На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Кийинки аңгемелер

 Аялдамада


   Шаар ичиндеги бир аялдамада узун скамейка бар экен. Ал экөө бир мезгилде эки жактан келип, ошол скамейканын эки четине отурушту. Кыз жана жигит. Биринчилерден болуп кимиси беркисин карады, билбей да калышты. Балким, экөө тең бир убакта, бир ирмемде бири-бирине зээни түштү окшоду. 
  «Чырайлуу сулуу кыз экен!» - деп ойлоду жигит кызды баштан-аяк карап алып. 
«Түсү ийгиден түңүлбө» дешкендери чын болсо, жаман неме көрүнбөйт!...» - деп ойлоду кыз да.
  Жигит көз кырын сала, үн чыгарбай:«Саламаттасызбы?» - деп койду ичинде.
«Саламатчылык!» деди кыз да жигит таризде.
  «Келиңиз таанышып алалы...» - деп айтуунун ордуна негедир: «Бүгүн күн жакшы тийип турат ээ?» - деп кызга суроо салгандай жигит кызды жалт карап алып, кайра асманды карады. Кыз да билинер-билинбес гана ууртунан жылмайып: «Ооба, бүгүнкү күн сонун!» - деди кыз да көккө көз чаптырып. «Жылмайганыңыз да жагымдуу экен бүгүнкү күнгө окшоп...» - деди жигит оюнда.
  «Аркы-беркини түшүнгөн жигит окшойт... балким, сүрөтчүбү?» - деп ойлонгон кыз жигит башын жерге салганда астейдил карап – Каректеринен от жанат го...» 
  «Уурттары жоогазын гүлүнүн таажысындай үлбүрөйт тура, чиркин... - деген ой кетти жигитке – Жоогазын гүлүнө окшогон сулуу!..»

   Жигит эмнегедир ушунча гүлдөрдүн ичинен ал жоогазын гүлүн жакшы көрөт. Балким, алардын айылы тиги тоо арасында болуп, ар жылы эрте жазда жоогазын гүлү алардын үйү турган капчыгайдын бир жак бетине жайнап чыкканынан уламдыр...

   Жигит маңдайына түшкөн жарым тармал чачын колдору менен сылай оңдоп койду. Кыз жигиттин бул кыймылынын кооздугуна суктана жалт бир карап алды да, көздөрүн кайра ала качып: « Жоок, бул жигит бийчи өңдөнөт...» - деген ойго кетти.  

  Кыз чындап эле бий өнөрүнүн ынтызаары эле. Айырыкча, балет бийин эт-бетинен түшө калып көрө турган. Өзү да аз жерден балерина болуп кала турган болуп, атайын сынактан өтүп аткан жерден шартка жараша айылдагы чоң ата, чоң энеси алып кетип, ошол жакта өсүп калбадыбы. Айылда кайдагы бий да, кайдагы балет! Айылдык мектептеги өздүк-көркөм ийримине катышып жүрдү дечи, бирок, ал атайын балет мектебин кайдан алмаштырмак эле. Ошентсе да «балерина болсом» деген эски эңсөөсү деги жанмак эмес, бирок... бирок курак деген неме мезгилдин жылышы менен өтүп кетет тура. Сырттагы имиш-имиштерден: «11-12 жаштан кийин балет бийчилигине сөөгү катып калып жарабай калат» дегенди угуп, ага деген үмүтү сууп келет... Анткен менен балетке болгон кумары таркаар эмес.
  Жигит да билдирбегенге аракет кылганы менен назарын кыздан ала албай тургандай. Бул турмушунда көп кыздар менен таанышып, көп эле кыздарды жактырганга аракет кылганы менен, улам эле бир жеринен өөн таап, көп узабай эле көңүлү сууп калып жүргөнүнө көп болду. «Тандаган тазга жолугат...» деген элдин сөзү бар экенин кыйытып айткан ата-энесинин кебине деле кайыл. Бирок да бир көргөндө эле көөдөнүнө бир ысык нерсе кирип кеткендей, ал неме бүткүл денесин чымыратып, көөдөнүн жарыктантып салгандай азыркы абалга туш келе элек эле. Кыздын көз карашынан ага кандайдыр бир ток сыяктуу билинбеген, бирок даана сезилип турган жагымдуулуктун өтүп жаткан кырдаалды биринчи жолу башынан кечирип жатты...

 

 Мындай сезим кыздын да жүрөгүн туйлатып, көрүнбөгөн колдор менен кытыгылаганы кызык сезимге  кабылтып, уйгу-туйгу абалды жаратканы кызык болду. Орто мектепти бүткөнгө чейин канчалаган боз балдар ашыктык катын арнашпады, канчасы жолуксак деп, чоң атасынын короосун акмалап, айлуу түндү өткөрүшпөдү. Ал тургай эки-үч жолу ала кача турган жерден аман калды. А шаарга келгендечи! Оу-у жаш жигиттер жарышка түшүшкөнсүп, жапа тармак сүйүү чабуулуна өтүшпөдүбү. Ошолордун баарына кайдигер карап, көңүлдөгүсү табылбаганына, жолукпаганына бир эсе таң калып, бир эсе кооптонуп, жүргөн учур эле. Аттуу-баштуу, колунда байлыгы, бийилиги барлардын балдарынына да бой салбай койгон. Ошондон улам тааныштарынын арасында «Муздак сулуу», «Мерез ханыша» атка конгону да бекер эмес.

  Кыздын ата-энеси да кызынын жайлуу жерге барышын тилешип, ага бакыт гана каалап, жакын тели-теңтуштарынын көңүлгө төп келген балдарынан кеп салышып көрүшкөн. Аларга таптакыр көнбөгөн кызынын мүнөзүнө таң калышып, бара-бара айтпай да калышкан.

  Азыр болсо, эмне болгонуна акылы жетпей, жаңы эле көргөн, бир ооз кепке келбеген  жигитке арбалып турганына жол болсун! Мына ушуга таң калып турду кыз.

  Бир эле мезгилде жигит да, кыз да бири-бирин карап калышты. Экөөнүн тең ууртарында жылмаюу пайда болду. Жигит да, кыз да бир нерсе деп ооз ачайын дешкен кезде, дал ушундай кырдаалды бузуп, дал ушул учурду гана күтүп тургансып, аялдамага тигил экөө тең күтпөгөн, тагыраагы мынчалык тез келишин каалабаган 47-маршруттагы кичи унаа келип, «кыйыч» деген дабыш чыгара токтоп, эшиги шарт ачылып, ичинен бир улгайган аял түшүп нары басып кетти. Бул унаа – кызды алып кетчү унаа! Кыз ордунан селт эте турду да,жигитке жалт бир карап алып, ага түшүп кете берди. Жигит ордунда катты.

«Демейде зарыктырып кеч келчү унаанын тез келип калганын карасаң!.. Сени жек көрөмүн, 47-маршрут!» - деди жигит ичинен күңкүлдөп, айласыздан. Кыздын артынан кошо кете бербегенине кейип. «Акмактын акылы кеч келет» деди тигил оюн улай, өзүнүн тартынчактыгына наалып. Эрксизден акын аялдын: «Мен мокомун, мококмун кантейин, Анткен менен сен да экенсиң анчейин...» деген саптары эсине келди. Кудум бул саптарды тигил бейтааныш, бирок, жанга жакын сулуу кыз өзүнө айрөк менен айтып жаткандай туюлду.

  Аялдама ээн калды. Жок, ээн калбаптыр... Кыз отурган жерде бир чөнтөк телефон жатат... Жигит барып, эки жакты карап, анан кайра кыз кеткен тараптагы жолго жүткүнө  кыйкырчудай болуп барып токтоду. Кыз түшкөн кичи унаанын карааны көрүнбөй калган болчу. Кымбат баалуу ал телефонду аяр алып, бетин сылай, мээрим менен карап калды. «Качан эми бул телефонго жан кирип, ээсинен чакырык келет? Бир Кудай билет. Күтүү керек, күтүү! Э Кудайым, ушул телефон, ошол кыздын телефону эле болсо экен!..»

 

Айылдаштарым

 

  Ушу менин айылдаштарым кызык эле адамдар эй! Өздөрү кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп алышат да, анан эле нараазы болгону болгон. Өгүнү бир мен сыйлаган, бири-бирибиз менен ысык ымалада болуп жүргөн аке-дос бар эле, жөн салды эле жылан чакпай, жылкы теппей кергиштеп калыптыр. «А энди, сиз (мурун «сен» эле деп кайрылар эле) жазуучусуз да... Кичине биздин кыпындай кыйшыгыбызды билип калсаңыз, аны төөдөй кылып, газитке жазып жибересиз. А энди (байкадыңызбы, «а энди» дегенди байма-бай кайталап сүйлөйт) ошол каран калгыр окуяны жазбай эле койсоңуз болот эле да. Кишини кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылбай... Ана тиги Нишанбай жырыкка кудаа берип калды, ар бир сөзүндө мени мисал кыла берип... тиги коендукундай жырык эринин жырайтып күлө берип...» - дейт. «Ой, жарыктык, кайсы окуяңызды? Сизди жазып мен нимне («нимнени» атайын өзүндөй кылып баса айттым...) жинди болду дейсизби? Ал таптакыр сизге тиешеси жок, башка бирөө туурасында го?» - дедим мен да моюндабай. «Кой а, дал мен элемин. Сен (кайра «сен» дей баштады кудай жалгап, демек, анчейин таарынычы терең эместиктин белгиси бул. Болбосо оххо!..) дос-душман укпаса экен деп жашырып жүргөн немнени кайдан угуп алгансың, мага наамалым». «Коюңуз акеси, мен сиздин окуяңызды уккан да эмесмин, билген да эмесмин», - деп танып туруп алдым. Анткени, ошол окуяны сүрөттөгөн аңгемеде каармандын аты жок да. Мына ушундай болушун алдын-ала сезип, айылдаштардын окуясынан аңгеме жазганда каармандын атын койбой коемун, же таптакыр эле башка атты коюп саламын. Мына ошол зиректигимдин пайдасын эми көрмөк болдум да, караманча танып чыгып кеттим. Кайра анын каруусунан катуураак кармап: «Окуяңыз өлө кызык окшойт, бир жакшылап айтып бербейсизби...» - деп жармашып калдым эле, ал: «Жок а, а энди ал нерсе өттү-кетти, кайрадан эске салыштан не кажет...» - деп, колдон чыга кача жөнөдү. Мен жылмайган бойдон кала бердим.  

