На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

«ИС»

   Анын бул боюнча бекем ишеними бар эле. Ал ишенимден эч ким аны азыр да кайтара албаса керек. Балким, көп жылдар бою калыптанган бул ишеним анын бүткүл жан дүйнөсүн ээлеп, биротоло аң-сезиминен чыккыс болуп, мыкталып калгандыр. Ошондон уламбы кеп кезеги келип калган учурда:

-Э, достор, ар ким ар кандай айта берет, дей берет. Бирок, менин терең баамымда баары айланып келип эле өз акылың да, дүйнөдөгү улуу акылмандардын акылы да, а тургай ата-энеңдин акылы да өзүңдүн ички сезимиңе жетпейт. Ички сезим-адамга белекке бир берилип калган ажайып туйгу. Ал сени эч качан алдабайт!!! Аны сезе билүү, аны уга билүү, анын айтканын аткара билүү да өзүнчө чоң даярдыкты талап кылган жөндөм. Андыктан, мына ушуга жетишүүгө ар бир инсан аракет кылуусу зарыл,-деп сөзүн аяктачу. Анын бул айткандарына көбүбүз ынанган менен, ал сезе билген деңгээлде ички сезимибиз менен баарлаша алчудай эмеспиз. Балким, ал жылдардын аралыгында көптөгөн машыгуулардан соң гана пайда болор. Же кээ бир адамдар менен кошо жаралар, ким билди дейсиң. А тургай ал өзүнүн ушул даражага жеткенине да (ал биздин министрликте кыйлы эле дурус кызматта иштечү) ошол ички сезиминин жетеги менен, шарапаты менен, анын айтканын аткаруу менен жеткенин мисал катары узакка-а саймердендентип айтып берчү.

-Мына ушундай,-дечү ал-Бир нерсеге ийгиликке жетем десең оболу ички сезимиңди ук. Аны менен кеңеш. Анан ошонун айтканын аткар. Мына ошондо гана ишиң алчы болот. Акыл деген эмне? Акыл бардык адамдарда эле бар. Анан эмне үчүн алар жогорулаша албай жүрүшөт? Дал ошол ички сезиминин нускоосун биле алышпаганындыгында. Кээлер байлык болсо ар нерсеге жетсе болот дешет. Болбогон кеп. Мына, канчалаган бай адамдар бар. Алар эмне үчүн чоң кызматтарга жетпей жүрүшөт?

-Ички сезиминин буйругун аткарышпагандан…-дей салды арадагы бирөө.

 -Во-во- деди алиги- Туптуура. Мына ошондон улам гана. Алибетте, акылың да, байлыгың да болсо-жакшы. Бирок, аны менен көпкө узай албайсың. Бир гана ички сезимиң сени улам бийиктиктерге алып барат, вот так.

    Мына ушулардан кийин ага өз атын атабай «Ички сезим», кыскартып «ИС» деген ысым ыйгарып салышты. Алибетте, көзү жокто дечи.

    Ошентип, министрликтин иши менен баарыбыз берилген тапшырмаларды аткарып иштеп жүргөнбүз. Адаттагыдай эле бир күнү министрдин өзүндө кеңешме болду. Ар кандай маселелер талкууланды. Кээлерге мактоо, кээлерге сындар айтылды. Ошол сын алгандардын арасында бизге тааныш «ИС» да бар. Анан кеңешме бүттү. Күндөгүдөй эле ар кимбиз өз орундарыбызга жумушубузду улантканы отурдук. Кадимки эле боло жүрчү көрүнүш. Жо-жок. Ал күн кадимки боло жүрчү күндөн башкачараак болду. Муну бир баштан баяндайын...

   Ошентип, биздин «ИС» министрдин кабинетиндеги кеңешмеден кийин өз ордуна барып отурат. Бүгүнкү кеңешменин жүрүшүн бир сыйра көз алдынан өткөрөт. Өзүнө берилген сынды акылга салып калчайт. Эмне, сын биринчи болуп жатыптырбы, же жалаң эле өзүнө сын айтылыптырбы? А эми министр болгон соң сындайт, урушат, ишти талап кылат, ушундай эмеспи. Өз акылында ушундай жыйынтык чыгарат. Бирок, ушул учурда кайдан-жайдан ички сезим козголуп үн кошуп, акылдын тыянагын туура эмес табат. «Болбогон кеп-дейт ал-министрдин бул кылыгы туура эмес. Эмне үчүн ал гана бизге сын айтышы керек, Биз эмне үчүн анын кемчилдигин көзүнө көрсөтүп айтып бере албайбыз?» «Ал-министр, ошондуктан акылуу»-дейт акыл. «Баары бир-дейт ички сезим-биздин да акыбыз бар. Ошондуктан, муну кийинкиге калтырбай, азыр айтуу керек!» «Жо болбой-дейт акыл-анда иш бузулуп калышы мүмкүн.» «Эмнеге иш бузулмак эле? Министр да адам. Ал, балким, өзүнүн кемчилдигин билбей жүргөндүр. Балким, «бирөө жарым кемчилдигимди айтса, аны оңдосом, ырахмат айтат элем», деп күтүп жаткандыр. Ошондуктан, азыр эле барып айтуу зарыл. Тур да, барып айт», - деп чекит кое сүйлөдү ички сезим. "ИС" ордунан туруп, министрдин кабинетин көздөй жөнөдү. «Токто! Болбойт!»-деди акыл. «Токтобо! Болот!»-деди ички сезим.

   Ал министрдин мындан 15 мүнөттөй мурун чыккан кабинетинин эшигине барып калды. Катчы кыз бир нерсе дегиче болбой эле ички сезим: « Шарт кирип кете бер!»-деди. Акыл а-бу дегиче, ал эшикти булка ачып кирди да, эшикти тарс жаап салды. Акыл эшикте калды.

    Өз ордунда бир нерсени окуп отурган министр «ИС»тин катуу киргенин көрүп, таң кала башын көтөрдү.

 -Сиз… - деди «ИС» кепти неден баштаарын билбей. «Сиз дебей сен де да, башыңды көтөрүп, тартынбай ойдогунун баарын айт!»-деди ички сезим. Башын көтөрүп, кейкейе туруп «ИС»:

-Сен-бюрократсың! – деди колун кылыч кылып-Жегичсиң! Адамдардын андай-мындайын, өйдө-төмөнүн түшүнбөгөн-дөдөй, көрбөгөн-сокурсуң. Мына, сен-кимсиң. Ушул кемчилдиктериңди тиги уяты жок бетиңе айтып койгону кирдим. Болду. Вассалом! Балким, ушул кемчилдиктериңди тактап айтып бергеним үчүн ырахмат айткың келип тургандыр. Мага сенин ырахматыңдын кереги да жок…

Ортодо ирмемге гана тымтырстык өкүм сүрдү.

 Министр ордунан ыргып туруп:

 -Эмне дедиң? Кайталачы, эмне дедиң? - деди көзүнөн чаары чыгып, ошол эле учурда катчы кызды чакырган коңгуроосунун топчусун басып.

  Ал дендарөө туруп калды. Аңгыча: « Эми энеңди дал Үч-Коргондон көрөсүң!» - деди ички сезим. Туптуура. Ички сезим аны бу сапар да алдаган жок!!! 

Картина дня

наверх