Рюноскэ Акутагава (Жапония) | Айтмырза Абылкасымовдун көркөм дүйнөсү Прогноз погоды

Биздин жайыт жөнүндө

  • Мында А. Абылкасымовдун жана кыргыздын таланттуу жарандарынын көркөм чыгармалары жарыяланат. Андыктан, жайытка катталып алып, анан мындагы көркөм чыгармаларды окуп, көрүп жана угуп, а тургай өзүңүздүн мыкты чыгармаларыңызды жарыялап, "Мейман китепке" жана ар бир чыгармадагы комментарийлерге өз ойлоруңузду жазсаңыз да болот. Аягында биздин жайыт туурасындагы бааңызды сурамжылоого коё кетиңиз. Алдын ала Сизге чоң ырахмат. Келип туруңуз.

    Жайытты колдоо тобу.


Адабий көркөм чыгармалардын түрү жана саны



Рюноскэ Акутагава (Жапония)

развернуть

                                             Бит

  

Гензинин* биринчи жылынын он биринчи айынын аягында Осака шаары аркылуу аккан Адзи дарыясынын чатынан Тесью княздыгына каршы жазалоочу экспедициянын кемелери жөнөдү. Анда Киото борборун коргоону өздөрүнө алган княздыктардын аскерлери бар эле жана аларга командачылыкты Суми-ноками деген ири феодал жүргүзүп жаткан.
  Эки отряддын башында Цукуда Кидаю жана Ямадзаси Сандзюро болчу. Цукуданын кемесинин үстүндө ак, ал эми Ямадзасинин кемесинде кызыл желектер желбиреп баратты. Шамалга желпинген желектер ачык деңизге чыгып бараткан кемелерге баатырдык шаң берип турду.
  Ал эми эки кемедеги адамдардын көрүнүшүн баатырлардай деп айтууга болбойт болчу.   