  Мына ушундан улам дагы бир окуяны баяндап бергени камынып жатып, эскертип коеюн: Эмнеге каармандарынын өңү-түсү ачык даана эмес, а тургай кээлеринин аттары да жок, турмуштук окуялардын майда-чуйда деталдарынан бери так көрсөтүлбөгөн, жер-суулар кенен сүрөттөлбөгөн деген сыяктуу толгон токой кинелер койбошуңарды өтүнөмүн. Себебин бая уктуңар. Азыркы каарман деле биздин айылдан, апей, «биздин айылдан» деп коем да, жо-ок, тиги ... наркы айылдан. Андыктан, окуяга кулак төшөңүз, окурман!

                                                                    * * *

  Чынында, ошол адам – абдан ак көңүл, ишенчээк мыкты адам. Үй-жайы деле ордунда, бала-чакалуу жан. Өзү арык шыргыйдай узун, чаап жаак болгону менен аялы орто бойлуу, эттүү неме. Аялын сулуулардын катарына кошсо болбой го, анткен менен жылдыздуу, жароокер ургаачы. Аялынын канча айтканына карабай, жанагы өлөттү (аракты ушунчалык жек көрө баштагандыктан, атын да атагысы келбейт аялдын) көп иче баштады. Жөн эле ичпей, эс-учун жоготкуча шимире турган болуп кетти акыркы күндөрү. Ар күнү ар башка шылтоо: бир күнү паланчанын үйүндө ашар, бир күнү түкүнчөнүн баласынын туулган күнү ( «дин раждания» деп алганына не бересиң! ), кийинки күнү дагы биринин ую тууган болот. Койчу күндө куру эмес. Аны айтса да, муну айтса да түк түшүнөөр түрү жок. Аргасы куруду байкуш аялдын. Минте берсе тиги жогорку айылдагы Мырза алкаштан айрымасы болбой калабы деп коркот. Бул айылдын атактуу алкашы Алман арактын айынан (балким, көрөөр күнү бүтүп, ичээр  суусу түгөнгөндүр, аны Жараткан жалгыз өзү билет дечи! ) анча болду наркы дүйнөгө сапар тартып, арактын азгырыгынан, адамдардын айыңынан кутулуп кете берди. Ушуларды мисал кылып безилдеген аялынын кебине муюгансып эле калып, анан эле кечке маал шилкейин чуурутуп, көздөрүн кутурган иттикиндей кыпкызыл кылып, тили булдуруктап, узун боюн көтөрө албай жаткансып, буттары чалыштал кирип келет.

  Ошентип, не айласын таппай жүргөн кезде кечээ да ошол абалында жетип келди. Анан башына бир ой келип ошону аткарууга бел байлады аял. Балким, жардам берээр...

                                              * * *

  Ал демейдегидей эле күн чыга ойгонду. Тили оозуна батпай калыптыр. Суу сураганы аялын чакырууга оозун ырастап баратып, кайра айныды. 

Азыр келип, кайрадан кулактын кужурун аларын ойлоп, өзү эле туруп барып, суу ичкиси келди. Төшөгүн көтөрүп баратып, таң кала бир карап алып, кайра жаба салды. Кудая тооба, энеден туума жыпжылаңач экен денеси. Неге минтип жатканына акылы айран болду. Анан тиерден чыкканын, үйгө кантип келгенин эсине түшүрүүгө аракет кылды эле, анын бирин да эстей албай койду. Ырас, Койлубайдыкында карта ойноп отурушкан, бир кезде итканасынан анын канчыгы төрт-беш  жаңы туулган күчүктөрүн ээрчитип чыга калбайбы! А-ал анан көрүп ал!

 - Ой, - деди Касымбек – канчыгың качан «төлдөдү» эле?

 - Э, атаңдын оозунурайын, эки-үч күндөй болуп калды. Түнү менен каңшылашып, уктатаар эмес, не кылар айласын таппай жүрөм, - деди Койлубай кейип.

 - О кокуй ушуга да кейийби киши, жолуң болгур, жаңы көз жарган канчыгыңды, жаңы күчүктөрүңдү жууш керек тура! – дей салды төртөөнүн бири Алибек.

 - Э койчу эй, кайдагы жорукту баштабай, жаңы туулган күчүктү да жуучу беле? – деди Койлубай чыгашаны моюндабай.

 - Эмне үчүн болбосун. Өгүнү эле тиги Казыбайдын жаңы музоосунун «жээнтегин» жедиң го?

 - Ай, ал эми анын ую тууп атпайбы! Адал мал дегендей, сүтү бар дегендей...

 - Капырай, «эшектин күчү адал, сүтү арам» деген менен анын деле сүтүн дарылыкка ичип жатышпайбы: «а тургай ракты айыктырат экен» дешип. Аны кой, тиги борборуңдун өзүндө эшектин этинен самса, тамак жасап сатып жаткан жеринен кармалышты дешип атканын укпадыңбы? Ага караганда биз жөн гана күчүктөрүңдүн урматына арак менен адалдап жууп коелу деп атпайбызбы! Кой, андай иттик кылбай чыгар. Анан биз да карап турбайбыз да, чынбы? Сени  жаңы наристе күчүктөрүң менен куттуктап дегендей... – деп салды Касымбек ажина.

 - Чын эмей, -деп жөн турбай сөзгө аралашты бул да (атын айтпаганга убада болгондуктан, атын атабай жатам – автор) – все-таки, жандуу зат жарык дүйнөгө келип атат. Илгеркилер уйду «мурду сасык» дешип, мал катарына кошпогон экен, ага караганда «ит – адамдын досу» деген сөз бар да элде! Кантсе да булар касиеттүү кумайыктын тукуму эмеспи!

 - Ай, атаа, иттей ичкиңер келген экен! Кой, макул менден бирөө...

 - И ошентсең... – деди Алибек да чөнтөгүн кашылап...

Анан калганы эсинде жок. Канчага дейре жуушту, канча бөтөлкө менен «кумайыктын тукумдарын» куттукташты, ыпым эч нерсе калбаптыр жадында. Мына, азыр гана таң калыштуудай жыпжылаңач төшөктө жатканы даана көрүнүп турат.

  Же... кечээ күнгө бейшемби беле?..

  Жаткан жеринин нары-берисин карады. Көрүнбөйт кийимдери. Төшөктүн астын көтөрдү. Жок! Акыры-ын үстүндөгү төшөктү нары жылдырып, шып тура калды эле, нарыдагы чоң күзгүдөн өзүнүн жыпжылаңач тыртайган арык, тартайган узун бардык дүр-дүйнөсү менен турган денесин көрүп, алактай чочуп кетип, эшик менен терезени бир карап алып, кайра төшөккө кире качты. Анан болгон үмүтү нарыдагы жабандын ичинде калды. Анан ошол жамынган төшөгүн оронуп ошого карай жылды. Ачса, анда деле кийимдери көрүнбөйт. Кайра төшөгүнө жылып келе жаткан кезде, эшиктен  чака көтөргөн аялы кирип келди.

 - И аман-эсен турдуңузбу?

 - Ооба, турдум. Аман болбогондо өлүп калды дедиң беле? – деди кекээрлеп, эркектаналыгына салып.

 - Ушундан көрө өлүп калсак жакшы болбойт беле... – деди аялы – кантип тирүү жүрөөрүбүзгө көзүм жетпей калды... Ыйды баштады аялы.

 - Эй, эмне болду анчалык? Оозуң карап озоңдосоңчу! Келе кийимдеримди...

 - Кайсы кийимдериңизди? Каякта ошол кийимдериңиз?

 - Сообу? Кечеги кийген киймдерди айтып жатырым да. Кайда койдуң, баятан бери таппай-ак койдум.

 - Ошол кечеги кийип кеткен кийимдериңизди кайда таштап, тиги кейпиңизде келдиңиз?

 -Эй, катын, эмне деп турусуң? Кандайча ушул кейпимде?... – мукактана түштү ал.

 - Уяттан өлдүк го!!! – Аялы ого бетер шолоктоп ыйын улантты – Көчөдөгү элдин оозун ачырып, жаш балдарды артыңыздан ээрчитип, алардын күлкү менен ышкырыгынын астында, бирдемелерди балдырап, ырдаган бойдон илип алар кийими жок келдиңиз го, шорум ай, шорум! Бетим ий, бетим!

 Дагы жакшы балдарды чоң атасына жайлоого жөнөтүп жибергенибиз  абийир болгон экен, кокуй! Кечээги күнкү көрүнүштү өз көздөрү менен көрүшсө, не алда болушат эле, алтындарым, а?.. Ошолорду ойлоп, жүрөгүм эзилбедиби, катыгүн!
 Көптөн берки ызасынын айынанбы, же мектепте окуп жүргөндө драма ийримине катышып, Ажардын монологун кыябына келтире аткарып жүргөнү себеп болдубу, айтор,  ыйы абдан ишенимдүү чыкты аялынын.

