Блог сайта «Айтмырза Абылкасымовдун көркөм дүйнөсү» Прогноз погоды

Биздин жайыт жөнүндө

  • Мында А. Абылкасымовдун жана кыргыздын таланттуу жарандарынын көркөм чыгармалары жарыяланат. Андыктан, жайытка катталып алып, анан мындагы көркөм чыгармаларды окуп, көрүп жана угуп, а тургай өзүңүздүн мыкты чыгармаларыңызды жарыялап, "Мейман китепке" жана ар бир чыгармадагы комментарийлерге өз ойлоруңузду жазсаңыз да болот. Аягында биздин жайыт туурасындагы бааңызды сурамжылоого коё кетиңиз. Алдын ала Сизге чоң ырахмат. Келип туруңуз.

    Жайытты колдоо тобу.


Адабий көркөм чыгармалардын түрү жана саны



Блог

<< < назад вперед > >>

Кош сүйүү!

 (Айтмырза аксакалдын ушул темадагы ырына пародия)

 

Эми мен не кыламын, кандай айла?
Эриниңдин даамы калбай таңдайымда.
Карегиңден жаш чактагы нур төгүлбөй,
Карыганда сен калдың маңдайымда.
 
«Жараткан, карылыктан өзүң сакта!»-
Деп жүрсөм, кайдан салды бул азапка?
Өрт алган жаштык кезим кайда калды,
Өзүм араң кыбырап жүргөн чакта.
 
Сен эрип, мен күйдүргөм алоо чачып,
Сен анда айпери элең мага ашык.
Сен эми көзгө сүйкүм көрүнбөйсүң,
Сенден мен кутулармын кайда качып?..
 
Дайра бар ортобузда-өтүш кыйын,
Даван бар-каалаганга жетиш кыйын.
Ырыбыз ырга окшобойт, муңга окшойт,
Ышкыны оң жагына чечиш кыйын.
 
Эх, кемпир, зар кыласың эми кимди?
Эстесем түнөтөмүн кара түндү.
Эми мен көргүм жогун айтам сага,
Эстеликке сен берген сүрөтүңдү.

 


Комментарии: 1
3
7 июл 10, 10:34 Aktilek 0

Досторума кайрылуу!

 Көздөй достор, барсыңбы?

Көрүп алгын Барсыңды.

 Байма-бай мында кирип тур,

Байытам десең баркымды...


Комментарии: 3
3
12 окт 09, 18:46 Айтмырза Абылкасы… 0

Булбул

«Бул окуя НКВД күч алып,күнөөсү болсо да, болбосо да абакка салып турган кезинде болгон дешчү.

Бир күнү  үйүндө койдун куйругу басылган палоо жасатып, аялы менен отурган бирөөгө аялы:

-Мына, кожоюн, палоо да келди куйрук басылып... «Куйрук жейсизби, буйрук жейсизби?»-десе, кайсысын тандайт элеңиз?-деп тамалашайт көңүлүндө эч нерсе жок эле бейкапар. Беркиси дөгүрсүгөн неме окшобойбу:

-Буйрукту ниме кыласың, катын, куйрук жейбиз да, куйрук,- дегиче болбой эле эшиктен эки «кызыл жака» (анда НКВДнин кызматкерлерин ушинтип аташчу) кирип келип, айдап барып камап салыптыр дешчү. Оо кийин бир-эки жыл өткөн соң, иши ак белем, камактан бошоп келип, дарбазасын такылдатса, аялы:

-Ким экен  дарбазаны такылдаткан?..-деп үн салса, коркуп калган тиги шордуу:

-А эми, катын, буйруса эриң  боломун да,-деген экен,тооба.»

      

   Ошол опурталдуу отузунчу жылдары оокаттуу бирөө да «кулак» болуп кармалып, түрмөгө камалат. Бир күнү эптеп бир тааныш таап, түрмөнүн башчысына орточу салат:

-Мени эптеп жолун таап, түрмөдөн бошотсун. Канча мал сураса да, беремин,- деген имиш. Түрмө башчысы чын эле совет бийлигине өтө берилген неме болгонбу, же билинип калса өзү да соо калбастыгына көзү жеткенби, айтор, макул болбой коёт.

