча коридордо туруп кала бергем. Агай адатынча мыскылдуу күлүп басып кеткен. Ошол эсиме түшүп кетти.

Адабият теориясынан, анын ичинде реализм, соцреализм, натурализм...  туурасында узун сабак сөз сүйлөдү тиги чоң мурун жымшык.

 - Соцреализм ошол социализм менен кошо көмүлдү го, андыктан, ал жөнүндө кеп кылыштын кажети жок,-деп койду берки көп сүйлөбөгөн үчүнчү мүчө.

 - Жоок, жаңылышасыз, дарогой - деди чоң мурун - соцреализмдин жаны бышык, өлөрман неме. Ал алиге чейин аксакал жазуучулардын чыгармачылыгында байма-бай кездешип келет. Ал тургай жаштардын чыгармаларынан да учураткан учурлар бар...

«А байкуш соц реализм дедим ичимден - М. Горький, М. Шолоховдор менен кошо өлгөн экенсиң да. Анан Жигитов агайдын «соцреализм жок» дегенине ишенсек, анда жок нерсе да жок болмок беле, капырай...»

   Аңгемемди анализ кылганга кезек жетпей, ал байкуш да деле үстөлдүн үстүндө жатты өкүм күтүп...

Тигилер эми чет элдик адабиятка өтүп кетишти.

   Менин эсиме студент кездеги окуя келди. Анда Жунай агай  Кыргызстан жазуучулар союзунда катчы болуп иштеп аткан. Бир күнү кабинетине келе калсам:

 - Абдан жакшы келдиң. Кимден чакыртам деп жаттым эле. Сени Омор менен Майрамканга табыштадым. Алар шефке алышат. Ырларыңды көрсөтүп, кеп-кеңештерин аласың, - деди жарыктык киши. Ал ошондой айкөл адам  эмес беле ырахматы болгур... Өзүнүн окуучусу мен гана эмес, Кыргызстандагы ошол кездеги  бир топ эле жаш таланттарга жардамы тийди окшойт.

    Ал убакта, охо-хоо, Омор Султанов менен Майрамкан Абылкасымованын даңкы таш жарып, ыр жазган жаштардын кумири болуп турган учуру. Алгач эле Омор Султановго барып жолуктум. Ал ырларымды караган деле жок. Бир гана айтканы:

 - Ыр дегендин өзүнөн нур чачырап турушу  керек. Тилекке каршы азыркы кыргыз поэзиясында чачырандыларды топтоп келип ыр жасашып жатат, – деди кейигенсип. Ошолордун катарын мен да толуктай тургансып, өзүмдү ыңгайсыз сездим. Ошондон кийин ичинен нур чачып турчу ырларды жаза албаган соң, не кылам деп (нур чачып турчу ырлар кандай экенин деле жакшы түшүнө албай...) барбай калгам. Анткен менен азыркыга чейин  сезимди кытыгылап келе калган ырды айласыздан кагаз бетине түшүрмөй адатымды коё  элекмин дечи!  Ал ырлардын ичинен нур чыгабы, же быкшып турабы, аны окуган окурман билбесе, мага баары эле сонундай туюлганы туюлган...

     А баса, андан бир-эки күндөн кийин Майрамкан эжеме (эми фамилиябыз адаш болгон соң, «эжем» десем боло берет да...) барып жолуксам, ал киши илбериңки кабыл алып, арманы аттын башынан да чоң сыяктантып, өз баянын  айтып ке-еттии... Ал учурда кыргыз поэзиясына Рамис Рыскулов баштаган бир тобу «ак ырды» алып келип, аны менен жаштардын баары «ооруп», ошонун ичинен Майрамкан эжем «Эстелик сүйлөйт» деген поэма жазып жиберип, дуу болуп турган учур... Ошону айтты. Алгач аксакал акындар Темике  баш болуп каршы болгонун, анан ал  Темиркул акындын согушта болгонун, анан анда куралчан  досторунан ажыраганын, аларга эстеликтер тургузулганын сайрмердентип айтып, анан гана поэмасын окутканын, анан гана ал киши кол коюп бергенин, анан гана журналга басылганын  узакка баяндады. Менин ырым туурасында бир ооз кеп болбой аңгеме улана бере турганына көзүм жеткенде, эжемен «сабагым бар эле» деген шылтоо менен кетип калдым. Ошол ошол болду аларга барбадым. Алар да мени жоктободу.

     Бүгүн да ошондой боло тургансып, тиги  аңгемем столдун үстүндө колго алынбай жатат.

      Ойлорумдан алаксып, тигилерге кулак төшөсөм, азыркы жапан прозасындагы өзгөчөлүктөр туурасында кеп бараткан экен. Мен али атын укпаган, уксам да орусча бирин-серин чыгармаларын элдир-селдир окуган жапандардын аттары аталып жатыптыр.

Ошолордун ичинен кичине мага таанышы эки  Мураками жана Акутагава болду.  Андан бөлөк аттары тил сындыруучудай болгон Ёсимото дейби эй, Екомидзо дейби эй ушул окшогон далайларынын чыгармаларын аташты го!

    Ал эми менин байкушум жатат столдо колго алынбай...

   ...Акыры чыдабай сыпайыгерчиликти деле жыйнаштырып коюп, ордуман туруп, алар менен коштошуп, столдо жаткан жанагы байкуш эки бет аңгемемди алайын деп кол сунуп баратсам, тиги чийкил  чекилдек менден мурун ала коюп:

 - Биз муну карап чыгып, анан басалы... - деди. Мен кыйылып туруп (анан «келе эле, келе!» деп колунан жула  талашмак белем...)  макул болдум да, аларга таштап чыгып кеттим.   

  Андан бери не күндү башынан кечирди ал байкуш аңгемем, бирөө жарымы көңүл үчүн окудубу, же кол тийбей биринин устөлүнүн тартмасында, же  биринин шкабынын полкасында жатабы, мага даркүмөн... Кокустан силердин көзүңөр түшпөдүбү?..

 P.S.

  Ал эми бул аңгемемди алардын колуна бербей калайын. «Натурализмдин накта өзү!.. Же очерк эмес, же аңгеме эмес...»  - деп союп салышына  көзүм  жетип турат!.. Аларың реализмден башка «..измдерден» неге коркушат, ит билсинби!

 18-январь 2013-жыл.


Комментировать
2
22 фев 13, 20:56 Айтмырза Абылкасы… 0

Жолдо

    Ушул кеч күздөн баштап, азыркы кар жааган кышка карабай той-томолоктун күчөгөнүн айтпа! Айылдагысы аз келгенсип, кайын журттан кызы турмушка чыгып жаткан балдызым тойго чакыртып жибериптир. Ал да бир жакын жерде болсо десең. Эми такси жалдап алып, «о, Чүй, кайдасың?» -деп байбичем менен жүрүп калдык. Чүйгө го барабыз дечи, бирок турмушка узаган кызынын үйлөнүү тою тиги көлдүн Түбүндө болот имиш. Тагыраагы Караколдогу кафелердин биринде өтөт дейт. Жөнөдүк. Келе жатабыз алда кудай менен карлуу жолдо.     

