На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Дарга алдындагы акыркы сөз

                                            «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат...»

                                                                                             Эл сөзү.   

   

    Күн түшкө жакындаганда шаардын чок ортосундагы базар аарынын уюгу быякта эле калып, уу-дуу улам күчөгөндөн күчөп эле жатып калды. Айтылуу чыгыш  базары! Мына ушуну базар деп айтса болот! Кымкууттуктан баш адашып, ар кандай добуштардан кулак тунуп, бирок  баш-аламан, аңтар-теңтер болуп жаткансыганы менен, байкап, астейдил зээн салган кишиге бул базардын өз ыргагы, өз тартиби бар болуп, азыр да ана ошол адатынан жазбай, алымчасы да, кошумчасы да жок, демейдегидей эле өз ирети менен жүрүп жатканын байкоо кыйын эмес эле.

  Мына ушул  баш адашма, бирок бузулбаган ыргакты  хандын жарчысынын жарыясы бузуп койду.

 -  Эхе-хей, ээ,  адамдар! Укпай калдым дебегиле, хан жарлыгына кулак салгыла! Мына бүгүн шаршемби күндүн бешим намазынан кийин Хан ордо аянтында  кылкыйма ууру өлүм жазасына тартылат. Мына ушу тамашага баарыңар келгиле, эхе-хекей эй, адамдар! – деп, анын ар бир айтканын ээр кашына илинген добулбастын үнү коштоп, базардын баш-аягына чыкканча  кайра-кайра кайталап жатты жарчы.

  Соодалашып аткандар соодасынан алаксый калышып, кыйкырышып аткандар кыйкырыгын, жакалашып аткандар мушташын токтотушуп, жарчыга аргасыз кулак салышып, баркылдап кайнап жаткан казан кайноосун токтоткондой  бүткүл базар саамга дым боло түштү. Бир гана ал жерде  бирөөлөргө жалданган кулагы керең  бирин-экин  дүлөй  кызматкерлер менен «кисабир» деп аталчу чөнтөкчүлөр гана буга көңүл бурушпай, өз иштерин кызуу улантып жатышты.

  Качан гана  жарчынын жарыя айткан үнү алыстап барып басылган соң, базар ичи кайра мурункудан да  калыңыраак дууга толуп чыкты.  Адамдар арасында: « Ал ким, кайсы ууру?» – деп бири-биринен сурагандар мындан көп. «Ий, акыры колго түшкөн экен да, жаны жок!..» - деп табалагандар андан көп.  

* * *                                                                                                                                        

   Хан ордо аянттагы  мурдатан боло жүрчү ордуна бийик секи жасалып, анын  ортосуна дарга орнотулган. Анын бир  жаккы четинде баталгыга  адамдын башын койдуруп туруп,  мойнунан кыя чапчу балта тике чабылган бойдон турат. Анын экинчи атырабында устун орнотулган. Ал устунга күнөөкөрдү таңып туруп, же өртөйт, же ташбараңга алат.

   Бул көрүнүш адамдын аңын учуруп,  көөдөнүн мыжыгып,  дене-бойду дүркүрөткөн мындай окуяга алгач туш келип калгандар тургай, мурдатан көзү көрүп, буга окшогон өкүмдөрдүн ишке ашырылышынын бир нечесине күбө болгондордун деле жүрөгүн бир болк эттириши  бышык эле.  

   Мына ушунун өзү эле бүгүнкү күнөөкөрдүн күнөөсүнүн өтө салмактуу экенинен кабар берип тургансыйт. Болбосо, мурунку өлүм жазасына тартылгандарга булардын бири гана орнотулуп,  ошол аркылуу гана  өкүм ишке ашчу эмес беле.  Ал эми азыркы үч эселенген коркутуучу көрүнүш  менен жалаң эле күнөөкөрдүн күнөөсүнүн оорлугун көрсөтүү эмес, мындагы турган элдин да үрөйүн учуруп, жан сезимине сез көрсөтүп коюу мудаасы да бар шекилди.

  Аянтка эл жыкжыйма толду.  Бул өкүмдү жүзөгө ашырууну  уюштурган көзөлдөрдүн дээрлик баарысы (хандан бөлөгү) атайын жасалган бийик минбардан* карап турушту.

  Аңгыча эле аянттагы эл толкуй түштү да, «алып келатат!» деген кабар ооздон кулакка, андан кийинки ооздордон дагы кулактарга укмуштай тездик менен тарады.  Аянт дуулдай баштады.

  Алдында эки сакчы жылаңач  кылычтарын кармап, эки жагында ондон сакчы найзалары менен коргоп, ортодо бул өлкөгө, бул өлкөгө гана эмес, коңшулаш мамлекеттерге да таасири тийген белгилүү ууруну коштоп келе жатышты.

