На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Аңгемеге анализ

 - Сиздин гезиттерге чыккан бир-эки  аңгемеңизди окуп, жактырып, дагы бар болсо, биз да басалы дедик эле,-деп кеп баштады столдо отурган үчөөнүн бири.

 - Булар биздин редколлегия мүчөлөрү,-деп тааныштырды ал.

 - Башкалары да бар,-дедим мен. Анан папкемен эки беттен турган бир аңгемемди столго коюп, алар жакка жылдырып койдум.

 - Аа жакшы экен, - деди көзү жымшыйып, мурду барбайган  экинчиси, тиги жымшык көздөрү менен сүзө карагансып. «Жараткан жасап жатканда көздөр менен мурундун пропорциясын сактабай калган экен да...» деп ойлоп койдум.

 - Кеп аңгемени жазышта жана аны басмага чыгарышта эмес,- деп кеп баштады тиги жымшык көз, чоң мурун - анын журтка жугумдуу, окурманга угумдуу болушу абзел... Ал ушинтип кебин уйкаштыра улады.

Мен ага макул экендигимди баш ийкөө менен билдирдим.

 - Сиздин аңгемелериңизде каармандардын сырткы кейпи жакшы ачылбай калган жайлары бар экен. Мына ушул кемчилдикти эске алсаңыз дурус болор эле, - деди бая сөздү биринчи баштаган чийкил чекилдек, али столдун үстүнө койгон аңгемемди бир да карап коё элек жатып. «Ии гезитке чыккандары боюнча айтып жатса керек да...» деп ойлоп койдум мен. Ал өзү чийкил жүздүү, сүйлөп жатканда үстүңкү эринин анда-санда жалап койчу адаты бар неме экен. Кечээ күнү тигинден анча эле соккондой түрү бар. Бүгүн анын башы жазганды самап турганы ачык эле көрүнүп туру.

 - Муну эске алуум керек экен, ырахмат, - деп койдум.

 - Реализм мына ушуну талап кылат, -  деди тиги жымшык көз, чоң мурун. - Анткени, көркөм чыгарманын кейипкеринин жүзү ачылбаса, ал толук кандуу образ болду деп айтуу бери дегенде эле, сабатсыздык. Ал эми сиз адабиятчы мугалим экенсиз, реализм эмне экенин башынан түшүндүрүп отуруунун кажети жоктур?!.

 - Ооба. Университетте бизге реализм, соц реализм боюнча лекцияны Салижан агай окуган, - дедим эле, тиги чоң мурун жымшык:

 - О, Салижан Жигитов кыйын болчу!.. - деп койду.

  «Өлгөндөн соң баарыбыз кыйынбыз. Ага чейин эч ким деле үзүлүп түшүп баалабайт...» дедим ичимен мен.

   Андан да ошол Салижан агайдын соцреализм боюнча лекциясынан кийин сүйлөшкөнүбүз эсиме  келди. Лекция аяктап, коңгуроо болгондо, чын ниетте Салижан агайдан коридордо баратып сурап жатпаймынбы:

 - Агай, соцреализмдин реализмден кандай айрымасы бар? - деп.  Анда ал айтып жатпайбы:

 - Ай, ал соцреализм деген жок нерсе... Андан көрө буларга алаксыбай ырларыңды жаза берсеңчи...

 (Анда жазуучу эмес, акын болом деп ыр жазып жүргөн учурум болчу. )  Совет доорунда ушинтип айтканын карап кой!..  Айран калган боюнча коридордо туруп кала бергем. Агай адатынча мыскылдуу күлүп басып кеткен. Ошол эсиме түшүп кетти.

Адабият теориясынан, анын ичинде реализм, соцреализм, натурализм...  туурасында узун сабак сөз сүйлөдү тиги чоң мурун жымшык.

 - Соцреализм ошол социализм менен кошо көмүлдү го, андыктан, ал жөнүндө кеп кылыштын кажети жок,-деп койду берки көп сүйлөбөгөн үчүнчү мүчө.

 - Жоок, жаңылышасыз, дарогой - деди чоң мурун - соцреализмдин жаны бышык, өлөрман неме. Ал алиге чейин аксакал жазуучулардын чыгармачылыгында байма-бай кездешип келет. Ал тургай жаштардын чыгармаларынан да учураткан учурлар бар...

«А байкуш соц реализм дедим ичимден - М. Горький, М. Шолоховдор менен кошо өлгөн экенсиң да. Анан Жигитов агайдын «соцреализм жок» дегенине ишенсек, анда жок нерсе да жок болмок беле, капырай...»

   Аңгемемди анализ кылганга кезек жетпей, ал байкуш да деле үстөлдүн үстүндө жатты өкүм күтүп...

Тигилер эми чет элдик адабиятка өтүп кетишти.