     Бишкекке каттаган таксисттердин дээрлик баары дал Чычканга келип, ошол жерден шам-шум этишет. Биз да ошол «салтты» таштабай, Токтогул шаарчасынан өтүп, Чычкан капчыгайындагы бир ашканага токтодук. Биз эмес шоопур токтотту. Анткени, кайсы гана ашканага токтобо, бир порция тамак шоопурга бекер берилет эмеспи. Ошондуктан, шоопурга кайсы жердин тамагы жакса, тиги ичиндеги бизге да ошол жерден тамактанууга туура келет. Ичиндеги биз бул жол менен айда-жылда бир келгендиктен, кайсы ашкана кандай даамдуу тамак жасайт, аны кайдан билмек элек, күн алыс каттап турган шоопурдан артык билбегенден кийин, ошол шоопурдун айтканына көнөсүң да. Ошентип көндүк. Ашканага кирдик. Баасы ай-ааламды чапчыган тамагынан бирден ичтик. Бул жерде биринчи, экинчи деген болбойт. Чынында бир порциясына, өтө эле соргок болбосоң, жакшы эле тоесуң. Тойдук. Турабыз деп жатканда шоопурубуз столдун үстүндөгү бизден калган сөөк-саактарды, нандын калдыктарын бир пакетке жыйнай кетти. Ал гана турсун нарыдагы эми эле туруп кеткен столдун үстүндөгү тамактын калдыктарын да тиги баштыгына салып ала баштады. Биз баарыбыз (машинада алтообуз) ага таң кала карап калдык эле:

 - Жолдогу байкуштарга ала барайын,- деди актанган тейде. Жолдогу «байкуштары» ким экенин сураган да жокпуз.   

    Ошентип Чычкандагы ашканадан чыгып, ийри-муйру капчыгай менен өр тартып жөнөп отурдук деп кой. О анчада Ала-Белге тырмышып отуруп, токтоп турган КАМАЗдардан башка да «Фура» дейби, «Фуре» дейби айтор, койчу узундан узун, өз алын билбей биздин ашууларга толук жүк менен келип алып, өргө тарта албай токтоп калган  машиналардан буйтап өтүп, күн батып батпай ашуунун чокусуна чыктык. Андан нары сапарыбызды улантып, айтылуу  Суусамыр жайлоосун  как жарган жол менен эңкейиштеп бара жаттык. Азыр эми баягы жай кездеги кооздук кайда. Кайда караба аппак кар. Тоолордун башы деле аппак, сайдын ичи деле аппак. Жайкы жашыл шибер, кызыл тазыл жайлоонун гүлдөрү, апакай боз үйлөр... жок. Жайындагы гүлдүн жыты, арча жыты, кала берсе кымыз жыты аралашкан жанга жагымдуу жел, эми аркырап беттен алган, бети-башың эмес, ичи-койнуңа чейин кирип кетчү, ыркыраган, албуут катындан ашкан тажаал шамалга айланган. Нарыдагы карды уюлгута учуруп, бүт боюңа элеп өткөндө, өзүңдөн өзүң эле «ичикий!» деп жибергениңди билбей да каласың. Тиги Чычканда ичкен чайың машинада шүк отурганга мүмкүндүк бербей, сыртка чыгууга мажбурлап жатса, анан ал шамалдан ооз тийбегенге айлаң канча да, чараң канча?!! Этек-жеңиңди жулмалаган кутурган иттей шамалга жонуңду тосуп, кийимдериңе чачыратып албаганга сак  болуп, ишиңди бүтүргөнчө, жөн эле тоңдуруп салбайт бекен, байкебай!!! Ал «жумушуңдан» араң бошонуп, мудааңа жетип, машинага шашыла кирип, ичиндегилерди «ой, тез жапчы» дегизип, шашкалактаганыңа карабай, машинанын салонуна муздак шамал жулуна кирип, отургандардын да жүзүнөн аймалап, анткен менен негизги бөлүгү эшиктти жапканда  сыртта кыркылып калган неме анчейин үшүтө албай өкүттө калгансып, анан жоошуп калып жатпайбы...   

     Ал эми жол жолокей жээктеп иттер жүрөт. Бир топ ит. Жалгыздап жүргөнү да бар, экиден-үчтөн жүргөнү да бар.  Айласыздан кыштап калган жылкычы, малчы, же чабан барбы деген ой менен эки жагыңды элеңдей карайсың... Антпесе бул иттер кайдан жүрөт? Жоок. Ээн калган журттардан башка, ошол иттерден башка жан көрүнбөйт. Алар да шамалга сыртын салат. Анткенде соккон ырайымсыз шамал жүндөрүн тескери сапырат. Көздөрү жолдон өткөн машиналарда...

   - Бул кайдагы немелер? - деп шоопурдан сурап жибердим чыдабай.

   - А булар ошол журтта калган иттер, - деди шоопур.

    - Кандай журтта калган? Булардын ээлери кайда?

    - Алар көчүп кетишкен да...

    - Кой э, кантип таштап кетишет? 

   - Ушинтип эле... Жылда боло жүрчү жорук. Жайында мал кайтартып, короо кайтартып, анан бул жерден көчүшкөндө ашыкча жүк дешеби, таштап кете беришет.

    - Акмактар го!?.

    - Ай, анысын билбейм,-деп жылмайып койду шоопур.Баарыбыз машинанын терезесинен аларга боору ооруй карадык. А иттер болсо, ары-бери өткөн машиналарга тумушуктарын созо карашып калып жатышты.

    Акыры бир мерчемдүү жерге келгенде шоопур машинасын токтотту да, баягы ашканадан алган сөөк-саактары бар пакетин ала баштады. Ошол кезде машинанын жанына эки ит жетип келди. Шоопур эшикке чыкты. Суукка карабай кызыккан мен да чыктым. Тигилердин бири кара, экинчиси сары ит экен. Карасынын көздөрүнүн үстүндү эки ак чекити бар. Аны өз аты менен дешип, биз жакта атын Төрткөз деп коюшчу эле. Алар шоопурга  эзелки таанышындай, а тургай бир боорундай жалдырай карашып, куйруктарын шыйпаңдатышып, боортоктой калышып, кайра турушуп, ызаат көрсөтүшүп, эркелеп  жатышты. Бирок, өтө жакын келишкен жок. Тиги Төрткөздүн көзү куду эле адамдыкындай сезилип кетти мага. Ал көздөрдө кайгы да, үмүт да, жашоого болгон кайраттуулук да бар окшоду. Тиги  сарысы Төрткөздөн нары туруп, куйругун шыйпаңдатканы менен көздөрү менен көп да тике карабайт экен. Аңгыча, биздин шоопур баштыкты оозун ачып, акырын жолдун четиндеги кардын үстүнө  койду. Мен : «Мына азыр тамаша башталат... Тиги пакеттегини кызганышып, көбүрөөк үлүш алыш үчүн эки ит бири бири менен өлбөгөн жерде калып, талашты башташат...», -  деп күттүм эле, андай болбоду. Кудая тооба, баарыдан да кызыгы Төрткөз  сарысын карап койду эле, ал шып эте алдыга өтүп, пакетти төкпөй, оозунан капшыра тиштеп, нарыга жөнөсө болобу! Андан соң Төрткөз бизди акылдуу көздөрү менен бир карап алды да, тигинин артынан түштү. Мен оозумду ачкан бойдон таң калып кала бердим.

