Биздин жайыт жөнүндө

  • Мында А. Абылкасымовдун жана кыргыздын таланттуу жарандарынын көркөм чыгармалары жарыяланат. Андыктан, жайытка катталып алып, анан мындагы көркөм чыгармаларды окуп, көрүп жана угуп, а тургай өзүңүздүн мыкты чыгармаларыңызды жарыялап, "Мейман китепке" жана ар бир чыгармадагы комментарийлерге өз ойлоруңузду жазсаңыз да болот. Аягында биздин жайыт туурасындагы бааңызды сурамжылоого коё кетиңиз. Алдын ала Сизге чоң ырахмат. Келип туруңуз.

    Жайытты колдоо тобу.


Адабий көркөм чыгармалардын түрү жана саны



Блог

<< < назад вперед > >>
Темы с 1 по 10 | всего: 65 RSS друзей

Ай, эжеке

(пародия)

«Келе жатып автобустун ичинде,

 - Ай, эжеке, гүл берчи деп сурадым.

Анда эжекем гүл берүүнүн ордуна,

Кайра мени гүл ордуна кууратың...»

(Обондуу ыр)

 

Келе жатып маршурутка ичинде:

 - Ай, эжеке, пул берчи!.. – деп «сурадым».

Бул эжекем пул «берүүнүн» ордуна,

Билбептирмин «тарс» эттире урарын.

Кайырма:

Ай, ай, эжеке,

Вай-вай, эжеке!

Ой, ой, эжеке,

Кой-кой, эжеке!

 

Жабык экен сумкаңызда пулуңуз,

Жакпай калды иниңизге мунуңуз.

Билдирбестен эми алаарда акчаны,

«Былч» дегизе мурунума урдуңуз.

Кайырма:

 

Далай сомду бул сумкадан уурдатты,

Дагы бир жол көрсөтсөм дейм «урматты»!

Аласына абдан кыпчып алыптыр,

Алдырбастан ай эжекем кууратты...

Кайырма:

 

Макул бүгүн уурдалбасын пулуңуз,

Мага алдырбай бекем катып туруңуз.

Билем эртең колго тиет сумкаңыз...

Биз чыдамдуу мына ушундай уурубуз!

Кайырма:

 

Бул пародияны ырдоочуларга олуттуу сунуш, кеңеш, көрсөтмө:

1. «Ай, эжеке» аттуу ырдын обонунун бир да нотасы бузулбай ырдалат.

2. Ырдап жатканда ырчы өз өңүн кумсартат.

3. Ар бир куплеттин акыркы эки сабы жана кайырма 2 жолудан кайталанат.

4. Ырдын кайырмасынын 1-2-саптарын ырдап жатканда «ырчы» эжекесинин алаканы тийген жерлерин көрсөтүшү керек.

5. Ал эми кайырманын 3-4-саптарында башы-көзүн сөзсүз колу менен калкалап, жалтанып жаткан сыяктуу кыймыл менен ырдайт!!!

Катуу эскертүү: Жогорку айтылгандар кыйшаюусуз аткарылууга тийиш! 


Комментировать
0
29 апр, 16:17 Барс 560

Жазгы арноо

Булутту кимдир бирөө саап жатат -

Булбул көз жамгыр секин жаап жатат.

Жагымдуу жамгыр үнүн угуп алып,

Жалбырак алаканын чаап жатат...



Айлана бир ажайып гүлдөп турат...

Адамды тирүүлүккө үндөп турат.

Жаан токтоп, бир аздан соң булут көчүп,

Жарыктык жаркын алоо Күн да чыгат!!!



Көңүлдү жетелешкен сүрөп өргө,

Көз салам жазгы көркөм сүрөттөргө...

Жамгырдын, Күндүн, Гүлдүн таасиринен,

Жамырап Сүйүү толот жүрөктөргө!..

 

Элесин, көркүн көрүп даана жаздын,

Эргидим...  эс-учумдан тана жаздым!

Бул жазда ким махабат даамын татса,

Бул ырды бакыт каалап ага жаздым...

 

Алгач сен ашыгыңа  өптүрдүңбү?..

                                         а  өптүңбү?..

Анда мен ушул ырды сага жаздым!!!

27-март 2014-ж.


Комментировать
0
27 мар, 15:14 Барс 560

Акын ким?

Бардык жанга буюрубаган асыл баа,

Бай болсо да сезим менен акылга

«Жарыктыкта жалгыз жансын, күйсүн», - деп,

Жайдак тагдыр берет тура акынга...

