(Элегия)
Күз символу – сары жалбырак,
Карайсың не мени жалдырап?
Тамсаң дагы көздүн жашындай,
Таң калыштуу жүзүң албырат,
Күз символу – сары жалбырак!
Күз символу – сары жалбырак,
Калды жолдор... көздү талдырат.
Кайда жаз, жай, калпыс өмүрлөр?..
Калды сүйүү, муңдар калды ыраак,
Күз символу – сары жалбырак.
Күз символу – сары жалбырак –
Өткөн кезди эске салдырат.
Өмүрлөргө күздүн келээрин,
Ойлонбоппуз бир аз алдыраак,
Күз символу – сары жалбырак...
Күз символу – сары жалбырак,
Карабачы минтип жалдырап...
Сен карасаң, ичим өрттөнүп,
Сезим ыйлайт... денем шалдырап...
Күз символу – сары жалбырак...
Күз символу – сары жалбырак,
Коюу туман... туман бардык жак...