  - Кеттикпи? - деди шоопур, аңкайган мени эсиме келтирип.

   - Ооба, кеттик... - дедим мен машинага жакка басып. «Эх, муну билгенде тиги ашканадан эки порция эле тамак алып алсак болмок экен... -  дедим ойго батып - Көп болсо үч жүз сом болот эле да...  Байкуштар...»

      Машинанын ичинен чыкпай терезесинен байкап отурушкан тиги сапарлаштар не ойдо калды билбейм. Жол бою бирибиз да бул боюнча лам деп ооз ачкан жокпуз...

    Кантсе да кайра келе жатканда атайын ушулар үчүн Бишкектенби, же жолдогу дүкөндөрдөнбү бир нерсе алып келишим керек экен деп бекип бараттым. Эсимден чыкпаса экен. Ай ким билет. Кээде бир нерсеге убагында боор оорумуш болгонубуз менен бат эле унутуп калмай адатыбыз бар адам элек, бу  сапар андай болбосо экен! 

21-декабрь 2012-жыл.


Комментировать
1
24 дек 12, 20:55 Айтмырза Абылкасы… 0

Комиссия келатат...

-Же дүйшөмбү, же вторник күнү биздин мектепке фронталдык текшерүү келет экен…- директордун үнү калтаарыгандай, кандайдыр бир чоң кайгылуу кабарды, орду толбос жоготууга тете кабарды билдирип жаткандай жарыялап салды отурган бизге. Же жөн айтса деле бизге ошондой туюлдубу, ким билсин. «Биз» деген биз - мен жаңыдан эле окууну бүтүп келип, ишке кирген мектептин мугалимдерибиз. Баарысы: жашы дагы карысы, (эми көп иштеп, тажырыйба алып калгандары демекчимин да) селейип-селейип орду - ордубузда каттык да калдык. А тургай эшиктен ичинен кыңылдап, колуна топту тегеретип, колтугуна класстык журналды кысып алып, ойда көңүлдүү кирген «физра» мугалими (дене тарбия мугалимин ушинтип атайбыз. Анткени, расписаниеге «физкультура» деп жазса, орунга батпагандыктан, завуч аны «физ-ра» деп эле кыскартып коет. Ошондон улам ушинтет окшойбуз да…) журналдар туруучу шкафка колтугундагы класстык журналын жарым койгон тейде катты.

 Ана, комиссиянын күчү!..

-Азыр эми бүгүн күнгө жума болсо, дагы базарды кошкондо үч күн бар. Даярданса болот,-деди директор бир аз да болсо, биздин көңүлүбүздү көтөргөн болуп.

-Ушул эле жетпей атты эле,- деди биология мугалими биринчилерден болуп эсине келип, кейип-Талаадагы эгин-тегинибиз жыйылбай жатса…

-Ошону айтсаңыз. Бу кийинчерээк келсе болбос бекен?-деди бир тыржыйган математичка-Сүйлөшпөйсүңөрбү акыры. Окуу эми эле башталды го.

Чын эле окуунун башталганына бир айдын эми жүзү ооду эле.

-Бу качан биздин мектеп текшерүүдөн тынчыйт а? Кененирээк дем алалбай калдык гу! - деди башы тасырайган химик «го»нун ордуна ушул жердиктер сүйлөөчү «гу»ну баса айтып.

-О боже, дагыбы?- деди да, орус тилчи ичинен өзүнчө эле кыжалаттанып, «дагыбысын» улантып: «Дагы врачка барып: « больничный ачып бериң,»- деп  жалдыраймынбы,  а блин?..» - деп ойлогонго үлгүрдү.

    Булардын чочугандарынын, кыжалат болгондорунун жөнү бар болчу. Буга чейин биринин үстүнөн бири тоголок кат жазышып, жаат-жаат болушуп, мурунку директорду иштен алдырышып тынгандарына, жаңы директордун ишке жаңы дайындалганына аз эле убакыт болуп, «эми тынчыды го, кудайга шүгүр» дешип, улам ат тезегин кургатпай келе берген текшерүүлөрдөн жадап, комиссия дегенден үч көчкөн журттай көңүлдөрү калышып турган булар үчүн чын эле чоң кайгы сыяктуу маселе болчу. Жаңы бүтүп келип, эми ишти баштап жаткан мендейлерге комиссияңдын ысык-суугу, оң-терс жактары али белгисиз эле. Анткен менен тигинтип, баарысы эле үрпөйүшүп, кандайдыр алаамат боло тургансышып, кичинеден чоңуна чейин безилдеп жатышса, ой, эт жүрөк да, сезгенет экенсиң эй…          

    Дегеле адам пендеси өзүнүн кичине да болсо кемчилдигинин башка бирөөлөргө билинип калышына тырмак-тиши менен каршы турары белгилүү эмеспи. Минтип катуу сарсанаа болуп жатышкандыктарына караганда, кемчилдик бизде иттин кара капталынан окшобойбу, чиркиндики! Ушунча жыл иштешип, тажырыйба топтоого, мектеп турмушунун майда-чүйдөсүнө дейре аки-чүкүксүн аңдап билүүгө бир топ эле үлгүрүшкөн улуу агай-эжекелерде ката болгон соң, бизге сөз жок да, чынбы?

-Болду, кечтим баарынан,-деди адабият мугалими-Деги иштебей койсом кутуламбы? Деле тойдум ушул иштен. Же тынчыраак иштегенге мүмкүнчүлүк беришбесе, же үйүңө айлыгың толугураак барбаса, качан да болсо, «сабагыңды көрсөт», «документиңди көрсөт», «сыйлаганга паланча сом чыгар». Ушул да жашообу?! Мээдеме  тийип кетти.

-Туптуура! Мен да эки жүз прасент кошуламын сизге, -деди кодойгон тарых мугалими.

Ал адабиятчы агайдын кейигенине эле кошулабы, же иштен кеткенине да кошулабы, анысын ачык айткан жок.

