На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Чыккынчылык

«Мас болуп калган аны жолдоштору бир жагы тамашага салышып,бир жагы сабак болсун дештиби, айтор,өзүнүн төөсүнө таңшып,үйүнө жакындаштырып барып, короосуна киргизип жиберишти. Карыган энеси үйдөн чыкса эле төө турат. Төөгө таңылып баласы жүрөт, шылкылдап. «Өлүп калганбы?» деп чочуган неме ыйлап-сыктап, төөнүн эптеп чөгөрүп, чечип алса, баласы ылжып мас. Аны эптеп жаткырып, эртеси баласына айтып жатпайпайбы кейип:

-Уулум, намыска өлтүрмөй болдуң го, карыган кезде! Мурункуларың аз келгенсип, кечээ төөгө таңылып келдиң, шерменде болмой болдук, кокуй!

Анда ал кайра кебелип койбой:

-Э апа, бул жигиттин иши да. Элде сөз бар эмеспи: «Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет»,деген.Күндө эле жөө келе бербейин деп кечээ, атайын төө минип келген турбаймынбы! Ага таарынбаңыз, апаке! -деп атпайбы ыржайып».

Казыбайдын жоруктарынан.

     Ар жактан кысым боло бергенденби, же табы айныганда ден- соолугун көргөн доктурдун: «Ичкенди токтотпосоңуз, аягы кайгылуу аяктайт» дегенинен корккондонбу, айтор, кыйылып туруп, ичкиликти таштаганына алты айга жетип жете элек эле.

    Мындай байкаса, ден-соолугу деле баягысындай болуп, мурунку кылыктары деле унутулуп калгандай. Анын кайра ичкиси келе баштады. Бирок, шылтоо таппай кыйналды. Анткени, айыл аксакалдарынан бата да алып койду эле. Анысынан да, мурунку  стакандаштары:«А ал ичпейт» дешкендей болушуп, көңүл үчүн сунуп да коюшпай калды. А тургай алар муну унутуп коюшкан кейипте, көңүл бурушпай жатышпайбы, кишини күйдүрүп... Акыры ойлоп... ойлоп отуруп, жакын бир досуна чын сырын айтып кайрылды. Кайрылыш дагы кеп бекен, байкуш болуп жалынып, жалбарды:

-Дос,-деди ал бир муңайым, кишинин боору ооруй турган таризде- үмүтүм сенде гана калды. Бир жардам бер, кулуң болоюн.

-Ой, мынчалык не болду?-деп, досу чочуп кетти.

-Арак ичким келет,-деди ал ыймандай сырын жашырбай-бирок, ага эч кандай шылтоо жок болуп жатат.

-Ай, аракты кечип жүрбөйсүңбү! Аялың арак саткан дүкөндүн ээси болсо, анан шылтоо-пылтоосу жок эле иче бер да каалашыңча.

-Жок, болбойт. Аксакалдардан бата да алып койгонмун го өзүң билесиң. Анан мага аяшың ичире коёбу?!.

-Э анда кыйын экен чын эле. Анан менден эмне издейсиң? Айт, кандай жардам берем сага?-деди, анын сырын чубап.

-Мен баарын пландап койдум байкеси. Менин бир күрпөң козум бар, ошону соёмун. Аяш экөөң келесиң. Анан бир шылтоо менен көл жээгине барабыз. Аракты мол алабыз. Ошол жерде сен мени арак ичкенге кыстайсың. Албетте, мен биринчисинде, чочугансып, болбой коёмун. Анан сен көп узатпай эле, дагы кыстайсың, мен болбой койсом, ошол жакын жердеги мазарга койдум дейсиң. Кудай өзү кечирсин! Мен ошондон кийин гана корккон киши болуп, ичип жиберемин. Ошондо аксакалдардын батасы менен да расчет болот. Ушуга макул бол, дос. Өмүр бою отуң менен кирип, күлүң менен чыгып жүрөйүн! Сага карап такыр башымды көтөрбөйүн!

-Ой, ушунчалык ичкиң келип жүрөбү, баатыр?-деди досу көзүн жүлжүйтүп.

-Өлөйүн, абдан,-деди ал ыйламсырап.

-Өтө кыйын жумуш экен мунуң,-деди досу-анын үстүнө мазарды да аралаштырып... өтө кыйын.

Айнып кетеби деп чочуган неме:

-Бардык күнөөнү мен өз мойнума алайын, дос. Не келсе, келген балакетти мен тартайын!…-деп безилдеп жиберди.

-Э макул анда. Эй, козуң семизби?-деди кетип баратып.

-Оу, ылайдай семиз,-деди ал-эмесе, бүрсүгүнкү жолукканга чейин... Экөө коштошушту.

   Убадалашкан күнү эртең менен эрте досунун үйүнө жетип барды. Абдан көңүлдүү. Аяшты  эптеп көндүргөн экен кайран эргул. Жеңил машинага бардык нерсени артып алышыптыр.