 Анын көздөрү алайып:

 -Кантип... ушинтип... мындайым жок эле го?.. – дегенге алы араң жетти. Куркуйган мойну шылк этти. Аялы болсо: «Кечээ мындайдан мындай болду, анан андайдан андай болду» деп, тим эле тири шумдуктун баарын айтып, жөн эле баш көтөргүс кылып  салды. Жанагы суусаганы да эстен чыкты. Эмне болгонун кайрадан эстегенге аракет кылып, башын койгулап да жиберди. Балакеттиби!... Бир кыпындай да нерсе эсине илинбей койду. Чеке тамырлары лакылдап чыкты. Ушундайда кысалышта «бороондо бок кычайт» болуп, ажатканага баргысы келгенин айт.

- Айланайын катын, - деди аргасы түгөнгөн ал – бирдеме кылып, эски-куску кийимдеримди таап бер, чыдабай баратам, табарсыгым жарылып кетмей болду...

Аялы аз жерден күлкүдөн жарылып кете жаздап барып, ага билдирбей өзүн токтотуп, сыртка жөнөдү.

 - Ой, кайда барасың? Эски кийим... – деди титиреп.

- Азыр карайынчы.... – деген аялдын үнү наркы далистен угулду.

Анан бир аздан соң, жуулган бир ак жекте, анан ак ыштанды нарыдан ага карай  ырыгытып, эшикти сыртынан жаап койду. Нардан бери кийинип, сыртка жөнөп баратып, аны көчөлөштөрүнүн баары кечеги «кылыгынын» уландысын көрүү үчүн сыртта карап турушкансып токтой калды да, акырын эшиктен  баш бага эки жакты карап,  анан чыкты да, ажатканага эңкейип алып жөнөдү. Узун неменин эңкейе басканы да курусун! Ак жекте, ак ыштаны ансайын алаамат көрсөтүп... «Мына ушундайда баягы эски дубалдар болгондо, ойда сонун болмок экен» деп ойлоду ал. Э, аттиң,  баягы совет доорунда, Линский деген неме райкомдун 1-секретары болуп турган тушта, эскинин калдыгы катары бардык дубалдарды буздуруп, короонун баарын решетка менен тостуруп, мына ушуну «культура  быта» дегизип салган соң, ошондон кийин эч ким паксалап дубал менен короосун тоспой калбадыбы!  Эгер эч болбосо төрт пакса дубал болгондо да, мынчалык жөрмөлөбөй эңкейе басса да көрүнмөк эмес. Азыр катар кайналы дарактарынын далдасы эле болбосо, көчөгө короонун ичи даңгел көрүнөт эмеспи. Ошондон улам ал жарым жөрмөлөп баратпайбы. Анын үстүнө жай саратанда өз үйүнө  ажаткананын сасык жыты урбасын деп, наркы коңшунун үйүнө жакындатып, аяттын те ылдыйкы бурчуна алыс курганы эми даана сезилди.

  Аерден аман-эсен бошонгон соң да, кандай абалда барса, дал ошондой абалда жарым жөрмөлөп, үйгө жетти. Кудай жалгап, көчөдөн эч ким көрүнбөдү.

   Аны ашканын терезесинин пардасын кыйгач ачып алып, сыртынан карап турган аялынын боору катып калмай болду, же үн чыгарып катуу күлө алса....

  Ал ушундай таризде үйүндө үч күн жатты көчөгө чыкпай.

  Ошол өтүшү тозок үч күндөн соң түш оогон маалда эшиктен аялы кирип келип:

- Тиги бөтөлкөлөштөрүңүз сурады эле, «ооруп төшөктө жатат» десем, «а анда кечке көрүп коебуз» дешти – деди – Дагы баштайт окшойсуз мурунку «өнөрүңүздү»?

- Атасынын как оозун урайын ошолордун, байбиче. Үйгө киргизбе... Мени жок де, өлүп калган де...

- Ок, көтөк, антип кантип айтам, алар кайнагалар болсо...

- Ой, ошол алкаштардын кайнагалыгын урдум! «Киргизбе!» - дедимби, киргизбе!

- Антпеңиз, кожайин, - деди аялы – келишсе, келишсин. Сиз ичпей койсоңуз, кармап алып оозуңузга куймак беле? Бир ооз гана : «Ичпей калдым... Муну таштадым», - десеңиз бүттү да. Же өзүңүзгө өзүңүз да деле ишене албай турасызбы? Сиз эми эркиңиз бышык эле жан элеңиз го... Баягы жылы тамеки тартканды деле бир жолу эле таштап салбадыңыз беле! Ошентип, бул өлөттү да кан буугандай токтотуп салыңыз...

 Ушинтип, жылмая туруп гана бир аз көтөрө чалып таштады күйөөсүн. Анан ал да ыңыранып туруп, бул сунушка макул болду.

 Ошентип, алар да келишти. Көтөрө келген бир бөтөлкөсү ачылган жок. Анткени, бул үйдө өзү ичмек тургай келгендер да ичпей тургандыгын кесе айтып салды. Ошондон соң, алар дагы бир белдүү майишатташынан ажырашкандыгын, аралары бир үлпөттөшкө азайганына ичтеринен кейише  баш чайкашып, бир пыяла чайдан соң, беттерине чала бата тартышып, кеткенге шашылышты.

                                                    * * *

  Баягы кийимдери табылды!

  Ошол окуядан үч ай өткөндөн кийин өзү тамбашысына чыгып, малдарына боолонгон паяларын таштап жатып, үч-төрт боонун нарысынан чыккан, дыкаттык менен пленкага оролуп, скочтолуп жашырылып коюлган түйүнчөктү чечсе, баягы «жоголгон» кийимдеринин баары түгөл ошонун ичинде жатыптыр, тообо! Аны көргөн соң бир азга шалдайып отуруп калды да, анан же ачууланышын, же кубанаарын билбей: «Ой, энеңи...» деп бир тилденип алып, анча убакыт өткөндөн кийин гана аялынын бул кылганына маашырлана каткыра күлүп жатты.

  Ошол мезгилде айылдын мечитинен молдонун намазга чакырган азаны угулуп, күлкүсүн токтотту да, шашылыш түрдө тамбашыдан түшүп, даарат алганы кумганын ала жөнөдү.

  17.05.2015-жыл.

Кек

«Өзүң кылган иш – өз башыңа муш!»

Эл сөзү.

  Ал бүгүн өзгөчө шашып жатты. Аялынын : « Чай ичип алып деле барсаң болот го...» дегени да кулагына кирбеди. Баягы колхоздо раистин орун басары болуп иштеп жүргөн жылдары деле таң заардан кетип, эл жатаардан кийин келип жүрчү адатына көнүп бүткөн аялына негедир анын бүгүнкү шашмалыгы күдүк туудуруп турду. Эми-и, ал убак го ал убак эле... Чарбанын иши үчүн жоопкер болгондон кийин  антпесе  болмок беле. Анын үстүнө партия дегендин карыштыра кармаган көзөмөлү, жалаң эле бул эмес, бардык эле жетекчилерди,  а койчу, атка минер кызматы деле жок, карапайым эле колхозчуну зыркыратып койчу эмес беле! Оу-у ал заман таптакыр башка эле го, чиркин! Эми азыр андай шаша турган жумуш деле жок эмеспи! Анын үстүнө ошол колхоз тараганы бул атка минерлик иштерге аралашпай калган. Өзүнүн адистиги - мугалим. Кийинки кезде мугалимчиликти деле аркалабай, колхоз тарагандан соң кураган мал-келин кароо менен эле күн өткөрүп жүргөнү кача-ан... Анан ошол малын кароо да канча убакытты, мээнетти талап кылары турган иш го. «Малдын бары да балээ, жогу да балээ», - деп бекер айткан эмес да.

  Ошентип, ал аялы ороп берген нан-панды торбого салып,Тегеректеги жылкыларына көз салып коюу үчүн Чабдарын ал тарапка биринчи жолу минип, таң  сүрө жөнөп кетти.

  Бул убакта тоолордун арасы өзүнчө кооз. Ак карлуу чокулар шаңкайып, таптаза аба жүзүңдү аймалайт. Карагандарды кар басып, алачыктай болуп ийилип турган шактарындагы ашын чокуп жаткан ичиндеги кекилик жакындаганыңда  «бырп» эте атты селт эттире  чочуй учуп, алыстан түлкү көрүнүп, «мага жетип алчы» дегенсип, булактай качып, көз жоосун алат. Сууктун жеп-иче ичи-койнуңа кире калып ичирткени да сезилбей, кийген сары тондун эки этегинин өңүрүн такымга кымтый, жеңил гана темине, жашоонун кереметтигине ыраазы болуп жол улайсың. Чыгыштан жаңыдан чыгып келе жаткан күндүн нуруна чагылган жаңы кардын бетиндеги бүртүктөрү түркүн түстө кубула жылт-жулт этип, бул жарык дүйнөнүн сулуулугу көз алдыңа укмуш сүрөттү тартып, көңүл кушун көкөлөтөт.Түнкүсүн жааган кар мурунку чыйырды басып калганына карабастан, жылкы жаныбардын биздеги жок туюм менен эски жолдун нугун таап бара жатканына там бербешке амал жок. Чабдардын жол жүрүшү жакшы ат. Кыш-күрөөдө мындай күчтүү да, ишенимдүү да мингич болбосо, тоого чыгуунун өзү опурталдуу жумуш эмеспи. Жаныбар Чабдар байгеге кошсоң да, улакка чапсаң да дак калтырбоочу асыл жылкы да. Атургай быйыл аны үйүргө айгыр салмакчы да болбодубу! Бирок чек берки Карагерге түшүп, ошол коюлду. Анан ошондогу айгыр салышка карата өткөрүлгөн мелдешти жадына салып, ал бир бырс күлүп, андагы болгон окуяны кайрадан эске түшүрө кетти.

