На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Кийинки ырлар

ТИШИМ ООРУП...

«Катуудан тиш...» дегени туура белем,
Кантээримди билалбай куурап денем.
Уйку бербей түн бою боздогондон,
Уруп-салып врачка чуурап келем!

Бийик элем, пастадым, кичирейдим,
Билдирбейин десем да титиреймин...
Тим элеби бакылдап тың жүрчүмүн,
Тиш доктурга киргенде итирейдим!

Карасаңар, тиште тура кызык иштер:
Кашка тишиң, акыл азууң, ууру тиштер...
Кээ бир тишиң кертсе нанды, кээси кепшеп,
Кээ тиштериң чайнаганга экен ишмер.

Ар биринин өз аты болсо, демек,
Кызматына жараша койсо керек.
«Акыл азуу» бар тура тиш ичинде,
Андай болсо «Ыр азуу» да болсо керек.

Тишим ооруп турса да, басып муңду
токтоткум жок ырларды жазуумду.
Акыл азуум жулушса ыраазымын,
Жулбаса экен ыр "чайнаар" азуумду.
20.02.2015-ж.

 Байдылда акынга

 Арабыздан кеткен кезден Байдылда,

Алмашылды далай күндөр ай, жылга.

Атаганат жашаса го бир топ жыл,

Акын эле ашкере бир бай ырга!

 

Анын ыры – Ай го нурга бөлөгөн,

«Аит...» дегенде жорго сымал жөнөгөн.

Жаман сары бул бөбөктү энеси,

Жаамы кыргыз ырысына төрөгөн.

 

... Жадыбызда калың элдин тоскону,

Жан жыргатаар жолугуулар Оштогу.

Чарпаяда чайкап коюп пыяла,

Чай сунушкан  чаар топу  достору.

 

Ырастаган кыргыз жерин сүйөрүн,

Ырга кошуп калтырбастан бир жерин.

Сайрмердендеп жазган болчу Байдыкем,

Сары-Челек  кыз болсо көз тиерин.

 

Көптөр угуп үлгү, сабак алышкан,

Көпкөн кээси «наивный» деп танышкан.

Киргизбайлар түшүнбөгөн акынга,

Кыргыз койлор кулактарын «чабышкан».

 

Ырлар менен кыш суугун жай кылды,

Ыры менен күлдү, ичти, кайгырды...

Жазганын көр, магдыратып... капырай,

Жайлоодогу  байтал менен айгырды...

 

Күтөт эли, күтөт тоолор, сай, жылга:

 - Кайда – дешип – кашкөй акын Байдылда?

Кыргызына канаттуу ыр жазганы,

Кайралып бир келээр экен кай жылда?..

 

Кыш да кетет. Анан жаз, жай, күз келет...

 

Дан багарга кара жерди айдоо керек,

Мал багарга  чөптөрү мол жайлоо керек.

Атка минер кулактары кызып барат,

Ага быйыл депутаттык шайлоо керек!

 

Алдап-соолоп көпчүлүккө жагуу керек...

Атаандаштын мээлерин чагуу керек!

Көбүртүлгөн кур убада, сөздөр менен,

Көпчүлүктүн көңүлдөрүн табуу керек.

 

Ар бир жандын жактыруучу ою керек,

Ар кай жерге агитатор коюу керек.

...Шайлоочунун көбүнүн урганы жок,

Шаң-шөкөттүү мурдакыдай тою керек...

 

Кыш кеткен соң ушунун баары келет,

Кыргыз жаран, терңирээк ойлон, демек!..

 Шоктуктун жемиши

 Жибек чачың жайылып ай далыңа,

Жүзүң тоссоң Ысык-Көл айдарына...

Келбетиңди көргөндө тил байланып,

Кеп таппастан турамын айтаарыма.

 

«Жакын калды бул жерден кайтаарыңа...

Жалганыпсың үмүттүн кайсарына.

Жупуну бир байкушсуң, а бул – Пери!..

Жуп болом деп ойлодуң кайсы арыңа?!!»

 

Басынтырып ушул ой эзип жатты...

Балким, Пери мунумду сезим жатты.

Бардым дагы... тобокел... колдон алдым...

Баягыдай тартынуу  безип качты...

.......................................................

Андан бери көп жылдар өттү мына,

Ыраазымын андагы «шоктугума»!

Ысык күйөө баламын андан бери,

Ысык-Көлдүн айылы – Оттугуна.

 Сунуш

(Жаңыбайга)

 Достун да достой досу бар:

Кедейи, байы, bossу бар.

Шукшурулат кээ досуң,

Шумкардай алтын боосу бар.

 

Достун да достой досу бар:

Дөңсөсү... бийик тоосу бар.

Алардын кээси кеселман,

Албетте, дени соосу бар.

 

Достун да достой досу бар:

Чыйрагы жана бошу бар.

Алдамчы, кээси куу болсо,

Аңкайган момун жоошу бар.

 

Достун да достой досу бар:

Достордо Намыс, болсун Ар!

Океңдер айтып жүргөндөй,

Кайбири чатак – «но»су бар.

 

Достун да достой досу бар:

Кээсинин ичте доосу бар.

Аяктан алып жыкмакчы,

Аңдыган аста жоо сымал.

 

Достун да достой досу бар:

Дос болуу – жакшы жосун ал.

Төп келет десең кулк-мүнөз,

Тизмеңе мени кошуп ал!

Байбичеме

Бизге, балким, сугун артаар башкалар,

Балким, кайра ушак-айың башталаар!

Улам андан  бырыш түшүп жүзүңө,

Улгаюунун белгилери баш багаар.

 

Аппак болуп кара чачтар, же түшсө...

Аман болсок ийиндеги баш калаар!

Ак ниеттен кызымат кылып эл-журтка,

Артык дөөлөт топтободук баш жараар.

 

Энчиленип  ысык Сүйүү даарыган,

Экөөбүзгө буюрубаган башка жар.

Эгер бүлө шаар болсо, жан эркем,

Эгерими керек эмес башка шаар!

 

Ошондуктан, тобоо кылып жашайлы,

Ооп кетүү бул дүйнөдөн башта бар...

АКЫНГА

"Акындын эки өмүр, эки жазы бар:
"Биринде өзүм жашайм", - дейт,
"Биринде ырым жашайт", - дейт".
А. Осмонов.

Бардык жанга буюрулбаган асыл баа,
Бай болсо да сезим менен акылга.
"Жарыктыкта жалгыз жансын, күйсүн..." - деп,
Жайдак тагдыр берген тура акынга.

Бул турмушуң кубулма да, жашынма,
Бүт байлыкты берип салган бакылга.
"Алаксыбай аруу ырлар жарат!.." - деп,
Арам оокат бербеген бейм акынга?

Дүрт деп күйгөн дары сымал атылма,
Дүйнө күткөн махабаттын атында.
"Өмүр бою өрттүү ырлар жазсын..." - деп,
Өксүк сүйүү берген экен акынга.

Ар бир ирмем алмашылгыс алтынга,
Мезгил деген мээ жетпеген закым да.
"Улантсын - деп - Улуу Сөзүн Адамга..."
Узун өмүр берсе кана акынга!

Картина дня

наверх