На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Кудай бир сактаптыр да жеңеңди...

 Айтмырза бир чиновникке бир аз акча карызга берип сурай албай жүрө-жүрө акыры бир күнү:

 -Баатыр, баягыны берип коесуңбу?..-дейт. Ал чиновниктин башкалардан карыз алса, чоңдугуна салып, бербей койчу адаты бар экенин көптөрдөн уккан эле. Ал унутуп койгонсуп, же чын эле унутуп калганбы, айтор:

-Кайсыны?- деп кайра өзүнөн сурайт.

-Э, баягында бир аз акча алдың эле, ошону, - десе, ал салабаттуу туруп:

-И, бизге кирип кеткен нерсе кайра чыкпайт, ошону алигече билбейсизби? - дейт алиги чиновник кытмыр гана күлүмсүрөп. Анда Айтмырза жанында тургандарга угуза:

-Ой-бой, кудай сактап, дагы сага акчаны киргизгенимди айт. Эгер башка нерсемди киргизгенимде, таза жеңеңе убал болмок экен... - десе, жанындагылардын каткырыгынан селт дей түшкөн тиги:

-Э жо-ок. Тамаша кылам. Аныңызды берем, азыр жанымда жоктугунан эле… - деп кызаңдады дешет бул окуяга күбө болгондор. 

Картина дня

наверх