 

Бул турмушуң кубулма да, жашынма,

Бүт байлыкты берип салган бакылга.

Алаксыбай аруу ырлар жазсын деп,

Арам оокат бербейт тура акынга.

 

Дүрт деп күйгөн дары сымал атылма,

Дүйнөсү бар  махабаттын атында.

Өмүр бою өрттүү ырлар жазсын деп,

Өксүк сүйүү берет тура акынга.

  

Ар бир ирмем алмашылгыс алтынга,

Мезгил деген мээ жетпеген закым да.

Улуу сөзүн Адамзатка айтсын деп,

Узун  өмүр берсе, аттиң, акынга!


Комментировать
2
31 янв, 22:20 Барс 560

Жаңы жылды күтүү ыры

 

Кел, Жаңы жыл, алыс жолду арытып,

Кел, Жаңы жыл, тозоң уруп, кар учуп...

Жаш бөбөктү да бир жашка чоңойтуп,

Карыяны да бир жашка карытып...

 

Шаркыраган дарыядай агып кел,

Шаңга толуп, Адамзатка жагып кел.

Баарыбыздын күткөнүбүз төп келсин,

Бак-таалайды ар бир жанга алып кел:

 

Ден соолук бер кеселдери оорлорго,

Дүйнө бергин маңдайлары шорлого.

Көкөлөсүн зоболосу бийиктеп,

Кадыр-барк бер карыптарга, корлорго.

 

Карапайым калк турмушун оңдоорго,

Нысап бергин эл башкарган чоңдорго.

Баарысына Ар-Намысты ала кел,

Бузулгандар түшсүн быйыл оң жолго.

 

Бороон болсун, бирок кайгы болбосун,

Суук болсун, бирок көңүл тоңбосун.

Жаманчылык жылас болуп элимден,

Жаратканым Кыргызымды колдосун!

 

Калк аралап каар учпастан, кар учуп...

Кел, Жаңы жыл, бакыт, кутка маарытып.

Мекенимди Жарык Күнгө жеткир да,

Мейли мени бир жашка сал карытып...

 

Ата Журттун Алтын Доору башталса,

Анда мени мейли койсоң карытып!..


Комментировать
0
22 дек 13, 13:46 Барс 560

Бир сулуу бар...

 

Көзүндө сурмасы бар,

Тилинде курмасы бар.

Бийлеген соору чайпап,

Бир сулуу ургаачы бар.

 

 Каректе алмазы бар,

Эринде халвасы бар...

...Аңкаям эстен танып,

Адамдай талмасы бар.

 

Ал - жалын. Бийлеп жатат...

Күү аны «үйлөп» жатат...

Өзүмө суроо берип,

Сезимим сүйлөп жатат:

 

«Хиджабын чечер бекен?

Жеринен  кечер бекен?

Көнүшүп ата-энеси:

«Макулбуз...» - дешер бекен?

 

Кош этек киер бекен?

Көлкүлдөп иер бекен?

Кызыгы... ушул сулуу,

Кыргызга тиер бекен»?..

 

...Ай сымал иймейгени,

Ал сулуу бийлей берди...

А мени көп суроолор,

Аргасыз ийлей берди...

                       ийлей берди...

20.09.2013.


Комментировать
0
20 сен 13, 09:27 Барс 560

Эрди-катын жөнүндө ыр

(Азил ыр)

Кадими* Бозбу деген тоого жакын,

Жашашты аман–эсен эрди-катын.

Айтылбайт бул баянда аял ысмы,

Айталбайм ошондой-ак эрдин атын...

 

Күйөөсү күлтүйгөн жан семиз эле,

Күпүлдөп ак көңүлдүү  деңиз эле.

Теңирим берип койгон бардык жактан,

Тегереги төп келген тегиз эле.

 

Аялы абдан эле арык болчу,

Андан да ысык-көлдүк балык болчу.

Үлпүлдөп жүрсө дагы желге ыргалып,

Үй-бүлөгө шам өңдүү  жарык болчу.

 

Бала-чака термелип бешигинде,

Багы өстү мөмөлөп эшигинде.

Көп жыл бою иштешип мектептерде,

Көгөрүштү  мугалимдик кесибинде.

 

Кем болбостон жашашты эч нерседен,

Кудайым беш уул-кыз перзент берген.

Суктанышчу алардын турмушуна,

Сугун артып ошерде көргөн, билген.

 

 Жок болуучу оокаттан жетпегени,

Жок болуучу турмуштун кемтемеси.

Ошентсе да билинбей сызып турган,

Бар болуучу экөөнүн эңсегени:

 

Аял эңсейт азыраак семиргенди,

Эркек эңсейт курсакты жемиргенди...