  Биринчиден, ар бир кемеде отуз төрттөн самурай жана төрт адамдан турган экипаж-баары болуп отуз сегизден жан бара жатышкан. Палубанын үстү ушунчалык  тар болгондуктан,  нары-бери эркин кыймылдаганга да мүмкүнчүлүк жок эле. Адамдардын бири-бирине өтө тыгыз турушканы  бочкадагы туздалган балыктарга  окшоп калган. Тер жыттанган денелер окшутуп, кускуну келтирет. Мезгил кечки күз болгон себептен, деңизден муздак шамал согуп, адамдардын сөөктөрүн чучугуна жеткире какшатууда. Асманды сур булут каптап, кемени толкун чайкап, кээ бир жаш самурайлардын туулган провинциясынын түндүктөн экенине карабай сууктан тиши тишине тийбей калчылдайт. 
  Экинчиден, кеменин ичи толтура бит эле. Алар кийимдердин тигишинен кээде гана жолугуп калчу биттер дейсизби, жо-ок алар жер жайнап, бардык жерде бар болчу. Алар желектерде өөрүп, мачталарда жөрмөлөп, ал гана эмес, якорлордо да жармашып турушту. Бул кемелерде адамдар баратабы, же ушул жөрмөлөгөн жандыктарбы, түшүнүп болбойт болчу. Алибетте, алар он-ондоп кийимдерге кирип жатышты. Бул жийиркеничтүү желмогуздар адамдын денесине жетип алган соң, маанайлары көтөрүлүп, чакканды баштабайт бекен! А эми бир он, же андан бир аз көбүрөөк болсо да кичине чыдасаң болот го, бирок алар ушунчалык толтура болгондуктан, күнжүттүн чачылган уругу быякта эле калат. Алардан биротоло кутулуу туурасында сөз кылыштын деле кажети жок болчу. Цукуда менен Ямадзасинин отрядындагы самурайлар ушунчалык биттерге таланышкандыктан, кызамык менен ооругандарга өңдөшүп калышты. Алардын денелеринин соо жери калбай, кычыткы болуп дүүлүгүп баратты.
  Кырдаал өтө эле чечилбестей болгону менен, тим койгонго да болбойт эле, ошондуктан, адамдар бардык бош убактыларын биттерди жоготууга жумшашты. Баары,  ири феодалдардан ( каро) баштап, «кепич ташыгычтырга» ( дзоритори) чейин жылаңачтанышып алып, биттерди теришип, чайнектерге салышып жатышты. Элестетип көрсөңүз, күн суук, бардык парустарын  жайган кеме, белкурчоосундагы таңгычы гана калган жылаңач отуздан ашык самурай белине чайнек байлашып алып, парустун жиптеринен, якордун көрүнгөн жактагы бетинен өйдө биттерди кармап жүрүшкөнүн. 
  Биздин күндөрдө бул көрүнүш абдан күлкүлүү көрүнгөнү менен, «абдан зарылчылыктын» бет алдында бул аракеттерди актаса болот. Бул «Мейдзи кайра түзөтүүсүнөн»* мурунбу, же азыркы күндөбү, айырмачылыгы жок.
  Ошентип, жылаңач самурайлар өздөрү да килейген биттерге окшошуп алышып, күн кечке азап тартышып, палубанын тактасына биттерди ынтаа менен сыгып жатышты.
  Цукуда кемесиндеги бир адам гана өзүн таң калыштуу алып жүрдү. Бул беш адамдан турган үй-бүлөнүн башчысы, күрүч менен эсептегенде жетимиш кап күрүч паектуу жөө аскер Мори Гонносин болчу. Анын таң калтыруучу жагы,  жалгыз ал гана өзүндөгү биттерди тербейт эле. Ошондуктан, күтүлгөндөй эле анда бит дегениң кыжы-кужу толтура. Кээ бирлери чачынын чокусунда жөрмөлөп баратса, башкаларынын хакамасынын четин карай баратканын көрөсүң. Анткен менен аны булар бир да тынчсыздандырбайт. 
Сиз аны биттер чакпайт ойлоп жатасызбы? Эч кандай да! Калгандар сыяктуу эле анын деле башынан бутуна чейин денесин теңгедей кызыл тактар басып калган. Андан бөлөк да денеси кычышып, ошондон улам тынбай тырманып турчу. Анткен менен ал өзүн токтоо кармап гана тим болбостон, башка бит кармагандарды карап, булдуруктайт: 
- Макул, кармагыла, бирок аларды өлтүрө көрбөгүлө. Чайнектерге тирүү жыйнап, мага алып келгиле.
- Алардын сага кереги не? – деп таң кала сурады кимдир бирөө.
- Эмнеге? Аларды менен тамактандырам, - деп кебелбей жооп берди Мори.
- Келгиле, буга тирүү биттерди топтоп, алып келип берели, - деп анын сөзүн тамаша катары кабыл алган кээ бир самурайлар, түшкө дейре бир канча чайнекти топтоп келишти. Алар ушуну менен Моринин тоңмоюндугун сындырмай болушуп, топтолгон биттерди берип жатып: « ме, буларды тамактандыр. .» дешти эле, Мори болсо, шашылган тейде кубануу менен:
- Эмне болду? Кармадыңарбы? Анда мага бергиле аларды! 
Баары анын кераяктыгына таң калышты.
- Төккүлө! - деп жөн гана буйруду да, кимоносунун жакасын ачты.
- Көпкө чыдабайсың – чакырасың го, - дешип баш чайкашкан сапарлаштарынын сөзүнө ал кичине болсо да көңүл буруп койсо не.
Алар кезеги менен чайнектеги биттерди анын жакасына күрүчтү кампага куюп жаткансып, төгүп жатышты. Койнуна түшпөй палубага түшүп калган биттерди кайра терип, койнуна салып, Мори тургандарга: 
- Абдан чоң ырахмат! Мына эми гана тынчыраак уктаймын. Биттер менен үшүбөйсүң дагы.
Таңданышкан самурайлар бирин-бири карады да, эч кимиси ооз ачышкан жок.
Качан гана бардык биттер анын жакасынан ылдый куюлган соң, Мори кооз кыймыл менен кимоносунун жакасын бүчүлөдү да, башын бийик көтөрө жан жагын карап, мындай деди: 
