На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Жолдо

    Ушул кеч күздөн баштап, азыркы кар жааган кышка карабай той-томолоктун күчөгөнүн айтпа! Айылдагысы аз келгенсип, кайын журттан кызы турмушка чыгып жаткан балдызым тойго чакыртып жибериптир. Ал да бир жакын жерде болсо десең. Эми такси жалдап алып, «о, Чүй, кайдасың?» -деп байбичем менен жүрүп калдык. Чүйгө го барабыз дечи, бирок турмушка узаган кызынын үйлөнүү тою тиги көлдүн Түбүндө болот имиш. Тагыраагы Караколдогу кафелердин биринде өтөт дейт. Жөнөдүк. Келе жатабыз алда кудай менен карлуу жолдо.     

     Бишкекке каттаган таксисттердин дээрлик баары дал Чычканга келип, ошол жерден шам-шум этишет. Биз да ошол «салтты» таштабай, Токтогул шаарчасынан өтүп, Чычкан капчыгайындагы бир ашканага токтодук. Биз эмес шоопур токтотту. Анткени, кайсы гана ашканага токтобо, бир порция тамак шоопурга бекер берилет эмеспи. Ошондуктан, шоопурга кайсы жердин тамагы жакса, тиги ичиндеги бизге да ошол жерден тамактанууга туура келет. Ичиндеги биз бул жол менен айда-жылда бир келгендиктен, кайсы ашкана кандай даамдуу тамак жасайт, аны кайдан билмек элек, күн алыс каттап турган шоопурдан артык билбегенден кийин, ошол шоопурдун айтканына көнөсүң да. Ошентип көндүк. Ашканага кирдик. Баасы ай-ааламды чапчыган тамагынан бирден ичтик. Бул жерде биринчи, экинчи деген болбойт. Чынында бир порциясына, өтө эле соргок болбосоң, жакшы эле тоесуң. Тойдук. Турабыз деп жатканда шоопурубуз столдун үстүндөгү бизден калган сөөк-саактарды, нандын калдыктарын бир пакетке жыйнай кетти. Ал гана турсун нарыдагы эми эле туруп кеткен столдун үстүндөгү тамактын калдыктарын да тиги баштыгына салып ала баштады. Биз баарыбыз (машинада алтообуз) ага таң кала карап калдык эле:

 - Жолдогу байкуштарга ала барайын,- деди актанган тейде. Жолдогу «байкуштары» ким экенин сураган да жокпуз.   

    Ошентип Чычкандагы ашканадан чыгып, ийри-муйру капчыгай менен өр тартып жөнөп отурдук деп кой. О анчада Ала-Белге тырмышып отуруп, токтоп турган КАМАЗдардан башка да «Фура» дейби, «Фуре» дейби айтор, койчу узундан узун, өз алын билбей биздин ашууларга толук жүк менен келип алып, өргө тарта албай токтоп калган  машиналардан буйтап өтүп, күн батып батпай ашуунун чокусуна чыктык. Андан нары сапарыбызды улантып, айтылуу  Суусамыр жайлоосун  как жарган жол менен эңкейиштеп бара жаттык. Азыр эми баягы жай кездеги кооздук кайда. Кайда караба аппак кар. Тоолордун башы деле аппак, сайдын ичи деле аппак. Жайкы жашыл шибер, кызыл тазыл жайлоонун гүлдөрү, апакай боз үйлөр... жок. Жайындагы гүлдүн жыты, арча жыты, кала берсе кымыз жыты аралашкан жанга жагымдуу жел, эми аркырап беттен алган, бети-башың эмес, ичи-койнуңа чейин кирип кетчү, ыркыраган, албуут катындан ашкан тажаал шамалга айланган. Нарыдагы карды уюлгута учуруп, бүт боюңа элеп өткөндө, өзүңдөн өзүң эле «ичикий!» деп жибергениңди билбей да каласың. Тиги Чычканда ичкен чайың машинада шүк отурганга мүмкүндүк бербей, сыртка чыгууга мажбурлап жатса, анан ал шамалдан ооз тийбегенге айлаң канча да, чараң канча?!! Этек-жеңиңди жулмалаган кутурган иттей шамалга жонуңду тосуп, кийимдериңе чачыратып албаганга сак  болуп, ишиңди бүтүргөнчө, жөн эле тоңдуруп салбайт бекен, байкебай!!! Ал «жумушуңдан» араң бошонуп, мудааңа жетип, машинага шашыла кирип, ичиндегилерди «ой, тез жапчы» дегизип, шашкалактаганыңа карабай, машинанын салонуна муздак шамал жулуна кирип, отургандардын да жүзүнөн аймалап, анткен менен негизги бөлүгү эшиктти жапканда  сыртта кыркылып калган неме анчейин үшүтө албай өкүттө калгансып, анан жоошуп калып жатпайбы...   

