![]() |
Айтмырза Абылкасымовдун көркөм дүйнөсүЭч ким мени: " С. Эралиевсиң, Ч. Айтматовсуң, Т. Абдумомуновсуң..." - дебес, Анткен менен аларың деле А. Абылкасымов эмес!.. |


Куш келиңиз, досум !
Балким, менден улуудурсуз,балким, кичүүдүрсүз... Бирок, ошого карабай Сизди дос дегениме капа болбостурсуз. Бул жарык дүйнөдө достукка не жетсин. Ошондуктан, Сизди жайыттын (сайттын) босогосу-кире беришинен өзүм тосуп алып, саламдашып турган кезим...
Мында менин аздыр-көптүр көркөм сөз өнөрү боюнча тырмак алды чыгармаларым жарыяланган. Андыктан, аларды окуп, өз бааңызды бересиз го деген үмүттөмүн.
Менин чыгармаларым боюнча ар кандай сын-пикирлерди,сунуштарды угууга мен ар дайым даярмын. Бир гана Сизден өтүнүч: адамдык абройго шек келе турган, сөгүнүп-сагынган сөздөрдү пайдаланбашыңызды көптөн-көп суранат элем.
Сиздин ички маданиятыңыздын жогору экенине, көркөм дүйнөңүздүн бай экенине мен ишенемин.
Өз ой-пикириңизди төмөнкү дарек боюнча жөнөтсөңүз, мен курсант боломун.
e-mail:aitmyrza@mail.ru же,
web-cайт: www.aakd1.mirtesen.ru же,
телефон: 0777428629
Алдын ала Сизге чоң ырахмат айтуу менен дагы бир ирет: “Куш келиңиз, досум!”-демекчимин.
Күнүңүз көңүлдүү өтсүн...
Баса, Айтмырза Абылкасымов да, Барс да менмин. Тактап айтканда, Айтмырза Абылкасымов (Барс) деп түшүнүңүз. Адашуу болбосун..
امان بول، دوسۇم! باارىبىزدى جاراتقان ۅزۉ قولدوسۇن!
Чтобы продолжить действие, пожалуйста, введите код с картинки.