«Дагы бириң жазып туруп жогор жакка жылдырып жибербедиң бекен?..»-деп ойлоп, дүңүрөйүп көп сүйлөбөгөн завуч башын кашылап, ошол адабиятчы мугалимди шектүү карап койду. Бу кабар ага да жаңылык эле.

-Илгери бирөөнүн атасы өлүп, кейип кепчип, ыйлап-сыктап атса, аны колдоо үчүн башка бирөө: «Болор иш болду айла жок, курандан башка пайда жок»,-деп аны жубаткан экен. Эми минтип кейиген менен пайда жок. андан көрө, өзүбек туугандар: «Апаңы атаңа пардастап көрсөт»,-дешкен сыңары, биз да мектептин аяк-быягын карап, тазалап, мурдакыдай эле үйлөрдөн болсо да гүл-пүл апкелип коюп, душман көзүнө дурусураак көрсөтүүнүн камын көргөнүбүз абзел го, урматтуу каллегалар (кесиптештер дегени)!-деп директор сөзүн уйкаштырып айтып, баарыбызга иштерди бөлүштүрүп таштады.

-Эй,-деди завуч баарыбызды айландыра сүзө карап, директордун жанагы айтканына кытыры келип-мектепти пардастайм деп жүрүп, план-сыланың, журналдарың каралбай калып калбасын дагы. Сенин көркүңү көргөнү келип аткан жок алар. Сабагыңы карайт, балдарыңын билимин текшерет алар. Сабакка көрсөтмө курал менен киресиңби, же бир бор менен эле досканы тыталайсыңбы, мына шону карайт алар. ТСО болуш керек (Сабаккка колдонулуучу техникалык каражаттар тууралуу сөз баратат мында). Мына мен айттым. Агерде кемчилдик чыкса керт башың менен жооп бере бересиң, билип койгун амма. («Амма»деген сөздүн «а» тыбыштарын ичкертип оку!)

  Сабакка кирүүгө бая эле коңгуроо берилген. Ага карабастан, эч кимисинин сабак өтүүгө такааты жок эле. Ансыз да жөн убакта ар нерсенин шылтоолоп, коңгуроо берилгенден кийин да беш-он мүнөт кечигип кирүүнү адатка айландырышкан бир тобуна бул окуя табылгыс «себеп» эмеспи.

…Ошентип, кийинки  дүйшөмбү күн да башталды. Кудая тооба, демейде кир-кок болуп жатчу коридор таптаза. А тургай коридордун терезелерине, класстарга гүлдөр коюлган. Мугалимдер да демейдекиден көп. Көп дегеним, демейде ар кандай шылтоо таап кечиге калып жүрчүлөрүнүн да бири калбай тегиз келген сыяктанат. Окуу бөлүмүнүн башчысынын (бизче айтканда завучтун) жанында күндөлүк сабактарынын пландарын текшертип, кол койдуруп алууга тургандардын катары огеле узун. Мурда завуч артынан кууп жүрүп текшерчү эле, тооба! Кээ бир мугалимдер көрсөтмө курал делүнчү плакаттарды көтөрүп алган, кээлери таратуучу материал деп аталчу карточкалардын бир тобун алып жүрүшөт. А тургай өгүнү мектептен кетүүгө бел байлап жаткан адабият мугалими кол магнитафон алып алыптыр мурдунан кыңылдап ырдап. Сабактарга «кир-кирге» келгенде орус тил мугалими менен дагы бир математик эжеке жок чыкты. Чоңдор сүрүштүрө келсе, ооруп, бюллетенде имиш. «Дагы ооруп калышыптырбы?» дешип мыйыгынан күлүп коюшту мугалимдер.

-А эми алардын адаты да…-деп койду завуч адатынча башын кашылап, директорго тийиштире-Мындайларга качан чара көрүлөт, билбейм?!. «Директор мен болсом деле болот эле да, неге бул болушу керек эле?…» деген ич күптүсүн ачыкка чыгара албай. Анткени,  ошол «оорукчан» математичка директордун зайыбы болчу. «Катынына тили өтпөйт дагы… Мурун го мурун, макул. Эми директор болгон соң, «кой» деш керек эле да…»

-Я чын эле кээлердин комиссияга аллергиясы бар. Ал хранический болуп калган-деп какшыктады адабиятчы мугалим-Биз эле мектепке келген ар кайсы бороонго Чолпонбайчасынан төшүн тоскон…

  Ошентип, ал күнү, анын эртеси күнү сабактар кандай өтүлдү билбейм, бирок, мугалимдердин, башкача айтканда, биздин ишке болгон аракеттерибиз мактоого татыктуу эле. Ошого карабай күткөн текшерүүчүлөр айтылган күнү да, ал жума да, кийинки жумалар да келбеди, намарттар. Эми дагы баягы таз кейпибизге түшкөндө келеби, бул кудайга, анан райондогу чоңубуз заврайоного аян. Биз болсо качан эми «комиссия келатат…», деп айтып жиберет болду экен деп директордун оозун гана карап, ишибизди улантып жаткан кезибиз….

11.01.2007-жыл.


Комментировать
0
9 окт 12, 15:39 Айтмырза Абылкасы… 0

Көк

«Коноктор өздөрү менен өздөрү кызуу аңгемелешип жатышканда, эшиктен кирген үй ээсинин 4-5 жашар баласы: -Эй качан кетесиңер?-деп калды. Отургандар бул суроого не деп жооп берерин билбей делдейген тейде баланы жапырт карашты. -Эмне болду, уулум?-деди бир аздан соң, коноктордун ичинен бирөөсү. -Биз тиги момпосуйлардан жээшибиз керек-деди тиги бала. -А кокуй, ме гой, момпосуй-деп, бири тарелкадагы конфеттерден бир ууч балага узутып калды эле: -Э жок,-деди бала башын чайкап-апам: «Коноктор кеткенден кийин өзүм берем»,-деген, азыр жесек урушат –десе болобу! Отургандар же күлүшөрүн, же турушарын билбей жана кызык абалда калышты. Көрсө, ата-энеснин сыртка чыкканынан пайдаланган экен төмөнкү аңгеменин каарманы бир аз чоңоюп калган кезинде...»

Автор

      Каа ишен, каа ишенбе, бул болгон окуя... Ал өзү орто жаштагы эле неме. Баары бар: дүнүйөсү түгөл, үй-бүлөсү кишинин абазы келчүдөй. Аялы да астына ургаачы атпайды салдырбоочу жан. Сулуу десең сулуу, сымбаттуу десең сымбаттуу. Тиричиликке абдан тың. Койчу, «менин жарым болсочу» деп ар кандай эркек тамшанчудай эле бар. Айжаркын үч кызды удама-удаа төрөп, бул жаатынан деле кемчилдиги жок. Бирок, караң калгырдыкы, уулдан кудай айтпай жүрөт. Аялындагы мына ушул жетишпегендик, анын көңүлүн түпөйүл кылганы кылган. Кыскасы, уулду болсом деген тилек уктаса түшүнөн, ойгонсо өңүнөн кетпей жүргөн кези. Кээде кыжалат болгон күндөрү Жаратканга да нааразы боло кетип: «Я, Кудай, бир чочокко зар кыласыңбы, мендей күнөөкөр пендеңди?..» -деп наалып калмай да адат таап алды жакындан бери.