Канчалык тилек кылып жүрүшсө да,

Капырай, тилегени берилбеди!

 

Карасаң тилектер да түркүн келет:

Кайсы бирин көзүңө  сүрткүң келет,

Кайсы бирин укканда кыжырлансаң,

Кай бирине туруп, туруп күлкүң келет.

 

Шонтип жүрүп аялы азып калды,

Эри болсо андан көп казы алды.

Анткен менен тамашалуу ушул ырды,

Күйөөсү  күлүп туруп жазып салды…

_________________________________

*Кадими-байыркы, эзелки.

21.2003-жыл.


Комментировать
2
28 июл 13, 13:14 Барс 560

Өзгөчө оору

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери

 Ибадат Сулаймановага арнаймын.

  Облустук оорукананын бир бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген врач келин айтып жатпайбы:

 - Ой, көп эле семирип кетпей өзүңөрдү сактагыла! Жакында эле бир кызык окуяга күбө болуп, таң калганымды айтпа! Айылдык таанышым ( эми анын аты-жөнүн төмөнкү себептен улам айта албайм ай...) дарыланганы шаарга келип, менден жардам сурап, ооруларынын толук дестесин айтып, жалдырап турду. Аялы экөө келиптир. Буларды көрбөгөнүмө анча болуп калган. Алар айылда, биз шаарда болгондуктан, абдан эле сейрек көрүшчүбүз. Мурун денеси мынчалык толук деле эмес неме болчу, кийинчерээк багылган букадан бетер тим эле семирип  кетиптир.  Анын бардык кеселдери ошол ашыкча салмактан экендиги, адис эмес көзгө деле дайын болуп турат. Ошондуктан, оболу режимди сактап, аны  денесиндеги ашыкча жүктөн арылтуу зарыл эле. Андыктан аны ооруканага жаткырып, диетага отургузуп, көзөмөлдөө милдетин өзүмө ала турган болдум. Ушинтип макулдаштык. Ошентип, ал ооруканага жатканы жатып, менден өтүнүп жатпайбы, «он эки жашар уулум мени менен кошо  жатсын» деп.

- Ай, анын эмне кереги бар?  Же ал да оорулуубу? – десем,

- Жо-ок, ал- кудайга шүгүр, сопсоо. Менин кем-каржыма каралашып турат, - дейт.

- Кандай кем-каржың болмок эле? Оорукандан тамакты ичсең. Дарыларды медсестралар берсе, жатар жайың дайын. Дагы эмне керек?

 - Андан башка да... кереги тийип калат...

 - Сен өтө оор оору эмессиң, анын үстүнө, кудайга шүгүр, өз аягың менен басып жүрөсүң. Андыктан, биздеги ички тартип боюнча сага окшогон оорулардын жанына дагы бирөөнүн карап кошо жатышына уруксат берилбейт.

 - Анда мен... кыйналып каламын да... – деп жалдырай карады. Анын айтканына макул болгонсуп аялы да баш ийкеп коёт. Мен бир нерсе түшүнсөм буйрубасын.  Кайра аларды суроолуу карап туруп калдым. Акыры оорулуунун айласы түгөндү окшойт, аялына карап, «сен айт!» дегендей  ишара кылды да:

 - Мен азыр... – деп эле эшикке чыга жөнөдү.

 - Буга эмне болду? – дедим мен аялына таң кала карап.

 - Уялып атпайбы! –деди аялы оңтойсуз жылмайып.

 - Эмнеден уялат? Баарыбыз бир айылдан болсок, жашыбыздан айырмачылык болор болобос эле. Айта бербейби оюндагысын,- дедим аялына.

 - Аны өзү түк айта албайт. Ошондуктан, мени айтсын деп чыгып кетти.

 - Анда сен айт. Кандай сыр бар?

 - Аны айтыш мага деле ыңгайсыз. Арга жок айтууга туура келет.

