Сен дагы кызык экенсиң,
Мен дагы кызык экемин.
Ортобуз карыш жер туруп,
Ойлойбуз: "Кантип жетемин?.."
Сен чыксаң бекип үйүңөн,
Мен чыксам секин үйүмөн.
Жолуксак: Айга, жылдызга,
Жол салмакпыз сүйүүдөн...
Мен мында күйүп жатамын,
Сен анда сүйүп жатасың.
Ортодо аруу Ыйман бар,
Ошол ак Сүйүү жашасын!
Коңшу кызга
Понравилась статья? Подпишитесь на канал, чтобы быть в курсе самых интересных материалов
Подписаться