На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Super.kg сайтынан ырлар

Бекболот Сарыбаев (historic)

Мен киммин, мен бир акын жаман сары
Колунда койкоңдогон калам сабы
Энекем эптеп төрөп койсо керек
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны
Б.Сарногоев.


Мен киммин, мен бир адам акын сөрөй
Мээмде сөздөрүм аз, башым кедей
Жүрөккө жакыныраак бир ыр жазсам
Жыргаймын ырларыма башым жөлөй

Ташкындуу талант жок деп кайгырбадым
Таасындуу сөз издөөдөн айрылбадым
Турмушта мен өзүмдү таптап келем
Таш жарган ырын окуп Байдылданын

Ыр менин бүткүл байлык, алтындарым
Ырдан эч көңүлүмдү калтырбадым
Ырсайып каткырмакмын, кубанмакмын
Ырындай бир ыр жазсам Айтмырзанын.


Ыр үчүн душман менен келишмекмин
Ыр менен жүрөктөрүн эритмекмин
Танканы талкан кылып жармак элем
Таланты менде болсо Жеңишбектин

 

Талант Абдыганыев (USSR)

Барс авамдын окуп чыгып төрт сабын
Эске түштү айылымдын аңыздары...
Шаардын күлүк ритминен чарчаганда
Айыл жыты-табылгыс бир шыпаа, дары.. .
Бук болуп турам, жетишпей турат бир нерсе
Жандүйнөм менин кыйлага азыр бузулган.
Айылдын жытын көкүрөк толо бир жутуп
Ат болгум келди...сокого кошкон, дың бузган... 

Картина дня

наверх