На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Чоң суроо

 Канча жолу түгөл болдум, бар болдум,

Канча жолу ың-жыңы жок жоголдум.

Канча жолу кайчы кетип жолумдан,

Канча жолу кайра баштан оңолдум.

Кээ күндөрү абдан сылык мунайым,

Кээ бир кезде орой жана чогоолмун.

 

Кээ нерсеге акыл жетпей момойдум,

Кээ бир күнү ээси болдум чоң ойдун.

Далай жолу кыл сыяктуу ничкерип,

Далай жолу аркан болуп жоонойдум.

Кээ бир кезде баш катырма табышмак,

Кээ бир кезде абдан эле оңоймун.

 

Нечен курдай ачылдым да, жабылдым,

Нечен курдай чачылдым да, табылдым.

Нечен жолу шыдыр кетип алдыга,

Нечен жолу түз жолумда чалындым.

Бир нерсени жээрип туруп бир күнү,

Эртеси эле аны кайра сагындым.

Кай биринде бир нерсени жек көрүп,

Кайра баштан өзүм ага жалындым...

.....................................................................

Мен алиге түшүнө албайм эч эле:

Мунун баары болуп өттү кечээ эле...

Эгер тагдыр жазылаары чын болсо,

Шунун баары кантип батты чекеме?!.

Же ушунча жайык бекен маңдайым,

Же ушунча кененби менде бешене?!!

8.08.2012-жыл.

Картина дня

наверх