Өзүңө дайын, бул жаш кезинде арык эле эмес беле. А тургай айыл арасында, райондо спорттун ар кандай түрүнө катышып, мыкты спортсмендердин катарында аты аталып жүргөнүн жакшы билесиң да. Бирок да тынбай  чылым тартчу.  Ошондон го бара-бара жөтөлө баштады. Анысы уламдан-улам көбөйгөндөн көбөйүп баратты. Себеби, таң ата турары менен сигерети оозунан түшпөй калган. Отуруп алып чылымын үйдө тартканда, анын түтүнүнүн  жытына мен да, балдарым да чыдабай турган болуп калдык. Ошентип, көптөп жаалап жатып, сигаретин койдурудук. Өзү да аны таштаганына сүйүнүп, биз да курсант болдук. Анан эле толо баштады. Болжол менен алганда аш-паш деп үч ай өтүп өтпөй, мурунку кийимдери чак келбей калса... Эртең менен жүгүрүп да көрдү. Бирок, бир жагынан жумуш, экинчиден,  айылда эртең менен жөндөн-жөн эле чуркап жүгүргөнүңдү көрүшсө,  «мунун  башына бир аз болсо да доо кеткен, же бир нерсенин эпкини тийген» деп да ойлоп алышып, кеп-сөз таркатып жиберишет эмеспи! Ошондон улам, анысы да сейректей баштады. Өзү толгондон толуп баратты. «Ой, толо баштаганда, адам аз-аздап  жеңил кыймылдоо керек дешет го!» дегендерге, «Ай, атасынын оозун урайын, салмакка кошуп жалкоолукту да берип салат тура!» деп күлүп кутулуп жүрдү. Анысын мен эрен-төрөн деле алган жокмун. Мурдагыдай жөтөлбөй, үй ичи тамекинин сасык жыты жыттанбай калганына кубанып жүргөм. Ал кубанычым көпкө узабады. Бир күнү эле (ошол тамекисин таштагандын үчүнчүбү, же төртүнчү жылы бекен?) эшиктен бир кызыктай болуп кирди. Анын өңүн көрүп, чочуп кеттим да:

 - Ой эмне болду? Тынчылыкпы  деги?.. –деп сурап атпаймынбы.

 - Тынчылык эмес... - деди ал оор үшкүрүп – ажатканага бардым эле колум тиягыма жетпей, канча аракет кылсам да, аарчый албай келе бердим. Жыттанып атабы?..

 -Койчу, ой, тамашаңы! Анда эле «жыргаган» турбайсыңбы? –деп, анын айтканына ишенбей жатпаймынбы.

 -Жо-ок, чын, кудай урсун! Кайдагы жыргал?.. Куурал!..

 -Кантет, андай жаман сөздү оозуң албачы! – дедим кайра өзүм.

 - Анан сен ишенбей жатпайсыңбы!  «Ылайым колуң көчүгүңө жетпей калсын!» деген каргышты угуп, күлүп эле койчу элем. Көрсө, мындан өткөн каргыш жок сыягы. Мына өз башыма келгени анын азап экенин түшүнүп атам...- деди шуу үшкүрүп.

 Ошентип, ошондон баштап, ал ажатканага барса, бүтөрүн күтүп туруп, мен артынан кирип, аарчып бермей болуп калдым. Ооба, сага күлкү... Мен деле башка кишинин ушундай экенин уксам, жерге жата калып күлмөкмүн. Бирок, азыр биздин күлө турган алыбыз жок. Көрүп турасың, анысынан да, башталган жүрөк оорусунун үстүнө башка оорулар  улам кошулуп жатып... мына ушул абалга жетти.

 - Капа болбо, алтыным,  кечирип кой!  Мындайды биринчи укканымдан, токтоно албай калдым...- дедим, күлкүдөн чыккан көз жашымды бет аарчым менен сүртүп жатып,  актанып. Тигинин кишинин зээни кейүүчүдөй болгон кейпин  көрүп, күлкүм бир заматта кайдадыр тарап кетти.

 - Анда мындай көйгөйүңөр бар экен, өзүң кошо жатышың керек турбайбы! –дедим мен ага олуттуу карап.

 - Ой, кайдан... Үйдү кимге таштайм, бала-чака, мал-кел деген бар. Мага мында калганга таптакыр мүмкүнчүлүк жок да...- деп мүңкүрөп отуруп калды. Кишинин боору ооруйт.

Олдо, ашыкча салмагың түшкүр а! Адамга семиздик деги эле оокат эмес турбайбы!

 -Тиги уулуңарды ушул үчүн кошо жатсын деп атасыңарбы?

 -Ооба. Ал - эң кенжебиз. Мен жокто ал «милдетти» ошол аткарып, көнүп калган... - деп араң жылмайып сүйлөдү аялы.

Баарын уккан соң, аргасыздан  уулунун аны менен кошо жатканына  макул болууга туура келди... Макул болбой болобу, катыгүн, ыя?!!