  ... Анда жаз эле. Үйүргө айгыр коюуга мезгили келгенде, аны тандоо да бир машакаттуу иш эмеспи. Ошол коюлган айгырдан мыкты асыл тукум кулундарды алуу гана эмес, ага үйүрдү тескөө, аны ити-куштан коргоо, жайытка ылайыктуу жерди тандап, үйүрдү ошол жакка үйрүп айдоо сыяктуу милдеттер кошо жүктөлөт да. Андыктан, көрүнгөн эле эркек жылкы үйүргө айгыр болууга жарабайт.

  Ошондо мунун алдында азыркы минип бараткан Чабдардыбы, же азыр үйүрдө айгырдык милдетти аткарып жаткан Карагерди коюу керекпи деген маселе турду.

Анткен менен экөөнө тең көкүлүнө пахта байлап, үйүргө кошсоң өкүттө калбайсың. Бири-биринен кем калбаган, жылкы пири Камбар атанын зээни түшкөндөй жаныбарлар го, чиркин! Ошентсе да экөөн бир мелдештирип, анан утканын айгыр салмай болду. Бул бир жагынан көңүл ачуу болсо, экинчи жагынан азыркы тил менен айтканда маселени «демократиялуу чечиштин» жолу болчу.Кантсе да алардын да ээсине таарынычы калбасын, теңчилик болсун да! Ал ушундай ойго келди.

  Анын акыбети кандай болору ага али белгисиз эле. Ооба, белгисиз болчу...

  Анан март айынын орто ченинде Кара-Төбөнүн артына барышты да  эки айгырды уруштурушту. Мына ушуну уруш десе болот! Жакынкы коңшу айылдардагы өзбектердин «бөдөнө уруш», «короз уруш», сыналгыдан кээде көрсөтүлүп калчу орустардын «ит уруш» оюндары, бул «айгыр уруштун» бучкагына тең келбейт десе болчудай!

 Эки айгырдын өлөр-тирилерге карабай жандарын ортого сайып коюп кармашкандыктарына  караганда, нарыдагы топ бээни ээлөөнүн өзүндө кандайдыр бир зор кызыкчылык, ченебеген кумар бар окшойт-ов!.. Кармаштын катуулугун ушундан бил: экөө кагылышып кайра ажырашып, анан кайрадан бири экинчисин тебелеп салчудай болушуп, жерди дүпүлдөтө туяктардан даңкан ыргыта, моюндарын учуп бараткан турналардыкындай кылып алга сунуп, бири бирине тепчилчү жебе өңдөнүп, чуркап келишип омуроолору менен кагышканда, көргөн көзүңө ишенбей, жакаңды кармайсың! Андан соң кош аяктап тура калышып, алдыңкы туяктары менен чапчышып, анан бири биринин жалын чайнап, ачылган ооздорунан көрүнгөн аппак курч азуулары менен туш келген жерин жулуп ала тургандай болуп, ага карабай экөө тең каршылашына оңтоюн келтирип тиштетпей турганын көрүп турган киши жандан түңүлөт, ой! Аба жара кишенешип, омуроолору менен сооруларынан куюлган терлери суу боло төгүлгөнүнө кайыл болуп, кыл чайнап кармашуу ушул үйүр талашкан айгырларга гана таандык эрөөл болсо керек.

  Ошентип бир аш бышымдай чарпышкандан соң, кажышып жатып, экөөнүн тең майып болуп калышына көздөрү жеткенде гана ошол жерде тургандар айгай салышып атып, өчүгүшкөн айгырларды ажыратышып, мелдешти токтотушкан. Ошентсе да тең чыккан экөөнүн бирин үйүргө коюу керек болгондуктан, чек ташташып, Карагерди апрелдин аягында үйүргө кошкон.

  Ал бара жатып ушуну эске салды.

  Анан кыялай өр тарта жүрүп отуруп, бир оокумда Тегерекке да чыгып барып калды. Бул жердин туш тарабы жалама аска болуп, бир гана чуурутма жол бар, жылкы жайылганга ыңгайлуу. Үстү жүз-жүз элүү гектардай келип, нары жагы да кыркалекей аска болгондуктан шамал көп да тийбеген буйтка. Жайында бул жерге эч ким жайлабагандан уламбы күзүндө тулаң чөбү тизеден буралып, кышында кар астында ошол эле бойдон калат. Аны тээп оттоо жылкыларга көнүмүш эмеспи. Ошондон улам ал жылкыларын жылда ушул жерде кыштатат. Өтө эле зарылчылдыгы болбосо, ити-куш тийип, же бирөө эле атайылап айдабаса, жылкылар бул жерден башка жайытка ооп кете тургандай себеп такыр жок. Андыктан, «үйүр дагы кайсыл жакка кетти экен?» деп кыжалат болбой түз эле аларды ушул жерден табасың.  

  Айткандай эле жылкылары кудай жалгап, эч жакка кетпей ушул жерде экени алыстан эле көзгө чалынды. Жакындай баштаганда үйүрдүн нары жагындагы жылгадан бээлерди үйрүп, Карагер айгыр чыга келди. «О, жаныбарым, Камбар атанын тукуму, өз милдетин аткарып жаткан экен!» - деп ойлоп, ага ыраазы боло бастырып келе жатканда, өз үйүрүн көргөн Чабдар ал жакка карап заңгырап кишеней кетип, бээлерди көздөй чуркоочудай болуп калды. Ал Чабдардын башын тартып, аны менен алаксый түшкөндө, Карагер да жер чапчып, кулактарын чимирип, буларга карай чуу коюп жөнөп калды! Жөн эле атылган ок болуп келе жатканын катуу дүбүрттөн улам ал башын көтөрүп жакын калган кезде көрүп калды да, камчысын көтөрө айбат кылып: «Хайт!» дегенге араң үлгүрдү. Экинчи жолку «хайтты» айттырбай күү менен келген Карагер Чабдарды өмгөгү менен коюп өттү. «Кырсык каш менен кабактын ортосунда» деп бекер айтылбаган белем, Чабдар болсо ээсинин үнүнө жана тизгинди тарта мойнун сол жакка бурганына алаксый түшүп муну күтпөгөнбү, ушул оор соккудан ошол жагына «күп» эте кулап түштү. Мингени жыгылганда үстүндөгү ал бир капталынан жердеги чоң урчук ташка чабыла тийип, жамбашынанбы, же белиненби, айтор ошол тарабындагы сөөктөрүнөн «карс-курс» дегендей күңгүрт добуштар чыгып, ошол сол жактагы буту жыгылган Чабдардын астында калды. Көздөрүнөн жылдыздар учуп барып, анан эсин жоготту.

  Ал көзүн ачканда караңгы кире баштаган экен. Жылкылардан да, атынан да дайын жок. Турганга аракет кылды, бирок кыймылдоого мүмкүн эмес эле. Кичине эле козголоюн дегенде бели, буту, койчу бүткүл денеси сыздап, оорунун күчүнөн айласыз кыйкырып жиберип, кайрадан эсин жоготуп барып, бир аздан соң өзүнө келди. Тиши тишине тийбей калтырап, сууктун тоңдурганына жан чыдар эмес. Бүткүл денеси канкакшап ооруп, кыймылдатайын десе эле, жаны чыгып кете тургансып жатты.
  Анын  оюна кайрадан Кара-Төбөнүн аркасындагы эки айгырдын кармашы келди. «Төө кек кубат дечү эле, жылкынын кеги да унутулбайт тура... Аттиң, туура эмес кылган экенмин. Күнөө өзүмдө... Оюндан от чыкты... Кек!..» Анын башына ушул ойлор зып этип келип, кайрадан жан кыйнаган оору башка нерселерди ойлогонго буямасын келтирбей салды. Ал эми баарына кайыл эле...

  Оору менен сууктун азабы түн ортосуна чейин созулду да, асманга кыйгач жылдыз толгондо жанды жеген суук да, оору да тып токтоду. Анткени, жыгылганда кабыргаларынан сынып, сол буту жанчылып, бел омурткасы омурулганда жүлүнү да үзүлгөн экен, ошондон улам акыркы жолу: «Лайиллаха илаллах, Мухаммаду Расуллаллах...» деп баштаган келмесин толук айттырбай араң согуп жаткан жүрөгү да лып токтоду...

* * *

  Анын түндө да келбегенинен кабатыр алышкан уулу жана инилери эртеси издеп келишип, суукка тоңгон жансыз денесин ошол жыгылган жеринен табышты. Алар жака-белдеги майкандалып калган издерден эмне окуя болгонун боолгоп, чубуруган кандын тактарын кууп барып, басмайылы тургай куюшканы үзүлүп, ээр-токумдары ар кайсы жерде чачылып калып, өзү аскадан учуп арам өлгөн Чабдардын тарпын табышты. Өчүгүшкөн эки  айгыр ажыратканга эч ким жок болгондуктан, акыры баягы кектен улам салгылашып жатып, акыры аягында бири аскадан кулап кетип, өлүп тынган экен. 

   Алардын ээсинини сөөгүн кийинки күнү жерге беришти. Кекенген уул-кызы жана туугандары маркумдун кара ашына кекчил Карагерди союшту. Кек ушуну менен бүттүбү? Ай, ким билет! Кек бүтсө бүткөндүр, бирок арман менен күйүтчү?..