  Алар секиге жакындай баштаганда:

 -  Айланайын, балам!..- чыңырган аялдын үнү кулактарды  тешип, анда тургандардын мээлерин көзөп өттү.-Мен кандай айла кылам?  Сенсиз мен кантип жашайм?..

Аял жүткүнүп, тигилерге карай  кол сунуп жөнөдү. Бирок ага жеткирбей сакчылардын бири четке түртүп жибергенде,  карыган алсыз неме боюн токтото албай чөгөлөп,  бир колу менен жер таяна дагы турууга обдулганда,  аялдын кийген көйнөгүнө өңдөш башындагы кара шайы жоолугу жерге шыпырылып, аппак чачтары апсайып, жүзүн он талаа жаш чайып, көздөрү аңтарыла жаздап турду.

   Бул шордуу аял ошол уурунун энеси эле.

  Жакын  турган боорукер бир-экөө энеге жардамдаша колтугунан сүйөшүп,  тургузганга аракет кыла башташты.  Бараткандар саамга токтоп калды.

   Уурунун жүзү дирт деп барып, ташка айлангандай катып калды да, бир ирмемден соң:

- Менин бир азга колдорумду чечип койгулачы, тиги буркурап ыйлап турган энемдин жаш толгон көздөрүн оюп, «балам,балам!..» деп турган тилин суурап алайын!.. – деди кыйкырып.

 Бул сөз ошол жерде угуп тургандардын  үстүнө чагылган түшкөндөн да шумдуктуу таасир калтырды.

- Ой, акмак! - дешти кээ бирлери.

- Ой мыкаачы, айбан! - дешти экинчилери.

- Ой жырткычтын жырткычы, энеден туулбай өл! - дешти көпчүлүгү.

 - Өл!.. Өл!.. - дешти аны коштоп калгандары.

Ал эми мындан да ачуу, мындан да жаман сөздөрдү таба алышпагандары  көздөрү менен атып жиберчүдөй болушуп,  үн кошпой  турушту. Болбосо...

-Ооба, мен өлөм, - деди ууру безирейип, баратканын токтотпогон тейде үнүн катуулатып – бирок, ушул менин өлүм алдындагы сөзүм башкаларга сабак болсун, угуп койгула!

- Сенин сөзүңдү ит уксун, эне безери! –деп кыйкырды топтун ичинен бирөө.

-Туура. Укпайбыз! - дешти көпчүлүк.

- Жок, айтсын да, – деди дагы бири – сабак болсун деп атпайбы?

-Уурудан не сабак?..- деди нарыдан башкасы.

 - Адамдын өлүм алдындагы акыркы сөзүн угуу -  илгертен келаткан нарк! Андыктан, угууга тийишпиз, -  деди бирөө катуу үн салып. Баарына макул келди окшойт, унчукпай калышты.

-Айтсын, айтсын...-деди ошердегилер.

  Тиги минбардагылардын эң өтүмдүүсү бир нерсе деп тиги жарчыга башын ийкеп койду эле, анда турган жарчы:

-Азирети миң башыбыз  жалпы калктын талабы үчүн акыркы сөзүн айтканга ууруга уруксат берди, ушул улуу затка калк талабын, суранычын эске алып, уруксат бергени үчүн  миң мертебе алкыштар болсун! –деди да, ага башын ийип таазим кылып, анан: 

 - Кана, эмне сөзүң бар эле,  көрпенде?  Айт, айтып кал,  айта турган сөзүңдү, - деп ууруга кайрылды.

  Ошол учурда ууру да коштогондор менен секиге чыгып,  дарга астына келип, кылкылдап турган элдин баарына дайын көрүнүп калган эле.

-О эл-журт, о калайык! - деди ууру турган элди сыдыра карап – Мен билем эненин ыйык зат экенин. Мен билем тогуз ай ичинде көтөрүп жүрүп төрөгөн соң, түн терметип чоңойтоорун. Мухамбет пайгамарыбыздын «бейиш - эненин таманынын астында...» деген улуу сөзүн далай ирет эшиткенмин.

(Анын үнү бир аз калтаарып барып, кайра кайраттуу чыга баштады.)

Бирак да, ушул азыр ошол чын жайга сапар алганы туруп, «неге энеңе катуу сөз айттың анда?»,- деп турганыңарды да билемин. Анда кеп башынан болсун...

   Менин анда 5-6 жашар кезим эле. Жашообуз орто. Оокат-ашыбыз башкалардан өйдө болбосо да, кем эмес болчу.

