На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Жаңы жылды күтүү ыры

 

Кел, Жаңы жыл, алыс жолду арытып,

Кел, Жаңы жыл, тозоң уруп, кар учуп...

Жаш бөбөктү да бир жашка чоңойтуп,

Карыяны да бир жашка карытып...

 

Шаркыраган дарыядай агып кел,

Шаңга толуп, Адамзатка жагып кел.

Баарыбыздын күткөнүбүз төп келсин,

Бак-таалайды ар бир жанга алып кел:

 

Ден соолук бер кеселдери оорлорго,

Дүйнө бергин маңдайлары шорлого.

Көкөлөсүн зоболосу бийиктеп,

Кадыр-барк бер карыптарга, корлорго.

 

Карапайым калк турмушун оңдоорго,

Нысап бергин эл башкарган чоңдорго.

Баарысына Ар-Намысты ала кел,

Бузулгандар түшсүн быйыл оң жолго.

 

Бороон болсун, бирок кайгы болбосун,

Суук болсун, бирок көңүл тоңбосун.

Жаманчылык жылас болуп элимден,

Жаратканым Кыргызымды колдосун!

 

Калк аралап каар учпастан, кар учуп...

Кел, Жаңы жыл, бакыт, кутка маарытып.

Мекенимди Жарык Күнгө жеткир да,

Мейли мени бир жашка сал карытып...

 

Ата Журттун Алтын Доору башталса,

Анда мени мейли койсоң карытып!..

Картина дня

наверх