Комментировать
1
17 май 13, 20:08 Барс 560

Кобаяси Исса (Жапония)

(15.06.1763 - 5.01.1828)

  Кобаяси Исса  Синано провинциясынын Ками-Миноти  уэздиндеги тоолуу Касивабара кыштагында  дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Энеден эрте ажырап, өгөй эненин запкысын абдан тарткан. Ошондон улам он төрт жашында эле өз алдынча жан багууга үйүнөн чыгып кетет. Ал Эдо (Токио) шаарына келип, далай муктаждыкты тартып, качан гана картая түшкөндө ата мурасынын ага тиешелүү үлүшү колго тийип, жашоосу жакшырган. Эдодо Басёнун жолун жолдоочулардан сабак алып, хоккунун сырларын үйрөнөт.  Анын артында жыйырма  миңден ашуун хоккулары, күндөлүгү жана тамашалуу ырлары калган.

***

Кара, ырчы торгой!

Кач жолдон, кач жолдон,

Ат келатат жорголой!..

 ***

Ээриди кышкы кар!

Кубанган жылдыздардын 

Жүзүндө да ажар…

 ***

Эртең  кыйылчу дарак…

Чымчыктар ага

бейкапар уя салат…

 ***

Кыргоол  кыйкырды,

Ошол өзү ачкансып,

алгачкы жылдызды...

 ***

Бөтөн жок арабызда!

Тууганбыз баарыбыз тең,

Гүлдүү гилас алдында.

 ***

Ырас, мурунку жашоомдо,

Карындашым болгонуң анык,

Муңдуу күкүк...

 ***

Аз-аздап жыла бер деймин,

Фудзи өрү менен, үлүл,

бийик чокуга чейин.

 ***

Ой, урбагыла чымынды!

Колдору жалтырап турат...

Буттары калтырап турат...

 ***

Бугу үстүндөгү көпөлөктү

ыңгырана силкти.

Кайра уйкуга кирди.

 ***

Эс алып жатып түшкү аптапта,

Жүрөгүмдөн тазим этем

талаадагы адамдарга.

 ***

О, кандай уят мага!

Шалы тиккендердин ырын угуу

Көлөкөдө жатып алып гана...

 ***

Өскүлөң  отоо чөптөр.

Арасында  туулушту

өтө кооз көпөлөктөр!

 Бакалар ортосундагы салгылашууну  байкап турам

 Эй, бош келбе,

Арык бака!

Исса сен жакта.

 ***

Билбейм  мындагы  адамдар кандай?

Бирок, талаадагы каракчылар

Кыйшык турат бири калбай!         

 ***

Денем көлөкөгө сулады.

Күрүчүмдү мен үчүн актайт,

Тоонун булагы.

 ***

Чөптөгү аары,

Келеркиде мага окшошуп

Туулуп алба дагы...


Комментировать
1
7 май 13, 19:37 Барс 560

Дарга алдындагы акыркы сөз

                                            «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат...»

                                                                                             Эл сөзү.   

   

    Күн түшкө жакындаганда шаардын чок ортосундагы базар аарынын уюгу быякта эле калып, уу-дуу улам күчөгөндөн күчөп эле жатып калды. Айтылуу чыгыш  базары! Мына ушуну базар деп айтса болот! Кымкууттуктан баш адашып, ар кандай добуштардан кулак тунуп, бирок  баш-аламан, аңтар-теңтер болуп жаткансыганы менен, байкап, астейдил зээн салган кишиге бул базардын өз ыргагы, өз тартиби бар болуп, азыр да ана ошол адатынан жазбай, алымчасы да, кошумчасы да жок, демейдегидей эле өз ирети менен жүрүп жатканын байкоо кыйын эмес эле.

  Мына ушул  баш адашма, бирок бузулбаган ыргакты  хандын жарчысынын жарыясы бузуп койду.

 -  Эхе-хей, ээ,  адамдар! Укпай калдым дебегиле, хан жарлыгына кулак салгыла! Мына бүгүн шаршемби күндүн бешим намазынан кийин Хан ордо аянтында  кылкыйма ууру өлүм жазасына тартылат. Мына ушу тамашага баарыңар келгиле, эхе-хекей эй, адамдар! – деп, анын ар бир айтканын ээр кашына илинген добулбастын үнү коштоп, базардын баш-аягына чыкканча  кайра-кайра кайталап жатты жарчы.

  Соодалашып аткандар соодасынан алаксый калышып, кыйкырышып аткандар кыйкырыгын, жакалашып аткандар мушташын токтотушуп, жарчыга аргасыз кулак салышып, баркылдап кайнап жаткан казан кайноосун токтоткондой  бүткүл базар саамга дым боло түштү. Бир гана ал жерде  бирөөлөргө жалданган кулагы керең  бирин-экин  дүлөй  кызматкерлер менен «кисабир» деп аталчу чөнтөкчүлөр гана буга көңүл бурушпай, өз иштерин кызуу улантып жатышты.