8.01.2014-жыл.

                                                                Насип

 

  Ал - кадимки эле  жөпжөнөкөй ит. Айылдагы башка иттерден жүнүнүн барактыгы гана болбосо, айырмачылыгы жок. Анткен менен башка иттердей болор болбоско чаяланып үрүп, жолдон өткөн мал-кел, бала-чакага качырып сала бербеген токтоолук жагы да бар. Кээ бир иттер эч нерсенин дайыны жок, өткөн машинанын артынан кудум айланып бараткан дөңгөлөктөрүнүн бирине тиш сала тургансып, астейдил кубалап калгандарын карап туруп, алардын бул жосунсуз жоруктарын жактырбаган таризде тескери карап жатып алат. Бирок, эгер короого адашкан жат мал келеби, же байкоосуз ээси жокто адам келеби, адебин колуна берип койгондон кайра тартпаган жайы бар. Анын бул мүнөзүн билип калышкандар, алыстан үн салып, качан гана үй ээлеринен бирөө чыкмайын, дарбазадан нары күтүп турушу абзел экенин абдан жакшы түшүнүшөт.

  Мына ошол барак жүндүү дөбөттүн түшүнө бирден эле жылан чакпай, жылкы теппей туруп күрптүн семиз этин жеп жатканы кирсе болобу! Күчүк кезинде тооктун жөжөлөрүн кууп, бирин тиштеп койгону үчүн ээсинен катуу таяк жеген соң, канаттууларга тиш салуу эмес, алардын артынан кууп ойноого болгон көңүлү кайт болуп калган. Ошондон улам болсо керек өзү да бул түшүнөн чочуп кетип ойгонду. Түнү менен иттик милдетин аткарып, уйку көрбөй үйүн айланып, өзүнүн бар экенин, уктабай түн күзөтүп жүргөнүнү билдирип коюш үчүн кез-кез үрүп коюп, асмандагы жаңы толгон айды, жылдыздардын жымыңдашканын карап коюп жүргөн неме таңга маал гана жата кетип, көзү илинип кеткен экен. Анын ойгонушуна короздун ата-бабасынан калган адатын аткарып, моюнун созо таңдын атып келе жатканын билдирме кыйкырыгы да себеп болду шекилдүү. Ойгонушун го ойгонду, бирок кудум эле өңүндөгүдөй көргөн тиги түшүнө ишене түшкөн неме, жеп жаткан күрптүн этин издегендей нары жак, бери жагын астейдил карап, кайсактап, таппаганга таңдана күймөнө түштү. Азыр эле оозунда даамы тургансыган эт жок! А тегерегинде болсо андай эле ит кызыгар эч нерсе көрүнбөйт. Өзүнөн нарыда дайыма жугунду куюлчу капшырылган эски темир итаягы бош турат. Анан оң жагында мурун кажып салган, кээде дагы деле эрмекке кажып турчу улуубалтыр малдын бир-эки омуртка сөөгү жатат. Башка ташбалекет жок...

 Ал бир аздан кийин гана эсин жыйып, анысы түшү экенине араң ишенди. Ошондон соң кийинки күндөрү баягы түшү кез-кез эсине түшүп, шилекейин чуурутмасы кармамай адат боло баштады. Анан кантсин түшүндөгү эттин даамы кадимкидей эңсетип турса...

                                                                    * * *

  Ит түш көргөн ошол күнү эртең менен азанда бул үйдүн ээсинин тиги айылдагы ата-энесинин үйүнүн короосунда  бир уул, бир кыз бир килейген күрптүн корозун кармаганы кууп жүрүштү. Узун буттуу бул чоң күрп оңой менен карматчудай эмес. Эми жетейин дегенде ылдамдыгын көбөйтө коюп, ал экөөнө жеткирбей баратты. Баары бир адамдан айла качып кутулмакпы, аягында жем чачып ( а «кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртетет...»  кайран гана кекиртек  а... ажалыңдын ушундан экенин аңдабай, написиңди тыюуга кудуретиң жетпей, өлүм тузагына өзүң түшүп бересиң го ушул кекиртегиңдин айынан!..), алдап аткананын ичине киригизишип, анан кармашып, эрдик жасагандай чоң атасына сүйүнчүлөгөндө анысы күн мурунтан курчутуп отурган бычагын алып чыгып, канаттарын бир буту менен, эки бутун бириктире экинчи буту менен басып, кыбылага туштап: «Биссмилла ирахман ирахим, жаны кудайы, балдарыма буюруп насип кылсын, алаху акбар!..» - деп күрптүн башын кармаган колу бош болбогондуктан, бычак кармаган колу менен бетине бата тартып, муздап салган. Аны ошол эле замат үйдөгү келин жүнүн жулуп, ичин жарып тазалап, чыпчыргасын коротпой баштыкка салып, бараткан бирөөдөн берип жиберишкен.

                                                                     * * *

  Шүйшүңү бир аз агып сарыксын деп, туздап туруп, сарайдын шамалканалуу жерине жип тартып этти дарга илгенден эки күндөн кийин иттин ээлери шашылыш Ысык-Көлгө эс алганы жөнөп калышты. Шашылышканынын себеби, бара турган машина бир күн эрте кетмей болуп калып жатпайбы. Азыр жол кире баасы асмандап турган кез. Анан аны менен жетип алышпаса, мындай бекер унаа кайда дейсиң?!

  Аялы баарын эле жыйнагандай болгон. Келип-келип «өзүбүз менен эс алууга ала кетебиз» деген сарайдагы дарга асып койгон, кайыната, кайненси берип жиберген  күрптүн этин алуу жадынан көтөрүлүптүр, өзү айтмакчы, «эсине жара чыгып»...  Аны качан гана жолдогу ашканалардын бирине  киргенде тамактарынын тизмесинин ичинде «күрптүн этинен шорпо» бар экенин окуп алып, анан гана тиги кала берген эт эсине түштү. Күйөөсүнө билдирбей бир күрсүнүнүп алды аялы. Дагы жакшы күйөөсү башкаларга окшоп, майда-чүйдөгө киришип, кыжыңдай бермей адаты жок жан. Болбосо...

                                                                    * * *

  Сарайдын ээлери кеткен соң өздөрүн ээн-эркин сезе баштаган келемиштерге кудай эми чындап берди. Үйдүн мышыгын да берки айылга өлүп калбасын деген ой менен берип жиберишкен эле. Ал эми ити карматпай кача бергенинен шашып аткан немелер: « Э, ачкадан өлмөктөн доңуз коп... Ит жөнүндө буга ылайыктуу макалдар жок белем «эшекти отко айдасаң, шорого качат...» - дешип, алды жактагы коңшусуна табыштамыш болушуп (анчадан бери эле берки ылдый жактагы коңшусу менен  мамилелери анчейин эмес...),  ошол жерге таштап кете беришкен. Келемиштер болсо, итти көп деле тоготушпайт. ( Биздин айылдыктар муну «итти адам катары деле көрбөйт» дешип коёт...)

  Мына ошентип, бир-эки күн өткөндөн кийин, бардык жак тыптынч коопсуз экендигине көздөрү жетип, ишеним пайда болгон соң,  жергиликтүү келемиштер жипте илинген этти кантип алуунун амалын ойлоп жатышып, кандайдыр бир адамдарга түшүнүксүз таризде макулдашып, жипти кыюуну туура табышты да, акыры аягында көп аракеттер менен эт илинген жипти үзүштү. Анын бир жагы эле үзүлгөндө бышкан мөмөлөрдөй күбүлүп, күрптүн кылдаттык менен жиликтелген эти жерге түшүп берди. Мына сага той! Бирок, келемиш калкы башка жан-жаныбарлардан айырмаланып, табылган насипти бир эле жеп алышпайт. Алар кышка камылга көрүшүп, запаска сакташат. Атургай талаадагы эгиндин башын (сарегин) ууртуна тиштеп келишип, куйруктары менен сабап, данын кызылдап, тим эле кылдаттык менен бирден тегиздеп тизип коюшканын көрүшкөн, ачарчылык кезинде келемиштин ийнин казышып итабардай буудай табышып жан сактап калышкан адамдар туурасында аңыз кептер бекер жерден чыкты дейсиңби. Ал азыр деле жомок катары айтылып жүрбөйбү!   

  Алар асмандан түшө калгансыган бул этти да, ийининин оозуна батпаганы менен, ага жанаша жердеги топуракты казып, биринин үстүнө бирин коюп, жымсалдап, көмүп салышты.

  Барган сайын саратан өз өкүмүн жүргүзүп, көлөкөдө жаткан иттер тилин салаңдаткан мезгил башталды. Сыртта күндү ысыгы суу кайнатар абалга келген бул учурда баягы эттен жыт чыгып, ал Бозбудан соккон жел менен тымызын түштүк чыгыштагы ылдыйкы коңшунун канчыгынын иштейин ачып козутту бейм,  жыттын кайдан келе жатканын ички туюму менен боолгоп, жоортуулга чыгууга шайланды. Напсиси жортуулга чыкпаганга да коёр эмес. Анткени, келе жаткан жыт канчык үчүн ушунчалык жагымдуу эле. Ал жыттын кайдан келе жатканын бат эле билди. Билишин го билди, бирок, ага жетүү оңой эмес экени, өтө эле машакаттуу экени ого бетер аны шилекейин чууртту го, чиркин! Бул үмүтсүздүктүн себеби да бар...

