На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Чал баратат

Чал баратат кол араба айдап алган.

Пенсияда. Жаш  берсе Кудай таалам,

тайбаса күчтөн-алдан,

дагы далай жашоого үмүтү бар.

 

Дагы далай жашоого үмүтү бар,

Чал баратат кол араба айдап алган,

Көздөрү казанында кайнап калган,

Жанына жарты нанын байлап алган…

 

Ушул чал азыр мүргүп карып калган,

Кыйчылдак үн чыгарган арабачан

Өрт болуп жаш кезинде күйүп турчу,

Жарыгы  жака-белге тийип турчу.

 

Жаштыктын жашылданган белесинде,

Кылыч болуп шилтенгени элесинде.

Өз жанын кыюуга да кайыл эле,

Жетүүгө коммунизм сересине.

 

Ал заман өттү-кетти түш сыяктуу,

Бул мезгил белден басты курч туяктуу.

Жанына батып турат, ачыштырат

Жалгыздык жана жоктук мурч сыяктуу.

 

Каршы туруп баарына...  ажалга да,

Жеткенине сүйүнүп аткан таңга.

Чал баратат араба айдап алган...

Кайыл болуп көнүп бүткөн жокко, барга,

Жол бошотуп койгула алсыз чалга!

 

Картина дня

наверх