     Ал эми жол жолокей жээктеп иттер жүрөт. Бир топ ит. Жалгыздап жүргөнү да бар, экиден-үчтөн жүргөнү да бар.  Айласыздан кыштап калган жылкычы, малчы, же чабан барбы деген ой менен эки жагыңды элеңдей карайсың... Антпесе бул иттер кайдан жүрөт? Жоок. Ээн калган журттардан башка, ошол иттерден башка жан көрүнбөйт. Алар да шамалга сыртын салат. Анткенде соккон ырайымсыз шамал жүндөрүн тескери сапырат. Көздөрү жолдон өткөн машиналарда...

   - Бул кайдагы немелер? - деп шоопурдан сурап жибердим чыдабай.

   - А булар ошол журтта калган иттер, - деди шоопур.

    - Кандай журтта калган? Булардын ээлери кайда?

    - Алар көчүп кетишкен да...

    - Кой э, кантип таштап кетишет? 

   - Ушинтип эле... Жылда боло жүрчү жорук. Жайында мал кайтартып, короо кайтартып, анан бул жерден көчүшкөндө ашыкча жүк дешеби, таштап кете беришет.

    - Акмактар го!?.

    - Ай, анысын билбейм,-деп жылмайып койду шоопур.Баарыбыз машинанын терезесинен аларга боору ооруй карадык. А иттер болсо, ары-бери өткөн машиналарга тумушуктарын созо карашып калып жатышты.

    Акыры бир мерчемдүү жерге келгенде шоопур машинасын токтотту да, баягы ашканадан алган сөөк-саактары бар пакетин ала баштады. Ошол кезде машинанын жанына эки ит жетип келди. Шоопур эшикке чыкты. Суукка карабай кызыккан мен да чыктым. Тигилердин бири кара, экинчиси сары ит экен. Карасынын көздөрүнүн үстүндү эки ак чекити бар. Аны өз аты менен дешип, биз жакта атын Төрткөз деп коюшчу эле. Алар шоопурга  эзелки таанышындай, а тургай бир боорундай жалдырай карашып, куйруктарын шыйпаңдатышып, боортоктой калышып, кайра турушуп, ызаат көрсөтүшүп, эркелеп  жатышты. Бирок, өтө жакын келишкен жок. Тиги Төрткөздүн көзү куду эле адамдыкындай сезилип кетти мага. Ал көздөрдө кайгы да, үмүт да, жашоого болгон кайраттуулук да бар окшоду. Тиги  сарысы Төрткөздөн нары туруп, куйругун шыйпаңдатканы менен көздөрү менен көп да тике карабайт экен. Аңгыча, биздин шоопур баштыкты оозун ачып, акырын жолдун четиндеги кардын үстүнө  койду. Мен : «Мына азыр тамаша башталат... Тиги пакеттегини кызганышып, көбүрөөк үлүш алыш үчүн эки ит бири бири менен өлбөгөн жерде калып, талашты башташат...», -  деп күттүм эле, андай болбоду. Кудая тооба, баарыдан да кызыгы Төрткөз  сарысын карап койду эле, ал шып эте алдыга өтүп, пакетти төкпөй, оозунан капшыра тиштеп, нарыга жөнөсө болобу! Андан соң Төрткөз бизди акылдуу көздөрү менен бир карап алды да, тигинин артынан түштү. Мен оозумду ачкан бойдон таң калып кала бердим.

  - Кеттикпи? - деди шоопур, аңкайган мени эсиме келтирип.

   - Ооба, кеттик... - дедим мен машинага жакка басып. «Эх, муну билгенде тиги ашканадан эки порция эле тамак алып алсак болмок экен... -  дедим ойго батып - Көп болсо үч жүз сом болот эле да...  Байкуштар...»

      Машинанын ичинен чыкпай терезесинен байкап отурушкан тиги сапарлаштар не ойдо калды билбейм. Жол бою бирибиз да бул боюнча лам деп ооз ачкан жокпуз...

    Кантсе да кайра келе жатканда атайын ушулар үчүн Бишкектенби, же жолдогу дүкөндөрдөнбү бир нерсе алып келишим керек экен деп бекип бараттым. Эсимден чыкпаса экен. Ай ким билет. Кээде бир нерсеге убагында боор оорумуш болгонубуз менен бат эле унутуп калмай адатыбыз бар адам элек, бу  сапар андай болбосо экен! 

21-декабрь 2012-жыл.

Картина дня

наверх