Көп узабай дагы орточу салат:

-Эгер мени түрмөдөн  ушу жакын арада бошотсо, өз жаныман башка не сураса да таап беремин. Мейли алтын сурасын-дейт. Түрмө башчысы дагы деле болбой коёт. Балким, баанын дагы көтөрүлүшүн күткөндүр...

Акырында:

-Түрмөдөн биротоло бошотпосо да, убактылуу үч-төрт айга бошотсун. Ошого деле мейли, сураган нерсесин алсын. Ошол макулдашылган убагында өзүм кайра келип, түрмөсүнө отуруп берем,-деп кайра дагы орточу салат ал. Ага да оң жооп ала албайт.

     Ошондон бир жыл өткөндөн кийин дейби, айтор, кайсы бир мезгилде түрмө башчысы өзү жанагы кишиге ошол орточу аркылуу кайрылган имиш:

-Баягысын берсин. Мен макулмун.

Бирок, эми берки:

-Эми кереги жок. Мага демектен бышырып жесин. Ошол мен сураганда уруксат бергенде, мен бардыгына макул элем. Эми кеч болуп калды. Анткени, булбулумдун тили катып калды. Ката элегинде ошону угайын дедим эле. Ошонун ырахатын көрөйүн дедим эле,-дептир.

    Бирге отурушкан жолдоштору да, түрмө башчысы да, ортомчусу да таң калышыптыр. «Ал кандай булбул?» дешип сурашканда,  алиги адам минтти дейт:

-Мага окшоп көп жылы перзент көрбөй зарлап жүрүп, мазар-очок кылып, кудайга сыйынып жүрүп балалуу болсоңор. Анан анын тили жаңы чыга баштаганда, анын мукам үнүн укпай камалып калсаңар, анан билет элеңер. Мен ошол булбулумдун тилин угайын деген элем. Ошого маашырланып, бул оопасыз дүйнөнүн ырахатын татайын дедим эле. Ошону үчүн не сураса да бермекмин. Азыр ал чүрпөмүн чулдур тили такталып калды. Эми өмүрү узун болсун. Бешенесиндегини көрүп, өсүп чоңоёр. Менин ысмымды алып, «паланчанын баласы» болуп жүрөр. Эми мындан быягына мен да кудайдын жазганын көрөрмүн. Шүгүр, кудай алдында акмын… Эми түрмө башчысы эмес, андан чоңуна да бере турган эч нерсем жок…

    «Мына ушундай окуя болгон,- дешип сөз учугун улашар эле илгерки карыялар- Ошо опосуз, ойрону көп,  опурталдуу отузунчу жылдары…»


