На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Көч

                                                     Атам Абылкасымдын арбагына багыштадым.

 

    Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Кечигип болсо да көргөн төрт-беш жашар уулун жасалгаланган тайга мингизип, өзү алчактаган ат менен коштоп жетелеп алган. Кырк жаштарга таяп калган мезгили.
-Ата-оов!
-Оов!
-Тээтиги мине?
-О тилиңен атаң айлансын, ал-жору, уулум!
-Ата-оов!
-Оов, садагам!
-Тээтиги мине?
-О айланайын, булбулум менин, ал-жору, алтыным!
-Ата-оов!
-Я-оо, берекем менин!
-Тээтигини мине дедиң?
-Аны-жору дейт,каны-жаным. Азыр конуп отурат. Анан учуп кетет.
-Ата-оов!
-Оо, өпкө, боорумду чабайын!
-Тээтиги дагы деле отурат го, ал мине эле?
-Ушу сени берген кудайыма ыраазымын эрмегим менин, ал-жору, тегеренейиним!
-Ата-оов!..
-Оов!..

Ошондон отуз жыл өткөндөн кийин.

Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Өзү баягы атасынын курагында. Атасы ак күп болуп карыган. Бирок, атасын ушунчалык сыйлаганы билинип турат: Атты мыкты жасалгалап мингизип, башына кундуз бөрк, үстүнө карышкыр ичик, бутуна булгары маасы кийгизип, өзү коштоп жетелеп алган.
-Улум!
-Оов, ата!
-Тээтиги мине?
-Ал-жору, ата!
-Уулум!
-Оов, ата!
-Тетигини мине дедиң?
-Кайсыны? Э аны жору дедим го.
-Уулум!
-Я?
-Тээтиги мине экен?
-Сообу? Ой, аны эми эле жору деп айттым го?
-Уулум!
-Я. Дагы мине болуп кетти?
-Тетигинин мине экенин айтып койчу, айланайын уулум?
-Эй, алжыган чал, ал-жору, уктуңбу? Жору, жору!
Атанын башы шылк этти.
-Токтот атты, уулум!
Атасы аттан түштү. Көч токтоду. Баарысы айран. Сырткы кийимдерин чечти да, баласынын бут алдына ыргытты.
-Ме, уулум, сыйыңа ыраазымын. Сен менин үч-төрт жолку суроомо жооп бергенден жадап кеттиң. Сен бир нерсени жүз жолу сурасаң да ичим элжиреп жооп берчү элем. Сен сый деп түшүнчү бул чирик дүйнө, даамдуу тамак-аш, тетиги бөрү богу адамдын көңүлүнүн алдында сары чакага турбайт, уулум...
…Уулу камчысын мойнуна салып, көздөрүнөн жаш агып, кечирим сурап турду. Өткөн өмүр көчү уулунун да, атасынын да көз алдынан чууруп өтүп турду. Буга күбө калкылдаган эл жардап карап турду…

13.05.2006-жыл.

Картина дня

наверх