  Качан гана  жарчынын жарыя айткан үнү алыстап барып басылган соң, базар ичи кайра мурункудан да  калыңыраак дууга толуп чыкты.  Адамдар арасында: « Ал ким, кайсы ууру?» – деп бири-биринен сурагандар мындан көп. «Ий, акыры колго түшкөн экен да, жаны жок!..» - деп табалагандар андан көп.  

* * *                                                                                                                                        

   Хан ордо аянттагы  мурдатан боло жүрчү ордуна бийик секи жасалып, анын  ортосуна дарга орнотулган. Анын бир  жаккы четинде баталгыга  адамдын башын койдуруп туруп,  мойнунан кыя чапчу балта тике чабылган бойдон турат. Анын экинчи атырабында устун орнотулган. Ал устунга күнөөкөрдү таңып туруп, же өртөйт, же ташбараңга алат.

   Бул көрүнүш адамдын аңын учуруп,  көөдөнүн мыжыгып,  дене-бойду дүркүрөткөн мындай окуяга алгач туш келип калгандар тургай, мурдатан көзү көрүп, буга окшогон өкүмдөрдүн ишке ашырылышынын бир нечесине күбө болгондордун деле жүрөгүн бир болк эттириши  бышык эле.  

   Мына ушунун өзү эле бүгүнкү күнөөкөрдүн күнөөсүнүн өтө салмактуу экенинен кабар берип тургансыйт. Болбосо, мурунку өлүм жазасына тартылгандарга булардын бири гана орнотулуп,  ошол аркылуу гана  өкүм ишке ашчу эмес беле.  Ал эми азыркы үч эселенген коркутуучу көрүнүш  менен жалаң эле күнөөкөрдүн күнөөсүнүн оорлугун көрсөтүү эмес, мындагы турган элдин да үрөйүн учуруп, жан сезимине сез көрсөтүп коюу мудаасы да бар шекилди.

  Аянтка эл жыкжыйма толду.  Бул өкүмдү жүзөгө ашырууну  уюштурган көзөлдөрдүн дээрлик баарысы (хандан бөлөгү) атайын жасалган бийик минбардан* карап турушту.

  Аңгыча эле аянттагы эл толкуй түштү да, «алып келатат!» деген кабар ооздон кулакка, андан кийинки ооздордон дагы кулактарга укмуштай тездик менен тарады.  Аянт дуулдай баштады.

  Алдында эки сакчы жылаңач  кылычтарын кармап, эки жагында ондон сакчы найзалары менен коргоп, ортодо бул өлкөгө, бул өлкөгө гана эмес, коңшулаш мамлекеттерге да таасири тийген белгилүү ууруну коштоп келе жатышты.

  Алар секиге жакындай баштаганда:

 -  Айланайын, балам!..- чыңырган аялдын үнү кулактарды  тешип, анда тургандардын мээлерин көзөп өттү.-Мен кандай айла кылам?  Сенсиз мен кантип жашайм?..

Аял жүткүнүп, тигилерге карай  кол сунуп жөнөдү. Бирок ага жеткирбей сакчылардын бири четке түртүп жибергенде,  карыган алсыз неме боюн токтото албай чөгөлөп,  бир колу менен жер таяна дагы турууга обдулганда,  аялдын кийген көйнөгүнө өңдөш башындагы кара шайы жоолугу жерге шыпырылып, аппак чачтары апсайып, жүзүн он талаа жаш чайып, көздөрү аңтарыла жаздап турду.

   Бул шордуу аял ошол уурунун энеси эле.

  Жакын  турган боорукер бир-экөө энеге жардамдаша колтугунан сүйөшүп,  тургузганга аракет кыла башташты.  Бараткандар саамга токтоп калды.

   Уурунун жүзү дирт деп барып, ташка айлангандай катып калды да, бир ирмемден соң:

- Менин бир азга колдорумду чечип койгулачы, тиги буркурап ыйлап турган энемдин жаш толгон көздөрүн оюп, «балам,балам!..» деп турган тилин суурап алайын!.. – деди кыйкырып.

 Бул сөз ошол жерде угуп тургандардын  үстүнө чагылган түшкөндөн да шумдуктуу таасир калтырды.

- Ой, акмак! - дешти кээ бирлери.

- Ой мыкаачы, айбан! - дешти экинчилери.

- Ой жырткычтын жырткычы, энеден туулбай өл! - дешти көпчүлүгү.