Комментировать
2
5 янв 10, 08:53 Айтмырза Абылкасы… 0

Жаңырган көөнө тема

Калемдештерге калжың


 Калемин кайрап кагазды каймактаткан кайран кана кырдуусунган кыргыз калемгерлери! Кааласаңар (К)ны кылыч кылып, калжың катары кайрылайын. 
Кыргыздар кылымдарды кыйырлап кыдырмайды кыдырган, каңкайган карлуу кырларды кыркалай конуштанган; кадуу-капчыгайлары, кокту-колотторунда карагай-кайың, караган, карагат кашаалаган; калпагын кырдап, кылкыяк, комузун кубулжутуп, кымызын кыйкыртып коюп кылгытып, кыл куйругун кылтылдаткан; кадимки калчаланууга каршы кылчылдашкан кызыл кыргындар, кандуу кагылышууларда кылыч, калкандарын калкылдатып, кабылан каармандары кастарын карышкырдай капшырып, калкты капылетке калтырбай коргогон; кайраткерлик, калыстык, кылдаттыкты, калаберсе кааданы кастарлаган кайрымдуу калк.
Каптал кырларында кайберендер, калаберсе калтар, кулжа, кулаалы, карга-кузгун, каркыра-каздар калкылдаган; короодо кой-котозу, козу-кулундары кочураган; курутун кургатып катык кылган; катын-калач, кыз-кыркынын каатчылыкта калтырбаган казыналууда калк.
Кымбаттуу кызматчы, койчу, котормочу, комузчу, кооздоочу, катчы, кадыресе коңшу-колоң, курбу-курдаш, кары-картаңдардан куралган калың кыргыз калемгерлери!
Калемгерлер калктын казыналарын кырмандай кызылдап, кайра калкка кайтарууга карыздар. Канакей, кырдаалдан, коомдон, коңшулаш калктардын катарынан калбайлы. Карапайым калктын кайгы-кубанычына кайрылып калем кармайлы. Кандайдыр кайбирде каймана кыялга кабылып каламын. Коомдук кайраткерлерди, кажырлуу калемгерлерди кашайтып каккылаган кара курсактыктар качан калаар...?
Кымбаттуу калемдештер! Курдаштарыбызга кайрылып карасак, курулай кыйынсынуу, капчыгынын калыңдыгына каадалануу, картайганда калыстык кылбай кайраткерлерди куужумалдык кылып кагуу; калаберсе карттарга каяшачылдык кылып кырчынында кырчаңгылашуу кубулуштары кыйла каптап калды. Калемгерлер коомдо колдошпосок, калемге калганда канча кабелтеңдигибизге карабастан, кагылып кайдаларда коколой калаберебиз. Кол куушурушпай кол кабыш кылышалы. Курсакта кунубузду кумтулашпай, куунак кучакташалы. Куунаксыздык кубулуштарын корутканда:
(1) кызматташтарга кылтак коюу, куйрук кармоо, кызматта кызганчаактык кылуу, кадырлашпай кажашуу, кызматты кызматка каныктарга карматпай, куюшканы кыйшаймайынча кашайып кадыр-колко кылып, катынын, карындашын, курдашын, кадырнасын кызматка кондуруп коюп коюу кубулуштары.
(2)караңгыда каалгасын каккылашып, кадырнастарынын катындарын капсалаңдатып, капчыгын кагышып, кыйгыл-кычкылды култулдатып кумары канышпай, катылышып кабышуу, коюндаш колуктууларынын кайгы-кубанычына карабай какшатуу кубулуштары.
(3)кыздарын каалаганына кабылтпай, кашайып калыңга каптап, каражаттан кысылган колу кыска куда-кудагыйларды кыйнап карыздокор кылуу, кадимки кап-кайдагы кайчы куда каадаларын кылып, каалашкан курбуларды катынсыз караманча калтыруу, карадалы кыздарын какшатуу, качырыбийип кайра кайгыруу кубулуштары.
(4)калктын казыналарын калктан, калемгерлерден, кызматка кылдаттардан качырып кызгануу, катып-кагуу кубулуштары.
(5)катынынын каржыны каба кармап кажылдап кумсаңдашынан коркуп калем кармайалбастык, колдонмого катталбастык кубулуштары.
(6)кыргызды кыргызга, кандаштарды кандаштарга, кыраандарды картаңдарга кайраштырып кансыктаткан катынча кайбаткорлук, куйтулук, кытмырлык, кошамат кылып кулчулануу; корутканда, кашаңдык, кашкөйлүк, кырчаңгылык катарлуу кубулуштарды калың кыргыз калемгерлери калемибизди курчутуп катуу камчылайлы, кыргыз калкын кайдигерликтен калкалап калалы.
Калктын камында кызакташкан коомдук кайраткерликти, кызматка кылдаттыкты, калкка капчыгындагы казынасынан каңтарып кайрылган кайрымдуулук катарлууларды кош колдоп кубаттайлы. Калемгерлер коомго, кырдаалга, кыргыз калкына, кызматка катыштуу кайчылыктарга кыйдыланган кыз-кыркынга кыйшактагандай кылык кылбайлы. Кыскасы, кырчын кылдат кызматкерлерден, калыс карыялардан куралган калың кыргыз калемгерлери куткулашпай купташалы, кабышпай кадырлашалы. (К) нын калды-каттысын калгандардын да казышына калтырайын, кулакка кыттай куюлган (К)дан кутулдуңар кагылайын калемдештер, кайыр кош!