-Ким да ким ушу кутурган суукта өзүнө суук тийгизип алгысы келбесе, менден үлгү алгыла деп сунуш кыламын. Анда силер бир жолу да чүчкүрүп койбойсуңар. А тургай мурун бүтөт деген болбойт. А суук дегенди эстен чыгарасыңар. Бул эмненин шарапаты менен дейсиңби? Биттердин шарапаты менен!
Мори минтип тыянак чыгарды: эгер денеде биттер болсо, сөзүз алар чага башташат. А бит чаккан жери шишимек тартып дүүлүгүп чыгат. Дененин баарын биттер чагып салганда, ал кычышат. Алибетте, анан адам ошол жерлерин тырмай баштаса, денеси жылыйт. А жылыгандан кийин уктасаң да болот эмеспи. Уктап калганыңда кычышкан жериң унутулат. Демек, денеңде абдан көп биттин болушу уйкуңду тынч кылып гана тим болбостон, сууктун да тийбей калышына өбөлгө түзөт. Ошондуктан, биттерди өлтүрүүнүн ордуна өз денең менен тамактандырууң абзел.
-Балким,мунуку да туура, - дешти кээ бирөөлөрү Моринин ой жүгүртүүсүн кызыгуу менен уккандан кийин.
  Көп өтпөй эле кемеде Морини туурап, биттерди өз денелери менен тамактандырган өзгөчө топ түзүлдү. Алар, башкалар сыяктуу эле чайнектерин колуна алышып, биттерди топтоп жүрүштү. Бир гана башкалардан айырымачылыгы , алар жыйнаган биттерин коюндарына салып алышканында болду.
  Анткен менен кайсы гана өлкөдө, жер жүзүнүн кайсы гана бөлүгүндө болбосун пайгамбардын насыяттарына бирдей деңгээлде көңүл бурушу абдан эле сейрек көрүнүш. Ошондуктан, кемеде Моринин бит туурасындагы сөзүн кабыл албаган фарисейлер* да аз эмес болчу. Андай фарисейлердин тизмесинин башында Иноуэ Тэцудзо деп аталган жөө аскер турду. Анын өзүнчө өзгөчөлүгү: ал кармаган биттерин жеп сала турган. Кечки тамакка карата ал чайнегин алдына коюп, ичиндеги биттердин баарын жеп бүтүп, чайнегин көңтөрө ичин карап алып сүйлөнөт:
- Чын эле мен бүгүн буларды неге аз кармадым экен?
Андан биттин даамы кандай боло турганын сурашканда: 
-Семиздери куурулган күрүчтү бир аз да болсо эске салат.
Биттерди тиши менен сыгып өлтүргөндөр деле толтура, бирок, Иноуэ алардан эмес эле. Ал күнүгө бир укмуштай даамды татып жаткан сыңар биттерди жеп салчу. Ошол анан биринчилерден болуп Мориге каршы чыкты. 
  Иноуэден башкасы бит жебегени менен аны колдоочулары да бар эле. Алар төмөнкүдөй корутундуну көтөрүп чыгышты: биттер денени чакканда эле ал жылып кетпейт. Андан да «Уулдун урматтоосу жөнүндөгү китепте» балдардын денелери ата-энелерине таандык, андыктан өз денесине зыян келтирбестен дайыма сактап жүрүүгө уулдар милдеткер. Демек,денесин битке атайын талатуу «уулдун урматын» атайлап бузуу болуп эсептелет. Биттерди денесинен азыктандыруу мындай турсун, алардын тукумун кандай гана болбосун кырып жок кылуу зарыл. 
Мына ушул маселелердин айынан Моринин талапташтары менен Иноуэнин талапташтарынын ортосунда пикир келишпестик жаралды. Балким, ал келишпестик ушуну менен эле чектелет болчу. Тагыраак айтканда, бул талаш-тартыш жөн гана аяктай турган болгондо, талаштын негизи себепкерлери, аныгыраагы биттер, кан төгүүгө чейин жете турган жаңжалга шылтоо болуп коё ташташты.
  Бир жолу Мори биттерди тоюндуруу ниетинде туруп, бити толтура чайнегин кароосуз таштап кете койсо, Иноуэ акырын гана алардын баарын жеп салат. Кайра келген Мори чайнегинде бир да бит калбаганын көрөт. Ошондо ачуусу ашып-ташкан ал жинденип:. 
-Эмне үчүн биттерди жеп салдың?- деп бакырды.
Иноуэ болосо чыканактарын кыймылдатып, көздөрүн чакырайтып, эч нерсе болбогон түр менен, жасалма оштонуп, мындай деди:
- Ким да ким биттерди өз денесинен тамактандырса - дөөпөрөс! 
- Дөөпөрөс деп аларды жеп жаткандарды айтат,- деди каяша айтып Мори, палубанын тактайын тепкилеп.- Ушул кеменин ичинде биттерге ыраазы болбогон бир адам табылабы. Сен болсо биттерди кармап алып, аларды жеп салып, жакшылыкка жамандык кылып жатасың.
- Эмнегедир сенин биттерге алкыш айтканыңды эстей албай турам,- деп каршы болду Иноуэ.
- Макул мен аларды алкыштабадым дейли, бирок жөнү жок тирүү жандыктарды өлтүрүп да жатканым жок.
Ошентип алар көпкө чейин кыжылдашып, Мори күтүүсүздөн чечекейин чекирейтип, кылычынын сабынан кармагыча, турушту. Алибетте, Иноуэ да жемин жедириргиси келбеди: ал да кылычын кындан сууруду. Эгерде ошол жердеги бит терип жүрүшкөн сапарлаш самурайлар ортого түшпөгөндө, бирин-бири өлтүрүүгө да барат эле.
  Ошол окуянын күбөлөрүнүн биринин айтымында эки самурай тең ооздорунан көбүк чачышып,кучакташа турушуп, абдан көпкө чейин бир эле сөздү кайталып жатышты:
- Бит, бит…
  Биттердин айынан аз жерден үстүндө кан төгүлө жаздаган , суу сыйымдуулугу беш жүз коку күрүч келген кемелер шамалга ак жана кызыл желектерин желбиретип батышка, жазалоочу  экспедицияны алып  Тесью княздыгына , карай сүзүп баратты. 
  Асман кар жаай тургандыгын билдирип турду 