  Ушу коңшунун канчыгы канчалык шыйпаңдап жакындашканга аракет кылганы менен берки барак жүндүн жини сүйбөйт. Ит ылыккан мезгилде мааледеги чоң-кичине дебей бардык дөбөттөр салпаңдап топ-топ болуп анын артынан ээрчишип, алдуусу алсызын талап, канчыктык кадыры артып жүргөндө деле, ал берки коңшусуна жан тарткансып, ушуга жандаганы менен, коңшу дөбөттүн да айбандык каалоосу күч алганына карабастан, баары бир байкамаксан болуп койчу. Алибетте, жаш кезинде бир-эки жолу болгон дечи. Андан соң негедир көңүлү чаппай калганы, иттин өзүнө гана белгилүү болбосо, бул сыр башкаларга намаалым. Негедир кээде кыйшалаңдап короого келе калган канчыкты жини жактырбаганын билдирип, «а-ар!» этип каарып сала берет. Алгач келгенде жөн гана кыр көрсөтүп атат го деп ойлогон окшойт, көп да сестенбей, кайра эркелегенсип, куйругун кыпчып, наз көрсөткөн немени катуу талап салгандан бери, жалтайлап калды канчык.

  Анан ошентип эле, жагымдуу жыт чыгарып жаткан эттен бир жебей (кол шилтеп деп коёлучу), кала берчү канчыкты кайдан көрдүң эле?! Ошол иттик өжөрлүгүнө салып, канчыктык амалкөйлүгүн иштетип, кандай гана болбосун, андай олжого жетүү максаты аны тынч жаткырбай калсын... Өчөшүп түнкү жел да, ушул жакка дайыма согуп, канчыкты тыпырчылатып жатты. Ошондон улам, сутканын кайсы гана бөлүгү болбосун, жыт чыккан сарайдын ичине киргенге мүмкүнчүлүк издөөсү бир мүнөт да аны таштаган жок. Бирок, ар кандай амалы да натыйжасыз чыгып, дөбөт аны сарайга жакын жолотоор эмес. Ошентип дагы бир жолу башка жагынан келгенин байкап калган дөбөт бул сапар аны короодон жөн гана кууп чыкпастан, анын короосуна чейин артынан барып, дарбазасынан да кирип, баса калып талап саларында, канчыктын бактысына кудай жалгап, ээси сыртта экен, «ай-уй» деп айкырык салып, колуна кирген нерселерди ага карай ыргытып, иттин өзүн гана эмес, ээсин кошо боктоп тилдеп жатып тигини сактап калды. Болбосо, канчыктын тирүү калышы күмөн болчу. Ал коңшусу дөбөттүн ээлери менен оту күйүшпөгөн соң, анан  анын итин жактырып, канчыгын талаттырып коюп тим гана карап турмак беле.

  Мына ушул коңшунун жек көргөн кыйкырык богооз сөздөрүнө аралаш ташбараңынан кутулуп чыгып  келе жатканда, тиги жагымдуу жыт мунун да мурдуна «бур» дей түштү.  Баягы түшүндөгү жыт! Өзүнө арбаган, эсин эки кылып өзүнө чакырган жыт! Дайындаган коңшудан жарытылуу жугундуга жарыбай чала курсак болуп жүргөн бул, ал жыттын касиетин өзү кантип баяндап бере алмак эле. Иттигине салып эле тумшугун созо улуп гана түшүндүрбөсө... Ага ал жыттын тиги өз сарайынан чыгып жатканы ого бетер кызык болду. Бардык нерсе унут калды. Ачуусуна тийген канчык да, анын ээсинин кууганы да бир заматта эсинен чыкты. Бардык эси-дарты сарайдын ичиндеги эттин жытына бурулду. Көрсө, өзүнүн жаткан жери тоо тарапта болуп, бул жыт ылдый соккон жел менен тескери кетип, мурдуна илбей жүргөн турбайбы. Түз эле сарайдын эшигинин астынан сойлоп кирип, ичин шимшилей баштады. Акыры жыт чыккан жерди тапты. Бош топуракты буттары менен шилей ача баштады эле, бир аздан кийин эле ирети менен тактап коюлган эттин устункусу булт эте чыга түштү. Үзүнүп-жулунуп бир жилигин кайсап жиберди да, кайрадан тереңдете ача баштады. Эттин мол экенин көрдү. Пейили ток боло түштү. Дагы эки жилигинин сөөктөрүн качырата чайнап, майлуу этти ырахаттана сугунган соң, баарын тиги жерден казып алып топтоп алды. Анан өзү жатчу кайналы дарагынын түбүнө дароо келемиштердей чуңур жасап, этти оозуна бирден-экиден тиштеп ташып барып көөмп алды. Эми ал жерден башкалар талашып көрүшсүн!.. Бирок... бирок,   ай, ким билет? Ошол күрптүн жумшак эти кемпир-чалдын балдарынын да, келемиштердин да ооздоруна тийип тургансыган  жеринен буюрубай  бейнасип калышты го?!  Көрсө ниет башка, насип башка турбайбы! Насип буюруганга тиет тура.

   Ит баягы түшүнүн туш келгенин билдиби, же жокпу, бизге белгисиз бойдон калды...

21.02. 2014-жыл.  

                                                                          Тегирмен

 «Сага Кытайга барууга туура келсе да, илим үйрөн.»

Мухаммад с.а.в. дын хадистеринен...

 