Комментировать
2
6 июл 10, 05:07 Aktilek 0

Улуу сабак

Арабдын чөл ортосу  “N” шаарында,

жарыгы жалт-жулт жанган кең барында,

отурабыз экөөбүз:

жаңы тааныш араб жигит Жамал деген,

жанында жаңы келген жана да мен.

 

Ал сурайт кыргыз жерин, кыргыз элин...

Бир жылдары Ысык-Көлгө келгендигин

шилекейи чууругудай, айтып жатат жомок кылып...

Мен угам, кондесcатор муздатканы  даба болбой,

чекемден  агып жаткан аарчып терим.

 

Аңгычакты портефелим алдым дагы,

анан шашпай шырт ача салдым дагы,

тумардай катып жүргөн ыйыктын ыйыгындай,

Сары-Челек көлүнүн түстүү сүрөттөрүн,

көрсөтмөккө  ага сунуп  калдым аны...

 

-Охохоо, бул кайсыл көл?

-Сары-Челек!!!

Мактанып айтып турдум элеп-желеп.

-Я Алла! Кандай кооз, кандай укмуш,

көп тура сулуулуктар мен көрө элек...

 

-Туздуубу Ысык-Көлдөй?

-Жоок, туптунук, таптаза  суу.

-Кызганчу көл экен го аруу, мөлтүр,

Үстүнө конбосо деп аппак ак куу!

 

-Көркүнө суктанышып, суусунан ичишеби?

Өзүндөй таза кылып, адамдар күтүшөбү?

-Ой, анан ичишет да!.. (Мактанып кетип бир аз!)

А тургай чечинишип,

 чөмүлүп түшүшөт да!

 

-Харрам!! !-деди-

 Ушундай таза көлгө, ушундай мөлтүр көлгө,

Түшмөк түгүл,

Кирингенди ойлогон кандай жаман адам деги!..

 ...Ошентип, арабдын бир жигити

Сары-Челекке чөмүлүүгө дит бакканым үчүн,

Аны булгап жатканым үчүн,

Кызарта жемеледи.

..................... ...................... ......................

Шашпагыла, журтума барбасамбы,

Сары-Челекке чөмүлмөк турсун,

Бөтөлкөнү, кагазды туш келди таштагандарды кармасамбы,

кызылдай уят кылып,

акымды албасамбы?..

Карап тур!   


Комментировать
2
11 ноя 11, 17:51 Айтмырза Абылкасы… 0

Акын ким?

"Акындын эки өмүр эки жазы бар:
"Биринде өзүм жашайм" - дейт,
"Биринде ырым жашайт" - дейт."
                                         А. Осмонов.

Бардык жанга буюрубаган асыл баа,

Бай болсо да сезим менен акылга

«Жарыктыкта жалгыз жансын, күйсүн», - деп,

Жайдак тагдыр берген тура акынга...

 

Бул турмушуң кубулма да, жашынма,

Бүт байлыкты берип салган бакылга.

"Алаксыбай аруу ырлар жазсын" - деп,

Арам оокат бербеген бейм акынга.

 

Дүрт деп күйгөн дары сымал атылма,

Дүйнөсү бар  махабаттын атында.

"Өмүр бою өрттүү ырлар жазсын" - деп,

Өксүк сүйүү берген экен акынга.

  

Ар бир ирмем алмашылгыс алтынга,

Мезгил деген мээ жетпеген закым да.

Улуу сөзүн Адамзатка айтсын деп,

Узун  өмүр берсе, аттиң, акынга!


Комментировать
2
31 янв 14, 22:20 Айтмырза Абылкасы… 0

Кыргызымдын сонундары жана "сонундары"

Жандын баарын жыргаткан,
Жайлоосу сонун кыргыздын.
Боло элек жатып чырдаткан,
Нааразы сөздү ырбаткан,
Шайлоосу ”сонун” кыргыздын.

