Свежие комментарии

  • Айтмырза Абылкасымов
    Ырахмат!Досторума кайрылуу!
  • Ali. 123
    Би-ир жолу адашып ушул сайтка киргенмин,кийин кайра таппай калгам. Эми мен да байма-бай кирип турам.Мага аябай жакты....Досторума кайрылуу!
  • Бауыржан Карагызулы
    Тамаша!Коңшу кызга

Ысык-Көлдө эс алып...

 

Кудай буйруп ушул азыр көлдөмүн,

Күнгө күйүү, көлгө чумкуу- көнгөнүм.

Балбырабай чымыр тартып бүт денем,

Баарынан да тотуккандай өңдөрүм.

 

Адаттарым ада болду ышынма,

Аруулук бар ичимде да, тышымда.

Ар кандай бир сыркоолуктан кутулуп,

Адамдардай жүрөм эми кышында...

 

Оорулууга даба болгон нечен миң,

О, Ысык-Көл, сооканасы мекендин.

Көралбастар азгырса да, аялды

Көлдөн алып ырас кылган экенмин.

Оттук айылы.

Картина дня

))}
Loading...
наверх