 - Өл!.. Өл!.. - дешти аны коштоп калгандары.

Ал эми мындан да ачуу, мындан да жаман сөздөрдү таба алышпагандары  көздөрү менен атып жиберчүдөй болушуп,  үн кошпой  турушту. Болбосо...

-Ооба, мен өлөм, - деди ууру безирейип, баратканын токтотпогон тейде үнүн катуулатып – бирок, ушул менин өлүм алдындагы сөзүм башкаларга сабак болсун, угуп койгула!

- Сенин сөзүңдү ит уксун, эне безери! –деп кыйкырды топтун ичинен бирөө.

-Туура. Укпайбыз! - дешти көпчүлүк.

- Жок, айтсын да, – деди дагы бири – сабак болсун деп атпайбы?

-Уурудан не сабак?..- деди нарыдан башкасы.

 - Адамдын өлүм алдындагы акыркы сөзүн угуу -  илгертен келаткан нарк! Андыктан, угууга тийишпиз, -  деди бирөө катуу үн салып. Баарына макул келди окшойт, унчукпай калышты.

-Айтсын, айтсын...-деди ошердегилер.

  Тиги минбардагылардын эң өтүмдүүсү бир нерсе деп тиги жарчыга башын ийкеп койду эле, анда турган жарчы:

-Азирети миң башыбыз  жалпы калктын талабы үчүн акыркы сөзүн айтканга ууруга уруксат берди, ушул улуу затка калк талабын, суранычын эске алып, уруксат бергени үчүн  миң мертебе алкыштар болсун! –деди да, ага башын ийип таазим кылып, анан: 

 - Кана, эмне сөзүң бар эле,  көрпенде?  Айт, айтып кал,  айта турган сөзүңдү, - деп ууруга кайрылды.

  Ошол учурда ууру да коштогондор менен секиге чыгып,  дарга астына келип, кылкылдап турган элдин баарына дайын көрүнүп калган эле.

-О эл-журт, о калайык! - деди ууру турган элди сыдыра карап – Мен билем эненин ыйык зат экенин. Мен билем тогуз ай ичинде көтөрүп жүрүп төрөгөн соң, түн терметип чоңойтоорун. Мухамбет пайгамарыбыздын «бейиш - эненин таманынын астында...» деген улуу сөзүн далай ирет эшиткенмин.

(Анын үнү бир аз калтаарып барып, кайра кайраттуу чыга баштады.)

Бирак да, ушул азыр ошол чын жайга сапар алганы туруп, «неге энеңе катуу сөз айттың анда?»,- деп турганыңарды да билемин. Анда кеп башынан болсун...

   Менин анда 5-6 жашар кезим эле. Жашообуз орто. Оокат-ашыбыз башкалардан өйдө болбосо да, кем эмес болчу.

   Бир күнү  ойноп жүрүп, коңшунун малканасына кирип калып,  ат акырдын ичиндеги он чактыдай жумуртканы кокустан көрүп, аны эч кимге көрсөтпөй, этегиме салып жашырып, үйгө алып келип, ушул турган энеме берсем: «Эч ким көрбөдүбү? Азаматым, айланайыным! Сен мени багат экенсиң...» - деп, сүйүнгөнүнөн көз жашы кылып, анан алардын жарымын кууруп, мага да жегизип, өзү да жеп, калган жумурткаларды катып, кийин да тамакка  пайдаланган эле. Мына ошондон баштап, ал коңшунун тоокторунун жумурткалары биздики болду. Ага алымсынбай башкалардыкына да кире турган болдум. Бара-бара тоок уурдаганга өттүм. Анан улак, козу, кой... Ошентип мына ушу абалга жеттим.

   Өзүңөр калыс болгула, о, калайык, ошондо ушул энем азыркыдай ыйлап, уурулук жаман экенин каңкакшап айтып, урушуп, жумурткаларды коңшуга кайра бергенде, мен ушул өнөрдү улантат  белем?.. Мына ошону үчүн  ошол кезде сүйүнгөнүнөн ыйлаган,  азыр жалгыз уулунан ажырап атып, күйүткө батып ыйлаган энемдин көзүн оюп алайын дегеним, ал эми азыр «балам» деп боздогон, ошол жумуртка алып келгенимде «азаматсың!» деп мактаган тилин сууруп алайын  дегеним - ошондон го!

   Турган эл дым болуп калды.

   Ошондо минбар тараптан жанагы миң башы дегенден үн чыкты:

-Эй, наисап*! «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат»,- деген чын. Эми бардык кылган күнөйүңдү, карыган энеңе оодара салып, ак болгуң барбы, ыя, газзап*?

