На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Эрди-катын жөнүндө ыр

(Азил ыр)

Кадими* Бозбу деген тоого жакын,

Жашашты аман–эсен эрди-катын.

Айтылбайт бул баянда аял ысмы,

Айталбайм ошондой-ак эрдин атын...

 

Күйөөсү күлтүйгөн жан семиз эле,

Күпүлдөп ак көңүлдүү  деңиз эле.

Теңирим берип койгон бардык жактан,

Тегереги төп келген тегиз эле.

 

Аялы абдан эле арык болчу,

Андан да ысык-көлдүк балык болчу.

Үлпүлдөп жүрсө дагы желге ыргалып,

Үй-бүлөгө шам өңдүү  жарык болчу.

 

Бала-чака термелип бешигинде,

Багы өстү мөмөлөп эшигинде.

Көп жыл бою иштешип мектептерде,

Көгөрүштү  мугалимдик кесибинде.

 

Кем болбостон жашашты эч нерседен,

Кудайым беш уул-кыз перзент берген.

Суктанышчу алардын турмушуна,

Сугун артып ошерде көргөн, билген.

 

 Жок болуучу оокаттан жетпегени,

Жок болуучу турмуштун кемтемеси.

Ошентсе да билинбей сызып турган,

Бар болуучу экөөнүн эңсегени:

 

Аял эңсейт азыраак семиргенди,

Эркек эңсейт курсакты жемиргенди...

Канчалык тилек кылып жүрүшсө да,

Капырай, тилегени берилбеди!

 

Карасаң тилектер да түркүн келет:

Кайсы бирин көзүңө  сүрткүң келет,

Кайсы бирин укканда кыжырлансаң,

Кай бирине туруп, туруп күлкүң келет.

 

Шонтип жүрүп аялы азып калды,

Эри болсо андан көп казы алды.

Анткен менен тамашалуу ушул ырды,

Күйөөсү  күлүп туруп жазып салды…

_________________________________

*Кадими-байыркы, эзелки.

21.2003-жыл.

Картина дня

наверх