На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

ОЙЛОН!!!

Быйыл бизде күз таяп шайлоо болот! Демек, алдын ала “майлоо” болот. Анан ошого азгырылып, аткарбастан өз милдет-парзыңды, жүрөсүң кайра беш жыл бою айтып арызыңды.

“Уугум сага айтам, уулум сен ук” демекчи, депутаттыкка Көлөшбай байкемди шайлап алып, армандасың. Эми бул шайлоодо дал ошого окшогон бөлөк бай байкемди шайлап алып, арманың уланбасын!

КӨЛӨШБАЙ БАЙКЕМ ДЕПУТАТ

(Элдик арман ырдын мотивинде)

Көлөшбай байкем депутат,

Көңтөрүп баарын жеп жутат.

Аны айтып койсоң, балакет,

Айкырып келип бет тытат!

Көпкөнүн айтпа мактаса,

“Көтөрүп урат” жакпаса.

Кокуйду салат да беш жыл...

...Кодулап бирөө жатпаса.

Ишенбейт окшойт Кудаага,

Ишенич кетти буга да.

Суу кечпей калган кечээ эле,

Суктанта берген убада?

Калтырбай бирин жууп салган,

Коркушпайт булар убалдан.

(Алладан тилеп жатабыз,

Ашпаса болду дубалдан...)

“Жарыбай койдук эч эле,

Жаңылдык!..” – дедик кечээ эле.

Алдандык дагы беш жылга,

Алдана кокуй бешене!..

Картина дня

наверх