      Мына ушул наалышы Жаратканга жеттиби, айтор, аялынын боюнда болуп, дагы кыз болуп калса не болот деп заарканып жүргөн күндөрдүн биринде, ай-күнү жетип, «мына сага!» деп, уул төрөп салса болобу! Анын бул кубанычын сөз менен жеткире айтуу кыйын эле го, чиркин! Алибетте, ал биринчи укканда ишенер ишенбесин билбей, «чынбылап» кайра-кайра сурап алып, анан эле тилден калгансып, дендарөө болуп калганын көргөн сүйүнчүлөгөн неме да: «Акылынан ажырап калган жокпу?»-деп, чочуркай карап, саамдан соң гана ал тилге кирип: «Чочо-ок!.. Чочо-о-ок!..»- бир эмес эки-үч жолу кыйкырганына ого бетер делдейип, ошондон кийин сүйүнчүлөп келген немени бек кучактап, бети-башын койбой жалмалап өөп, аны андан бетер сестентип... айтор кызык эле болду. Чын эле сүйүнгөнүн билгизип, чөнтөгүндөгү бир далай акчанын баарын калтырбай кармата берип, кечинде пададан койлор келгенде бир козу да берерин убада кылганда гана тигинин жиндебегенине көзү жетип-жетпей, андан алыстаганча шашкан...

      Ошондон эле токтобой, төрөткана турган жердин 5-6 чакырым экенин капарына албай, минген атын жиниктире чаап, жетип барып эле, медсестралардын «ой, болбойтуна» моюн сунбай, түз эле аялы жаткан бөлмөгө кирип барып, аялына «чынбысын?» дагы кайталап, бактылуу жылмайып, эки көзү жалжылдаган аялынын "ообасын" баш ийкегенинен туюп, ага «ыраазымын» дегендей жамажайын жалжайта эзиле карап, жаңыдан гана ээмип бүткөн ымыркайды абайлап колуна алып, колу менен мурдунан чымчый сүйүп, аялына жалаягын ачтырып, бөбөктүн уул экенине чочогун көрүп көзү жетип, дагы бир жолу ыраазы болуу менен, сыймыктана, кубанычына муунуп туруп: «Чочок!..»-деди шыбырап. Анан баланы абайлап аялына карматып, аны маңдайынан чоп эткире өөп, көзүнөн агып кеткен жашын жашыргандай, шарт бурулуп эшикке чыгып кетти...

     Эң эле кызыгы төрөгөндөн төрт күндөн кийин, байма-бай каттап турган эрине төрөтканадан чыга турганын, балага айыл өкмөттөн күбөлүк алыш керектигин аялы айткан соң, анан башталды...

     Ал айыл өкмөтүндөгү жооптуу катчы болуп иштеген келиндин алдына албыра кирип барып, доктурканадан алган кагазын көрсөтүп, күбөлүк жазып берүүсүн өтүнүп, туруп калды. Катчы келин да мунун кубанычына ортоктош болгондой, «бешик боо бек болсун» айтып, шашыла күбөлүк жазууга кирише кетти. Анан эле андан уулунун атын ким коюшун сурап калбайбы!

-Чочок,-деди ал такалбай-мурдатан эңсеп жүргөнүмдү Кудайым берди. Атын «Чочок» деп жаз!

-Эмне дейсиз?!. Жооптуу катчы келиндин чочугандан колундагы калем сабы ыргып кетейин деди. Бир аздан кийин тамашалашып атат го деген ой менен:

-Э коюңузчу..-деди ал-тамашанын да ыгы болот да...

-Жок э! Тамашасы жок чын. Кудайым уул берсе, атын «Чочок» коем деп илгертен эле тилек кылып жүргөнмүн-деди ал, көзүн ирмебей.

-Таза балээ болгон турбайбы!.. Дени-кардыңыз сообу деги. Ой, уулуна ушундай да ат койчу беле, нормальный киши?!! Бир нерсени ойлонуп, анан айтып жатасызбы?

-Ойлонуп эле... тиги...сопсоомун... анан... нармалный эле айтып жатам. Айтпадымбы, илгертен тилек кылып жүрөм деп. Анын эмнеси нармалный эмес? Мына менин атым деле Күчүк. Мен ошондон кем болуп калдымбы? Же ошондо эле ит болуп кеттимби? Кудайга шүгүр жүрөм го эч нерседен кем болбой... Бир кемим бар эле, мына ал да айланайын Чочукем менен толукталып отурат.

-Эми аны атаңыз койгон экен Күчүк деп. Ал киши кандай ойдо мындай ат койгон ким билсин?!! Анан ошол атаңыз ушундай... («итибайдай» деп айтамын деп, дагы өзүн карманып калды...) ат койгон деп эле, толтура жакшы ысымдар турса, дегеле эч бир акылга туура келбеген... ( «Чочок» деп айта албады) атты коем деп көшөргөнүңүз кимге жагат, ыя?

-Ой, башкалар менен мени ишим канча? Азыр демократия заманы... Кааласам... (Чочоктун чоңун айтып ала жаздап...) көңүлүмө жаккан атты коюп аламын, эмне экен...

      Булардын талашынан кеңсенин ичи жаңырып, не болуп кеткенин биле албай, ал жерде иштегендер жана айыл өкмөтүнө жумуштап келгендер чогула түшүп, аңкая туруп калышты. Тигилердин талашы дагы деле уланып атты. Беркиси: «Мен айткандай жазасың»,- дейт ансайын көгөрүп. Тигиниси: «Антип жазбаймын»,-дейт. Кырдаал улам курчуй баштады. Турган эл да экиге бөлүнүп, кызыктын кызыгы болчудай өңдөнүп калды. Бир тобу Күчүктүн сөзүн кубаттап (балким, кээлери Күчүктүн көңүлү үчүндүр, а кээлери шылдыңдаппы...): « Рас, мурдатан тилек кылып жүргөн болсо, койсо боло берет... Кыргызда андан да жаман аттар толуп атпайбы. Мисалы: Тыргөт, Бокмурун, Чычар ж.б. СССРдин убагында оштонуп, Колхоз, Совхоз, Трактир деле коюп атпадык беле?!! А эми Чочок болсо Чочок да... Экинчи топ: «Ой, ойлонсоңор... Кийин бала чоңойгондо кантет? Атың ким десе... таза балакет болот го ыя?..»

