На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Айтмырзанын айткандарынан...

Ысыгы кана?

  Айтмырзалар Бишкекке баратып, жолго нан-пан алып алуу үчүн Таш-Көмүрдүн базарына киришет. Нарыда өзбек кыздар нан сатышып, бериде кыргыз кыз-келиндер жарма, бозо сатышып турушуптур. Нанга жакындашканда эле нанпуруштар:

-Маникини алиң, маники ис-сык…-дешип эле үйүлүшүп калышты. Алардан нан алышып, араң суурулушуп чыга келишсе, беридеги жарма, бозо саткандар ороп алышты:

-Бозо ичиңиздер…

-Жарма ичиңиздер…

-Меники-муздак…

-Жо-ок, андан меники муздак…

Акырында жадаган Айтмырза үнүн бийик көтөрүп:

-Ой, токтогула чурулдабай…-деди эле, баары дым боло калышты.

--Деги өзү кандай үйрөнбөгөн немесиңер? Ана, тиги өзбек кыздар: «Маники ысык,»дешип жакшынакай эле сатып жатышат. Силер болсо:«Меники муздак,»деп жар салсаңар, анан аныңарды ким алат? Базар ичи тынч болуп калды. Айтмырзалар чыгып кетишкенден кийин гана сөздүн маанисин түшүнүшкөн немелер базарды жара көпкө каткырышып жатышты.

Уяты жогу ким?

Бишкектеги «Аламүдүн» базарынан бир костюм алганы жаймаларды аралап баратса эле:

-Байке, муну көрүңүз.

-Байке меникин алыңыз… - дешип эле сатуучу келиндер бура бастырышпайт.

Бир костюмдун баасын сураса:

-700 сом-дейт.

-Мындан арызаны жокпу?-дейт Айтмырза.

-Алсаңыз, түшүрүп берем,-дейт сатуучу келин.

Нарыдан дагы башкаларын көргөнү басайын десе:

-Ушуну алыңыз, түшүрүп берем,-деп эле алдын тороп туруп алат.

Ошондо Айтмырза мындан кутулуунун айласын кылып:

-Канча сомго түшүрүп бересиң?-дейт алиги келинге.

-Элүү сомго түшүрүп берем,-дейт алиги келин.

-А канча сомго биротоло чечип бересиң?-дейт Айтмырза такып сурап.

  Ал бир азга таң кала карап туруп, анан сөздүн маанисин түшүнө калып:

-Обще уятыңыз жок экен!-дейт алиги келин кызыраңдап.

-Ой, айланайын, «50 сомго түшүрүп берем эле, түшүрүп берем,»деп жабышып, бура бастырбай жаткан сенин уятың жокпу, же «кой эми көңүлү калбасынчы», деп соодалашып койгон менин уятым жокпу?

Келин өзүнүн катасын сезип унчукпай калды.

Картина дня

наверх