-Жок, –деди ууру – ооба, күнөөм башыман ашкан. Өзүмдү өзүм эч качан актабайм дагы. Анын азабы болсо тартаармын! Мындан эч ким качып, кутулган эмес...

   Ооба, мен-уурумун! А бирок, силер менден да өткөн уурсуңар го! Айырмабыз эле силер караламан калктын ырыс-кешигин, терисин  шылуу менен өмүр бою билдирбей уурдап келесиңер,  ошондуктан, силер бүгүн даргага тартылбайсыңар. Анткени, бийлик силердин колуңарда. Мен болсо силер  калктан көмүскө уурдаган ошол дүнүйөнү силерден алып койгонум үчүн, азыр дарганын астында акыркы сөзүмдү айтып жатам... Силерге да менин башыма түшкөн күн  бир күнү келет, чоң уурулар! Ошондо кантээр экенсиңер, ха-ха!

Ууру карс-карс эте шаңдуу күлүп жиберди.

-Эмне дейт? Тарткыла даргага ууруну!-деп чаңырып жиберди менменсингенин заматта  жоготуп алган миң башы.

Кернейлер күпүлдөп, добулбастар дүпүлдөп, экөөнүн тең андан кийинки  сөздөрүн угузбай, алардын үнү басып кетти.

  «... минбарда отургандардын баары-ууру!..»

  Ушул сөз ошол жерде ооз жүзүндө айтылбаса да, аң-сезимдерде миң кайталанып, Хан ордо аянтынын чегинен чыгып, жел менен кошо шаардын көчөлөрүн аралап, ар бир үйдүн эшигин кагып, ичкери кирип, шамал менен шаардан учуп чыгып, быягы тоо менен кокту-колотту аралап, тыягы талаа-түзгө тарап кетип жатты.

   «Эл башчылардын баары-ууру!..»

   Эки көздүн ордунун гана тешиги бар  чүмбөт кийген  зоңкойгон желдет уурунун башына  да капкара нерсе каптады да, мойнуна сыйрмакты салып, адамдарды даргага асып жедеп көнгөн адатынча, шыр дегизе тартып жиберди. Уурунун узун да, келишимдүү айбар  денеси  абада асылып калып, бир-эки толгонгон соң, сулк туруп калды...

* * *

  Асманда бир бүркүт  баятан бери ушул окуянын жүрүшүнө бийиктен көз салгансып, айланып учуп жүрөт эле, ошол кезде ачуу үн сала  бир «к-якк!» этти да, Чаткал тоолору тарапка кайып кетти.

_____________________________________________________________________

* минбар-жалпы элден айырмаланып,  сүйлөө үчүн, же көрүнөө отуруу үчүн жасалган бийик секи.

* наисап – нысапсыз, нысабы  жок.

* газзап – кесеп, кески.


Комментировать
1
20 апр 13, 19:20 Барс 560

Көңүлдүн суушу

Болжоштук да, жолуктук. Бак... өрүкзар...

«Болчу, – дедим - сен мага өмүрлүк жар».

Анын жообу жанымды магдыратты...

«А менин да өзүңүздө көңүлүм бар...»

 

Анан айтты: «Шартым бар: ак-карасыз,

Айтканымды  ылгабай  аткарсыз».

(Анын шартын уксаңыз, о бурадар,

Акыл айран, сиз деле  апкарасыз!)

 

«Мен кааласам, боортоктоп жыласыз», - дейт,

«Мен: «Сын!» десем, ийилбей, сынасыз», - дейт.

«Мен: «Түш!» десем, ойлонбой орго түшүп,

«Чык!» дегенде зоого да чыгасыз» - дейт.

 

Минтти жана: «Хан сарайга киргизесиз,

Машинанын мыктысын мингизесиз.

Агы менен көзүмдүн тең айланып,

Ак сүйүүңүз  ушинтип билгизесиз!!!

 

Шондо гана мен сизге жар боломун,

Шоола болом, нур болом, пар боломун...»

 

Баскан өңдүү шыргалаң муздак жерди ,

Балкылдаган сезимим сыздап берди.

Суроо туулду: «Сулууга анда мен ким?

Сүйгөн жарбы... же малай  кызматкерби?..»


Комментировать
1
14 апр 13, 07:33 Барс 560
<< < назад вперед > >>
Темы с 1 по 10 | всего: 65 RSS друзей

Сын-пикирлер күзгүсү


Адабий көркөм чыгармаларды издөө