На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Бала тили

Неберем Өмүрбекке арнаймын.

«Ысык-папа; коркунучтуу-бөө, бөжү; кир, булганч-кых, (түндүктө.быкый); сиемин-чүш; кант-кака; ит-авап, бабап; эт-жиш, (түндүктө.пыйпый); машина-дүдүт; бас-тайтай; суук-офф; жагымдуу, жакшы, көркөм, сулуу-айай; көтөр-опич; нан, токоч-нана; суу-үп; бөбөк-алле, аллей; мышык-мый; миймий;тоок-түтү;кой-маа;эчки-чүчү; ат-чу…» (Сен да улантып, билгендериңди жазып кой!)

                                           Бөбөктөрдүн лексикасынан.

   

         Анын тили кас-кас туруп, билинбей жүрүп, бара-бара анан басып кеткенсибей, шок эле чыгып калды. Бир күнү эле:

 -Эшек...-десе болобу! Үйдөгүлөрдүн баары эле (алибетте, уккандары) делдейе түшүшүп, анан биринчилерден болуп таенеси:

 -У садага болоюнум. «Эшек» деген тилиңден,- деп эле баса калып өпкүлөп жатып калды.

-Оо менин уулум чоң жигит болуп сүйлөп калган турбайбы! Кой, көз тийбесин. Тфү-тфү-тфү- деп ырым кылып жерге үч түкүрүп койду таятасы. Ал апасы экөө таятасыныкында убактылуу жашап жатышкан. Апасы да ага мээрим менен карап, ичи элжирегенинин эч кимге байкатпоого аракет кылып, эмики сүйлөшкөндө, те алыста иштеп жүргөн күйөөсүнө (уулунун атасына), сүйүнчүлөөнү ойлонуп койду: «Абдан кубанып калаар…» Кийинчерээк убак өткөн сайын «ата, апа, таята, таене, тага…» деген сөздөрдү да өздөштүрдү дечи. Бирок, наристенин биринчи айткан сөзү эсте калары мыйзамченемдүү белем, качан да болсо, анын биринчи айткан ошо «эшек» деген сөзүн эстеп алышып күлүшүп, кайра-кайра айтыша берер эле. Ошентип жүргөн бир күнү эле, бирөө үйрөтүп койгонсуп:

 -Таене - эшек-десе болобу. Ага да болбой, удаа эле:

-Таята-эшек-деди. Баарысы күлүп калышты. Буга шерденген бала кайра кайра:

-Таене-эшек, таята-эшек…-деп ырдай кылып кайталай берсе ой, кудая тооба. Ойда кызык угулат экен. «Башка бирөө укса мине дейт кокуй!..»

-Кой, уулум, уят болот минтип айтпа. Андан көрө таята-айай, таене- айай де,-дешти. Болбоду. Ошол эшегин, тактап айтканда, таятасынын, таенесинин ким экендигин сөзүнөн жаңылбай, күндө айта берчү болду. Апасы алдап да, чымчып да көрдү. Болбоду. Акыры таятасы тамашаладыбы, же чын эле теригип чычаладыбы, айтор, бир күнү:

  -Туура айтасың, уулум. Сени багып («апаң экөөңдү» деп айтпады, бирок анысы дал ошондой угулду кызына), чоңойтуп жаткан биз эшек эмей, ким эшек болмок эле, -дей салды жарыктык киши. Мына ушунусу өтө, өтө-ө оор тийди кызына. Арына келген ал баласын кызылдай сабады. Чыңырган баланы таята, таенеси ортого түшүп жатып, араң ажыратып алышты. А тургай «өлтүрөм» деп да жулунду. Балким, ошону да кылат беле ким билет,(о койчу, ал жөн опузасы болуш керек, ата-энесинин алдында актанган) айтор, кудай жалгап эртеси күнү эле кызынын күйөөсү алыстан көп акча менен келип, башка жакка көчүп кетишти.

  Ошондон бери дым, кабар жок…

   Ушу күндөрү таене менен таята ошол небересинин кылыгын аябай сагынып жүрүшкөн кези. Эшек болушуп, үстүлөрүнө мингизишкенге деле кайыл алар.

Картина дня

наверх