   Менин эсиме студент кездеги окуя келди. Анда Жунай агай  Кыргызстан жазуучулар союзунда катчы болуп иштеп аткан. Бир күнү кабинетине келе калсам:

 - Абдан жакшы келдиң. Кимден чакыртам деп жаттым эле. Сени Омор менен Майрамканга табыштадым. Алар шефке алышат. Ырларыңды көрсөтүп, кеп-кеңештерин аласың, - деди жарыктык киши. Ал ошондой айкөл адам  эмес беле ырахматы болгур... Өзүнүн окуучусу мен гана эмес, Кыргызстандагы ошол кездеги  бир топ эле жаш таланттарга жардамы тийди окшойт.

    Ал убакта, охо-хоо, Омор Султанов менен Майрамкан Абылкасымованын даңкы таш жарып, ыр жазган жаштардын кумири болуп турган учуру. Алгач эле Омор Султановго барып жолуктум. Ал ырларымды караган деле жок. Бир гана айтканы:

 - Ыр дегендин өзүнөн нур чачырап турушу  керек. Тилекке каршы азыркы кыргыз поэзиясында чачырандыларды топтоп келип ыр жасашып жатат, – деди кейигенсип. Ошолордун катарын мен да толуктай тургансып, өзүмдү ыңгайсыз сездим. Ошондон кийин ичинен нур чачып турчу ырларды жаза албаган соң, не кылам деп (нур чачып турчу ырлар кандай экенин деле жакшы түшүнө албай...) барбай калгам. Анткен менен азыркыга чейин  сезимди кытыгылап келе калган ырды айласыздан кагаз бетине түшүрмөй адатымды коё  элекмин дечи!  Ал ырлардын ичинен нур чыгабы, же быкшып турабы, аны окуган окурман билбесе, мага баары эле сонундай туюлганы туюлган...

     А баса, андан бир-эки күндөн кийин Майрамкан эжеме (эми фамилиябыз адаш болгон соң, «эжем» десем боло берет да...) барып жолуксам, ал киши илбериңки кабыл алып, арманы аттын башынан да чоң сыяктантып, өз баянын  айтып ке-еттии... Ал учурда кыргыз поэзиясына Рамис Рыскулов баштаган бир тобу «ак ырды» алып келип, аны менен жаштардын баары «ооруп», ошонун ичинен Майрамкан эжем «Эстелик сүйлөйт» деген поэма жазып жиберип, дуу болуп турган учур... Ошону айтты. Алгач аксакал акындар Темике  баш болуп каршы болгонун, анан ал  Темиркул акындын согушта болгонун, анан анда куралчан  досторунан ажыраганын, аларга эстеликтер тургузулганын сайрмердентип айтып, анан гана поэмасын окутканын, анан гана ал киши кол коюп бергенин, анан гана журналга басылганын  узакка баяндады. Менин ырым туурасында бир ооз кеп болбой аңгеме улана бере турганына көзүм жеткенде, эжемен «сабагым бар эле» деген шылтоо менен кетип калдым. Ошол ошол болду аларга барбадым. Алар да мени жоктободу.

     Бүгүн да ошондой боло тургансып, тиги  аңгемем столдун үстүндө колго алынбай жатат.

      Ойлорумдан алаксып, тигилерге кулак төшөсөм, азыркы жапан прозасындагы өзгөчөлүктөр туурасында кеп бараткан экен. Мен али атын укпаган, уксам да орусча бирин-серин чыгармаларын элдир-селдир окуган жапандардын аттары аталып жатыптыр.

Ошолордун ичинен кичине мага таанышы эки  Мураками жана Акутагава болду.  Андан бөлөк аттары тил сындыруучудай болгон Ёсимото дейби эй, Екомидзо дейби эй ушул окшогон далайларынын чыгармаларын аташты го!

    Ал эми менин байкушум жатат столдо колго алынбай...

   ...Акыры чыдабай сыпайыгерчиликти деле жыйнаштырып коюп, ордуман туруп, алар менен коштошуп, столдо жаткан жанагы байкуш эки бет аңгемемди алайын деп кол сунуп баратсам, тиги чийкил  чекилдек менден мурун ала коюп:

 - Биз муну карап чыгып, анан басалы... - деди. Мен кыйылып туруп (анан «келе эле, келе!» деп колунан жула  талашмак белем...)  макул болдум да, аларга таштап чыгып кеттим.   

  Андан бери не күндү башынан кечирди ал байкуш аңгемем, бирөө жарымы көңүл үчүн окудубу, же кол тийбей биринин устөлүнүн тартмасында, же  биринин шкабынын полкасында жатабы, мага даркүмөн... Кокустан силердин көзүңөр түшпөдүбү?..

 P.S.

  Ал эми бул аңгемемди алардын колуна бербей калайын. «Натурализмдин накта өзү!.. Же очерк эмес, же аңгеме эмес...»  - деп союп салышына  көзүм  жетип турат!.. Аларың реализмден башка «..измдерден» неге коркушат, ит билсинби!

 18-январь 2013-жыл.

Картина дня

наверх