(Айтмырза аксакалдын ушул темадагы ырына пародия)
Эми мен не кыламын, кандай айла?
Эриниңдин даамы калбай таңдайымда.
Карегиңден жаш чактагы нур төгүлбөй,
Карыганда сен калдың маңдайымда.
«Жараткан, карылыктан өзүң сакта!»-
Деп жүрсөм, кайдан салды бул азапка?
Өрт алган жаштык кезим кайда калды,
Өзүм араң кыбырап жүргөн чакта.
Сен эрип, мен күйдүргөм алоо чачып,
Сен анда айпери элең мага ашык.
Сен эми көзгө сүйкүм көрүнбөйсүң,
Сенден мен кутулармын кайда качып?..
Дайра бар ортобузда-өтүш кыйын,
Даван бар-каалаганга жетиш кыйын.
Ырыбыз ырга окшобойт, муңга окшойт,
Ышкыны оң жагына чечиш кыйын.
Эх, кемпир, зар кыласың эми кимди?
Эстесем түнөтөмүн кара түндү.
Эми мен көргүм жогун айтам сага,
Эстеликке сен берген сүрөтүңдү.