-Мен да ошону айтып жатпаймынбы!..-деп күйө сүйлөдү жооптуу катчы. Ага макул болбой, берки топтун айтканына баш ийкеп, Күчүк турат эзелки көктүгүнө салып, ноюбай.

Нарыда, коридордун уч жагында, экөө буларга угузбай шыбыраша эзиле күлүшүп жатат.

-Ай элестетсең, хи-хи... «кимсиң?»- десе, «Күчүков Чочокмун»,- десе...

-Жок э, "Чочок Күчүк уулу" деп десең... Чышш, кантет акырын күл. Күйүп турган Күчүкең  бизге жарылып бербесин дагы...

       Ошентип, регионалдык чырга тете көтөрүлүп бараткан бул талаш не менен аяктайт эле ким билсин дейсиң, кудай жалгап, ал жерге Мырзапаяз аксакал келип калса де. Анан жаңжалдын чоо жайын ага түшүндүрүшкөн соң, башкалардай кызаңдабай, кытмыр жылмайбай, салабаттуу гана минтти:

-Оболу бешик бооң бек болсун, Күчүк мырза! Мына Жараткан ушундай айкөл, көптөн бери көксөп жүргөн тилегиңди бериптир. Эми анын өмүрүн сура. Ошону менен бирге эле Адам болуп чоңоюусун тиле. Жакшы бала жалаң эле ата-эненин ырысы эмес, жалпы журттун да ырысы. Уулуң ошондой элдин уулу болуп чоңойсун, ылайым. Ал эми ат коюу жаатына келсек, ымыркайың төрөлө электе эле тилек кылып, ушул атты тандаган экенсиң, аны койгонуң эп...

    Ушул жерге келгенде айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы каяша сөз айтууга оозун жаздап баратты эле, ал колу менен тек гана ишара кылып, аны токтотуп койду. Жалаң эле ушул айыл өкмөтүндөгү гана адамдар арасында эмес, район, облуска сыйлуу бул кишинин сөзүн бузууга, аны менен жаакташууга ал да дааган жок сыягы.

-Ооба, ошол өзүң тилек кылган атты койсоң абдан эле туура. Жараткан Эгем, балким, уулдуу болсом ушул атты коем дегениң үчүн да, эркек баланы атаа кылгандыр... Ким билет? Буга бизге окшогон айры аяктуу, жумуру баштын акылы кайдан жетсин...

-Туура айтасыз, аксакал... Ырахмат!..Менин жеке укугумду...-деп баратты эле Күчүк.

-Сен да кое тур,-деди ал шашпай... Дагы эмне сөз чыгар экен деп, турган эл дым болуп, Мырзапаяз карыяны карап калышты.

-Чын. Ар бирибиздин укугубуз бар. Аны тырмак-тишибиз менен коргошубуз керек. Талап кылышыбыз керек. Бирок, андан башка милдетибиз да бар да. Негедир муну көпчүлүк убакта көптөрүбүз эрээн-төрөн албай, байкамаксанга салып, унутуп калып жүрөбүз. Ошондон улам оюбузга келгенди кылып, оозубуз менен орок оруп кеттик. Ошондон улам бала-чакабыздын, үй-бүлөбүздүн алдындагы, эл алдындагы, мамлекеттик бийлик алдындагы милдеттерибизди таштап салдык. Жооптуу катчы да ошол милдетти, жөнөкөй гана сезилгенсиген, бирок өтө олуттуу милдетти, атанын баланын алдындагы милдетин айтып жатат. Ал жөн гана айтып тим болбой, бийликтеги киши катары талап кылып жатат, сени аткарсын деп. Ошондуктан, ага баш ийүүгө тийишсин!

-Анда быягы кандай болот? Баланын аты ким болуп калат ошондо?-деди топтон бирөө.

-Баланын аты документте Бакыт болот. Анткени, ушул уул Күчүкөңө бакыт алып келди. Мындан кийин да ата-энесине, эл-журтуна бакыт алып келген инсан болуп чоңойсун! Ал эми азан чакырып коюлган аты Чочок болот. Анткени, аны атасы тилек кылып, сурап алган ат. Кийин бала чоңойгондо кайсы атты ылайык көрсө, ошол ат ага энчиленип кала берет. Мына ушунда Күчүк өзү айткан укук, уулунун укугу да сакталып калат. Туура айтамбы?

Тургандардын көпчүлүгү:

-Туура, туура! Ак сөз болду,-дешти.

-Сен эмне дейсиң, Күчүк?-деп сурады Мырзапаяз карыя.

Ичинде көктүгү кармап турса да, жүйөөлүү сөзгө там бербешке болбоду. Анын үстүнө көпчүлүк жаалап, «туура» деп турса, ар кандай көк деле агарат да.

-Мен... мен... макулмун!-деди Күчүк.

-Апбалли! Кана эмесе, Күчүктүн ушул уулу ырыс-кешиктүү, мээримдүү, өмүрлүү болуп чоңойсун! Оомиийн!

Баарысы бата кылышты. Жанагы Бакыт деген атты укканда эле жооптуу катчы жаза салганбы, айтор бата тартылары менен күбөлүктү Күчүктүн колуна карматып:

-Уулдуу болушуңуз менен дагы бир ирет куттуктаймын!-деди.

Тургандар шатырата кол чаап жатып калышты.

26.09.2012-жыл.


