На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Суук ырлар

    Аксылык төкмө акын Ташпай менен (Жоробеков) бир күнү Айтмырза Кербенден жолугуп калып, амандашып учурашкан соң:

-Ташке, чыгармачылык кандай? Ырларды жөн эле төгө бербей, кагазга да түшүрүп жатасызбы? Дагы бир китеп болоюн дедиби?-деп сурап калды. Ошондон мурунураак Ташпай Жоробековдун бир китеби басмадан чыгып, окурмандар жылуу кабыл алган эле. Анда Ташпай:

-Э, болуп жатат аз-аздан. Мурункудай эмес. Ден соолук начарлап, кан басымым көтөрүлүп, сууктук ичип жатам,-деди.

 -О, Ташке, ошо да кеппи. Ырас, суук ичип жатсаңыз, ал ден-соолугуңузга жагып жатса, ысыгын кое туруп, ырлардын да суук-суугунан жаза бериңиз да…-десе, Ташпай:

-Атаңгөрү, ушунуң жакшы сөз болуп калды, Айтмырза. Эми мындан кийин жалаң суук ырларды жазбасамбы?-деп, карс-карс күлүп жолуна түштү. Тамашаны түшүнгөн кишиден айлансаң аз да, чиркин… 

Картина дня

наверх