   Көктү көзөгөн чокуларын көк муз каптаган, андан төмөнүрөөгүн аппак мөңгү баскан, өңүрү жапжашыл тарткан, ошол ала-чокул көрүнгөнүнөн өзү аты өзү менен Ала-Тоо деп аталган тоонун бир чоң өзөнүнүн агымын бойлоп Адам жай басып келе берди. Жай мезгили болгондуктан, айлана кооз. Көз жоосун алган ар кандай түстөгү гүлдөрдүн жагымдуу жыты буркурап, теребелге толуп кеткен. Түркүн куштардын сайраганы, жан-жаныбарлардын үнү чартарапты шаңга бөлөйт. Ага өзөндүн суусунун шары кошул-ташыл болуп, кээ бир жердеги секиртмеден ала-сала кулап түшкөндөгү чачыраган күкүмдөрү Адамдын бетине себелеп, жанын сергитет. Асманда ак булуттар каалгый кайдадыр жылып барат. Ушул тоо арасындагы бул өрөөн мурун бир кез жашаган те Асмандагы бир ажайып ыйык Жайды качан да болсо эсине салганы салган. Анткени, жер бетиндеги ушул чөлкөм Ал жайдын кичине бурчунун бир көчүрмөсү сыяктанат да, турат!!! 
   Ал өзү жалгыз келе берди. Анткен менен анын ар бир кыймылына көз салып, кичинекей мүдүрүлсө да, жымыя күлүп акмалаган дагы бир жан бар экенин сезип жатты. Ал – Иблис. Аны да түшүнсө болот. Бул жарыктык Жер үстүндө эс-акылдуу жаныбар үчөө гана: Адам, Обо жана ушул Иблис. Мындай караганда ошондон улам гана буларга жакындашканга, жалгыздыктан ээнсиребегенге аракет кылып жаткансыйт. Бирок, анын максаты башка... таптакыр башка максаты! Ал аны ишке ашырыш үчүн качан да болсо Адам менен мамиле түзгүсү келет го, бирок, аны Адам жанына жолото коймок беле?!! Себеби баарыга маалым: Дал ушул Иблистин айынан аялы Обо экөө, азыр эле ушул жерге окшоштурган, байма-бай түшүнөн да, таптакыр эсинен да чыкпаган, ажайыптыгы айтып бүткүс, Өзүнөн кечирим сурап, кайра ошол ыйык Жайга киргизишин күндүр-түндүр тилеп, Өзүнө жалбарып, Өзүнө кулдук уруп, сыйынышын бир ирмем да унутпаган, киши жанын жыргатаар Жаннаттын дал өзүнөн куулуп чыккандары калппы? 
А Иблистин өзүчү? Бардык периште атпай буйрук менен Адамга баш ийишип таазим кылганда да, Жараткандын өзүнө каяша кылып, бул наалаты баш ийбей койбоду беле. Ошол жоругунун айынан каарга калып, Жаннаттан куулган мурунку жин тукуму, акылдуу десе акылдуу, илимдүү десе илимдүү, ашкан айлакер, бирок жеткен кара мүртөз, оттон жаратылганына кекирейген, кийин гана «Шайтан» атка конгон дал ушул эмеспи. 
   Жин тукуму дегенибиз, мунун ата-бабасын Жараткан оттун жалынынан жин кылып жаратып, Жер бетине коюп жиберет. Булар жер жайнап көбөйүп, барган сайын арасында бузукулук күч алып, баары тескери жолго түшүп, жараткан Эгесин таанбай кеткенин көргөн Теңир нурдан бүткөн периштелерин жөнөтүп, баарын жер менен жексен кылдырат. Мына ошол кыргындан калган ымыркай жин тукуму Иблисти Асманга алып кетишет. Ал чоңоюп, Жаратканга таазим этип, анын айткандарын такай ырааттуу аткарып, периштелерден да жогору ардактуу орунду ээлөөгө жетишет. Ошондон улам топурактан жасалган Адамга баш ийбейм деп кекирейип жатпайбы, бул каапыр! 
  Мына ошол Бейиш багынан куулганына Адамды күнөөлүү деп, Адамга өчөшүп, Обону азгырып, буларды да Жараткандын айтканынан чыгарып, Жаннаттан экөөн тең айдаткан дал ушул эмей, ким? Анан ушулардан кийин аны жанына жолотуп, аны менен мамиле түзүүнү Адам ойломок беле? Ал эми Адамдын кабыргасынан жасалган, жаратылышынан назик, ишенчээк жана кекчил Обо муну көрөөргө көзү жок. Анткен менен Адам менен Обону айланчыктап, аларга жардам бергиси келгендей, аларга жакшы ымалада болгондой көрүнүп, айланганы айланган, тегеренгени тегеренген. Ал азыр да Адамдын артынан илешип, илгертен келе жаткан адатын таштабай, бирде артта калып, бирде алдыга өтө чыгып, бирде капталдай басып, дагы деле акмалап келатты.
  А Адамга бир ой көптөн бери тынчтык бербей келет. Анткени, Обо иштеткен дан майдалоочу жаргылчакты карап отуруп, анын оор жумуш экенин көрүп, ушуга окшогон, бирок, Обонун колу менен эмес, башка бир нерсенин күчү менен айлана турган чоң жаргылчак жасоону кыялданып жүрдү. Анын үстүнө Обо да кош бойлуу. Жакында Жараткандын жардамы менен көз жарса, Адам ата болуп, Обо эне болору турган сөз. Колго үйрөнгөн кой-эчкиден жаш бөбөккө ак жетиштүү эле болот дечи, бирок, дандын күчү башка эмеспи. Ал эми данды ымыркайга бүкүлү бойдон кантип жегизесиң! Көп данды жаргылчак менен майдалоо машакаттуу жумуш экенин жана ал өтө майда ун чыгара албай жарма гана чыгара турганын баарыга аян. Ал да жаш бөбөккө жагымдуу тамак болушу күмөн. 
Ошол болочоктогу чоң жаргылчактын ташын айландыра турган күчтү табуу оңойго турбады. Булуттарды аркы-терки айдаган, каарданганда карт дарактарды «карс» түбүнөн омкоргон шамалды болжолдоду. Бирок, шамал бирде болсо бирде жок. Ошондон улам ойлонуп отуруп, дайыма токтобой агып турган суунун күчүн пайдаланууну ылайык тапкан. Ага дал ушул суулары көккашка тунук, күркүрөп, ээ-жаа бербей азоо жылкылардын үйүрүндөй атырылып аккан Ала-Тоо аймагы зээнине туура келген эле.. 
   Адам ошол максатты көздөп, чоң жаргылчак курула турган жай көзөмөлдөп жер кезип жүргөнүнө көп болду. Кандайдыр ички сезими андай жай ушул өзөндөн гана табыла турганына ишарат берген. Чын эле туюму алдабаптыр.
Акыры аны курганга ыңгайлуу жер туш келди. Адам айланага көз салып: «Ушул жер ылайык!» - деди үн чыгарып. «Охо, кесек баш, түзүксүң го?! Тиги ылай мээң дурус эле иштеп калыптыр...» - деди Иблис өз ичинен, чоң жаргылчак курула турган жерди жаңылбай тандаган Адамдын акылына там берип.. 
   Алгачкы башталган иш дайыма машакаттуу да, татаал да болот эмеспи. Чоң жаргылчакты куруу да ошондой көп кыйынчылыктарды алып келди. Ноого, жаргылчактын парасына, чанагына ылайыктуу жыгач даярдоо, аларды өз ыңгайына жараша жасоо, асты-үстү таштарына чыдай турган бекем таштарды таап, аларды тегерек кылып жылмалап калыпка келтирүү, анан таштарын чегип чыгуу дегендин өзү эле канча түйшүк. Эми гана бүтө жаздап калганда, байкоосуздан эки-үч жолу сындырып алып, канча эмгеги текке кетти. Койчу, мээнет да, жумуш да тим эле толтура. Мунун үстүнө Шайтандын тоскоолдугу баарынан ашып түшүп жатты: дайындуу эле жерге койгон керектүү шайманын катып коюп, издетеби эй, оң эле жасалган нерсени «кыйшык болуп калды» деп арсаңдап күлүп, иштен алаксытабы эй! Адамдын жини абдан келди. Ташбараңга алып өзүнөн алыстатып да, кармап алмакчы болуп кууп да көрдү. Кайда-ан? Иблис Иблис болгону сууда балыктай сүзүп, асманда куштай учуп, жалама аскада тоо текедей жүгүрөт эмеспи! Ага кайсы жан жетет. Бул аракеттери жасап жаткан ишине тоскоол болуп, кечке тартканы гана болбосо, өзүнө кыпындай да пайдасы жок экенине Адамдын көзү жетти да, тек койду! Иблис шайтандык ишин ого бетер тынымсыз уланта берди.
... Ошентип, бир топ мезгилден соң, Адамдын акыл саресеби жана тынымсыз эмгегинин үзүрү көрүнүп, өзү ойлогон чоң жаргылчак да курулуп бүттү. Ноо аркылуу шар келген суу параны айландырганда үстүңкү ташы астыңкы ташынын үстүндө айланып, чанакка салынган буудай калакка түшүп, анан чууруп таштын ортосуна куюлганда, аз-аздап аппакай ун чыгып... 
  Адамдын кубанычына чек жок! 
  Анткен менен, караң калгырдыкы, чанактын астындагы калактан дан бирде көп чууруп, сууга богуздап кетип, бирде токтоп калып, Адамды көп түйшүккө салды. Ошондон улам дан бирдей чууруп турушу үчүн, Адам колуна чыбык алып чукулап отурду. Аны көргөн Иблистин бити-битине батпай сүйүнгөнүн айтпа. 
-Эй, кесек баш! (Адамдын топурактан жасалганын шылдыңдап, өзүнүн оттон жасалганына сыймыктана дайыма ушинтип Адамга кайрылат.) Алдагы ылай мээң менен бир болбогон нерсеге акылың жетпейт да, менин айтканыма көнө бер десе, моюн толгойсуң. Чала сага, ылай мээ, ха-ха! – жөн эле зоо жаңырта каткырып жатты. Адам болсо, бир нерсени ойлонуп калды. Анын ою: «Иш болсо, Кудайыма шүгүр, бүтүп эле калды. Эми бул алжаңдаган наалатыны эптеп кармап алып, адебин бериш керек!..»
   Акыры бир айласын таап, Шайтанды колго түшүрдү. (Ошондон калса керек да «адамдан айла качып кутулбайт» деген сөз.) Бардык ачуусун чыгарып, ойда былчылдатты бейм. Иблистин үнү Кудайга жетип, бирде коркобу деп ажыдаар болуп кубулуп, бирде аяайбы деп, Обо болуп өзгөрүп, жан алакетке түштү ал. Ага Адам көнө коёбу! Көп жылдардан берки өчүн бир алды дейсиң, Качан гана кумары тараганда коё берди Адам. Бошонуп алып бышактап баратып:
- Акмак, ылай мээ! Ача чыбыкты алып бир учун калакка салып экинчи учун айланып жаткан ташка тийгизе байлап койгонго башы жетпейт да, мага күчүн чыгарат! – деди. Деди да оозун жаап калды. («Айтылган кеп – атылган ок, аны кайра кайрый албайсың» деген сөз ушундан калса керек да...) Адам укпадыбы дегендей үмүттө эки жагын алактай карады. Аны Адам даана укту. Укту да, ойлоп көрсө шайтандын айтканы жөндөй. Бир бырс күлүп алды да, жакын жерде өскөн тобулгунун ача чыбыгын болжолдой кесип келип, бир учун кыска, экинчи учун үстүнкү ташка жеткидей даярдап, шыпка илип, кыска учун калактагы данга салып, узун учун айланма ташка тийгизип койду эле, ошол ача чыбык, таш айланганда ага тийип, «шак-шак» деген добуш чыгарып, наркы учун кыймылдатып, бая өзү чыбыгы менен чукулаган сыяктуу эле, данды бирдей чуурутуп бере баштаса болобу! Ой, жети атасы жин өткөн атаңгөрү Иблис, билимдүүлүгү, илимдүүлүгүнө кеп жок экени чын эй! 
  (Мына ушул акылынын, айла-амалынын жогору экенинен улам, атамзамандан бери канчалаган акылдуумун, билимдүүмүн, илимдүүмүн, кыйынмын деген пенделерди түз жолунан адаштырып келе жатпайбы, бул наалаты!)
   Муну көз албай карап турган Иблис өзүн өзү жекирип, жүн баскан бетин алакандары менен бир канча жолу чок чачырата чаап-чаап жиберип, от чачкан оозун чоюп-чоюп алды. (Ошондон улам: «Оозуңду тыйып жүр не дешиңди билдиң!..» деген учкул сөз эл арасында калган өңдөнбөйбү!)
Аны менен иши жок Адам чоң жаргылчактын иштешине көз сала, ушундай акылга ээ кылган Жаратканга ыраазычылыгын айтып карап турду. Анан эле кайдан-жайдан экени белгисиз:
«Адамга белек Теңирден, 
аты болсун – тегирмен!..» - деген эки сап Адамдын дилинен тилине өзүнөн өзү эле куюлуп келе калса, тобо! Муну Адам кайра-кайра ичинен: «Теңирден... тегирмен...» - деп, тынбай күңгүрөнө, айланып жаткан таштын ыргагында кайталап, ал эми тегирмендин ташы бир калыпта айланып, жем (ошол ача чыбык, ушундай ат алды!) чуурутуп түшүрүп жаткан данды майдалап, майда, аппак унду бүркүп чыгарып жатты.
  Андан бери мезгилдин ташы да бир калыпта жаңылбай айланып, канчалаган күндөрдү, айларды, жылдарды, кылымдарды, доорлорду бүркүп, жүрүшүн токтотпой келе берди. 
  Ошол мезгилдин айланышында Адам Ата менен Обо Эненин тукумдары улаган көч тынымсыз өсүп-өөрчүп, бирде жаңылып, кайра түздөлүп, жаңырып Мезгилдин түпкүрүнөн биздин күндөргө чейин сапар улоодо. Аларга тең тайлаша Иблистин тукумдары да көбөйүп, Жаратканга берген антында туруп, Адам тукумун оң жолдон адаштырууга ар кандай айла-амалдарды колдонуп, арам максаттарын жүзөгө ашырууну тынымга токтотушкан жок.
  Адам менен Иблистин, Жакшы менен Жамандын, Ак менен Каранын Улуу Күрөшү акыры кыяматка чейин улана бермекчи!
Анткени, бул амир – Жараткандын амири!  

