На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Ким ким?

 

      Ошондо жаз эле. Али талаачылык жумуштары баштала элек кез. Кыштан аман-эсен чыккан бирин-экин кара малды, он-он бештен кой-эчкилерди падага кошкону айдап чыгып, анан кезүүгө чыккан баланын алдына аларды салып берип коюп, жаңы чыккан көккө тончон, же ичик кийген кээлерибиз секирин гана жамбаштай жатып алып, кээлерибиз нарыдан жалпагыраак таш алып келип, анын үстүнө көчүк басып, кээлерибиз таяктарыбызга сүйөнүп туруп, үйдөгү кыжы-кужуларды унутуп, «ун байып калды…», «баланын мектепке кие турган жаз кийими жок болуп атса, жанагы ата-энелер взносу деген балекетин суратып дагы мугалими кагаз бериптир…», «баяга карызды сурап дагы келди…» деген жана башка, дагы ушул сыяктуу түк түгөнбөөчүдөй, учу-кыйыры көрүнбөгөн, бирок, ушулардын баарына жедеп көнө түшкөн биз, ошол кыжалатыктарды бир аз болсо унута түшүү үчүн маек курабыз.

-Ушу бизде, кыргыздарда, кызык эле эй… Мындай жорук башка элдердин биринде да кезикпейт болуш керек,-деди чеченирээк бир мугалимибиз- Эми казак туугандарда эле боло калбаса. Чын эле ойлоп көрсөң: балага өз атасы менен энесин «ата». «эне» дегизбей, жашынан атасын түндүктө «байке», түштүктө «аке» дегенге, энесин болсо, «жеңе» дегенге көндүрүшөт. Ошол балдар «ата» деп чоң атасын, ал эми «эне» деп чоң энесин атап чоңоюшат. Ушул нерсе улууну сыйлоо, кадырлоо жана барктоо катары түшүндүрүлүп, мунун качан башталганы белгисиз болуу менен катар эле, ушул 21-кылымга да кирип келди, тооба. Балким, мени менен пикир келишпеген бирөө  жарым чыгып:

«Э жо-ок. мен атамды  «ата», апамды «апа» эле дейм»,-деп каяша айтаар. Мен ага макул болуу менен бирге эле эскертип койгум келет:

-Улуу урматтуу досум, мен «ата» дегениңе макулмун.

Бирок, энеңди сен башкалардан айрымаланып «эже» дейт турбайсыңбы? Дегеле көөнө түрк тилинде, ошонун ичинде кыргыз тилинде да, «апа» деген сөз өзүнөн улуу ургаачы бир тууганына карата айтылган,-дейм мен. Ошондуктан, анын бетин кудай нары кылсын, ошол сен «апа» деп жүргөн адам көз жумса, «апа» деп эмес, «эне» деп өкүрөрүңдү унутпа! Ал эми эжең көз жумса, «апа» деп өкүрөсүң, баатыр.

-И аны айтасың. Азыр атасын «папа», апасын «мама» дегендерди кантесиң, агай?-деди сакал-муруту суюк Түрсүналы-Ана ошолор, какирас агайлардын балдары… Биз жаш кезде «папа» деп ысыкты, «мама» деп абабыздын кемпирин айтчы элек. Азыр эми «кыргыз тилин өнүктүрөбүз» дейсиңер-у, кайра маалимдер өзүңөр орусчага үйрөтөсүңөр. Же туура эмес айтамбы?

-О аның туура дечи. Ол ошо баягы совет мезгилинин калдыгы болуп калбадыбы, чиркин!…

      Бир даары муну «туура» деп, бир даары муну «болбойт» деп, анан ошол совет мезгилин тамшана кеп кылып, кайра эле жанагы жогорку бийликтегилерди, президентин баш кылып, премьер-министрин төш кылып, спикерин дагы бир нерсе кылып сындап бүтүп, бугубузду чыгарып алгандан кийин, анан ушу ата-бала маселесине, ага аралаштырып тил маселесине түшүп кетип, бир топ айылдаштар кой паданы чыгарып коюп, бир аз да болсо маектешкени отурган элек. Адатыбызча баарыбыз бир нерсени билген кишидей болуп, кайсы бир жерлерден уккан, же укпасак деле өзүбүз чыгара койгон «мисалдарды» келтирип, бирибизди-бирибиз колдоп: «ии ошону айтсаң» деп сүрөп отурган элек.

    Ошондо мезгил жаз эле. Ар бирибиз бирин-экин кара малыбызды, майда жандыктарыбызды айдап чыгып, падага кошуп, анан чоң атпайды айыл өкмөтүнөн баштап, акимин кошо, губернатору менен бириктирип, а тургай мамлекет башчыларын бирин калтырбай шыбап, алардын кемчилдиктерин чукуп, үй-бүлөсүндөгү айыптарынан бери

даршан кылып, кудум өз көзүбүз менен көрүп тургандай,

бирге аралашып жүргөндөй, айткандарыбыздын баары жүз пайыз чындыктай кылып, күндөгүдөй эле соктуруп жаткан элек. Аңгыча эле нарыдан:

-Ата-оов!- деген үн чыгып калды. Үн салган бала баятан бери сөзгө көп кошулбай отурган Кимсан акенин небереси экен. Кулагы бир аз базмын эле жарыктык кишинин укпадыбы десек, уккан экен:

-Оов!-деди.

Атасынын үнүн уктубу, же жокпу, алиги жаш бала дагы:

-Ата-оов!-деди.

Кимсан аке дагы:

-Оов!-деди.

Алиги бала топко жакын келип, дагы бир жолу:

-Ата-оов!..-десе болобу. «И-деп ойлоп жибергенге үлгүрдүк кээлерибиз-небиресинин да кулагы чатак окшойт-ов?»

-Оов, мине дейсиң, уулум?-деди Кимсан аке бейкапар, ичи элжирей небересин карап. Ошондо небереси мине дейт десең кысталак:

-Сени чакырып атырымбы? Өзүмүн атамы чакырып атырым. Ата, сизди апам «тез келсин» деди,-десе болобу.

Кимсан аке эле эмес, ошерде отурган баарыбыз кызык абалда калдык. Көрсө, Кимсан акенин улуу уулу Ашым да ошол жерде отурган экен. Баарыбыз ага жүз буруп, ыржая карадык. Ашым жер чукуп эле отуруп калды. Наристеде эмне күнөө ал чоң атасын эмес, өз атасын чакырып жатыптыр да. Кимсан аке байбичеси дүйнөдөн кайткандан кийин үйлөнгөн аялынан көргөн эки-үч жашар баласын «ата» дедиртсин да, туурабы?..

   «Э жакында кош чыгат. Жерди мине менен айдатасың? Урукту кайдан аласың?»  Биз болсо чоңдорду күч жеткинче, жер-жеберине жеткире согуп, биздин ушул көртиричилигибиздин жетишпегендиктерине ошолор гана күнөөлүү экенине жүз пайыздан да көбүрөөк ишенип,      мурунку совет доорундагы байгерчиликти дагы бир жолу ыйлабасак да ыйламсырап, тамшана эстеп, үйлөрүбүзгө тарап баратып: «Ой, кысталактыкы  ой, Кимсан акенин небиреси атасын таза тууралады-ю. Меники антпес бекен? Ай ким билет ушул заманда…» деп ойлонуп коебуз дагы.

Картина дня

наверх