Айтмырза Абылкасымовдун көркөм дүйнөсү Прогноз погоды

Биздин жайыт жөнүндө

  • Мында А. Абылкасымовдун жана кыргыздын таланттуу жарандарынын көркөм чыгармалары жарыяланат. Андыктан, жайытка катталып алып, анан мындагы көркөм чыгармаларды окуп, көрүп жана угуп, а тургай өзүңүздүн мыкты чыгармаларыңызды жарыялап, "Мейман китепке" жана ар бир чыгармадагы комментарийлерге өз ойлоруңузду жазсаңыз да болот. Аягында биздин жайыт туурасындагы бааңызды сурамжылоого коё кетиңиз. Алдын ала Сизге чоң ырахмат. Келип туруңуз.

    Жайытты колдоо тобу.


Адабий көркөм чыгармалардын түрү жана саны



Айтмырза Абылкасымов

 

      Айтмырза Абылкасымов 1947-жылы 20-августта Аксыдагы Улук кыштагында туулган. Көп жылдар бою мугалимчилик кесипти аркалап келди. Ал 1965-жылы Караван мектеп-интернатынан (азыркы Жунай Мавлянов атындагы лицей мектеби)  11-классты аяктап эле, өзү окуган мектепте улуу пионер вожатый болуп эмгектенди. 1966-жылы өз билимин жогорулатуу максатында Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университети) филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, аны 1971-жылы аяктады. Ошол эле жылы Аксы районунун (мурдагы Жаңы-Жол району) Кош-Дөбө орто мектебине кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп ишке орношуп, 1972-жылы Кербендеги Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепке окуу бөлүмүнүн башчысы болуп которулган. Андан 1976-жылы Кош-Дөбө орто мектебине (азыр Т. Мавлянов атындагы орто мектеп) директор болуп дайындалган. Ал мектепте 1993-жылга чейин иштеп, андан Улук орто мектебине (азыркы Жакып Султанов атындагы Улук орто мектеби) директор болуп  которулган. Ал эми 2006-жылдан бери Т. Мавлянов атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп жатып, азыр ардактуу эс алууда.

Ал-"Ассалоому алейкум”, “Аксы кайрыктары” ырлар жана "Жолдо" аттуу аңгемелер, ырлар, котормолор жыйнактарынын автору, 3 уул, 2 кыздын атасы. Жубайы Сатийна кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп жүрүп эс алууга чыккан

[img]http://ipic.su/img/img7/fs/DSC02514.1388415994.jpg[/img]

[img]http://ipic.su/img/img7/fs/DSC02522.1388416078.jpg[/img]