Калпакты баштан түшүргөн
Аскасы сонун кыргыздын.
Бийиликте жүрсө бир башка,
Бийликтен түшсө ”ыр” башка,
Чиновник кийген бетине,
Маскасы ”сонун” кыргыздын.

Көк челген бийик тоосунун,
Чокусу сонун кыргыздын.
ЖОЖго кирсе пара алган,
Семестр сайын дагы алган,
Диплому мазмунсуз,
Окуусу ”сонун” кыргыздын.

Дубанды бузган жарышта,
Аттары сонун кыргыздын.
Аралашма пиджин тил,
Кыргыз эмес, ”киргиз” тил,
Кайсы тилде белгисиз,
Каттары ”сонун” кыргыздын.

Ысык-Көл, Соң-Көл, Сары-Челек,
Көлдөрү сонун кыргыздын.
Ажалы али жетпестен,
Же оору алып кетпестен,
Бирин-бири атышып,
Өлгөнү ”сонун” кыргыздын.

Акактай болуп таңынын
Атканы сонун кыргыздын.
Кыздары болсо денесин,
Уулдары энесин,
Чоңдору болсо өз жерин
Сатканы ”сонун” кыргыздын.

Жыттасаң жыты аңкыган
Гүлдөрү сонун кыргыздын.
Куйрукту кыпчып башкага,
Тебелеп башың жатса да...
Бир-бирин талап ит болуп,
Үргөнү ”сонун” кыргыздын.

Көгөрүп көздү уялткан
Асманы сонун кыргыздын.
”Көчкүлө!..”-десе бөтөндөр,
Түшө калып ”көтөндөр”,
Өз жерин таштап сүрүлүп,
Качканы ”сонун” кыргыздын... 


Комментарии: 1
2
13 окт 09, 21:46 Айтмырза Абылкасы… 0

Көч

                                                     Атам Абылкасымдын арбагына багыштадым.

 

    Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Кечигип болсо да көргөн төрт-беш жашар уулун жасалгаланган тайга мингизип, өзү алчактаган ат менен коштоп жетелеп алган. Кырк жаштарга таяп калган мезгили.
-Ата-оов!
-Оов!
-Тээтиги мине?
-О тилиңен атаң айлансын, ал-жору, уулум!
-Ата-оов!
-Оов, садагам!
-Тээтиги мине?
-О айланайын, булбулум менин, ал-жору, алтыным!
-Ата-оов!
-Я-оо, берекем менин!
-Тээтигини мине дедиң?
-Аны-жору дейт,каны-жаным. Азыр конуп отурат. Анан учуп кетет.
-Ата-оов!
-Оо, өпкө, боорумду чабайын!
-Тээтиги дагы деле отурат го, ал мине эле?
-Ушу сени берген кудайыма ыраазымын эрмегим менин, ал-жору, тегеренейиним!
-Ата-оов!..
-Оов!..

Ошондон отуз жыл өткөндөн кийин.

Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Өзү баягы атасынын курагында. Атасы ак күп болуп карыган. Бирок, атасын ушунчалык сыйлаганы билинип турат: Атты мыкты жасалгалап мингизип, башына кундуз бөрк, үстүнө карышкыр ичик, бутуна булгары маасы кийгизип, өзү коштоп жетелеп алган.
-Улум!
-Оов, ата!
-Тээтиги мине?
-Ал-жору, ата!
-Уулум!
-Оов, ата!
-Тетигини мине дедиң?
-Кайсыны? Э аны жору дедим го.
-Уулум!
-Я?
-Тээтиги мине экен?
-Сообу? Ой, аны эми эле жору деп айттым го?
-Уулум!
-Я. Дагы мине болуп кетти?
-Тетигинин мине экенин айтып койчу, айланайын уулум?
-Эй, алжыган чал, ал-жору, уктуңбу? Жору, жору!
Атанын башы шылк этти.
-Токтот атты, уулум!
Атасы аттан түштү. Көч токтоду. Баарысы айран. Сырткы кийимдерин чечти да, баласынын бут алдына ыргытты.
-Ме, уулум, сыйыңа ыраазымын. Сен менин үч-төрт жолку суроомо жооп бергенден жадап кеттиң. Сен бир нерсени жүз жолу сурасаң да ичим элжиреп жооп берчү элем. Сен сый деп түшүнчү бул чирик дүйнө, даамдуу тамак-аш, тетиги бөрү богу адамдын көңүлүнүн алдында сары чакага турбайт, уулум...
…Уулу камчысын мойнуна салып, көздөрүнөн жаш агып, кечирим сурап турду. Өткөн өмүр көчү уулунун да, атасынын да көз алдынан чууруп өтүп турду. Буга күбө калкылдаган эл жардап карап турду…