-Кана, кеттикпи?-деди ал шаңдуу. Булар да аялы экөө машинага отурушуп жүрүп кетишти.

   Көлдүн жээги. Бир байтүп чычырканактын түбүнө орун дайындашты. Ал буту-бутуна тийбей кызмат кылып жүрөт. Бир ящик аракты машинадан түшүрүп, жакын алып келип койду. Беркилер чочуп кетишти:

-Ой мынча аракты ким ичет?

-Мен да ушинтип айтсам, «кенен ичип-жебесе, ошол да эс алуубу, кетишинче ичесиңер, артса, алып келе беребиз», - деп тиги кожоюн болбой койбодубу,-деди аялы.

Ошондогу анын сыпайыгерчилигине сөз жок эле. Тигилерди жөн эле алаканына салып алгандай гана бөпөлөп жатты го, чиркин!

-Эт бышканча, ысылык кыла тургула, - деп шишкебеп кылып келе калабы, эй.

-Алдагыдан алып отурсаңар, сумсайбай,-деп чай көтөрүп келе калабы, эй. Тим эле меймандостуктун, сыйкордуктун үлгүсүн көрсөтүп жаткан  өңдөнөт!.. «Атаңгөрү аракты таштаганы адам болуп калган экен, ээ?»-деп ойлоп койду аяшы.

Бир кезде досу:

-Эми мынча болду, кел сен да биз менен бир жүздү алып кой,-деди азамат. «И баштады, - деди ичинен, - буйруса, биздин аралашчу мезгилибиз да жакын...»

-О жо-ок, мен ичпей койгон эмесминби? Өзүңөр эле ала бергиле мен этти карайын-деп, бир аз аялдай түштү.

 -О кой, кокуй, анын ичпей калганы качан...- деди аялы

-Э анда макул,-деди досу жылмайып.

«Эми коё тур, эмикисинде...-деп ойлоду ал-ичпей калганды

 көрөсүң, хи!..»

   Ошол бойдон муну менен эч кимдин иши да болбой калды. Эт да бышты. Чык тартылды. Алар ичип жатышты. Этти да чыгарып келди. Дагы деле эч нерсе жок. Муну унутуп коюшкан сыятуу. Өздөрүнчө каткыра күлүшүп, ырдашып, шатыра-шатман болушуп жатат. Буга сунуш кылчу, макул болбосо, кыстоого тийиш болгон досу карап да койбой, беркилер менен бейкапар ичип-жеп жатат.

Анын эстетип койгусу келди. «Балким, ичкиликтин күчү менен унутуп тургандыр...»

-Бу жакын эле жерде мазар  бар ээ, чынбы дос?..-деди досунун көзүнө үмүт менен жалдырай карап.

-Ооба, бар эмей,-деди досу- ушул жерде арак ичип жатабыз, жараткан өзү кечирсин эми. Сага жакшы дос. Эч кандай күнөө кылбай, жыргап гана отурасың,-десе болобу, жанагы эшектин мээсин жеген досу. Деди да кайрадан беркилер менен уза-ак аңгеме түшүп кетти. Күлүшүп жатат, же күлгөндөрү күлкүгө окшошсо, ырдашып жатат, же ыры кулакка жакса. Акыры досу өзүн экинчи жолу аракка шыкабастыгына анын чындап көзү жетти. Бардык дүйнө ага караңгы, көңүлсүз, туруксуз, жиркеничтүү көрүнүп кетти.

-Эй,- деди чочугандай аялына бакырып, баягы момундуктун, кичипейилдиктин изи да калган эмес эле анда-эй, дүкөндү жаппай келе бериппиз го! О кудай урган, буга арак эле болсо, болду! Келе ачкычты, мен кеттим.

-Кой, жапкам,-деди аялы.

-Атаңдын башында жапкансың. «Чапкам»,-деп коет. Кайда жабасың! Келе ачкычты дейм.

Аялы ишенип, ишенбей ачкычты кармата салды. Баарысы калды. Машинанын ачкычын да таштады. Дүкөн менен ал жердин ортосу итабар жол экен. Ал чарчаганына да кайыл эле. Эптеп жетти. Жетти да, ачты дүкөндү. Кирип эле кайсалай түштү, каапырдыкы!..

  Идиш таппай жатты. Акыры тапты. Стакан жок экен. Сатууга коюлган кичинекей кастрюлдардын бирин алып, бир бөтөлкө аракты ачып куйду да, эки кулагынан кармап туруп, бир дем албай тартып жиберди. Тартып жиберди да, үшкүрүп отура кетти. Бир эсе ыйлагысы келсе, бир эсе каткыра күлгүсү келди...

  Анын ичкиликти таштагына ушул күнү кечке жетсе, алты айга толмок эле...

4.06.2006-жыл 

Картина дня

наверх