На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Карыганда...

«Наалыкчыл болот, -  дешет – карыганда».

Недендир себеби жок таарынганда,

Наржөн бир сөздөрдү айтып, наалып калсам,

Нааразы болуп турган баарыңарга,

Анымды кечиргиле, алтындарым!

 

«Алсырап калат, - дешет – карыганда».

Алкынып жүргөн сымал алым барда,

Баса албай калып кээде тушоо аттай,

Бараткан түз жолумда чалынганда,

Шылдыңдап күлбөгүлө, алтындарым!

 

«Көздөн да калат, -  дешет -  карыганда».

Көз тигип калсам эгер тааныганга,

«Көксө чал көксөп атат меникин», -  деп,

Күмөндүү карап дагы жарыңарга,

Шектенип жүрбөгүлө, алтындарым!

 

«Тиш түшүп калат, - дешет -  карыганда».

Туш келип араңарга  шарыңарда,

ырымды окуп калып, кээ сөздөрдү,

туура эмес айтып алсам, баарыңар да:

«Тантыбай, токтот!..» - дебе, алтындарым!

 

«Кулактар оор тартат карыганда…»

Сөз сурап калсам эгер жаныңарда,

«Бир сөздү миң айттырат… койчу сен…» - деп,

Катуу сөз айтып дагы чалыңарга,

Кагып-силкип жүрбөгүлө, алтындарым!

 

Кантсе да мезгил шумдук… өтөт... кетет...

Карылык силерди да кууп жетет.

Ошондо жаш муунга мен сыяктуу,

Ой айтып турушсун деп эптеп-септеп,

Жараткан өмүр берсин, алтындарым!

Картина дня

наверх