![]() |
Айтмырза Абылкасымовдун көркөм дүйнөсүЭч ким мени: " С. Эралиевсиң, Ч. Айтматовсуң, Т. Абдумомуновсуң..." - дебес, Анткен менен аларың деле А. Абылкасымов эмес!.. |
Ачка болдук, ток болдук,
Араң жүрдүк, шоктондук.
Акыл абдан кеч келип,
Азыр бир аз токтолдук.
Сүйдүк дагы, сүйүлдүк,
Сүйлгөнгө сүйүндүк.
Жетип азга кубансак,
Жетпей көпкө күйүндүк.
Шамдай өчүп, жагылдык,
Жалындырдык, жалындык.
Эстүүсүнүп кээ бирде,
Эң көп жолу жаңылдык.
Тактай сындуу таарылдык,
Таарынттык да, таарындык.
Белгисиз жүрүп көп жылы,
Беш-он күнчө таанылдык.
Жаш баратат өйдөлөп,
Жашоо татаал, көйгөй көп.
“Тагдыр кайда өзгөрөт?..”
Так ушул көй өйүйт тек...
С вашего аккаунта зарегистрирована подозрительная активность. Для вашей безопасности, мы хотим удостовериться, что это действительно вы