На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

ЫРГА КАЙРЫЛУУ

Угулбастыр окуганда угумдуу,

Угут жоктур окурманга жугумдуу,

Ындын өчүп, көңүл чөксө, баары бир,

Ырым, сенден чыгарамын бугумду.

Сен келгенде кадимкидей эргиймин,

Сезим көктө, канааттанам, сергиймин.

Чер жазылып, түшүм жыйнап, жуунуп,

Чечип салган, дыйкан болом, тер кийимин.

Аткан окшойт тагдырыма улуу таң,

Ай жаркырап чыккан өңдүү булуттан.

Тооруп мени тоодой көйгөй турса да,

Томуктай да көрбөйм аны, унутам!

Жашоомдо ыйлайм балким, жаш тама,

Жамандыктар тооруур мени башка да...

Канча дос, жар таштап кетти, макулмун,

Кагылайын, Мекен экөөң таштаба!

27. 03. 2019-жыл.

Картина дня

наверх