13.05.2006-жыл.


Комментировать
2
13 окт 09, 23:54 Айтмырза Абылкасы… 0

***

Уйкашын да, ыргагын да, атургай сөзүн да өзүм табайын,

Ушул түн үч сап ыр жазып салайын,

Ылайым,

              илхам бер мага, Кудайым!.. 


Комментировать
2
30 май 10, 21:14 Айтмырза Абылкасы… 0

Аңгемеге анализ

 - Сиздин гезиттерге чыккан бир-эки  аңгемеңизди окуп, жактырып, дагы бар болсо, биз да басалы дедик эле,-деп кеп баштады столдо отурган үчөөнүн бири.

 - Булар биздин редколлегия мүчөлөрү,-деп тааныштырды ал.

 - Башкалары да бар,-дедим мен. Анан папкемен эки беттен турган бир аңгемемди столго коюп, алар жакка жылдырып койдум.

 - Аа жакшы экен, - деди көзү жымшыйып, мурду барбайган  экинчиси, тиги жымшык көздөрү менен сүзө карагансып. «Жараткан жасап жатканда көздөр менен мурундун пропорциясын сактабай калган экен да...» деп ойлоп койдум.

 - Кеп аңгемени жазышта жана аны басмага чыгарышта эмес,- деп кеп баштады тиги жымшык көз, чоң мурун - анын журтка жугумдуу, окурманга угумдуу болушу абзел... Ал ушинтип кебин уйкаштыра улады.

Мен ага макул экендигимди баш ийкөө менен билдирдим.

 - Сиздин аңгемелериңизде каармандардын сырткы кейпи жакшы ачылбай калган жайлары бар экен. Мына ушул кемчилдикти эске алсаңыз дурус болор эле, - деди бая сөздү биринчи баштаган чийкил чекилдек, али столдун үстүнө койгон аңгемемди бир да карап коё элек жатып. «Ии гезитке чыккандары боюнча айтып жатса керек да...» деп ойлоп койдум мен. Ал өзү чийкил жүздүү, сүйлөп жатканда үстүңкү эринин анда-санда жалап койчу адаты бар неме экен. Кечээ күнү тигинден анча эле соккондой түрү бар. Бүгүн анын башы жазганды самап турганы ачык эле көрүнүп туру.

 - Муну эске алуум керек экен, ырахмат, - деп койдум.

 - Реализм мына ушуну талап кылат, -  деди тиги жымшык көз, чоң мурун. - Анткени, көркөм чыгарманын кейипкеринин жүзү ачылбаса, ал толук кандуу образ болду деп айтуу бери дегенде эле, сабатсыздык. Ал эми сиз адабиятчы мугалим экенсиз, реализм эмне экенин башынан түшүндүрүп отуруунун кажети жоктур?!.

 - Ооба. Университетте бизге реализм, соц реализм боюнча лекцияны Салижан агай окуган, - дедим эле, тиги чоң мурун жымшык:

 - О, Салижан Жигитов кыйын болчу!.. - деп койду.

  «Өлгөндөн соң баарыбыз кыйынбыз. Ага чейин эч ким деле үзүлүп түшүп баалабайт...» дедим ичимен мен.