      27.10.2014-жыл.

 

Улуу Кыргыз.

(Күү баян)

 

    Комуздун күүсү Ала-Тоонун аскаларына чагылып, улам жаңырып, күчөп, кээде акырындап, анан эле кайрадан бууркандаган Нарын дарыясынын агымындай шар кетип, бир аздан соң жарыктык Ысык-Көлдүн толкунундай толгонуп, жыбырап, ай-ааламга тарап кетип жатты. Бир убак те Азиядагы Алтайдын, Шибердин (Сибирь) жыш токоюн эске салса, бирде Европанын айдыңын эске салган, бирде салатанатты даңктаган шаңдуу ырды, бирде кошок коштогон  муңдуу ыйды эске салган бул күү токтобой уланып атты. Ал күүнүн ыргагынан, ал күүнүн мукамынан, ар бир кайрыгынан өткөн өмүр, тарыхтын жүзү көрүнүп, үнү угулуп турду. Күү улана берди...

* * *

   Чаап келе жаткан атчандардын карааны алыстан эле көрүндү. Кароолдо турган жоокер келе жаткан атчандар туурасында кабар белгисин берип, Кароол-Чокудан түтүн булатты. Орукта калган жоокерлер жоо жаракчан шайма-шай болушту. Айылдагы кыз-кыркын, келин-кесектер да жоо кийимин кийинип, жааларын белендеп, саадактагы жебелерин иреттеп даяр турушту. Жоокерчилик замандын заңы ушул. Анткени Чоң кошундун баскынчы душмандарга каршы жортуулга кеткенине бир канча убакыт болду. Кан майданда не окуя жүз берди, али бул жакка белгисиз. Мына ошол Чоң кошундун жогунан пайдаланып, чет жакадагы башка кекенген ичи бузуктар ыңгайын келтирип, кароосуз калкка кол салбайт деп ким кепил боло алат?!! Ошондуктан, бардык жакшылыкка да, жаманчылыкка да дайыма даяр туруу –булардын кан-жанына сиңген адат эмеспи!

  Чаап келе жаткан чабармандардын алдыңкысы жарданып турган элди көрүп, шаңдуу кыйырып келе жатты:

   - Жеңиш! О Жеңиш, калкым! Биз жеңдик!..

   - Оозуңа май! О Жараткан Теңир, аксарыбашыл!

   Кырка тургандар алакан жайып, беттерине бата тартышты.

   Коркунуч кубанычка айланып, Кыргыз айылы шаңга толду. Кернейлер күпүлдөп,  добулбастар дүпүлдөп, кыл кыяк «Жеңиш» күүсүн тартып, акындар комузу менен баатырларды даңктап ырдап, Чоң кошун кыргыз Ажосунун коштоп, жер дүңгүрөтө келип түштү.  

    Бийчилер «Кара жоргону» бийлеп, казандар кайнап, той башталды. Бир жагында «Улак тартыш», экинчи жагында «Эр сайыш», андан нары «Кыз куумай», бериде «Ордо» оюну күч алып, балбандар күрөшө күч сынашып, кечинде кыз-жигиттин «Сармардени» жаңырып, көңүл кушун эргитип, бирок, жоодо каза болгондордун үйүндө кошок кошулуп, кара кийилип, аялдардын бети тытылып, туугандары «боорум ойлоп» өкүрүп жатышты.

Бул нерсенин канчага созулушу бир да жанга белгисиз эле. Анткени заман ушундай болчу.
    ... Комуз күүсү ошол туурасында баяндап жатты.

* * *

    Калктын кары-жашы дебей, аял эркеги дебей качып баратты. Улуу Үркүн ушинтип башталды. Дүнүйө-мүлк, байлык, үй-жай калды. Жандарын гана ажалдан арачалап ала качкан калың кыргыз калкы белгисиз тарапка үркүп баратты. Орустун мылтыгы угулбаган, орустун огу келбеген жакка сүрүлүп, сүрдүгүп  качып баратты. Атылган адамдардын шейит кеткен өлүгү көмүлбөй, өлүм өлүмдөй зыяпатталбай, кыргыз эли качып баратты. Кан эңсеген чөөлөрдүн тобу  койлорго жабылган сыңары орустун мыкаачы аскерлери карыга да, жашка да, аялга да эркекке да карабай атып келатты, штыгына бешиктеги бөбөктөрдү сайып келатты... Кыргыздын учкаяк атчан кырчындай жигиттери кыл чайнашып, жалаң камчы менен, колго илинген таяк менен орустун тез атар мылтыктарына каршы, өлөр-тирилерине карабай, алсырай качып бараткан кары-картаңдарды, аялдарды, балдарды бир аз болсо да ажалдан нарыраак алыстатыш үчүн, бир кыр болсо да ашып кетишине шарт түзүшүп, душмандарды алыксытып, кырылганына карабай окко өздөрүн тосуп, курман болушуп жатышты...  

    Качып бараткандардын деле кырылганы кырылып, калганы карлуу ашууда аскадан учуп, суукка тоңуп өлдү. Мурун элестете да албаган куу турмушту көз көрдү. Ашуудан аман-эсен өткөндөрү кытайдын чек арачыларынын огуна туш келди. Орустун огунан качкан немелер, кытай огунан мерт болгонуна карбай, боо түшүп өлгөнүнө карабай, жан сакташ үчүн Кытайга кирип кетишти.

     Бул 1916-жыл эле. Комуздун күүсү ушуну баяндап жатты.

                                                          * * *

     «Жаңы заман келет экен!», «Уруят болот экен!»

 Калк ичи, кыргыз журту дуу-дуу болуп жатты. Ошо имиштерге улай эле: «Басмачы келатат!» - дешип элдин кээлери тоого качты, аларды кокту-колот, жылга-сайлар өлүмдөн арачалап асырап калып жатты. Бир даары: «Кызылдар келатат!» - деп качышты. Ала-Тоо койну алардын да ажалы жетпегендерин сактап калды.

- Жаңы заман келди! Жашасын жаңы заман! Ленинге даңк! –деп, кубанычтуу кыйкырышты жалаңаяк, жону жыртык көпчүлүк. Малакайларын көккө ыргытышып, кубанычтан жамажайлары жайылып, маңдайлары жарылып, сүйүнүп жатышты...

   Ал эми элдин бир бөлүгүнө «кулак» деген үрөйдү учурган жарлык тагылып, алар мал-мүлкүнөн, киндик каны тамган тууган жеринен айрылып, тыягы Украина, быягы Шиберге итап болуп айдалып, кайгыдан көз жаштарына жуулуп кетип жатты.

    Андан соң, эми гана турмуш өз нугуна түшө баштаганда, кыргыздын баш көтөргөн уулдары түрмөгө түшө баштады. Бирин-бири ушактоо, бири-биринин үстүнөн НКВДга арыз жазуу күчөдү. Ошентип, бирин бири «жей» баштады. «Өзөктөн чыккан өрттүн, өздөн чыккан жаттын» күнү тууду.

   Мунун аягы уланып жатканда Улуу согуш башталды. Майданда да, орукта да адамдар кырылды. Азаптан бел майышты, ага кошула Жер майышты.

    Анан кайрадан Жеңиш келди!

     ... Комуз күүсү уланып жатты...

                                                             * * *

  - Биз кылымдар бою көксөгөн эгемдүүлүккө жеттик! Кыргыз мамлекети түзүлдү!!!

   Жылуу маанай, кашка маңдай адамдын сүйлөгөнүн калайык калк муюп укту,  ажары жүздөрүнө чыкты. Кыргыздар алдыга чоң Үмүт менен арыш таштады. Жаңы доорду кура баштады. Анан... анан дагы кайгы... Кыргыз жерлери сатылды. Адамдардын жаны ачынды. Ага нааразылардын бир тобу Аксыда атылды... 

    Калк каарын чачты. Тиги кашка баш Президент  Россияга качты...

 

 ... Комуз күүсү муңкана уланып жатты...

  

     Кайрадан талашка түшкөн бийлик... Кайрадан бөлүнүү - Түндүк, Түштүк! Элдин Ынтымагы ыдырады... Ага каршы калк көтөрүлдү дагы. Ал токсондон ашык эркиндик үчүн чыккан эр азаматтын түбүнө жетти. Кийинки Президент да мурункусуна окшоп,  Белоруссияга качып кетти!

 

... Комуз күүсү уланып жатты...

 

   Кайрадан жакшылыкка үмүттөндүрүп элди, кайрадан мурунку бийликте аралашып иштеп, анан ар кандай себептер менен ал бийликтен  куулгандар, анан ошол эле бийликти куугандар бийликке кайра келишти.

Эл Үмүтү алыста үзүлбөгөн шооладай жанат... Кыргыз көчү кылымдарга алгалап, ошол Үмүттү утурлай шаңдуу баратат...

 

   Комуз күүсү аска-зоонун жаңыртып, ааламга угулчудай уламдан-улам бийиктеп, улам күчөп үн салат... Жаңы санат...

9. 04. 2014-жыл.

 

 

Картина дня

наверх