__________________________________________________________________

 

* Гендзи – Гендзи доору - жапандардын жыл санагы .

* «Мейдзи кайра түзөтүүсү» - «Мейдзи реформасы»  - 1868-жыл.

* жетимиш кап күрүч паектуу – самурайдын материалдык байлыгынын өлчөмү.

* фарсийлер – динбезерилер.

* коку – жапончо өлчөм. 1 коку 160 килограммга, же 180,39 литрге барабар.

* суу сыйымдуулугу беш жүз коку күрүч келген кемелер – кеменин жүк көтөрүмдүүлүгүнүн өлчөмү. Мисалы, сыйымдуулугу 50 коку күрүч болгон судно эң кичине, ал эми чоң  кемелер 1000 коку күрүчкө чейин болот.

 

Орусчасынан кыргызчалаган  Айтмырза Абылкасымов

Жапан тилинен орусчага А.Кабанов которгон.



0
1

Ключевые слова: Котормолор

Показать предыдущие комментарии (показано %s из %s)
Показать новые комментарии

Сын-пикирлер күзгүсү

Досторума кайрылуу!
Айтмырза Абылкасымов
Айтмырза Абылкасымов Ырахмат!

Коңшу кызга
Бауыржан Карагызулы
Бауыржан Карагызулы Тамаша!

Амандашуу
Aktilek
Aktilek Кудай башыңызды аман кылсын, эл-журтту аман кылсын! улуусун сыйлаган эл оңот. Интернет бетинде сиз …

Кош, сүйүү!..
altyn_ka@mail.ru Sultanova
altyn_ka@mail.ru Sultano… ушу ырыныз жан дуйномду антарып, уктап калган сезимдеримди козгоп жиберет го чиркин.

"Бешик ыры" жөнүндө сөз
Омурбек Салайдин
Омурбек Салайдин Бешик ырын укпагандыктан ушулар болуп жатат го??


Адабий көркөм чыгармаларды издөө