На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Окшоштук

Күн батты.
Иңир кирди.
Караңгылык.
Чырак жакты.
Терезенин пардасын тартты
аялың барып...
Дасторкон жайылды ааламдын бир үзүгүндөй.
Баары жатты...нан жатты жүзү Күндөй.

Сүйлөштүңөр айтышып аркы-берки...
Окудуң китеп ачып,
же жаздың бир нерсени.
ойлодуң бүгүн бүткөн жумушуңду,
болбосо, анын жаңы башталышын!
Күлүмсүрөдүң бир жакшына учурду эстеп...
жактырбай баш чайкадың жыйналышта
кошоматчы неменин макталышын...

Баары бүттү.
Жаттың.
Тартты сени жылуу төшөк ырахаты.
Эртең кайра жашоонун жыргалдары,
Эртең кайра жашоонун кыжалаты...

Жаттың.
эртең кайра эртерээк туруш керек.
Күн батты.
Күн да эртең кайрадан чыгыш керек...

1-сентябрь 1970-жыл.

Картина дня

наверх