На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Булбул

«Бул окуя НКВД күч алып,күнөөсү болсо да, болбосо да абакка салып турган кезинде болгон дешчү.

Бир күнү  үйүндө койдун куйругу басылган палоо жасатып, аялы менен отурган бирөөгө аялы:

-Мына, кожоюн, палоо да келди куйрук басылып... «Куйрук жейсизби, буйрук жейсизби?»-десе, кайсысын тандайт элеңиз?-деп тамалашайт көңүлүндө эч нерсе жок эле бейкапар. Беркиси дөгүрсүгөн неме окшобойбу:

-Буйрукту ниме кыласың, катын, куйрук жейбиз да, куйрук,- дегиче болбой эле эшиктен эки «кызыл жака» (анда НКВДнин кызматкерлерин ушинтип аташчу) кирип келип, айдап барып камап салыптыр дешчү. Оо кийин бир-эки жыл өткөн соң, иши ак белем, камактан бошоп келип, дарбазасын такылдатса, аялы:

-Ким экен  дарбазаны такылдаткан?..-деп үн салса, коркуп калган тиги шордуу:

-А эми, катын, буйруса эриң  боломун да,-деген экен,тооба.»

      

   Ошол опурталдуу отузунчу жылдары оокаттуу бирөө да «кулак» болуп кармалып, түрмөгө камалат. Бир күнү эптеп бир тааныш таап, түрмөнүн башчысына орточу салат:

-Мени эптеп жолун таап, түрмөдөн бошотсун. Канча мал сураса да, беремин,- деген имиш. Түрмө башчысы чын эле совет бийлигине өтө берилген неме болгонбу, же билинип калса өзү да соо калбастыгына көзү жеткенби, айтор, макул болбой коёт.

Көп узабай дагы орточу салат:

-Эгер мени түрмөдөн  ушу жакын арада бошотсо, өз жаныман башка не сураса да таап беремин. Мейли алтын сурасын-дейт. Түрмө башчысы дагы деле болбой коёт. Балким, баанын дагы көтөрүлүшүн күткөндүр...

Акырында:

-Түрмөдөн биротоло бошотпосо да, убактылуу үч-төрт айга бошотсун. Ошого деле мейли, сураган нерсесин алсын. Ошол макулдашылган убагында өзүм кайра келип, түрмөсүнө отуруп берем,-деп кайра дагы орточу салат ал. Ага да оң жооп ала албайт.

     Ошондон бир жыл өткөндөн кийин дейби, айтор, кайсы бир мезгилде түрмө башчысы өзү жанагы кишиге ошол орточу аркылуу кайрылган имиш:

-Баягысын берсин. Мен макулмун.

Бирок, эми берки:

-Эми кереги жок. Мага демектен бышырып жесин. Ошол мен сураганда уруксат бергенде, мен бардыгына макул элем. Эми кеч болуп калды. Анткени, булбулумдун тили катып калды. Ката элегинде ошону угайын дедим эле. Ошонун ырахатын көрөйүн дедим эле,-дептир.

    Бирге отурушкан жолдоштору да, түрмө башчысы да, ортомчусу да таң калышыптыр. «Ал кандай булбул?» дешип сурашканда,  алиги адам минтти дейт:

-Мага окшоп көп жылы перзент көрбөй зарлап жүрүп, мазар-очок кылып, кудайга сыйынып жүрүп балалуу болсоңор. Анан анын тили жаңы чыга баштаганда, анын мукам үнүн укпай камалып калсаңар, анан билет элеңер. Мен ошол булбулумдун тилин угайын деген элем. Ошого маашырланып, бул оопасыз дүйнөнүн ырахатын татайын дедим эле. Ошону үчүн не сураса да бермекмин. Азыр ал чүрпөмүн чулдур тили такталып калды. Эми өмүрү узун болсун. Бешенесиндегини көрүп, өсүп чоңоёр. Менин ысмымды алып, «паланчанын баласы» болуп жүрөр. Эми мындан быягына мен да кудайдын жазганын көрөрмүн. Шүгүр, кудай алдында акмын… Эми түрмө башчысы эмес, андан чоңуна да бере турган эч нерсем жок…

    «Мына ушундай окуя болгон,- дешип сөз учугун улашар эле илгерки карыялар- Ошо опосуз, ойрону көп,  опурталдуу отузунчу жылдары…»

Картина дня

наверх