   Андан да ошол Салижан агайдын соцреализм боюнча лекциясынан кийин сүйлөшкөнүбүз эсиме  келди. Лекция аяктап, коңгуроо болгондо, чын ниетте Салижан агайдан коридордо баратып сурап жатпаймынбы:

 - Агай, соцреализмдин реализмден кандай айрымасы бар? - деп.  Анда ал айтып жатпайбы:

 - Ай, ал соцреализм деген жок нерсе... Андан көрө буларга алаксыбай ырларыңды жаза берсеңчи...

 (Анда жазуучу эмес, акын болом деп ыр жазып жүргөн учурум болчу. )  Совет доорунда ушинтип айтканын карап кой!..  Айран калган боюнча коридордо туруп кала бергем. Агай адатынча мыскылдуу күлүп басып кеткен. Ошол эсиме түшүп кетти.

Адабият теориясынан, анын ичинде реализм, соцреализм, натурализм...  туурасында узун сабак сөз сүйлөдү тиги чоң мурун жымшык.

 - Соцреализм ошол социализм менен кошо көмүлдү го, андыктан, ал жөнүндө кеп кылыштын кажети жок,-деп койду берки көп сүйлөбөгөн үчүнчү мүчө.

 - Жоок, жаңылышасыз, дарогой - деди чоң мурун - соцреализмдин жаны бышык, өлөрман неме. Ал алиге чейин аксакал жазуучулардын чыгармачылыгында байма-бай кездешип келет. Ал тургай жаштардын чыгармаларынан да учураткан учурлар бар...

«А байкуш соц реализм дедим ичимден - М. Горький, М. Шолоховдор менен кошо өлгөн экенсиң да. Анан Жигитов агайдын «соцреализм жок» дегенине ишенсек, анда жок нерсе да жок болмок беле, капырай...»

   Аңгемемди анализ кылганга кезек жетпей, ал байкуш да деле үстөлдүн үстүндө жатты өкүм күтүп...

Тигилер эми чет элдик адабиятка өтүп кетишти.

   Менин эсиме студент кездеги окуя келди. Анда Жунай агай  Кыргызстан жазуучулар союзунда катчы болуп иштеп аткан. Бир күнү кабинетине келе калсам:

 - Абдан жакшы келдиң. Кимден чакыртам деп жаттым эле. Сени Омор менен Майрамканга табыштадым. Алар шефке алышат. Ырларыңды көрсөтүп, кеп-кеңештерин аласың, - деди жарыктык киши. Ал ошондой айкөл адам  эмес беле ырахматы болгур... Өзүнүн окуучусу мен гана эмес, Кыргызстандагы ошол кездеги  бир топ эле жаш таланттарга жардамы тийди окшойт.

    Ал убакта, охо-хоо, Омор Султанов менен Майрамкан Абылкасымованын даңкы таш жарып, ыр жазган жаштардын кумири болуп турган учуру. Алгач эле Омор Султановго барып жолуктум. Ал ырларымды караган деле жок. Бир гана айтканы:

 - Ыр дегендин өзүнөн нур чачырап турушу  керек. Тилекке каршы азыркы кыргыз поэзиясында чачырандыларды топтоп келип ыр жасашып жатат, – деди кейигенсип. Ошолордун катарын мен да толуктай тургансып, өзүмдү ыңгайсыз сездим. Ошондон кийин ичинен нур чачып турчу ырларды жаза албаган соң, не кылам деп (нур чачып турчу ырлар кандай экенин деле жакшы түшүнө албай...) барбай калгам. Анткен менен азыркыга чейин  сезимди кытыгылап келе калган ырды айласыздан кагаз бетине түшүрмөй адатымды коё  элекмин дечи!  Ал ырлардын ичинен нур чыгабы, же быкшып турабы, аны окуган окурман билбесе, мага баары эле сонундай туюлганы туюлган...