Комментировать
1
8 окт 12, 22:51 Айтмырза Абылкасы… 0

АЙЛЫК

 Ушул мурун жазылган аңгеме эле. Мугалимдердин нааразычылык акцияларына кошулуу менен, аларды колдоо максатында бүгүн кайрадан илип отурамын. Автор.
        Баарыбыз тапырап, кудуңдап, бирибизге бирибиз тамаша айтып купшуңдап, шайырданып жаттык. Сабактарды бүтүп, бүтпөй эле үйгө секирин зуу койчуларыбыз деле айланчыктап кете албай жүрүп калдык. Анткени, «Бүгүн мектепте айлык таркатылат, » деген миш-миш небак баарыбызга учкан куштай, ой, ошо учкан куш да кеппи, үндүн ылдамдыгындай, андан да ашырып айтсак, жарыктын ылдамдыгындай тездик менен тараган. Мында эки кабар ушундай жайылат. Алардын бири: «Эртең текшерүүчүлөр келет экен!» деген апти-ырайы суук кабар, ал эми экинчиси:: « Айлык таркатылат экен!» деген жанга жагымдуу ысык кабар. Мына ошол экинчи кабар бүгүн мектептин имаратын бүт бойдон сүйгүнчүктүү көрсөтүп турду. Ошондон улам жипсиз байланып, маталып, ушерде жүргөнүбүздүн себеби да шо. Мектепте кээде чоң-кичине иш чаралар, чогулуштар болуп турары шарт эмеспи. Мына ушундай нерселер өтө турган болгондо эле бир тобу мектептин директорунан, ал эми кээлери окуу бөлүмүнүн башчысынан уруксат алганга (Мында «жооп сурап» деп айтылат) аракет кыла башташат. Себептери ар түрдүү: Бири камыр жасап койгон, барып нанын жаппаса, «камыры көчөгө чыгып кетет», биринин үйүнө алыстан мейман келип калган, барбаса уят болот, биринин кайненеси катаал, «акырын басса, аксак, катуу басса, таскак», деп жанын сууруп алат, биринин күйөөсү: «Сабагың бүткөндөн кийин кайда жүрдүң?»-деп, ар кимден шек санап, сурак кылып чаң салат… дагы…дагы толгон токой, ар түрдүү, кээде адамдын акылы жетпеген, кээде дегеле адамдын күлкүсүн келтирген «элекке турбаган» шылтоолордун дестесин угасың. Ал эми айлык ала турган күнү алардын баары унутулат. Камыр жасалбайт, жасалса да чарасында тынч жатат. Ал күнү кыйбас конок тургай, жөн конок да келбейт. Кайненеси ошол күнү жумшарган, күйөөсү түшүнүү менен мамиле кылат. Мына, ушундай айлыктын күчү! Ошондуктан, кезек күтүп, караңгы кирип кетсе да, жадабай, бардык түйшүктү унутуп, колго айлык тиймейинче тура бермей.
        Андан да азыр мурункудан айлык маселеси анча эле түзүк болуп калды, ылайым көз тийбесин! Кантсе да айма-ай берилип, бирөөлөрдөн карыз сураганга жагымдуу шарт түзүлүп. Камок-самоктогулар да кыйылып отурбай эле дептерине атыңы жазышып, ала турган нерсеңи мурункудай жалдыратышпай эле бере коюшуп жыргатып жатышпайбы бизди. Мурун бизге караганда пенсионерлерге карызды ушундай беришчү. Анткени, алардын пенсиясы биздин айлыккка салыштыргында бир топ эле убагында таратылып, бизге караганда, камоктогуларга ишенимдүүрөөк келишчү.
         Дегеле «Айлык» деп аты эле шоорат берип тургандай, алар акчабыз айдан айга гана араң жетип, арта турган түрү жок. «Жылдык» дээлинбегенден кийин ошо да. Артышпаган соң, бул айдан наркы айга чейин бир топ эле карыз болуп каларыбыз чын. Анын үстүнө ала турган күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы да тынымсыз ашып, алар маяналарыбыз күнүмдүк гана тамак-ашка араң жетпесе, өп-чап эле болуп калат көпчүлүк айларда.
      Ошентип, эшикте кужулдашып турсак эле, биринчи кирип кеткен биологиядан сабак берген эжеке чыкты ичкериден кумсарып:
-Ой, ушул да айлыкпы?-Колунда он сомдуктардан беш-алтоо эле жүргөнсүйт- Кантип күн көрөбүз, а? Бир ай темтеңдеп жүрүп, үйгө ушу алтымыш сомду апарамбы? Сырттагы карыздарыма минени берем эми, кокуй!
-Калган айлыгың анан кана?-деди математик мугалим билип эле туруп.
-Кармап атпайбы, көрүнгөн нерсеге!…
-Эмнелерге кармайт экен?-деп бир тобу жаалап суроо берип жиберишти.
-Ой, башың адашат. Обшый расхот дейби эй, гезитке дейби эй, толгон токой эле нерсеге кармап алышты. Нары жактан айыл өкмөттүн кассири эки-үч нерсеге кармаса, бержактан өзүбүздүкүлөрдөн үчөө отурат шылыганы. Налогчусу менен соцфондусу дагы бар. Эң аягында сууга кармагандарга и электириктерге туш келесиң. Кызарган жериңди коёр эмес, кагылайын! ..
-Ой, энеңди с-с…-деп эле бирөөсү тилденип жиберди уят сөздөр менен. Анысын өзү байкабай деле калды окшойт. Баарысы аны жалт карашты. Момурайып эле жүргөн географ мугалим экен алиги тилденген. Адепсиздик кылганын байкай коюп, актангандай:
-Анан ушу жакшыбы? Акыры бала-чаканы багабызбы, же болор болбос тие турган айлык болумушту да, көрүнгөнгө кармата берип, куру эле аңыртка чаап иштеп жүрө беребизби? Бул бейзабрастыкка качан чек коюлат деги?-деп эле албуутанып кирсе, тооба. «Жооштон жоон чыгат» дегени ушу окшойт!..
-Чын эле. Гезитке деп районодон бир кармаса, энди айыл өкмөтүнөн айлык алгандан бери, буларга бөлүнгөн гезиттин пулу да айылдагы беш мектептин мугалимдеринин мойнуна илинди. Бу гезит дегенге өз каалоосу менен жазылат дечү эле. Совет доору кеткенине канча болгонуна карабай, да деле зордоп жаздырмай калбай келатат гу. Ким билсин бул өзү качан ада болот,-деп, секирин жылдырып койду химик мугалим.
-Ал өзүбүздөн, агай-эжекелер, -деди кыргыз тил мугалими-Мине кылса деле, кың дебесек. «Комиссияга мынча сом сарп болду», десе, «куп», «райондон мынча кармап калды», десе деле, «куп», «каналга мынча сом», десе деле, «куп». Анан сага кармайт да. Өз укугубузду коргоп бирар сөз айта албасак. Текшерүү келсе, «аман-эсен бүтсө экен, төрт абийирим төгүлбөсө экен»менен пайпастап, кандай калчаса, ашык окшоп, каалаганындай түшүп берсек… «Улак эле соёлу», десе, «Кой а, уят, кой соёлу!» десек, анан кайдан айлык акыбызды толук алмак элек. Бизге өзү сооп жок.