   Бир күнү  ойноп жүрүп, коңшунун малканасына кирип калып,  ат акырдын ичиндеги он чактыдай жумуртканы кокустан көрүп, аны эч кимге көрсөтпөй, этегиме салып жашырып, үйгө алып келип, ушул турган энеме берсем: «Эч ким көрбөдүбү? Азаматым, айланайыным! Сен мени багат экенсиң...» - деп, сүйүнгөнүнөн көз жашы кылып, анан алардын жарымын кууруп, мага да жегизип, өзү да жеп, калган жумурткаларды катып, кийин да тамакка  пайдаланган эле. Мына ошондон баштап, ал коңшунун тоокторунун жумурткалары биздики болду. Ага алымсынбай башкалардыкына да кире турган болдум. Бара-бара тоок уурдаганга өттүм. Анан улак, козу, кой... Ошентип мына ушу абалга жеттим.

   Өзүңөр калыс болгула, о, калайык, ошондо ушул энем азыркыдай ыйлап, уурулук жаман экенин каңкакшап айтып, урушуп, жумурткаларды коңшуга кайра бергенде, мен ушул өнөрдү улантат  белем?.. Мына ошону үчүн  ошол кезде сүйүнгөнүнөн ыйлаган,  азыр жалгыз уулунан ажырап атып, күйүткө батып ыйлаган энемдин көзүн оюп алайын дегеним, ал эми азыр «балам» деп боздогон, ошол жумуртка алып келгенимде «азаматсың!» деп мактаган тилин сууруп алайын  дегеним - ошондон го!

   Турган эл дым болуп калды.

   Ошондо минбар тараптан жанагы миң башы дегенден үн чыкты:

-Эй, наисап*! «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат»,- деген чын. Эми бардык кылган күнөйүңдү, карыган энеңе оодара салып, ак болгуң барбы, ыя, газзап*?

-Жок, –деди ууру – ооба, күнөөм башыман ашкан. Өзүмдү өзүм эч качан актабайм дагы. Анын азабы болсо тартаармын! Мындан эч ким качып, кутулган эмес...

   Ооба, мен-уурумун! А бирок, силер менден да өткөн уурсуңар го! Айырмабыз эле силер караламан калктын ырыс-кешигин, терисин  шылуу менен өмүр бою билдирбей уурдап келесиңер,  ошондуктан, силер бүгүн даргага тартылбайсыңар. Анткени, бийлик силердин колуңарда. Мен болсо силер  калктан көмүскө уурдаган ошол дүнүйөнү силерден алып койгонум үчүн, азыр дарганын астында акыркы сөзүмдү айтып жатам... Силерге да менин башыма түшкөн күн  бир күнү келет, чоң уурулар! Ошондо кантээр экенсиңер, ха-ха!

Ууру карс-карс эте шаңдуу күлүп жиберди.

-Эмне дейт? Тарткыла даргага ууруну!-деп чаңырып жиберди менменсингенин заматта  жоготуп алган миң башы.

Кернейлер күпүлдөп, добулбастар дүпүлдөп, экөөнүн тең андан кийинки  сөздөрүн угузбай, алардын үнү басып кетти.

  «... минбарда отургандардын баары-ууру!..»

  Ушул сөз ошол жерде ооз жүзүндө айтылбаса да, аң-сезимдерде миң кайталанып, Хан ордо аянтынын чегинен чыгып, жел менен кошо шаардын көчөлөрүн аралап, ар бир үйдүн эшигин кагып, ичкери кирип, шамал менен шаардан учуп чыгып, быягы тоо менен кокту-колотту аралап, тыягы талаа-түзгө тарап кетип жатты.

   «Эл башчылардын баары-ууру!..»

   Эки көздүн ордунун гана тешиги бар  чүмбөт кийген  зоңкойгон желдет уурунун башына  да капкара нерсе каптады да, мойнуна сыйрмакты салып, адамдарды даргага асып жедеп көнгөн адатынча, шыр дегизе тартып жиберди. Уурунун узун да, келишимдүү айбар  денеси  абада асылып калып, бир-эки толгонгон соң, сулк туруп калды...

* * *

  Асманда бир бүркүт  баятан бери ушул окуянын жүрүшүнө бийиктен көз салгансып, айланып учуп жүрөт эле, ошол кезде ачуу үн сала  бир «к-якк!» этти да, Чаткал тоолору тарапка кайып кетти.

_____________________________________________________________________

* минбар-жалпы элден айырмаланып,  сүйлөө үчүн, же көрүнөө отуруу үчүн жасалган бийик секи.

* наисап – нысапсыз, нысабы  жок.

* газзап – кесеп, кески.

Картина дня

наверх