     А баса, андан бир-эки күндөн кийин Майрамкан эжеме (эми фамилиябыз адаш болгон соң, «эжем» десем боло берет да...) барып жолуксам, ал киши илбериңки кабыл алып, арманы аттын башынан да чоң сыяктантып, өз баянын  айтып ке-еттии... Ал учурда кыргыз поэзиясына Рамис Рыскулов баштаган бир тобу «ак ырды» алып келип, аны менен жаштардын баары «ооруп», ошонун ичинен Майрамкан эжем «Эстелик сүйлөйт» деген поэма жазып жиберип, дуу болуп турган учур... Ошону айтты. Алгач аксакал акындар Темике  баш болуп каршы болгонун, анан ал  Темиркул акындын согушта болгонун, анан анда куралчан  досторунан ажыраганын, аларга эстеликтер тургузулганын сайрмердентип айтып, анан гана поэмасын окутканын, анан гана ал киши кол коюп бергенин, анан гана журналга басылганын  узакка баяндады. Менин ырым туурасында бир ооз кеп болбой аңгеме улана бере турганына көзүм жеткенде, эжемен «сабагым бар эле» деген шылтоо менен кетип калдым. Ошол ошол болду аларга барбадым. Алар да мени жоктободу.

     Бүгүн да ошондой боло тургансып, тиги  аңгемем столдун үстүндө колго алынбай жатат.

      Ойлорумдан алаксып, тигилерге кулак төшөсөм, азыркы жапан прозасындагы өзгөчөлүктөр туурасында кеп бараткан экен. Мен али атын укпаган, уксам да орусча бирин-серин чыгармаларын элдир-селдир окуган жапандардын аттары аталып жатыптыр.

Ошолордун ичинен кичине мага таанышы эки  Мураками жана Акутагава болду.  Андан бөлөк аттары тил сындыруучудай болгон Ёсимото дейби эй, Екомидзо дейби эй ушул окшогон далайларынын чыгармаларын аташты го!

    Ал эми менин байкушум жатат столдо колго алынбай...

   ...Акыры чыдабай сыпайыгерчиликти деле жыйнаштырып коюп, ордуман туруп, алар менен коштошуп, столдо жаткан жанагы байкуш эки бет аңгемемди алайын деп кол сунуп баратсам, тиги чийкил  чекилдек менден мурун ала коюп:

 - Биз муну карап чыгып, анан басалы... - деди. Мен кыйылып туруп (анан «келе эле, келе!» деп колунан жула  талашмак белем...)  макул болдум да, аларга таштап чыгып кеттим.   

  Андан бери не күндү башынан кечирди ал байкуш аңгемем, бирөө жарымы көңүл үчүн окудубу, же кол тийбей биринин устөлүнүн тартмасында, же  биринин шкабынын полкасында жатабы, мага даркүмөн... Кокустан силердин көзүңөр түшпөдүбү?..

 P.S.

  Ал эми бул аңгемемди алардын колуна бербей калайын. «Натурализмдин накта өзү!.. Же очерк эмес, же аңгеме эмес...»  - деп союп салышына  көзүм  жетип турат!.. Аларың реализмден башка «..измдерден» неге коркушат, ит билсинби!

 18-январь 2013-жыл.


Комментировать
2
22 фев 13, 20:56 Айтмырза Абылкасы… 0
<< < назад вперед > >>

Сын-пикирлер күзгүсү

Досторума кайрылуу!
Айтмырза Абылкасымов
Айтмырза Абылкасымов Ырахмат!

Коңшу кызга
Бауыржан Карагызулы
Бауыржан Карагызулы Тамаша!

Амандашуу
Aktilek
Aktilek Кудай башыңызды аман кылсын, эл-журтту аман кылсын! улуусун сыйлаган эл оңот. Интернет бетинде сиз …

Кош, сүйүү!..
altyn_ka@mail.ru Sultanova
altyn_ka@mail.ru Sultano… ушу ырыныз жан дуйномду антарып, уктап калган сезимдеримди козгоп жиберет го чиркин.

"Бешик ыры" жөнүндө сөз
Омурбек Салайдин
Омурбек Салайдин Бешик ырын укпагандыктан ушулар болуп жатат го??


Адабий көркөм чыгармаларды издөө