         Чын эле өткөндө келген текшерүүчүлөрдү сыйлоо үчүн мастаат курганыбызда, ушул тилчи мугалим: «Адеп эле чабыла бербей семиз эле бир улак соёлу» дегенде, бир тобубуз: «Ушунчалык келишиптир, «жеген ооз уялат» деген, кой эле соёлу»,-деп салганбыз. Ал ошону айтып жатат, бизге тийгизип.
-Туптуура айтасыз! Мен сизге жүз прасент кошулам,-деди тарых мугалими адатынча, тилчи агайды кубаттап. Ал дайыма мейли чогулушта болсун, мейли жөн гана аңгемелешүүлөрдө болсун тилчи агайдын айтканына туура болсо да, болбосо да «жүз пайыз кошулганы» кошулган. Муну калган мугалимдер эрээн-төрөн деле албай калышкан. Кайра мыйгынан күлүп гана тим болушат.
-Чын эле өзүбүздө күнөө,-деди нарыдан окуу бөлүмүнүнү башчысы. Биз анын мында экенин байкаган да эмес экенбиз- Ичибизде сабакты жөндөп өтө албаганыбыз барбы? Бар. Сабак алганга келгенде «келе эле, келе», деп беш колду оозго тыгып, көп алып алып, анан азыр күндөлүк план тургай календарлык пландарыбызды али тактай албай, бекиттиргенден качып жүргөндөрүбүз барбы? Бар. Мына жарым жыл болоюн деп калды. Окуткан балдарыбыздын билими болсо, өзүбүзгө тайин. А тургай кээ бир жаңы бүтүп келген, э койчу мурункуларынан деле бар, мугалимдерибиздин окуткан сабагы боюнча өздөрүнүн билим деңгээлдери деле тайин, чынбы? Мунун баары өткөндөгү текшерүүнүн жыйынтыгынан көрүндү го. Аны директор экөөбүз текшергендерге аке-жакелеп жүрүп араң жаптык. Анан дагы айлыктан кармап калды деп вайвайлайбыз. Андыктан өзүбүздү да бир айнектен карап алайлы да! («Күзгүдөн карап алалы», дегени)
     Баарыбыз бир азга унчукпай калдык. Айтса, айтпаса төгүнбү? Бар андайларыбыз. Ага окшогондорубуз жылдан жылга көбөйүп да баратат. Анан кыргыздын ар бир айылы сайын эле жогорку окуу жайы болуп, алар шуулдатып эле мугалимдик кесипке ээ деген дипломдорду берип жатса, көбөйбөй койчу беле! Же алардын ичинен тандап алганга мүмкүнчүлүк болсо да бир жөн. Ишке киргизерде орточу көп. Райондон телефон, а тургай облустан, жада калса, дал Бишкектин өзүнөн телефон чалып турса не дейсиң. Андан башка да мында мугалим жетишип турса да сонун болбойт беле, чиркин! Өздөрүнө тың дээлинген мугалимдердин көпчүлүгү эле, мектепти таштап, базарга чыгып, же Россияга, же Казакстанга кетип калгандарына анча болду го. Алардын кеткендеринин негизги эле себеби-мугалимдердин айлыгынын аздыгы. Анан ошол аз айлыктын да толук тийбей жатканы жаман болуп, бизди күйдүрүп жатпайбы!
      Дайыма айлык аларда жүрөкзаада кылган маселе да ушу-бу сапар да канча сомдон расход деп кармалат? Мурунку алган карыздардан кутулганга алган айлык жетер бекен деген сар-санаа? Андан башка да тирүү жан ошо күнү казанды түзүгүрөөк кайнатып, бала-чаканы да бир тоюндуруп коюуга ниеттенесиң да. «Кембагалдын бир тойгону, орто байыганы» дечү беле? Артышып калса го аялыңа, балдарыңа кийим, анан өзүң да мугалим болгон соң, шүмүрөйбөй, башкалардын алдында баш көтөрүп жүрө тургандай жамынчы алганың дурус болот эле го. Башкаларды кой, кээ бир окуучуларыңдын эле кийингенин карап туруп, басмырланып калып жүргөнүң жалганбы?! . Кана, ага болбой эле чакан жууркан сыяктанып, бутуңду жапсаң, башыңа жетпей, башыңды жапсаң, ылдый жагың ачылып, балээ болуп жатпайбы! ?
-Анда шунтип эле жүрө берейли жарыбай,-деди жанагы тилчи өзүнүн сөзүн жактап-Бизге караганда тиги көчөдө симичке сатып жаткан биздин окуучубуз көп табат бизден. Анын жаза турган планы да жок, текшере турган завучу да жок.
-Ошол оңой болсо, анда баарыбыз семичке сатып кетип калалы,-деди окуу бөлүмүнүн башчысы.
-Ушинте берсеңер, ошондой да кылабыз да мээдеге тийгенде…
-Ой, муну биз кылып жатыппызбы, директор экөөбүз. Биздин эле байманабыз ашып-ташып кеттиби!?- деп күйүп кетти окуу бөлүмүнүн башчысы.
-Эй, койсоңорчу, болбогон кепти. Андан көрө буйруган айлыгыңды ал да, үйүңө бар да. Мине кыласың жыйытыгы жок сөздөрдү. Эч нерсе колуңдан келбегенден кийин, бул кыжылдашкандарыңар бир пул. Мектептен кете да албайсың, мындай кыл деп эч кимге айта да албайсың. Кете тургандар эбак кетип бүткөн. Азыр биерде эч жакка кете албаган жалаң «билим берүүнүн патриоттору» калганбыз. Так что, тынчтаналы, -деди ушулардын улуусу деп эсептелген орус тили мугалими. Ушу сөздөр баарыбызга макул келди.
      Макул келбей коймок беле. Мындай нааразылык сөздөр канча жолу болду. Канча жолу жанагы чыгып жаткан элдер окшоп, пикет уюштуруп жибермей болдук. Канча жолу иш таштамак болдук. А тургай ачкачылык жарыяласакпы деп да көрдүк. Бирок, муну баарына даай алган эмеспиз. Сөздүн чынын айтканда, уюша албай койгонбуз. Балким, ушунубуз деле тынчтыр. Өзүң тарбиячы болсоң, анан жанагинтип көчөлөп жүрсөң, кандай болот эле я? Андан көрө тиги агай айткандай: «бергенин ал да, үйүңө бар…»
      Ушундан кийин кезек менен кирип, кармай турганын карматып, аз болсо да колго тийген акчабызды алдык да, бирден-бирден тарап кеттик. Эртең иш күнү эмеспи. Өтө турган сабактарыңа даярданышың керек го акыры…

Эң акыркы мугалим саат канчада алды айлыгын, ким билди дейсиң.

17.02.2007-жыл.


Комментировать
0
13 янв 11, 14:12 Айтмырза Абылкасы… 0
<< < назад вперед > >>
RSS друзей

Сын-пикирлер күзгүсү

Досторума кайрылуу!
Айтмырза Абылкасымов
Айтмырза Абылкасымов Ырахмат!

Коңшу кызга
Бауыржан Карагызулы
Бауыржан Карагызулы Тамаша!

Амандашуу
Aktilek
Aktilek Кудай башыңызды аман кылсын, эл-журтту аман кылсын! улуусун сыйлаган эл оңот. Интернет бетинде сиз …

Кош, сүйүү!..
altyn_ka@mail.ru Sultanova
altyn_ka@mail.ru Sultano… ушу ырыныз жан дуйномду антарып, уктап калган сезимдеримди козгоп жиберет го чиркин.

"Бешик ыры" жөнүндө сөз
Омурбек Салайдин
Омурбек Салайдин Бешик ырын укпагандыктан ушулар болуп жатат го??


Адабий көркөм чыгармаларды издөө